Тарых бул – учу-кыйырсыз океан болсо, археология мына ошол океан түбүн изилдеген илимдин эң кызыктуу бир тармагы болуп эсептелет.

Улуу Жибек жолу — б.з.ч. II кылымдын ортосунан Орто кылымдардын ортосуна чейин өкүм сүргөн эл аралык соода (негизинен жибек жана фарфор) жана маданий карым-катнаш жолунун аталышы. Бул жол Чыгышта — Кытай, Батышта — Рим жана Византия дөөлөттөрүн, түндүктө — Чыгыш Европа жана Сибирь аймагын, түштүктө — Түндүк Индия аймагын (айрым кылымдарда) баш коштурган.

Кыргызстан аймагы да Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан.

Соода кербендери Кыргызстандагы Ош, Өзгөн, Баласагын, Суйаб, Барскан, Кочкор-Башы, Ат-Башы, Тоң сыяктуу орто кылымдардагы шаарлар аркылуу өткөн.

Бул китептен сиздер Улуу Жибек жолунун тарыхы аркылуу ошол замандарда жол боюнда жайгашкан мамлекеттердин тарыхын, маданиятын, каада-салтын, искусствосун, экономикасын, саясатын, архитектуралык курулушун, тарыхый инсандарын, мамлекет өкүмдарларынын ишмердүүлүгү ж.б. сапаттары тууралуу  кытай окумуштуусунун дарстар топтомдорунан тааныша аласыздар.

Китеп кытайтаануу иштери менен алектенгендер үчүн жана тарыхка кызыккан бардык окурмандарга арналган. Кытай жана орус тилинен которгондор – Назгүл Осмонова, Максат Бакиров.

Китептен

Кытай цивилизациясы Европа, Азия, Африка сыяктуу үч чоң материктин байыркы цивилизациясы менен аябай эрте карым-катнаш баштап, өзара таасир этип, алакада болгон. Бул байыркы цивилизациялар ортосундагы карым-катнаш жолдорунун азыркыга чейин жалпы мүнөздүү аталышы жок. 1877-жылы германиялык географ Фердинанд фон Рихтгофен (Ferdinandvon Richthofen) өзүнүн белгилүү «Кытай» аттуу китебинде алгачкы жолу “Seidenstrassen” (Жибек жолу) аталышын атайт (көрсөтөт). Анын Улуу Жибек жолуна берген классикалык илимий аныктамасы: «Жибекти соодалоо үчүн Батыш аймагына болгон каттамдар биздин заманга чейинки 114-жылдан биздин замандын 127-жылына чейин Кытай менен Эки суу аралыгы (Борбордук Азиядагы Амударыя менен Сырдарыянын ортосу) аймагын, ошондой эле Кытай менен Индияны байланыштырган[1]. Көп өтпөй бул аталышты батыш жана чыгыш окумуштуулары да пайдалана башташты. Англиялыктар “Silk Roads”, француздар “La Route de la Soie”, япондуктар “绢の道”же“シルクロ一ド” деп аташып, Улуу Жибек жолу сөзүнүн ар түрдүү котормо термини пайда болду.

Турпан цивилизациясы

  1. Цивилизациянын өнүгүүсү

Турпан Синьцзяндын чыгышындагы Тянь-Шань тоосунун түштүк тарабында жайгашып, Хань династиясы доорунда “Чэши” аталса, 16 хандык доорунан Тан династиясынын дооруна чейин “Гаочан” аталган. Тарыхта бул жер ар дайым көп улуттар жашаган жер болуп келген, батыш жерлеринин кытай тилиндеги тарыхый эстеликтери Турпанда эң көп сакталган, мисалы, Турпандын Астана байыркы мүрзөсүнөн казылып алынган Турпан расмий документтери буга дилил. 840-жылы хуэйгу эли[2] монгол талааларынан батышка карай Борбордук Азияга көчүшүп, Турпанда түрктөшүү, исламдашуу процесси башталган. Турпандын байыркы тарыхы жазыла баштаганга чейинки доорду Чэши падышалыгынын доору, Гаочан падышалыгынын доору, Тан династиясынын Сичжоу доору, Гаочан-Уйгур доору, исламдашуу доору деп алты доорго бөлүүгө болот.

13/1 Турпандагы Хояньшань тоосу

  1. Тарых жазыла баштаганга чейинки доор: Турпандын Хояньшань тоосунун этегинде б.з.ч. III кылымга таандык мүрзө бар, ал Шаньшань мамлекетинин Субейси айылына таандык болгон, азыр “Субейси мүрзөсү” аталат. 1992-жылы, Синьцзяндын маданий эстеликтерди изилдөө институту Турпандын Шаньшань уездиндеги Субейси айылынан 34 байыркы мүрзөнү казганда 27 мумия казып алган. Мумиялардын бирөөсүнүн көкүрөгүнө операция жасалып, жарааты жылкынын жалы менен тигилген экен. Бул эркек кишинин денеси болуп, б.з.ч. III кылымда көмүлгөн. Турпандын байыркы дарыгерлери кайсы анестезия ыкмасын колдонуп, хирургиялык операция жасашканы боюнча археологиялык материалдар түз далил көрсөтө албайт[3].

Чыгыш менен батыштын салттык медицинасындагы көз карашы бирдей эмес, Кытай салттык медицинасында тамыр кармап, тилди көрүп, адамдын өңүнө караган. Хирургиялык чоң операциялар батыш медицинасынын салты, кайсы жериң ооруса ошол жерди кесип карап, дарылаган. Турпан ойдуңунун алгачкы мезгилдеги дарылоо ыкмасы батыш маданиятынын салтынын таасирин алган. Бул ошол убакта анестезия (ооруганды сездирбөө) болгонбу деген суроону жаратат. Үч падышалык доорунда Гуань Юй ийне сайып, байлап алып анан дарылаган, кээ бирөөлөр мындай болушу мүмкүн эмес, мындай чоң операцияга сөзсүз анестезия керек дешет.

Байыркы жазмалар боюнча, батыш жерлеринин медицинасы тээ илгери эле Борбордук түздүккө таасир эткен, “Хуан-ди Ней цзин су вэнь” китебинин он экинчи бөлүмү “Ааламдын төрт тарабындагы ар түрдүү ыкмалар” жазмасында: “Батыш алтын менен баалуу таштардын аймагы, кумдардын жери, асман менен жердин дем алганы топтолгон. Бул жердин эли күчтүү шамал согуп турган адырларда жашайт. Суу менен жер кыртышы бул жерде бекем жана күчтүү келет.

Адамдары пахтадан жасалган кездеме эмес, жүн кездемелерге ыкташат. Тамак-аштары эң сонун, майлуу этти көп жешет, ошон үчүн оорунун кабылдап кетиши деген болбойт. Оорулар дененин ичинде жаралат. Ал ооруларды уулуу чөптөрдүн жардамы менен дарылайт. Андыктан дарыларды батыштан алып келишет”[4] деп жазылган. Мисал келтирилген климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөргө караганда, “Ааламдын төрт тарабындагы ар түрдүү ыкмаларда” айтылган “батыш” — бул шамалы көп, аз жамгырдуу, күдүр кумдуу Синьцзян аймагы экендигин айкын көрсөтүп турат. Чен Инь Ке мырзанын изилдөөсү боюнча, Хуа То индиялык дарыгер болгон, ошондуктан Хуа То Гунь Юйго “ууну денеден чыгарып салуу үчүн сөөгүн тырмап” (скрести по кости, чтобы извлечь яд), Кытайда Индия медицинасынын тажрыйбасын жайылткан[5]. Турпандагы Субейси табылгасы Хуа Того чейин тээ илгери эле батыш жерлеринин дарыгерлери хирургиялык операцияларды жасай башташкандыгын билдирет.

13/2 Субейси мүрзөсүнөн казылып алынган ээр

Субейси мүрзөсүнүн башка бир өзгөчө материалдык-маданий эстелиги б.з.ч. III кылымга таандык ээр болуп саналат. Бул ээр жакшы сакталган. Ат минген улуттар үчүн ээр маанилүү шайман катары эсептелет. Мынчалык байыркы  ээрди мурда эч качан көргөн эмесмин, анын үстүнө ээр мыкты сакталган[6].

 

2004-жылы, Синьцзяндын Шаньшань уездиндеги Янхай айылынын түштүгүндөгү чөлдүү райондон жүздөн ашуун мүрзө казылып алынган, ал мүрзөлөр б.з.ч. VII-II кылымдарга таандык, тактап айтканда, Батыш Хань династиясына чейин болгон. Көңүл бура турган нерсе, алардын арасынан бир мүрзөдөн байыркы арфа аспабы казылып алынган. Мындай музыкалык аспаптын мекени Египет менен Батыш Азия болуп, Египет фараонунун мүрзөсүнө арфада ойногон адамдын боёлгон жыгач айкели өлүк менен бирге көмүлгөн, анын жылы б.з.ч. 3000-жыл болуп саналат, байыркы Вавилондун арфа ойногон горельефи б.з.ч. 2004-1595-жылдарга таандык. Турпандан казылып алынган арфа бүтүн бойдон жакшы сакталган, ал б.з.ч. 700-жылга таандык болуп, азыркы убакта Кытайда казылып алынган эң эски арфа болуп саналат жана биздин Батыш Азия менен Кытайдын ортосундагы музыкалык-маданий байланышыбызды изилдөөбүз үчүн маанилүү материал болуп берди[7].

 

 

 

 

13/3 Вавилон “Арфа” горельефи менен Турпандан казылып алынган арфа

Профессор Лин Мэйсун

Даярдаган Назгүл ОСМОНОВА

 [2] Тан доорунда уйгурларды ушундайча аташкан.

[3] Ван Бин Хуа. “Субейси байыркы мүрзөсү”, “Кытай журналы”, 1993-жыл, 3-чыг., 15-17-бб.

[4]Линь Мэйцунь. “Хань доорундагы фаншу даос магиясынын ооруну сездирбөөчү жана экзогендик факторлору”. Пекин. Вэньу басмаканасы.

[5] Синцзянь маданий эстеликтер башкармалыгы жана башка мекемелер жазган: “Синьцзян тарыхый жерлеринин көрүнүшү”, Үрүмчү. Синьцзян мэйшу шэин басмаканасы, 1999-жыл, 125-бет.

[6] Маданий эстеликтерди сактоо боюнча Мамлекеттик комитеттин редакциялоосу менен. 2004-жылдагы маанилүү археологогиялык ачылыштар. Пекин. Вэньу басмаканасы, 2005. 91-бет.

 [7] Маданий мурастарды коргоо мамлекеттик комитети жазган: “2004 Кытайдагы маанилүү археологиялык табылгалар”, Пекин: Материалдык-маданий эстеликтер басмаканасы, 2005-жыл, 91-бет.

P.S. Бул аталган китеп ушул жылдын соңуна чейин жарыкка чыгат.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.