Болгар жомогу: Киши менен коён

Бир жолу кедей киши токойдо келатып бадалдын түбүндө жаткан коёнду көрүп калат. Кубанып кеткен киши кыялга батып, өзүнчө сүйлөнө баштады: — Мен эми мындан ары жакшы жашай баштайм! Бул коёнду кармайм да, сатам. А түшкөн акчага чочко сатып алам. Ал мага он эки торопой тууп берет. Торопойлор чоңоюп, ар бири он экиден торопой тууйт. Анан менде эт көп болот. Эттин баарын сатып, акчасына жаңы үй курам, чарбачылык жүргүзүп, малайларды жумшайм да катын алам. Ал мага эки уул төрөп берет. Уулдарым […]

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Айтматовго жана кыргыз элине болгон урматы

Өзбек элинин үлкөн  жана ардактуу досу Өзбек жана кыргыз калктарынын тарыхы, маданияты менен  руханияты, анан калса, тагдыры окшош экендигин  миң  сандаган  мисалдардан, асыресе, алга карай өсүү өрүшүндөгү  маданий-гуманитардык байланыштарыбыздын мисалынан даана байкашыбыз  мүмкүн. Бул тууралуу кеп козголгондо , ириде, кыргыздын залкар  жазуучусу жана чыгаан коомдук ишмери Чыңгыз Айтматовдун атын атоо абзелдир. Өзбекстанда береги улуу сүрөткердин китептери орун-очок  албаган бир да үйдү, анын эң сонун повесть  жана романдарын окубаган, булардын  негизинде тартылган кинотасмаларды  көрбөгөн бирди-жарым кишини табуу кыйын десек жаңылышпайбыз. Ал […]

Сайтыбызга даа бир жаңы күч кошулду!

«РухЭш» сайтынын жолу шыдыр, жолдошу кыдыр белем: биз менен санаалаш, тилектештер күндөн күнгө арбып, рухий коом агартуу түйшүгүн кошо тартышкан авторлорубуз, өнөктөштөрүбүз, туруктуу окурмандарыбыз да кыйлага жетти. Улуттук руханий дөөлөттү жапатырмак түптөшүүгө ниетин билдирген замандаштарыбыздын ар бирине чын ыкласыбыздан ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Башында кылдыраган арабадай ордубуздан жылдык эле, бара-жүрө сайтыбыздын мүдөөсүн түшүнгөн туруктуу окурмандарыбыздын азын-оолак финансылык колдоосу менен өзүбүздү сооротуп келдик. Чамабызга жараша окурмандардын рухий муктаждыгын канагаттандырууга аракет жумшадык. Балдар адабиятынан тартып, дүйнөлүк адабияттын өрнөктүү чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга жеткирүүгө далалат […]

Абдиламит МАТИСАКОВ: «Тапанча» палван таржымалы

… Абакеңиз эр Кошой Артылып колун салыптыр… Тоодой Жолой балбанды Томкоруп жерден алганы, Көтөрүп жерге уруптур, Көпчүлүк карап туруптур, Жолойду кудай уруптур… («Манастан») АҢГЕМЕ Узун-туурабыздан түшүп, о илгерки базардын ордосун ээлеген чайканада  суусун кандырып отурганбыз. Эл көбөйсө бечара чайкананын курсагы чыга түшөт, терезесинен нымшып, “тер” куюлат… Конушу сөрүдө шу чайканада “чоңойгон” ыманы ысык, мойсопут адам алдындагы бир нанды сындырып коюп отурат. Ушундай үйрөнүппүз ага, бир-ар күн сөрүсүнөн көрүнбөй калса, чайыбыздын даамы, дүйнөбүздүн бир жери кемип турат. Шаардын кайсыл четинен болсун, […]

Кесипкөй аялга күйөөнүн кереги жок, ойнош күткөнү жетет

Альфред КАПЮ (1858-1922), француз жазуучусу О, Кудай, мени бир каражандын кайгысынан куткарчы, жандүйнө кайгысынан өзүм эптеп кутулармын! * * * Өзүң да акыры бир акыйкатсыз иш кылганга чейин жашоодогу акыйкатсыз башка иштерге сабырдуу бол. * * * Кесипкөй аялга күйөөнүн кереги жок, ойнош күткөнү жетет. * * * Эгерде түгөйлөрдүн бирөө сүйүп, бирөө сүйбөсө баарынан жаманы ошол. Агер экөө тең бири-бирин сүйбөсө, андай никедегилер бактылуу болуп калышы да мүмкүн. Марсель ЖУАНДО (1888-1979), француз жазуучусу Акынга турмушка чыккан аял эң биринчи […]

Притча: Караңгы эл дөөгүрсүгөн падышага татыктуу

Качандыр бир заманда эки дос узак сапарга чыгыптыр. Арып-азып өтө узак жолду басып өтүшөт. Акыры чарчагандан дүпүйгөн эски дарактын түбүндө эс алмак болушат. Колдо болгон жол азыктарын тең бөлүшүп жеп, кобурашып отурат. Бири экинчисинен сурайт: – Агер падыша болуп калсаң, не кылат элең? – Агер мен падыша болуп калсамбы?.. Өз өлкөмдө темирдей тартип орнотмокмун. Баардык жайда адилеттик өкүм сүрмөк… Элим эмнени кааласа, баарын аткармакмын! А сенчи?.. – Мен падыша болуп калсамбы?.. Эл сөрөйдүн баарын чөгөлөтмөкмүн. Анык көргүлүктү көрсөтүп, жондорунан кайыш […]

Самара КАНЫБЕКОВА: Август

АҢГЕМЕ Август айы борбор шаарды куйкалап, көлөкө издеген эле адамдар. Айсезим маянасы түзүгүрөк жумуш издегенди жаз мезгилинен баштаган. Табылган иш Айсезимге жакпайт. Аптаптуу күндөрү бутун тарта албай үмүт чиркин бүгүн-эртең иш чыгып калабы деп калааны түрө кыдыртат. Бүгүн да жолу болбой капалуу, чарчаңкы маанайда маршруткага түшө берерде чоң челектери менен “кечиресиздер!” деп жөөлөп кирген аялды көрүп, челектерин көтөрүшө кетти. — Ой, эжеке, мынча оор челегиңиз? Ичинде эмне бар?! — Балмуздак, кызым! — Балмуздак? А дүкөнгөбү? — Жок. Ушул бойдон көтөрүп […]