«Эл өзүнүн президентине ишенет»

Эл өзүнүн президентине ишенген…

Ооба, ишенгенбиз… ашкере ишенгенбиз. Табият кооздукту да, байлыкты да айкөлдүк менен ыроологон касиеттүү жергебизде акыры адилетүү бийлик орноду, эми тартип, адилеттик, өнүгүү болот деген үмүт чоң болчу.

Бардык таасирдүү партиялар, инсандар Атамбаевдин айланасына биригишкен. Бийликти кайтарып алууга дагы да жан үрөп турган күчтөргө мүмкүндүк бербөөгө чечкиндүү кадам жасап, Текебаев Атамбаевди колдоо үчүн өз талапкерлигин алып таштабады беле, ошонун өзү да чоң эрдик болгон. «Адилеттүүлүк жана чынчылдык менин канымда» деген сөзүнө ишенип, президентибиз жана гүлдөп жаткан өлкөбүз менен сыймыктанабыз деп үмүттөнгөнбүз. Ишенгенибиз ушунча эле, Убактылуу өкмөткө, Атамбаевге айтылган сындардын баардыгы жаңы бийлик бекип, өлкөдөгү абал туруктоосуна болушунча тоскоол кылууну көздөп жаткан Бакиевдердин чабуулу же болбосо папке тийбей калгандардын ич күптүсү деп гана кабыл алып турдук. Жакшылап талдап көрбөгөн өзүбүздө да айып бар. Антейин десем, биз эмес, Текебаев, Отунбаева ж.б. да ишенишпеди беле…

Роза Отунбаеванын Атамбаевдин инаугурациясындагы сөзүнөн: «Мамлекет башчысынын кызмат ордун, ошону менен бирге Кыргыз Республикасы жана анын элинин тагдыры үчүн бийик жоопкерчиликти өткөрүп берип жатып, Алмазбек Шаршенович Атамбаев Кыргыз Республикасынын Президенти катары өлкөнүн өнүгүшү үчүн бардык күчүн, билимин, тажрыйбасын, жумшай турганына, адилет, калыс жана таза жетекчи болоруна толук ишенеримди билдирем».

Ишенгенбиз… Интернет айдыңында жамырап Атамбаев  тууралуу макалалар жарыялана баштаган. Ошолордун биринен бул маалыматты окугам: «…Арашандагы жазуучулар үйүн бүгүнкү күнгө чейин каржылап, биздин жазуучуларга бекер аш, жатакана алып берип, чыгармаларды жаздырып жатат. Жыйырма жыл оппозицияда жүрүп ошол акын-жазуучулардын жылуу сөз айтып койбогонуна карабай, аларга жардамын аябай, ошол Литфонддун эсебинен көптөгөн чыгармачыл инсандарга миң сомдон стипендия берип келет». (Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Эгемберди Эрматов «Эркин Тоо» гезитинин 7-сентябрындагы санында окурмандын суроосуна берген жообунан. www.turmush.kg 07.09.2012.)

Кептин баары: «Арашандагы жазуучулар үйүн бүгүнкү күнгө чейин каржылап, биздин жазуучуларга бекер аш, жатакана алып берип, чыгармаларды жаздырып жатат» деген сөздө жана ушул сөзгө ишенген элдин ишениминде жатат. «Адабиятты, маданиятты адамгерчилиги, акыл-парасаты бийик гана адам баалайт да. Жазуучуларды каржылоонун өзү – элдин аң-сезимин өнүктүрүү булагын каржылоо дегендик, мыкты адам экен» дегем мен ошондо, талашкан кишилердин баарына ушул жүйөмдү көтөрүп чаап.

Адилеттүү бийлик келди деп, ошол маалда күрөө тамыры көөп, ар бир деминин согушу угулуп турган саясаттан санаа тынчып, эл саал өз турмушуна алаксый да түшкөнсүдү. Бирок сындар тынбай айтылып атты. Атамбаевдин актыгына ишенгендерибиз баягы турушубузда тынбай актап турдук. Ишенчү элек да…

* * *

Интернет айдыңында Аскар Акаевдин 2014-жылдын 21-февралында 7-каналда курган маегинин негизинде «Атамбаев алгачкы миллиондорун кайдан уурдаган?» деген аталыш менен кыска тасма тарады. Дагы эмнени чыгарышты деп шыпшына тасманы көрдүм. Анда журналисттин: «Эл арасында сиз президент болуп турган мезгилде, сиздин жардамыңыз мененби же мамлекетке келген жардамданбы, Атамбаев кредит алып, анан ошону кайтаруу мезгили келгенде кайтарбоонун кандайдыр бир амалын издеп, оппозицияга өтүп кеткен деген сөздөр бар. Чыңгыз Төрөкулович Айтматовду ортого салып… деп да калышат. Ушул кептин канчалык чындыгы бар?» деген суроосуна Аскар Акаевич мындай деп жооп берген: «Бул толук чындык. 90-жылдардын башында Чыңгыз Төрөкулович Жазуучулар союзунун секретары болчу, Атамбаев болсо жардамчысы болчу. Биз ал кредитти Россиядан, Борис Николаевич Ельцин өзү берип, маданият, илим тармагын колдоо максатында алганбыз. Анын ичинде грант дагы бар эле. Ондогон млн ири суммадагы грант болчу. Анан Чыңгыз ага кайрылып калды, жазуучулардын ахыбалы кыйын болуп атат, Россиядан алган гранттан бөлүшпөйсүзбү деп. Театр, музыка жаатын колдош үчүн Жапан мамлекетинен дагы грант алганбыз. Ошондуктан Россиядан алган грантты, 50 млн рублдун тегерегинде болуш керек эле, толук бойдон жазуучуларга бергенбиз. Чыңгыз Төрөкулович болсо жардамчысы Атамбаевге грантты берип, тейлөөнү тапшырат. Анан ал киши өкүл болуп Европага кетти. Бир-эки жылдан кийин келсе, ага даттанышат: баягы жазуучуларга эч нерсе жок, жазуучулар үйү оңолбойт, жазуучулар стипендия албайт. Чыңгыз ага мага келди, мен айттым, мен сизге өткөзүп бердим, сиз болсо өзүңүздүн кызматкерлерге бердиңиз десем, жардам бериңиз, ошондон алыш керек деди. Ал каражатка эки-үч фабриканы сатып алышыптыр. Ошол жылдарда приватизация жүрүп атпады беле, ошолордун кирешеси менен жазуучуларды багабыз деп. Ошону менен ал фабрика-заводдор Атамбаевдики болуп калды. Грант катары алынгандыктан ал каражатты өкмөткө кайрып алыш маселеси жок болчу. Максат жазуучуларды, чыгармачыл адамдарды колдоо эле… Анан ошентип Чыңгыз аганын кайрылуусу менен Атамбаевди чакырып, талап кылдык, жазуучуларга берилиш керек, жазуучулардын маселесин чечишиңер керек деп. Ошондон оппозицияга айланды, мага душман болду. «Акаев мени кысымга алып атат, куугунтуктап атат», – деп чыкты. Бирок өзүңөр билесиңер, биз аны эч кандай куугунтукка алган эмеспиз, эч качан СИЗОго отурган эмес. Чыңгыз аганын көзү өтүп кетти, бирок жазуучулар аны жакшы билиши керек».

Ишенгим келбегени менен көңүл кирдей түштү. Деген менен (качкан президент дегенибиз менен) учурдагы Орусия Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү; Нью-Йорк Илимий Академиясынын мүчөсү, Москва Мамлекеттик Университетинин профессору Аскар Акаевдин кеби жүйөлүү болуп турду. «Жазуучулар билиши керек» деп, айткан сөзүн кымтылай кеткени ого бетер ынандырды.

Эгер бул чын болсо, жогорудагы маалымат шумдуктуудай жалган болуп жатпайбы! А биз – эл ишенип жатпайбызбы!? «Чынчылдык, адилеттүүлүк канында бар» адам бул маалыматты: «Мен каржылап жаткан жокмун. Акаевдин тушунда Россиядан алынган гранттын эсебинен» деп бир жолу тактоо киргизип коймок. Андай болгон жок, маалымат каражаттарындагы бул маалыматты кантип билбей калсын, билген да. Билген, бирок үндөгөн эмес. Анда «канымда чынчылдык» дегендин өзү кандай гана коркунучтуу жалган!

Атамбаевдин жалган айтарына ишене албаган коомчулук бул бир түшүнбөстүк, жаңылыштык болгондур деп, Атамбаевдин пикирин күттү. Тилеги таш каап, бул тууралуу ушул күнгө чейин ооз ачканы угулбады.

Көңүл кирдеткен дагы бир жагдай бар эле. Тактыда эле отурбаганы болбосо, саясаттагы орду, зоболосу Атамбаевдикинен ашса ашып, асты кем калышпаган Текебаев менен Атамбаевдин ортосундагы тирешүү бушайман кылып турду. Калдайган бир элдин энчисине чеңгелди ченебей матырып алышып, чыгара албай чамгарактап калышкан Бакиевдердин режимине каршы бириккен, биригип жеңген, бир катар объекттерди мамлекетке каттоого жетишкен күчтөр эми минтип тирешип турушу кыжаалат кылбай койбойт эле.

Текебаев «Ата Мекен» КСДП менен санаалаш, пикирлеш партия экендиктерин жашырбай, бул тууралуу ачык билдирүү кылганы бар. Муну менен ал Атамбаевди саясаттагы атаандаш катары эмес, мамлекетти бекемдөө, өнүктүрүү боюнча өнөктөш катары көрөрүн көргөздү дегенге болор эле. Атамбаев бир курдай сөз арасы ооз учу менен: «Албетте, Өмүрбек Чиркешовичти баарыбыз сыйлайбыз» деп күңк-мыңк кылганы гана байкалган.

2015-жылдын 28-июлунда жарыяланган конференцияда «Ата Мекен» партиясынын ишмердиги тууралуу пикирин «талтайып жүрүш кыйын» деп мүнөздөп, аны мыскылдуу күлкүсү менен коштогонунда ичтеги өлгөн иттин жыты бур дей түшкөндөй эле түр болгон. Болбосо журналисттин кечээ гана бир жолдо келаткан саясатчылардын эки ача багыты байкалганынан пайда болгон суроосуна эл жүйө менен жооп берүүнүн ордуна, «талтайды» деген тайыз түшүндүрмө эл башы эмес, карапайым адамдын да маданиятсыздыгын гана көрсөтмөк. Адебин кармаганга алы келбей калганга жеткирип, ажолук аброюн ушундай пастыкка талп эткизе кулатып, мазактаганына маашырландырган араздашуунун тамыры кыйла тереңдеп кеткени ошондо билине баштады.

Алдыдагы парламенттик шайлоодо КСДП эң көп добуш менен өтөт деген божомол тууралуу пикирин сураган журналистке жооп берип жатып: «Эл деле билет, КСДП саясаты – бул президенттин саясаты. Эгерде эл президентин колдосо, албетте, бир тобу, талапкерлери жакпаса да президент үчүн добуш бериши мүмкүн. Бир топ менин талапкерлерим КСДПга добуш бериши мүмкүн» деди. «Талапкерлери жакпаса да… » деген сөз менен, КСДП саясаты – бул президенттин саясаты дегендин артында кандай мерчем жатканына баам салып көрүңүз. Элди ишендирип, ишенимине киргенине толук көзү жеткенин ушундан билиңиз. Талапкерлери жакпаса да, демек партиянын ишмердигинин коомчулукка алып келер пайдасын мелжеп эмес, эл ашкере берилип ишенүү менен президенттин партиясын тандооруна жетишкенин билип тургансыйт. Эми оңду-солду камчы салып, чаптыра жөнөр убагым келди деп турганын, алаңгазарлыгын карматып айтып салып отурганы окшоп калды.

Ишенимимдин кыянаттык менен пайдаланылып жатканынан дале бейкапармын. Баягы ашкере ишеним менен баардыгын жылмалаган көздөгү кубулма чел кабык дале түшө элек. Эр чекишпей бекишпейт, эң таасирдүү эки саясатчынын тиреши, балким мыйзам ченемдүү көрүнүш чыгар деп жооткотком өзүмдү.

Саясатта салмагы менен да, таасири менен да, тажрыйбасы менен да бири-бири менен теңтайлаша ала турган, күчтүү атаандаш боло ала турган саясатчылар Текебаев менен Атамбаев так маңдайлашып сүзүшпөсө да, адамдык кылып, бири-бирин акырын жанып өтүп тургандай, тирешүү ошону менен эле чектелчүдөй көрүнгөн. Парламенттик шайлоонун алдында абийирдүү депутаттардан жакшы үмүттөндүргөн «Ата Мекендин» начардыгына канткен менен Атамбаев ынандыра албас эле.

2016-жылдын эгемендик майрамында Атамбаевдин куттуктоо сөзү куттуктоо эмес эле, заарын чачуу болгон десем жаңылышпайм. Фейсбук айдыңында кызуу талкууга түшкөн ошол «чуу» тууралуу бир фейсбук колдонуучунун катуу айткан сөзү, тим эле кадагандай шак эсиме тутулду. Ислам Каримовдун көз жумганы да маалымдалган эле ошол тушта. «Орто Азиядагы кайсы президент көз жумду?» деген суроо коюптур фейсбукчу каймана мааниде. Бул эгемендик майрамындагы «куттуктоо» сөзү менен Атамбаев өзүн өзү күм-жам кылды деген сөз эле. Атайын тасманы көрдүм. «Мен буларды жакындан билем» деп, кечээки эле үй-бүлөлүк режимге каршы күрөшүүдө бирге болгон, андан ашса ашып, асты кем калышпай күрөшүшкөн тарапташтарын жаман көрсөтүү үчүн, шилекейин чачырата жан үрөдү. Эл ага ишенерин билет да. Шумдугуң куру! Баягыны дагы эле аяп, актап жүрөм: «Журт башындагы адамды, мейли ал ким болбосун, кол жоолуктай кылып калгандын акыры жакшылыкка алпарбайт. Кошомат башка, ажого орундуу сый-урмат көрсөтүү башка. Нарк-насилдүү эл билет экөөнүн айырмасын. Эл душманына асылгансып заарын чача бергендердин сөздөрүнүн уусун көтөрө албай, кызуу кандуулук кылып ачуусуна алдырып турат окшойт. Мен аны өтө аяп турам. Бардыгы эле жабыла берсе… билбейм, туруштук бериш да кыйындап калмактыр… » дедим фейсбукта, анын эл дегенде ак эткенден так эткен актыгына ишенгем да…

Тиреш оңой болбой калганына ынанып «Эл башында жүргөн аттуу-баштуу адамдардын эл алдында акыйлашып турушу, ансыз да ылаңдап араң турган абалдын ого бетер муун-жүүнүн бошотот экен го… » – деп үшкүрдүм.

Атамбаевдин бал тилине багынган сокур ишеним сойбодубу. Текебаевди дүйнөгө коркунуч жараткан террористтей кармап камашканда гана Атамбаевдеги ажыдаардын жүзү ачылып, ошондо гана көз кимдин ким экенин даана көрө баштады, атаганат. Андан мурдараак көзүбүз ачылса, балким мындай абалга түшмөк эмес белек… Эмкиге сабак болор.

One Reply to “Жетиген АСАНБЕК: Чокой гана жетишпей туру (1-макала)”

  1. Кабары суук кат жаман,
    Ысымы алмаз, зат жаман
    Кагылып туруп калп жашып,
    Курулай берген ант жаман.
    Өздөн чыккан жат жаман,
    Ый менен келген бак жаман.
    Абийри араан аркайып,
    Келечек, келээр чак жаман.
    Курушуп курук как жаман,
    Каралап жапкан ак жаман.
    Отурган эсин алдырат,
    Ак үйдө биздин так жаман.
    Заарын чачкан көз жаман,
    Жекирип турган өз жаман,
    Ойду да тоону оттогон,
    Мүдүрүлүп тургус сөз жаман.
    Кулуну жаман тек жаман,
    Башчысы аңкоо бек жаман,
    Чычалап айткан чындыка,
    Тиш кайрап калган кек жаман.
    Кагылып турган каш жаман,
    Жулунуп ичкен аш жаман,
    Бир айыл зарлап таңдагы,
    Чыркырап төккөн жаш жаман.
    Каректи баскан чел жаман,
    Көптүргөн өпкө жел жаман,
    Чындыкты айтып толкуса,
    Көңдөй баш ханга эл жаман.
    Манчыркап калган маң жаман,
    Тумандап аткан таң жаман,
    Узаткан эмес бирин да,
    Бейкүнөө аккан кан жаман.
    Мыйзамсыз тарткан кор жаман,
    Акыйкат каткан тор жаман,
    Керип каз жана жарык каз,
    Буйрукчу түшчү ор жаман.
    Улагада элим , төр жаман,
    Алдыда ашуу өр жаман,
    Кемтигин билбей мелтиреп,
    Көрмөксөн болгон көр жаман.
    Далындан урган миз жаман,
    Тарыхың калчу из жаман,
    Ишенип берсек көч башын,
    Адашкан ханга биз жаман!!!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.