Африка жомогу: Кереметтүү чоор

Илгери бир аял уулу менен жашачу экен. Алардын итинен башка жандыгы, бир теше жеринен башка байлыгы болбоптур. Уулун чоңойтуш үчүн аял бел чечпей иштеп, күнү тыным, түнү уйку көрбөптүр. Ошенткен түйшүгүнө жараша бала акылдуу, күчтүү жана иштерман болуп чоңоюптур. Анан да ал чоордо жакшы ойночу экен. Талаадан иштеп келгенинен кийин чоорун алып тартканында анын сыйкырдуу добушун уккандардын баары арбалып, асмандагы булуттар токтоп, суулар акпай, канаттуулар сайрабай, бүт жан-жаныбарлар дымып, үн чыгарбай калышчу экен. Адамдар анын мындай жөндөмүн асмандата мактап, өнөрүнүн […]

Темирбек АСАНБЕКОВ: Бизде кылмыштуу иштерге мыйзам аркылуу жол ачылууда

Учурда коомчулуктун көңүл чордонунда турган мөңгү жана экология маселеси туурасында «Мекен-Ынтымагы» саясый партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен ой бөлүшүү… – Глобалдык жылуунун натыйжасында дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү жүрүп, БУУ өңдүү эл аралык уюмдар доолбас кагып, ага ыңгайлашуу үчүн ар кандай мамлекеттер аралык кызматташууга чакырган дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды жүргүзүп келгенинен кабардарбыз. Бул тууралуу элибизге эмне маалымдай аласыз? Ушундай кырдаалда мөңгүлөрдү каздыруунун кооптуулугу канчалык? – Глобалдык табыйгаттын өзгөрүүсү азыркы эл аралык саясатта өтө маанилүү маселе. Өнүккөн мамлекеттер арасында, батыш еврпопалык кээ бир мамлекеттер […]

“Үнү жок” адамдын Москвадагы бир кездешүү жөнүндө сыр ачуусу

«Чыңгыз Айтматовду көргөнсүзбү?» аттуу Мундузбек Тентимишев менен Оморбай Нарбековдун китебинен… Бир гана жолу кездешүү… Бир гана жолу сүйлөшүү… Бирок ушул бир гана жолу кездешүү жана сүйлөшүүнү бүт өмүр бою унута албай, андай жазмыш ыйгарган бактысын тааныштын таанышына, баланын баласына кагаз бети аркылуу “мактаныч” кылууга ушунча дилгир да, куштар да жашаган бир адам бар. Кагаз бети аркылуу дегенибиз – ал кишинин үнү таптакыр чыкпайт, 64 жашында – 2004-жылы тамагы ооруп, дабыш чыгаруу жөндөмүнөн биротоло ажырап, экинчи топтогу майып болуп калган. Бул […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Боёкчу

ЭТЮД 1980-жылдын жай айы. Айылдын аягындагы аңыз жээгинде атын откоруп чокчо сакал абышка отуруптур. Арабанын каамытынын ордунда шор аралаш тердин тагы. Тору бээнин шоруна жасалган араба… — Ассалом алейкум!.. — Алейкума-ассалом! Кимдин баласысың? — Сокур Ырсалынын. — Сокурун кошпой эле айтып жүрбөйсүңбү? — Сокур болсо айтам да. — Апаң барбы? — Ооба…менин апам аябай сулуу. — Канча жаштасың? — Бештен алтыга карадым. — Атың ким? — Шакар. — Ой, азамат! Кел, бери… – деп мага короздун башына окшош чийдей ичке […]

Раиса ЛЕВИНСКА: Эмне үчүн көпчүлүгү еврейлерди жининдей жек көрөт?

Бул чындыкты көбү билсе да төмөнкүдөй курч таамай макала жазуу ар биринин эле колунан келе бербес. Аныгын акылга салып калчап көргүлө! Байыркы  замандан бери баардык улуттарда жөөттөрдү жек көргөндөр четтен чыгат. Мындан улам көпчүлүк “Эмне үчүн?” “Эмнеге?” деген жоопсуз суроолордун курчоосунда. Көптөгөн антисемитизмге байланышкан себебин билсем да, анын кайдан келип чыккан себебин түшүнө албай келем. Менин да кызуумду арттырган суроо – “Эмне үчүн?”. Марк Твендин “Жерден кат” жазуусунда бул тууралуу мындайча жазганы бар: «Баардык улуттар бирин бири жек көрөт жана […]

Абдиламит МАТИСАКОВ: Пыштак

АҢГЕМЕ Кош терезеси тоону караган кенен үйдүн таңкы тынчтыгын темир мештеги дуулдап күйгөн от бузат. Жети жашар бала мурду куюлуп түшкөн, митчедей кемпирдин колтугунда мештин кызарган бооруна бызылдатып күкүрт чагат. Сары жалын сөөмөй учун күйгүзүп баратканда талын таштап жиберет. Ага эски постектин бысырап күйгөнү кызык. Чылпылдатып өрүк как шимиген кемпир баланы далыга домдомуш болот. — Өрт чыгарат экен. “Оюндан от чыгат” болуп. Акылы толот деген сайын артына кеткени имнеси, ботом… Бала тилалчаак. Күкүрттү шылдыратып мештин түбүнө таштап койду. От “быдылдап” […]