«Мекен Ынтымагы» Саясый партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө

КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу өлкөбүздүн парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү, учурдагы саясый жана экономикалык кризистин алкагында улуттук экономиканын кемчиликтери оркоюп көрүнүп калды. Албетте, биздин өлкөнүн жетекчилиги социалдык-экономикалык проблемалардын татаалдыгын жана анын даражасынын наркын жакшы билет. Бирок мындан ары ал проблемаларга көз жумуу келечекте оор кесепеттерге алып келээрин унутпоо керек. Экономикадагы убактылуу проблемаларды чечүү үчүн өлкөнүн эле эмес, бүтүндөй региондун экологиялык тутумунун жаратылыш тең салмактуулугун курутууга барган эл аралык алтын казган ири компаниялардын колунда барымтада калган жагдайды өзгөртүү керек.

Андыктан “Кумтөр” ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча ага тийиштүү деңгээлде атайын нормативдик актынын чегинде өзүнчө жобо чыгаруу менен чектелиш жетиштүү болмок. Бирок Суу кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экологиялык терс көрүнүштөргө алып келет, анткени мөңгүлөрдүн түбөлүк сакталышын бузууга инцедент түзүп жатат.

Биздин эл дайыма жаратылыш менен эриш-аркак жашайт, суунун жана тамактын булагын жаратылыштан гана алган, кылымдар бою ак калпак кийген тоолордун сулуулугуна суктанып, сыймыктанып келген. Ар бир тоо капчыгайынын жана кыр аркасынын өзүнүн ыйык, касиеттүү жана зор таасир калтырып ойлондуруучу аты болгон. Акылман бабаларыбыз өзүнүн кайталангыс жаратылыш байлыктарын болочок муундар үчүн ыйык сактап келген. Мындай ыйык мамиле биздин мамлекеттин бирден бир символу болгон Кыргыз Респбуликасынын Гимнин биринчи саптарында камтылган.

Урматтуу депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү!

Кыргызстандын экологиялык тутумундагы талкалоо процесстери Орто Азиянын бардык аймагына таасир этет. Кыргызстандын бюджетине акчалай каражаттар түшпөй калат жана калктын айрым бөлүгү жумушсуз калат деген аргументиңер силердин ойлонбой кабыл алып жаткан саясый чечимдериңерди актоонун мотиви боло албайт. Жаратылышты талкалоонун таасири келечекте майтарылгыс экологиялык катастрофага алып келээри анык. Сиздер экологдордун даңазалоолорун жана илимий корутундуларын, ошондой эле жарандардын социалдык түйүндөрдө билдирип жаткан талаптарын тоотпой коё албайсыздар, ага акыңыздар да жок. Болбосо эртели-кеч калктын ачык айтып жаткан талаптары саясый нааразычылыктарга алып келет. Кыргыз Республикасынын Суу кодексине болгон өзгөртүүлөрдү токтотууну жана биздин өлкөнүн улуттук экономикалык кызыкчылыгына каршы келген “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамды толугу менен кайра карап чыгууну көптөн көп өтүнөбүз. Тайманбас саясый эркти көргөзүп, экономиканы өнүктүрүүнүн стратегиялык шарттарын өзгөртүп жана бюджеттик милдеттерди чечүүнүн бөлөк ыкмаларын издөө керек.

Кыргызстан мамлекет катары ирденүүнүн татаал мезгилин башынан өткөрүп жатканын жана туруктуу өсүү жана өнүгүү үчүн дагы көп убакыт талап кылынаарын түшүнүп турабыз. Ошондуктан көптөгөн саясый жана коомдук ишмерлер акыл калчап, саясый нейтралитетти кармануу менен бийликти дискриминациялоо саясатын жүргүзбөй келебиз. Көптөгөн жарандардын суранычтары сиздердин көңүл чордонуңуздардан тышкары калбай, ылайыктуу туура саясый чечим кабыл аласыздар деп чын дилибизден ишенебиз.

Урматым менен, “Мекен-Ынтымагы” Саясый партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.