Кетип аткан ажо деп сөзүнө маани бербей да койсок болот эле. Бирок жалган кеп жалындуу кайталанып жатса, чындыктын ооз учунан айтылып турушу кечирилгис экенин белгилеп, айтып калуу, кайталап айтуу абзел. Калптын өмүрү кыска болуп, а чындык чексиз жашарын билген кишиге чындык чыккан ооз болуунун өзү чоң олжо. Аныгында чындык ажого болобу, башкага болобу жакшылык гана издейт. Бул жолу көбүрөөк жакшылык кетчү ажобузга тийиштүү болгону турат. Себеби анын:

 

  1. Коңшу өлкө биздин ички ишибизге кийлигишип жатат
  2. Бизге кимди президент шайлашыбыз керек экенин көрсөткүсү келип жатат
  3. Бизге өзүнүн мыйзамдарын таңуулап жатат
  4. Бизге өзүнүн коррупциясын таңуулап жатат
  5. Биздин эгемендигибизге коркунуч жаратып жатат ж. б.

деген “жалындуу” сөздөрү жалаң жайдак бойдон калууда. Негизсиз айыптоо – жалаа жабуу, курулай доомат. Мындай болгондо, ажо болобу, кожо болобу ылгабай туруп, айткан кишинин гана абийиринин таш-талканын чыгарып таштайт. “Күйгөнү” чын болуп жүрбөсүн деп, сөзүнө жүйө издей келсек, кашкайып тескериси ырасталып калып атат.

 

  1. Казакстандын Кыргызстандын кайсы ички ишине киришкени маалыматтын мынчалык ыкчам заманында өлкөнүн баш-аягына ылдам эле жетмек эле. Биз билбеген бир далилдер болсо, жалпы коомчулукка билдирип коюшун өтүнөр элек.

Тескерисинче биздикилер алардын пенсиялары, ВВПсы ж. б. жөнүндө оргуп-баргып бир топ сөз кылды эле. Ошондон чек ара чыры башталып, чындай келишти эле, былыктын баары чыгып калды, болгондо да ЕАЭБдин комиссиясы тарабынан.

 

  1. Казакстандын шайлоодо кайсы бир талапкерди үгүттөгөнү тууралуу маалыматыбыз жок. Кеп Бабановдун Назарбаев менен жолукканы тууралуу болуп жаткан болсо, элге жеткен маалымат боюнча, Назарбаев баса белгилеп айткан, бул Кыргызстандын ички иши, кыргыз эли кимди шайласа, ошону менен кызматташтыкка даярбыз деп. Мындан башка да биз билбеген өңүтү болсо, маалымдап коюшса болот эле, болбосо, кургак эле айыптоо таптаза жалаага окшоп турат. Эми мураскерин ачыктан ачык колдобогонун эле башканы таңуулаган катары саноо ченебеген апыртма болот да.

 

  1. Кайсы мыйзам таңууланды эле, кабардар киши барбы? Парламенттен Казакстандын өкүлүн байкабадык эле. Жаңылык болсо эле үстөккө-босток ЖМКлар жарыялап калышмак. Конституцияны Текебаев жазып, ага чуулгандуу оңдоолорду Атамбаев өзү киргизген.

 

  1. Эң кызыгы бул болуп атат – Казакстандын коррупциясын бизге таңуулаганы. Алардын коррупциясы жөнүндө кеп болуп жүрөт интернетте, бирок кандай жол менен ал бизге таңууланганы тууралуу да маалымат айдыңында ныпым эч нерсе жок. Биздеги коррупциянын жанында ал “чабалдык” кылып, теңтайлаша албай гана жакшы таңууланбай коюшу толук мүмкүн иш. Экономикалык өсүштүн кендирин кескен кеселдердин эң ириси – коррупция. Казакстанда дүркүрөп өсүп, бизге чейин таңуулана турган коррупция болсо, кандайча Казакстандын экономикасы биздикинен кыйла өнүгүп-өсүп кетип атат? Экономикасы өскөнүнө далил: Россияда казак мигранттардын жоктугу. Казактар чет өлкөгө көбүнчө эл-жер көрүп, саякаттап, окуп-чокуп билим алыш үчүн эле барышат экен.

Курбум менен жайында Таласка конокко барып калдым. Ашуу менен иниси экөө алмак-салмак айдап, жолдогу бир аңдан качып, бир аңга түшүп атып, эзилип араң барышты. Мындайын билгенде Казакстан менен барбайт белем деп шыпшынган курбумду кайра келатканда тапанча такап да ашууга айдата албайт элек. Ошентип, Казакстандын чек арасынан киргенде жымылдаган жол чыкканча жымылдап отурду. Кыргызстанга киргенден бир аздан соң баягы көзгө тааныш аң-чөнөк башталды. Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болбой, анан не болобуз. Тескерисинче, Казакстанда бүгүнкү күнү миңдеген кыргыз мигранттар күн көрүп келет. Анан Казакстандын коррупциясын таңуулашса да, тайраңдап турган биздин коррупция ага орун бермек эмес.

 

  1. Биздин эгемендигибизге коркунуч жараткан эмне болушу мүмкүн? Эске шак дей түшкөн эле бир орчун учур: Кыргызгаздын 1 сомго Россияга сатылып кетиши, аны “Элге Кыргызгаз эмес, газ керек” деп Атамбаев өзү колдогон. Элдин күнүмдүк керектөөсүндөгү эң ири тармак боюнча, кааласак, каалабасак да, Россияга көз карандыбыз. Канча десе ошол бааны, Россияныкынан 2-3 эсе кымбат бааны ырмая-чырмая төлөп отурабыз. Бул жерде Казакстандын тиешеси жок да. Анда кайсы коркунуч тууралуу сөз болууда?

 

Көрүнүп тургандай, таптаза доомат, кызылдай жалаа. Мунун төркүнү кайда жатат?

 

Дарттын тамыры бул жакта жатат.

Атамбаевге өз мураскерин өлсө-талса да өткөрүү зарыл болчу, эмне үчүн экени окурманга маалым, ага токтолбой да койсо болот. Ошол себептен шайлоо майданы кызып, ою бир жерде болбой турганда коллегасы Назарбаевдин түздөн-түз Атамбаевдин мураскерин колдобогону куйкасын куруштурган. Бир эмес эки жолу чапкылап барып, атургай атайын интервью уюштурушса да, Россия тарап мураскерди тыңгылыктуу колдобогонсуду. Бул да бир сокку болду. Эмне үчүн? Мына ушуну Атамбаев өзү менен өзү бет маңдай отуруп, өзүн өзү алдабай талдап көрсө болмок. Эл өкүлдөрүнүн эч себепсиз соттолушу үчүндүр? Бир катар ЖМКларга, журналисттерге орчундуу себепсиз олчойгон акчалай айыптар, үй-мүлкүн конфискациялоолор болгону үчүндүр? Таможнядагы “кара тешикти” Текебаев парламентте көтөрдү эле, ошол себеп болгондур?

Казакстан менен Кыргызстандан башка ЕАЭБге мүчө болгон башка өлкөлөр – Россия, Белоруссия, Армения дагы Атамбаевдин алдында бүгүн “айыптуу” болуп отурушат. Чындап эле, алар эмне үчүн чек ара маселесин Атамбаевдин пайдасына мүнөздөбөй атышат? Таможняда “жан таслим” болгон 3 млрд дын эсебин таап, өлкөнүн жарасын жаап көрсөк анан башканын айыптоо кезеги бизге тиет беле… ЕАЭБдин – бакандай 4 өлкөнүн комиссиясынын эсебин кантип будамайлатабыз?

 

Ушул суроолорго чыныгы жообун бергенде, даба ошол эле.

Дартын тапса, дабасы табылар эле, дабасын тапса дарт да айыгар эле…

Дарт дарт бойдон туру… Жеке таарынычын кектеп ызырынып алып, аң сезиминин тээ түпкүрүндө аны сезип, эми айыбын моюндагысы келбей, Атамбаевдин ызырынганынын себебин жүйөлүү кылгысы келип, болушунча башкаларга көө жаап турат. Албетте, бул жазылбаган адеп мыйзамынын одоно бузулушу. Казактан жоо чаап кеткен аткансып, чөгөлөбөш керек эч качан эле эч качан деп, жаңы президентти, премьер минисрди, спикерди – ар бирин атады. Бул кекенүүнү эле “өзүн сыйлоо” деп сыпаттап, “насааттаганга” барабар иш болду. Кекенүү анчейин эрдикти, акылды да, күчтү да талап кылбаган, ооздуктабаса оргуштап гана турган, укмуштай кыйратуучу күчкө ээ сезим да. Өзү мунун жаркын мисалы болууда. Кекенүүнүн ордуна кечирүүнү үйрөнүү – чоң эрдик. Мына ошол акылды, күчтү талап кылат. Араздашуу ар жандын колунан келет. “Жамандыкка жамандык ар адамдын иши, жамандыкка жакшылык эр адамдын иши” деген элибиз. Акылман гана айыбын озунуп моюнга алып, араздашууну акыл менен баса алат.

Бизде тескери болуп атат баары: Россиянын мурдагы президентинин “ичкенин” кеп кылып, “сүйүктүү” коллегасын да жөөлөп аткансыйт.

Адеп чегинен эчак чыгарган баягы төл сөзүнө жабышты да калды, ал сөз эми дагы ылдый каякка түшүрөт?

Карылык качантан бери айып болду эле? Дөөлөттүү карып, бири келбес сапарга эл башкарып турган ордунда узады. Дагы бир кары эл башы дөөлөттүү карып, калкынын көпчүлүгүнүн кадырына ээ болуп отурат. Карыбай алжыгандан өткөн кордук барбы, ошону бербесин деп тилесек болот эле…

 

Чек ара маселесинде карапайым эл эле чыгашага учурап турат, ажонун же кайсы бир аткаминердин чөнтөгүнө кымындай залал келдиби? Менимче, эч канча. Адегенде чыгашасын толтуруп берип, анан күжүрмөн мекенчилдикке чакырса жарашат эле. Чырдын башын чубап салып, “маа десеңер кеткиле” деп отурса, ажонун айтканы чынбы-төгүнбү дедирбей эле дарт кимде экени аныкталып калып жатпайбы.

Катасыз адам болбойт, бирок кыйындар гана катасын оңдойт. Кечирим суроо – бул пастык эмес, бийиктик. Бийик адам гана кемчилигин көрүп, ал үчүн кечирим сурай алат. Өзгөчө кемчилигимдин кээри өзүмө эмес, карапайым элге тийип атканда кечирим суроо баатырдыкка тете иш болмок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.