Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ

НОВЕЛЛА

Чек арадагы дарыя жээгинде, Кошмо Штаттарга тиешелүү көпүрө башындагы чакан күркөдө төрт куралчан чек арачы отурду. Ысыктан кыйналышканы менен Мексика тараптан өтүп келаткан адамдарды көз айырбай карап отурушат.

Бед Даусон, «Капчыгай» пивоканасынын ээси, өзүн адамча алып жүрө албаган Леандро Гарсиа деген немени айдап чыккан экен, ал жыйырма төрт сааттан кийин келип, өч алып кетем деп кеткен имиш.

Ал мексикалык өпкөсү жок мактанчаак болгону менен оттон-суудан кайра тартпаган абдан кашкөй неме болчу жана ушул сапаты үчүн дарыянын өйүз-бүйүзү аны сыйлачу. Өзүнө окшогон бандит достору менен кээ-кээде шаардыктарды дүрбөтүп, зериктирчү эмес.

Гарсиа өч алып кетем деген күнү америкалык жээкте малчылардын жыйыны, бука сүзүштүрмөй, анан эски келгиндердин пикниги болмок. Гарсианын сөзгө бекем экенин билген капитан Мак-Нелти көӊүл ачуу маалында коомдук тартипти сактоо үчүн бир офицерди үч солдаты менен көпүрөнүн башына койду. Аларга Гарсиа өзү келсе да, бандасы менен келсе да өткөрбөгүлө деген буйрук берилди.

Ысыктын күнүндө өткөн кишилер деле аз болчу жана чек арачылар тагдырына нааразы болуп, зеригип отурушту. Бир сааттын ичинде күрөӊ көйнөк кийип, кара жоолук салынган бир кемпирден башка эч ким өткөн жок. Ал сата турган отун жүктөлгөн эшегин айдап өттү. Анан эле көчө жактан үч жолу ок атылганы угулуп калды.

Төрт чек арачы чочуп кетип, жаткан жеринен өйдө болуп отуруп калышты, бирөө ордунан турду. Үчөө тигини жалдырай карап калышты, ал болсо унчукпай патрон тагылган курун бекемдеп тагына баштады. Алардын башчысы лейтенант Боб Бекли тиги жакка өзү гана биринчи болуп барарын, бул артыкчылыкты эч кимге бербесин берки үчөө билишчү.

Кеӊ көкүрөк шамдагай лейтенант таза кырылган токтоо жүзүн өзгөртпөстөн курун арчындамадан шашпай өткөрүп, тапанча кабын жаш бийкеч оӊдонгондой оӊдоп койду да, эшикти көздөй жөнөдү. Анан токтоп, тигилерге көпүрөдөн көзүӊөрдү албагыла деп эскертти да, күн куйкалап турган жолго чыкты.

Берки үчөө бекерчиликтен лейтенант Беклини кеп кыла башташты.

— Мен тобокелге башын биротоло байлап койгон жигиттерди уккамын,- деди Брончо Лесзерс. – Боб Бекли да андайлардан ашып түшпөсө, мурдумду кесип берейин.

— Бобдун бир өзгөчөлүгү,- деп кыпчылды Ньюсес Кид,- чындап машыккан эмес. Ал коркуу деген эмне экенин билбейт. Өлгөндөрдүн тизмесинде болуп калбайын деген кишиде коркуу деген сезим болуш керек.

— Бекли,- деп түшүндүрүп кирди чыгыштык кичине билими бар чек арачы,- ушундай бир шаӊдуу согушат дейсиӊ, мен кичине мандеми барбы деп шек санай баштадым. Анын системасын түшүнбөйм, бирок ал кандайдыр бир эсеп менен согушат.

— Түшүнбөй калдым,- деди Брончо,- мында кандай математикалык эсеп болушу мүмкүн?

— Мүмкүн, тригернометрия болуп жүрбөсүн?- деп божомолдоду Кид.

— Силердин мындай билимдүү экениӊерди билбептирмин,- деп кубаттай баш ийкеди чыгыштык. – Беклинин экинчи бир өзгөчөлүгү – камынбай туруп эле атышып кетет. Ал кичинекей артыкчылыкты пайдалангандан да коркот болуш керек. Түн сайын буктурмада отуруп, оӊ келе калганда артыӊан атып салганга даяр уурулар менен согушуп жүрсөӊ, бул деген акылсыздык да. Бекли эч абайлабайт. Мунун айынан бирди көрөрү бышык.

— Мен да ошентип ойлойм,- деди Кид. — Менин оюмча, катыгын колуна берип туруп, дароо кайып болуп кетиш керек да, кайра байкатпай туруп кол салыш керек.

— Кандай болгондо да,- деп жыйынтык чыгарды Брончо,- Боб сыяктуу жылаӊач баатырды Рио-Браводон көрө элекмин… Муну карасаӊ! Ышылдап коёт!- Брончо чаянды төрт фунт келген фетр шляпасы менен жалпайта койду да, анан үчөө теӊ кайра унчукпай калышты…

Чек арадагы эсепсиз кол салууларда бирге болуп, далай коркунучту чогуу баштан өткөргөн жакын жолдоштору Беклини ушундай деп айтышты. Бирок таӊ каларлыгы, бирөө да анын жеткен коркок экенинен шек саначу да эмес. Достору да, кастары да анын эр жүрөк баатыр деп эсептешчү. Эркинин күчү менен гана коркок денесине эрдик жасатып жүргөнү эч кимдин оюна да келчү эмес. Кечилдер өзүнүн күнөөлүү денесин камчылаган сыяктуу эле Бекли да дайыма өзүн өзү камчылап, качандыр бир кезде ушул кудай урган коркоктугуман кутулам го деген ой менен ар кандай коркунучтарга каршы бара берчү. Анын баатырдыгына чек арадагылардын баары суктанып, гезиттерде да, Браво өрөөнүндөгү лагерь отторунун боюнда да сөз болуп жатканда, Беклинин жаны жай таппай турчу. Жүрөгү жарылчудай кысылып, оозу кургап, денеси калтырап, нерви үзүлчүдөй чыӊалып турганын, мунун баары анын тубаса коркоктугунун тана алгыс далилдери экенин эч ким билчү эмес.

Анын тобунан бир жигит адатта бир аягын ээрдин кашынан арта салып, тамекисин оозунан түшүрбөй туруп, ар нерселерди кыйкырып коюп согушка кирчү. Мына ушундай бейгам болуш үчүн Бекли бүт айлыгын бергенге даяр эле. Бир жолу ал жигит ак көӊүлдүгү менен мындай деп койду:

— Бекли, сиз согушка аза күткөндөй кирет экенсиз.

Бекли өзүн өзү абдан сүйгөндүктөн, коркок денесин ар түрдүү оор сыноолорго салганын уланта берди. Бүгүнкү аптаптуу күндө да өзүн колго алып, кымындай да коркпогонго аракет кылды…

Көпүрөдөн эки кварталдан кийин «Капчыгай» пивоканасы бар болчу. Бекли ал жерден жанагы окуянын издерин байкады. Бир нече киши терезенин талкаланган айнегин тепсеп, кире бериште котолоп туруптур. Пивоканага кирип, ийининен жарадар болгонуна карабастан өзүн атып кеткен «маскарапозду» кармай албай калганына ичи күйүп жулунуп турган Бед Даусонду тапты. Ал офицерге карады.

— Билесизби, Бекли,- деди ал,- ал экенин билгенде, мен аны дароо эле жайлап коймокмун. Катынча кийинип келди да, атып ийип, качып кетти. Мен аны кемпир деп ойлоп мылтыкка да кол сунган жокмун. Анын Гарсиа экени оюма да келген жок…

— Гарсиабы?- деп кыйкырып ийди Бекли. – Ал биякка кантип келип калды?

Беддин буфетчиси аны колдон алып, капталдагы эшикке алып барды. Көчөдө отун жүктөлгөн эшек арык жээгинде оттоп туруптур. Жерде чоӊ кара жоолук менен күрөӊ көйнөк жатат.

— Ушуларды кийип келиптир да,- деп айкырды дагы эле жараатын таӊдырбай жаткан Бед ичкериден. – Кыйкырып, мени атып жибергенге чейин аял деп тура берипмин.

— Тиги капталдагы көчө менен качып кетти,- деди буфетчи. — Ал жалгыз экен, эми караӊгы кирип, шайкасы бул өйүзгө өткөнчө жашырынып жатат болуш керек. Аны темир жолдун ар жагындагы мексикалыктардын кварталынан тапсаӊар болот. Панча Сельс деген тааныш кызы бар ал жерде.

— Кандай куралы бар экен?- деп сурады Бекли.

— Эки револьвери менен бычагы бар экен.

— Менин мылтыгымы алып алыӊыз, Билли,- деди Бекли, — мага эки револьвер жетет.

Бул анын айкөлдүгүн көрсөткөнү менен бир жагынан кенебестик болуп калды. Анын ордунда башка бирөө болсо, куралдуу жардамчылырды чакырмак, бирок Бекли ар кандай артыкчылыктан баш тартчу.

Гарсианын кол салуусунан кийин эл үйүнө бекинип калды. Көчөлөр ээн калып, дарбазалар жабылды. Бирок көп өтпөй эле эч нерсе болбогон сыяктуу кайра чубуруп чыга башташты. Беклини көбү тааныгандыктан, Гарсиа качып кетен жолду жан-дили менен көрсөтүп берип жатышты.

Ал көрсөтүп беришкен жол менен баратып, баягыдай тамагы кысылып, чекесинен муздак тер чыкканын сезди да жүрөгү коркуудан сокпой калгансып кетти…

Борбордук Мексикадан таӊ эрте келүүчү поезд бүгүн үч саат кечигип келгендиктен, дарыянын берки өйүзүнөн кетчү поезд менен дал келбей калды. Ошентип, Кошмо Штаттарга бараткан жүргүнчүлөр чек арадагы чакан шаарчадан жай издөөгө аргасыз болушту, анткени эртеӊки таӊга чейин башка поезд жок болчу.

Алар нааразы болуп, наалып жатышты, анткени эки күндөн кийин Сан-Антониодо чоӊ жармаӊке менен ат чабыш болмок. Сан-Антонио бул маалда оомат айлампасы болуп, аны мал, жүн, фаро (же фараон – карта оюнунун бир түрү), ат чабыш жана таза аба айлантары жалпыга маалым. Бул күндөрү малчылар бийиктигинен кулагыдай тизилген алтын тыйындарды сайып ойношот. Ушундан улам бул жакка акча чача тургандар да, акча топтой тургандар да агылып келишет. Өзгөчө элдин көӊүлүн ача тургандар Сан-Антониого ашыгып келишет. Эки белгилүү театр ал жерде болчу, ондон ашуун майда-чүйдөлөрү жолдо келаткан.

Кичинекей темир жол станциясынын жанындагы ыпыр-сыпыр баскан запас жолдо эртеӊ мененки мексикалык поезд калтырып кеткен вагон кийинки поездди жалдырап күтүп турат.

Бул вагон качандыр бир кезде кадимки эле жүргүнчү вагону болчу, бир кезде кекирейген кондукторлордун көзүн карап ага түшүп жүргөндөр азыр аны таанышмак эмес. Жаӊы боёгу менен жайлуу үйдүн айрым нерселерин көргөн кишилер аны эл ташып жүргөнүнө ишенбес эле. Тордолгон пардалар терезелерди кызыккандардан жаап турат. Вагондун алды жагында Мексика желеги, арт жагында болсо жылдыздуу тилке-тилке Америка желеги желбиреп турат. Жарым ачык терезеден мештин найы бурулдап, жанагы үй элесин ого бетер күчөтөт. Бул таӊ каларлык вагонго кызыккан киши андагы баштан аяк жазылган алтын түстүү жана көк тамгаларга да кызыгары шексиз. Ал жакын барып, «Альварита, жыландар канышасы» дегенди окуса, андан бетер кызыгып калары шексиз эле. Бул вагон аныкы болчу, ал Мексиканын негизги шаарларын шаӊ-салтанат менен кыдырып, эми Сан-Антониого бараткан. Анын рекламасы мындай эле:

АЛЬВАРИТА, ЖЫЛАНДАРДЫН КАНЫШАСЫ,

калтырап корккон миӊдеген көрүүчүлөрдүн алдында ажыдаардай ышкырган чоӊ жыландарды колуна кармап, аларды каалагандай калчап, өзүнүн укмуштуу өнөрүн көрсөтөт.

Жүз градус ысык (Фаренгейт боюнча) вагонду карап тургандарды көлөкөгө коргологонго аргасыз кылды. Бул жер шаардын чети болчу; беш улуттан турган тургундары чатырларда, жыгач кепелерде жана жаман үйлөрдө жашап, шарманка менен көӊүл ачышчу. Ары жагында ойдуӊду толтуруп турган дүпүйгөн бийик чер токой бар эле. Ойдуӊдан кичинекей суу агып өтүп, анан Рио-Браво-дель-Норте капчыгайына кирип кетчү.

Жыландар канышасынын вагону ушул кудайдын боору ооругудай жерде бир нече саат туруп калды.

Вагондун эшиги ачык эле. Анын алдыӊкы бөлүгүнө көшөгө тагылып, кабылдама сыктуу болчу. Адатта мында суктанган кабарчылар отурушчу жана синьорита Альваританын мукамдуу кебин басманын кара сөзүнө айландырышчу. Дубалда Авраам Линкольндун портрети, таш тепкичте отурган окуучу кыздардын сүрөтү жана кочкул кызыл алкактуу апапакай лилиялардын сүрөтү бар эле. Жерге килем төшөлгөн. Кичинекей үстөлчөдө бир кумура суу менен стакан турат. Өрмө креслодо Альварита гезит окуп отурат.

Бир караганда аны андалузиялык же бискайилик испан аял дешмек. Чачы жарым түндө көргөндөргө көк жүзүмгө окшоп кетет. Сүйрү тарткан кара көздөрү кишини тике карап, өзүнө тартып турат. Менменсинген ачык жүзүнөн суктанарлык шоктугу байкалат. Анын сулуу экенине ынаныш үчүн бурчтагы жашыл, сары, ак афишаларды карап көрүӊүз. Алардан синьоританын профессионал кийими менен профессионалча түшкөн сүрөттөрүн көрөсүз. Сары ленталары бар кара тор көйнөк кийип түшкөн сүрөтүндө өзгөчө сулуу. Жылаӊач колдоруна пайлот деген көк жылан оролуп турат, ал эми Куку деген он бир футтук азиялык питон белинен эки, мойнунан бир оролуп, коркунучтуу башы менен бекем ыктап алган.

Вагонду бөлүп турган көшөгө ачылды да, жарым аарчылган картөшкө менен бычак кармаган орто жаштардагы бир аял кабылдамага башбагып:

— Альвира, колуӊ бошпу?- деди.

— Гезит окуп атам, апа… Ойлоп көрсөӊ… Ушу купкуу, чачы көөдөй болгон Матильда Прайс Галлиполистеги сулуулар конкурсунда эӊ көп добуш алыптыр.

— Койчу! Ал жерде сен болгондо, Альвири, мындай болмок эмес. Күз аяктаганча үйгө барып каларбыз. Жер кезип, испан болумуш болуп жүргөндөн аябай тажадым. Бирок мен сага муну айтайын деп келген жокмун. Жанагы эӊ чоӊ жылан дагы бир жакка сойлоп кетиптир. Вагонду тинтип чыктым, жок. Ал бир саат мурун эле кетип калган окшойт. Бир шыбырт уккандай болуп, бирок сен го деп ойлоп койгомун.

— Ах, карыган шайтан!- деп кыйкырды каныша, гезитин ыргытып жиберип. – Ушуну менен үчүнчү жолу качты. Жорж эч качан сандыктын капкагын жакшы жаппайт. Кукудан коркот ко дейм. Эми аны издешим керек.

— Тезирээк таап кел, бирөөгө зыяны келтирип койбосун.

Каныша аппак тиштерин кашкайта жылмайып койду.

— Андан коркпой эле койсо болот. Адамдар Кукунун бош жүргөнүн көргөндө эле аптекага бром алганы жүгүрүшөт. Дарыяга чейин бир кичинекей суу бар. Ал акмак бир ууртам суу үчүн өзүн курмандыкка чалганга даяр. Аны ошол жерден табат болушум керек.

Бир аздан кийин Альварита жыланды издемек болуп вагондун алдына чыкты. Анын татынакай кара юбкасы эӊ соӊку модель боюнча тигилген эле. Таптаза блузкасынан көз тайгылып, көз уялткан чөлдөгү оазистей болуп турду. Эркектердикиндей саман шляпасы коюу чачтарына эп келишип турат. Крахмалданган бийик жакасына эркектердин галстугу татынакай тагылган. Колунда ак жибек кол чатыры бар.

Костюмуна караганда аны Галлиполистен, ал эми көзүнө караганда Севильеден же Вальядолиден деп айтса боло турган. Аргасыздан кастаньеталар, балкондор, мантильялар, серенадалар, купуя жолугушуулар жана алып качуулар эске түшөт.

— Жалгыз баргандан коркпойсуӊбу, Альвири?- деп сурады канышанын апасы. – Зөөкүрлөр толо экен бул жерде. Балким…

— Мен ушуга чейин корко турган нерсе көрө элекмин, апа. Өзгөчө адамдардан, анын ичинде эркектерден эч коркпойм. Кыжаалат болбой эле кой. Тиги качкынды тапсам эле келем.

Темир жолдун бою буркулдаган чаӊ экен. Альварита көп өтпөй эле качкын жыландын ийру-буйру изин тапты. Из, ал ойлогондой эле, темир жолдон өтүп, кичинекей көчө менен суу тарапка кетиптир. Айланада өкүм сүрүп турган тынчтыктан улам мындагылар коркунучтуу коноктон али кабарсыз экен деген ой келди. Аптаптан улам элдин баары үйгө кирип, кээде гана катуу чыккан күлкү же көӊүл чөктүргөн музыка угулат. Көлөкөдө ойноп отурган мексикалык кичинекей балдар өтүп бараткан Альваританы көрүп, ооздору ачылып карап калышты. Кээде эшикке чыга калган аялдар аппак жибек кол чатырды карап туруп калып жатышты.

Жүз ярдча баскандан кийин Альварита шаар четине чыкты. Сейрек бадалдардан кийин ойдуӊду көркүнө чыгарып турган токой башталды. Мында ийри-буйру болуп аккан кичинекей суу бар эле. Бул жер элеттик көрүнүшүнө карабастан паркка окшош болчу жана сейилдегендерден калган кагаздар менен бош банкалар муну күчөтүп турду. Альварита суу бойлоп бара берди. Жээктеги кумдан бир аз мурун сойлоп өткөн питондун изин көрдү. Агын суу аны кызыктырбай койбойт, демек, ал жакын эле жерде.

Альварита жакын калганына ишенгендиктен, бир аз эс алмак болуп бийик кара жыгачтан салаӊдап турган чырмоокко отура кетти. Ага жетиш үчүн жолдон бир аз жогору чыгышка туура келди. Тегеректе бийик өскөн коюу бадалдар. Ратама гүлүнүн сары желекчелеринен атыр жыт аӊкыйт. Кичине жел жүрдү эле, жердеги куураган жалбырактар шуудурай түштү.

Альварита шляпасын чечти да, чачын коё берип, эки өрүм кылып өрө баштады.

Андан беш фут ары жакта, коюу бадалдардын арасынан жаркыраган эки кичинекей көз аны карап турду. Ал жерде он бир фут келген чаар питон Куку жаткан эле. Ал былк этпей, үн да чыгарбай ээсин карап жата берди. Өзүн азыр кармап кетерин билсе да, коюу жалбырактын алдында убактылуу эркиндиктин жыргалынан айрылгысы келбей турду. Чаӊ баскан үп вагондон кийин агын суунун жытын искеп, жер менен таштарды бүткөн боюӊ менен туюп жаткан кандай сонун! Бир аздан кийин эле ээси аны таап алат да, баягы караӊгы тар сандыкка кайра түшөт.

Альварита капыстан кумдун шыбыртын угуп калды. Бурулуп караса, узун бойлуу кара тору мексикалык туруптур.

— Сизге эмне керек?- деп кескин сурады ал, чачын өргөнүн улантып. Мексикалык андан көзүн албай туруп жылмайды эле орсойгон аппак тиштери чыга түштү.

— Мен сизге жамандык кылбайм, синьорита,- деди ал.

— Мен да андан шек санабайм,- деди каныша, өрүлгөн чачын артка таштап. – Бирок жолуӊуз менен кете бербейсизби.

— Менин оюмда эч кандай жамандык жок, болгону бир өптүрүп койсоӊуз.

Мексикалык кайра жылмайып, аны карай басты. Альварита эӊкейип, кокос жаӊгагындай бир ташты ала койду.

— Жогол!- деп өкүм буюрду ал. – Карарган шайтан десе!

Мексикалыктын кара тору бети мындай кордуктан кызара түштү.

— Мен гидальгомун!- деди ал тиштенип. – Мен негрдей мамиле жасаганга жол бербейм. Сен азыр сөзүӊ үчүн жооп бересиӊ.

Ал жогору карай бир-эки кадам таштаганда, ыргытылган таш көкүрөгүнө катуу тийди. Теӊселе түшүп, жолго отуруп калды да, анан ары жакка бурулуп карап, кызды унута түштү. Альварита да анын эмнеге алаксый түшкөнүн көрмөккө бурулду. Жыйырма ярдча жерде уюлгуган сары-күрөӊ чачы бар, күнгө тотуккан бети таза кырылган бир жигит аларды көздөй келатыптыр. Мексикалыктын белиндеги курунда эки револьвердин кабы турганы менен бош экен. Алты октуу револьверин Панчи сулуунукунда калтырып коюп, өтүп бараткан Альваританын артынан баса бериптир. Көнгөн адатынча тапанча кабын кармай калды да, куралы жок экенин көрүп, колун алга сунуп жалдырап туруп калды. Анын бул айласыз абалын көргөн тигил неме эки револьвери бар курун чечип ыргытып, мексикалыкты көздөй жөнөдү.

— Кандай рыцарь!- деп шыбырады көзү жалжылдыган Альварита.

Боб Бекли куралын ыргытып жиберип, каршылашына жакындаганда, баягыдай болуп корко баштады. Араӊ дем алып, аяктары шилтенбей калды. Оозу таптакыр кургап калды. Жүрөгү шунчалык катуу соккондуктан, ооруп чыкты. Бирок ал болбой эле намыстанып, коркконун жеӊгиси келип чымыркана жакындай берди.

Экөөнүн ортосу барган сайын кыскарып баратты. Мексикалык ордунан жылбай күтүп турат.

Беш ярдча калганда, жогору жактан кум менен таш куюлуп кетти. Ал дароо өйдө жакты карады. Көзү жалжылдаган кумарлуу эки кара көз менен чагылыша түштү. Рио-Браво аймагындагы эӊ коркок жүрөк менен эӊ баатыр жүрөк арбаша түштү. Дагы эле чырмоокто отурган Альварита жогортон карап турду. Коюу кара чачы ийининен артыла түшүп, оозу бир аз ачылып, жүзүнөн абдан таӊ калып турганы байкалат. Бекли экөө тиктеше түштү. Бул укмуш окуя кандайча болгонун сурабай эле коюӊуз, түшүндүргөнгө да аракет кылбаӊыз. Эки булут кагылышканда, ашыкча заряддар алмашып чагылган чартылдаган сыяктуу мында да эркек өзүн эр сезип, кыз болсо уялыӊкы тартып, ансайын сулуулугу арта түштү.

Мексикалык өзүнө келе түштү да, баягыдай болбой кончунан дароо узун бычагын сууруп чыкты. Бекли шляпасын ыргытып жиберип, оюнкарак окуучу сыяктуу кыйкырды да, Гарсианы көздөй атырылды.

Эрөөл ушунчалык тез бүткөндүктөн, Беклинин кумары канбай да калды. Мексикалык адаттагыдай жогортон төмөн карай урбай, бычагы менен алга карай секирди. Бекли ушундан пайдаланып, билектен алды да, ээктен ары берип калды эле, Гарсиа эс-учун жоготуп, кактустун арасына жатып калды. Бекли жыландар канышасын эрдемсий карады. Альварита аны көздөй чуркады.

— Бул жерге кокусунан келип калганыма кубанычтамын,- деди Бекли.

— Ал… ал мени абдан коркутпадыбы,- деп арызданды Альварита.

Алар бадалдын ичиндеги питондун ышылдаганын угушкан жок. Айбандан чыккан куу неме күчтүү жана кудуреттүү деп жүргөн ээсиинин ушундай коркок болуп чыкканынан жийиркенип, ушуга чейин ага баш ийип келгенине өкүндү.

Анан бийлик өкүлдөрү чаап келип калышты да, Беклиден тиги тартип бузган немени өткөрүп алышып, аттарынын бирине арта салып алып кетишти. Бирок Бекли менен Альваританын кеткилери келген жок.

Алар жай баратышты. Бекли револьверлүү курун алып тагынды. Кыз кырк беш калибрдик револьверди көрсөтсөӊүз деп өтүнүп, анан адаттан тыш назиктик менен кармалап көрүп, таӊ калды.

Ойдуӊга күүгүм кирип баратты. Андан ары батып бараткан күндүн соӊку нурларынан жаркыраган дарыя жээги көрүнөт.

Анан бир маалда Альварита коркконунан чыӊырып жиберди. Артка кулап, Беклинин кучагында калды. Эр жүрөк каныша мынчалык эмнеден коркту экен?

Көрсө, жол менен эки дюйм келген былжыраган гусеница сойлоп баратыптыр! Куку, сенин өчүӊдү алышты! Жыландар канышасы өз тактысынан ушинтип баш тартты!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.