Тамсил: Эзоптун экметтери

Балыкчы Бир балыкчы дарыядан балык уулоочу экен. Бир күнү торун бир жээктен бир жээкке тартып коюп, балыктарды чочутуш үчүн аркандын учуна таш байлап аны менен сууну шапшый баштайт. Чочуган балык качам деп туш-тарапка сүзүп атып, торго түшүп калса деген ою эле. Муну көргөн тургундардын бири элге таза суу ичирбей сууну ылайлатып жатканы үчүн жемелесе, балыкчы: «Сууну ылайлатпасам, ачкадан өлбөймбү”, – деп жооп берген экен. Мамлекеттин митаам аткаминерлери да так эле ушундай, мекенинин чаң-будуңун чыгарып турганда гана эң жакшы жашашат.    […]

Атеист жөнүндө притча

Миң жыл мурда бир боз улан чыгат. Атеист болсомбу дейт. Анткени ошол заманда Мойше деген атеист жөнүндө уу-дуу кептер жайылып кетет. Мойше дегени кандай диний көсөм менен талашпасын, баарынын жаактарын жап кылчу дешет. Боз улан ошол атеистти таап, анын шакирти болууну эңсейт. Ак эткенден так этип Мойшени издейт. Көрүнгөндөн сураштырат. Таппайт. Көп жыл өтөт, акыры сураштырып жүрүп, баягы шумдук атеист жашаган үнкүрдүн жайын билет. Үңкүрдү да таап барат. Сырттагы дабышты уккан кары кишинин үнү угулат дирилдеген: – Караңгыда бу ким […]

Лин МЭЙСУН: Улуу Жибек жолунун археологиясы тууралуу 15 сабак

Тарых бул – учу-кыйырсыз океан болсо, археология мына ошол океан түбүн изилдеген илимдин эң кызыктуу бир тармагы болуп эсептелет. Улуу Жибек жолу — б.з.ч. II кылымдын ортосунан Орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода (негизинен жибек жана фарфор) жана маданий карым-катнаш жолунун аталышы. Бул жол Чыгышта — Кытай, Батышта — Рим жана Византия дөөлөттөрүн, түндүктө — Чыгыш Европа жана Сибирь аймагын, түштүктө — Түндүк Индия аймагын (айрым кылымдарда) баш коштурган. Кыргызстан аймагы да Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан. […]

Аман САСПАЕВ: Шейшеп

АҢГЕМЕ Өткөн айдын орто ченинде, магазин алдында инимди элүү минутка күтүүмө туура келди. Инимдин билегине саатымды байлап жатып: – Кырк эле минута берем, – буюра сүйлөдүм. – Саат бирде акчаны ушул жерде даяр кыл, уктуңбу! Иним үйдү көздөй чуркады. Көчөгө чыкканда дайыма жаныма акча салып чыкчу элем, бүгүн эмнегедир билбейм, анын ордуна инимди ээрчитип чыгыпмын. Инимди чуркаткан себебим, ортосуна кооз тор салып, саймаланган шейшептер дүкөнгө келиптир. Бул мага өтө керек! Мен киши күтүүнү жаман көрөм. Чыдай албайм. Өзүмдү да эч […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Жан алгыч

АҢГЕМЕ Бала кезде үйдөгү китептерди барактап отуруп “жан алгычтын” сүрөтүн көрүп калдым. Ошо замат “жан алгыч” болгум келди. Өзүм боюм узун, ыркыйган арык бала элем. “Арбак” деп классташтарым каймана ат коюп да алышкан. Кечке жуук апамдын сандыгын чачып, көйнөктөрүнүн арасынан капкара узунун таап кийдим. Башыма чачысы бар кара жоолугун салындым. Колума орок көтөрүп алдым. Тим эле жан алгычтын өзү болдум. Апам эшике чыгаары менен акырын сокур атамдын артына өттүм да, керебеттин бурчуна апамды күтүп отуруп калдым. Бир кезде эшик ачылганда […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Операция

АҢГЕМЕ Бул кичинекей окуя жолдош Ящиков Петюшканын башынан өттү. Айтканга жеңил окуядай болгону менен, аз жерден операция учурунда кишини өлтүрүп ала жаздашпадыбы. Андай болот деп ким ойлоптур, эч кимдин оюна да келген эмес. Петька деле оңой эле бычакка моюнун тосуп берчү жан эмес. Чынында ал андай маңыроо кишилерден эмес. Ошентсе да бул кайгылуу окуя анын башынан өттү. Чын-чынына келгенде өтө деле маанилүү эч нерсе болгон жок, жөн гана ал жаңылыштык кетирип алды. Андай болот деп түк ойлогон эмес. Анын үстүнө […]

Сымбат МАКСҮТОВА: Корккондон чокунуп ийчүбүз

ЭССЕ Биз бала чакта күнөө кылып же бир жерден кечигип калсак үйгө орустардай чокунуп кирчүбүз. Айылдагы аты чыккан белгилүү адамдардын көзү өтсө, мүрзөгө орустардай коюшчу. Өлгөн адам табытка салынып, сөөктү 4-6 адам алмашып көтөрүшүп, артынан 15-20ча аскердей кийинген адамдар, орус солдаттары орустардын траур музыкасын чертип өтүшчү. Анын артынан баш кийимдерин колуна алган айылдык эркектер самсып, жөө жөнөшчү. Биз – балдар, андан коркуп, көрүнбөөгө аракет кылып, дарбазанын жыртык-тешигинен карап турчубуз. Айрым үйлөрдө куран да окутулбай, арак суудай төгүлчү. “Русская водка” совет […]