Мэн-цзы: Негизги жолго түшпөй туруп аткаминер болуу – бул дубалдан эшик ойгондой кеп

Конфуцийдин мамлекет башкаруу жөнүндө сабактарынан Мэн-цзы айткан: «Товардын абалы менен анын сапатынын эч кандай жалпылыгы жок, товардын чоо-жайы боюнча чыныгы абал ушул. Кээде абал менен сапат бири-биринен кыйла айырмаланышат, кээде он эселеп, ал тургай кай бир кездерде миң эселеп айырмаланышат. Эгерде салмагы менен көлөмүн гана баалап, сапатына карабай наркын быччу болсо, Асман алдындагы өлкөдө башаламандык жаралышы мүмкүн”. * * * Мэн-цзы айткан: «Асман алдындагы өлкөдө эң кенен үйдө жашоо бул – адамгерчилик, ал эми эң адилеттүү түрдө өзүнө татыктуу орунга […]

Айнура Кадырманбетова: Подтексттин теориялык маселелери

КИРИШ БӨЛҮМҮ «Подтекст» термини адабият таануу илиминдеги кыскача аныктама менен толук камтып айтып коюуга мүмкүн болбогон, өтө татаал, карама-каршылыктуу маанилер менен көп чаташтырылган түшүнүктөрдүн бири болуп эсептелет. «Подтекст» деген эмне?» – деп капысынан кимге болбосун суроо бере салчу болсок», «ал – текстке, чыгармага катылган жашыруун ой» деген сыяктуу окшош жоопту дээрлик бардыгынан токтолбостон алууга болот. Эгерде эле сурообузду тереңдетип: «Эмне үчүн жашырылган?», «Кантип жашырылган?», «Кандай ой? Чыгармада көп эле ой түздөн-түз берилбестен, кыйыр түрдө, көркөм образдар аркылуу берилет эмеспи?» – […]

Анатай Өмүркановдун котормосундагы акылман падышалар жана султандар жөнүндө аңгемелер

Али САФИ ким болгон? XVI кылымда  проза тарыхый жана көркөм болуп эки түр менен берилген.  Ошол   мезгилдеги көркөм прозанын анча көп эмес үлгүлөрү өзүнүн мааниси жагынан классикалык тажик прозасынын өнүгүшүнө зор салым кошту. Мына ошолордун мыкты  өкүлдөрүнүн бири, XV кылымдын  белгилүү окумуштуусу жана жазуучусу Хусайн Воиз  Кошифинин уулу  Фахриддин Али Сафи (1533-жылы каза болгон) билимдүү жана адабиятты мыкты билген Кошифи уулун адабий дөөлөткө тартып, табитин тарбиялап, аң- сезимин кеңейтүүнү көздөгөн. Сафи көп окуган, өз мезгилинде Абдрахман Жами сыяктуу көрүнүктүү акын-жазуучулар  […]

Мезгилди багынткан да мектеп болот

Чыгыш адабиятында устат деген улуу сөз бар, устаттын артынан ээрчиген шакирттери болот. Өзгөчө бул чыгармачылыкта өтө өнүккөн салт, мисалы, Жунай Мавлянов, Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султановдун өзүнчө мектеби бар. Ушундай жөрөлгө университетибиздин журналистика факультетинде уланганы жагымдуу таасир калтырат. Анткени болочок журналисттерди дасыккан тажрыйбалуу адис окутса, сөзсүз ал өзүндөй тарбиялап алат. Билгенге ошол чыгармачылык студенттер үчүн чоң олжо. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты Матисаков Абдиламит агайдын студенттерге сабак берип калгандыгы чоң ийгилик десек жаңылышпайбыз. Буга чейин […]

Вагиф СУЛТАНЛЫ: Сона кемпир (Азербайжан жазуучусу)

АҢГЕМЕ Сурнайдын дабышы дапылдап да, дүпүлдөп, жака-белдеги жамагатты үйлөнүү үлпөтүнө үндөдү белемдир. Ошондон бери обону озондогон тушка агылгандардын  аягы оңой-олтоң  үзүлө койбоду. Сона кемпир эки  билегин  бооруна кайчылаштырган калыбында чоң чатырдын бир ыптасына ыккан. Шаан-шөөкөт алигинин  ичинде. Сурнайдын кулактан куюлуп, курсакты кайнатар ыргагы эскини, тээ эбак өчкөн өтмүштү эстет, ээ!?  Эмелеки  төгүлгөн күү  керебеттеги  кеселман эмени биякка “жүрүлөп”  азгырбадыбы.  Асыресе,  музыкалык аспап  учурда  аныбыз буга дейре дегеле эшитпеген  мукам кайрыктарды  какшатты. Кексе зайыптын көкүрөк толтосунда   ары жаңы, ары бүдөмүк аваз  […]