Учурда коомчулуктун көңүл чордонунда турган мөңгү жана экология маселеси туурасында «Мекен-Ынтымагы» саясый партиясынын лидери Темирбек Асанбеков менен ой бөлүшүү…

– Глобалдык жылуунун натыйжасында дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү жүрүп, БУУ өңдүү эл аралык уюмдар доолбас кагып, ага ыңгайлашуу үчүн ар кандай мамлекеттер аралык кызматташууга чакырган дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларды жүргүзүп келгенинен кабардарбыз. Бул тууралуу элибизге эмне маалымдай аласыз? Ушундай кырдаалда мөңгүлөрдү каздыруунун кооптуулугу канчалык?

– Глобалдык табыйгаттын өзгөрүүсү азыркы эл аралык саясатта өтө маанилүү маселе. Өнүккөн мамлекеттер арасында, батыш еврпопалык кээ бир мамлекеттер атайын токтомдорду чыгарып, экология табийгатына терс таасирин көрсөтүп жаткан ири кубаттуу ишканаларга мыйзам аркылуу жаңы сапаттагы иш стандарттарын кабыл алаарын активдүү жүргүзүп жатышат. Бул багытта БУУ келечекте биргелешип кабыл алынган саясый-экономикалык долбоорлор аткарылары шексиз. Мисалы, акыркы жылдары өтө интенсивдүү өнүгүп жаткан Кытай мамлекети, көпчүлүк аймактарында жаратылыштагы климаттык өзгөрүүлөрдүн маселесине келип такалды …

– Суу кодексиндеги мыйзамдарга атайын оңдоолорду же кошумчаларды киргизип, мөңгүнү каздыруу кандай кызыкчылыкты көздөйт дейсиз?

– Суу кодексин өзгөртүү саясый оюнунда коомго белгисиз өтө көп сырдуу тымызын келишимдер жатат. Кумтөр ишканасынын иш алып баруусуна атайын норматив иштеп, өкмөт чегиндеги эле ички жобо чыгаруу аркылуу иш улантуусуна мүмкүнчүлүк берсек болмок. Бирок мурдагы убагында туура эмес жүргүзүлгөн мыйзам бузууларды жана экологиялык катачылыктарды иреттеп коюу максатында, Суу кодексин өзгөртүү жолу менен бардык чогулган маселелерди мыйзамдаштыруу аракеттери жүргүзүлүп жатат. Эртели-кеч, Кыргыз мамлекетинин тарыхы чындыкты ачыкка алып чыгаарына көзүм жетет. Мени кооптондурган маселе – табыйгатыбыздын экосистемалык тең салмактуулугун сактап турган өтө маанилүү, түбөлүк мөңгүлөрдү козголтуу кылмыштарына мыйзам аркылуу жол ачылууда.

– Алтын делген сары темирдин адамзатка кооздуктан башка да келтирген пайдасы тууралуу эмне айта аласыз? Алтын аны алыш үчүн жасалып жаткан чыгашаларды актайбы?

– Ооба, алтын кени өтө жогору бааланган байлык. Бирок биздин тоолуу оор табийгатта алтынды иштетүү шарты өтө жогорку деңгээлде сапаттуу уюштурулуусу зарыл. Албетте, бул маселе алтын казынасын иштетүү маселесине чыгашаны көп талап кылат. Инвесторлор өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, каражат кирешесинин жогору деңгээлинде пайда таппаса, Кыргызстанга убакыт да, каражат да короткулары келбейт. Бул маселе биздин бийлик институттарына жакшы белгилүү. Ошондуктан, алтын кен байлыктарын иштетүү, биздин экономикага көрүнүктүү салымын кошо албайт, кошсо да бизге ыңгайсыз азыркыдай нааразычылыктарды алып келет.

Иштетсе болот, эгерде терең илимий-экологиялык, юридикалык шарттарын изилдеп, мыйзам чегинде бекитип, өзүбүздүн ошол кен байлыктарды сапаттуу иштетүүгө мүмкүнчүлүгү боло турган, улуттук ишканаларды негиздөөгө аткаруу өкмөтү түрткү болуп берсе.

– Кумтөр чуусу канча жылдан бери курч бойдон калууда. Ошол чуунун айынан элибиздин чыгаан уулдарынын бир катары бүгүн камакта отурушат. Ушунча чыр, ушунча глобалдуу тынчсызданууга карабай дагы эле алтын чыгаруучу компаниянын кызыкчылыгы алдыга коюлуп келатканын кантип токтотууга болот? Эл мүдөөсүнүн мындай аёосуз тебеленишине, табиятка таш боор, зомбулук мамилеге чек коё турган айла барбы? Кайсы бир бийлик жооп бериши үчүн ким тараптан, кандай чаралар көрүлүүсү керек?

– Туура, канча жылдан бери «Кумтөр» маселесине аралашкан саясый талашуу, көп инсандардын тагдырына залакасын көрсөтүп келатат. Оңолмок турсун, улуттук экономикалык кызыкчылыкка каршы иштеген кен байлыктарды иштетүү мыйзамын кийинчерээк таптакыр мамлекеттин үлүшү жок негизде кабыл алдык. Ошол ыймансыз мыйзамдарды кабыл алган депутаттардын тизмеси эртели-кеч коомго сөзсүз жарыяланат… Азырынча мурдагы мыйзам боюнча аз акчага иштетүү лицензиясын сатчубуз, азыр андан көбүрөк акчага сатып атабыз, өзүбүз кен байлыктарыбызды иштете албаган калк экенбиз деп актана турушсун. Арабия өлкөлөрү жалпы калкына таандык нефть, газ байлыгын иштетүүгө тажрыйбасы жок болсо да, эч кимге бербеди го. Өзүлөрү кожоюндук салмагын сакташып, чет өлкөлүктөргө иштетүү тажрыйбасы менен гана аралашууга саясый-экономикалык шарт негиздеп берип, мамлекет кызыкчылыгын коргоп жатышат. Мындай туура өнүгүү жолдору, көпчүлүк өнүккөн мамлекеттерде азыр актуалдуу, Россия, Кытай, Скандинавия өлкөлөрү ж.б.. Биздин улуттук экономикалык кызыкчылыгыбызга каршы, жеке кызыкчылыктын негизинде кабыл алынган мыйзамдарды түп тамыры менен өзгөртүүгө саясый эрк кайрат көрсөтүүбүз зарыл. Бул маселе, биздин «Мекен-Ынтымагы» саясый партиябыздын экономикалык программасында кабыл алынган.

Маектешкен Жетиген АСАНБЕК

One Reply to “Темирбек АСАНБЕКОВ: Бизде кылмыштуу иштерге мыйзам аркылуу жол ачылууда”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.