№3

Ыр сели каптап турганзаманда жашап туруп,чыныгы поэзиянын үлгүсүндөгү же талабындагы ырларды жолуктуруп калсаң,жан дүйнөңдө кадимкидей майрам болгонсуйт…Анткени,азыркыргыздаыр жазбаган кишини жолуктуруу кыйын болуп калды. Интернеттегиар түрдүүаталыштагы социалдык тармактардан,мезгилдүү басылмалардан,жаңы басылган китептерденбелгилүү жана белгисиз авторлордун ырлары жайнап чыкты,чыгып да жатат. Бул жакшыбы-жаманбы,мезгилөзү таразалап берер деп,өзүбүздүжубататуралы….

Күлкүгө суз,күйүткө суз,жашка суз,
Күн өткөрүп сенсиз,ансыз,башкасыз,
Жашап келем жашап болбос калаада
Кол чатырсыз,үй дарексиз,акчасыз…

Китептин баш сөзүнөн кийинки ушул төрт сап ыр автордун өзү жөнүндө кабар берет. Адамдыбирде кубантып,бирде көңүл чөктүргөн күндөлүк нерселерге“күлкүгө суз,күйүткө суз,жашка суз” кайдыгер караган (Ага эмне себеп болгон? Кийинчерээк ырларынан билесиз…),сүйгөн адамынанкол үзүп ,карым-катнаштагы, мамилелеш дос-жарын жанынажуутпай,тууган-уругуна да абалын айтып даттанбай,жалгыздыкты караан тутуп,жалгыздыктышерик кылган,жалгыздыкменен кол кармашкан,өз дүйнөсү менен өзү калган “кол чатырсыз,үй дарексиз,акчасыз… “бирөө — өзү айткандай “жашап болбос калаада” күн кечирет.

Бул Москвада жашап-иштеп жаткан мигрант акындын өзү жөнүндө өзүнүн айтканы, анткени баш калкалай турган жериубактылуу батир (катталуу деген жок), кайсы даректетурары эч кимди кызыктырбаган (мигранттын каерде, кантип жашаганы кимди,кайсыбийликти кызыктырган), санаксыз акчасыз турмушун,болгондо да төрт сапкабир өмүрүн сыйдырып,бир тагдырын батырганы кызык. Бул саптар жалгыз эле акын кыздын жашоосу эмес, алыс-жакынкы чет жердеги,Россия Федерациясынын ар кайсы шаарларындакүн кечирип,жан багып,айылдагы ата-энесин,бала-чакасын,бир туугандарына кошо каралашып, чоочун жер,чоочун эл,чоочун калаада иштеп-жашапжатышкан миңдеген кыргыз улан-кыздарынын,жаш үй бүлөлөрдүн турмушу. Кыска,атоочтук сөз айкашында башкы“к” тыбышынын кайталанып келиши, “суз” дегенсөздүнбоегун,маанисин,таасирин күчөтүү максатындакайра-кайра басым жасалышы, салттуу формада жазылса да саптар бири-бири менен аллитерацияны түзүп,ырдын көркөмдүүлүгүн,образдуулугун,элестүүлүгүн арттырат,жеңил окулат.

Жөнөкөйсөздөр менен болгондо да төрт сап ыргаөз тагдырын жана тагдырлаштарынынтагдырын батыруунун өзүкандай кыйын. Канткен менен поэзиянын көркөм тили менен кыска-нуска,элестүү айтып берип жатат. Өзү жөнүндө муңайым тон мененырдалган ырдан кийинки ыр түрмөктөрүнүн баарында (темасыз)акындынөзү күбө болгонорустун чоң калаасындагытурмушунун ар кылсүртүмдөрү, тагыраак айтканда,жан дүйнөсү,поэзиянынысыгына караганда суугунаүшүп-тоңуп,өзүн-өзү изилдеген,өзүн-өзү ачкан, кала берсе,өзүнө-өзү отчет берген,талапты кое билгенжаш таланттын карама- каршылыктуу,калтыс,сырданадүйнөсүнө эрксизден тартыласың.

Китепте “жарык”,“ак жарык” (6 куплеттин ар бир сабында) деген сөздөр көп учурайт. Жеке тагдырына баш ийип,сүйгөн адамын жоготкон,ишенери жок калып ажырашуунун ачуу даамына буулуккан,сүйүүсүнө кошуп,жан дүйнөсүнүн болгонбайлыгын,дареметинмокотуп алгандаймүңкүрөгөн абалга келип,кайра ордунан туруп (капыс анан өчкөн эле жүрөктөн, \ мени ээрчиткен,мен ээрчиген ак жарык),көкүрөгүндөгү жарыктысезип-көрүп,ошол жарыкка каниеттенип,ошол жарыкты медер тутуп (ал жөн эле жарык эмес,ыр дүйнөсү — поэзияга,чыгармачылыкка чакырган жарык) таянып-жөлөнүп келет. Чет элде,чет жерде кимменен кимдин иши бар,эмне болуп жатасың,ач калдыңбы,кеч калдыңбы,акчаң барбы-жокпу, эч ким сурабайт,иши да болбойт, акын айткандай;“Терезеден тиктеп жашап көнгөндөр,\ терезеден тиктеп мени турушту». Турмуштун ачуу-татуусуна бышкан,чыйралган, муш жеген сайын кайра туруп кайраттанган кыз бекеринен минтип; “Мен кагылган ушул эски көчөлөр, \ бүгүн менден чейрек кылым кичүүдүр…” деп ырдаган жок. Анын жүйөөсү бар. Алчыгармачылыгы үчүн баарынан кечип таштады, байлык издебеди,үй куруп,үй толтурайын дебеди,ал поэзиянынташтактуу,оор-машакаттуужолун тандап алды. Ойду ойго бүлөп-кайраштырып,ойду ойго кактап, чыйралтып-курчутуп,мазмун менен форманы эч кимге окшобогон,эч кимде жок,өзүнчө-жекече стилде жазууну эп көрдү. Оригиналдуулукка умтулду.

Өжөр,өктөм мүнөз,ырларына сын көз менен караган,ырларынын бешенесинен сылабаганкалемгеркелечектеги өзү багындырган бийиктиктен туруп,ааламгамындайча жар саларын “Үңүлүшүпүнү бүткөн жылдарга, \ мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар”жашырбады. Акындын бул жарыкчылыктагы бар байлыгы,карманар-тутунары бар дүйнөсү анын поэзиясыэкенин чакан китебиндеги ар бирсаптар кайра-кайра кайталап,жар салып турушкансыйт:

 Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү,
Калаа болуп….. Бекет болуп башталып,
Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн,
Мени ээрчиткен,мен ээрчиген ак жарык.

Акын Нарсулуу Гургубаева Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөндөн кийин Москвага М.Горький атындагы адабият институтуна кеткени эсимде. Андан бери бир топ жылдар өттү.2016-жылы Москва жана Санкт-Петербург шаарларына командировкага барганда, ага жолуктум. Анын Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуп жүргөндө эле ыр жазарын,башка студенттерге карагандакөз карашы, жүрүм-туруму,мүнөзү башкача экенин окутуучусу катары билчүмүн. Өткөн жылы “Алыстагыак жарык” аттуу китеби Бишкектеги “Улуу тоолор” басмаканасынанжарыкка чыккан.

 Алыстыктыжазыш азыр кандай оор!
Алыстыктан арзыш сага – андан оор.
Сан ичинде саргалдактай кылайган,
Санаа-сыркооң мененЖуртум аман бол!

НарсулуунунРоссиянын борборундагыадабият институтунда окуп да,иштеп жан багышы,чыгармачылык менен алпурушу оңой болбогону көрүнүп турат. Аталган окуу жайында дүйнөнүн төрт бурчунан келген таланттуулар билим алышат. Атагы ааламды кезген Ч.Айтматовду, улуттук поэзияга жаңыча стиль,жаңыча үн,жаңытабылгаларды алып келген,анын сапаттык деңгээлин өзүнчө бийиктикке көтөргөн С.Эралиевдиэстегенде,эл аралыкадабият институтун бүтүргөндөрдөн үмүт чоң.

Ушул ой да Нарсулууда болгон,анын жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген,басса-турса оюнан кетпеген. Бироккөпчүлүктөн “жарк” этип бөлүнүп чыгыш оңойбу? Чыгармачылыктагыжекече кредосун,ой-дүйнөсүн,жазуу стилин таанытуу жеңилби? Анын үстүнө ал окуп жүргөн мезгилде Москвада деле эмес,Кыргызстанда кандайсаясый оош- кыйыштар,өлкөдөгү экономикалык каатчылыктан,желкеден алган жокчулук, кендирди кескен жумушсуздуктан жаштарбаш оогон жакка жан багыш үчүн “жан баккан баатыр” болуп тентип кетишпедиби. «Мен иштебеген кара жумуш калган жок эжеке”, — деди аңгемелешкенде. Кайда жүрсө да бир оюАта журтунда, бир туугандарында, ата-энесинде болгон үчүн көздөн учкан кымбат, ыйык,табылгыс журтун“булдүйнөнүн бүлк-бүлксоккон жүрөгүнө “салыштырып жатат. Өзүкыйналса,ооруп-сыркаса, бөтөн жерден кордук көрүп,көз жашы сабаласа да “санаа-сыркооң менен, Журтум аман бол! “деп,Ата журтунун амандыгын,тынчтыгын тилеп турат,самап турат.

Эртеңки күнүн тобокелге салып,алдыда кандай күндөр күтүп турганын ойлоого аргасы калбаган, «бир барып көрөйүнчү,кайра тез эле кайтып келем” деген ой-тилекти тушаган айласыздыктан канча өмүрлөр Ата Мекенден сырт жактарда калып жатпайбы… Бул турмуштун,учурдун айныгыс чындыгы. Автор ойдун маңызындал өзү көргөн турмуштан алып, аны көркөм ойлоонун тегирменине салып, ары элестүү,ары таасирдүү айтып берет. Алыстыктыжазыш азыр кандай оор!” деген ырдагы4-куплетти толук мисалга тарталычы.

 Кайтабыз деп кайралып да,бүлөнүп,
Сенден кеттик, кеткен себеп жүйөлүү.
Сен аман бол, себеби жок кырсыктан,
Булдүйнөнүн бүлк-бүлксоккон жүрөгү…

Нарсулууда башка акындарда кездешпеген ички дүйнөнүн карама-каршылыгы,өзүн-өзү чануу,таануу,жокко чыгарып,кайра туулгандай бүшүркөп кароодон, жаңыланып-жаңырган ойлордун (чыгармасын апогейине жеткиргенче бузуп-талкалап,кайра-кайра иштеген скульптордой) туундусун издөө,кыскасы, ой-чабыттын миң электен өткөргөн такыбалыгы күчтүү. Биз адамдар бактылуу болуш үчүн жашайбыз,умтулабыз, күрөшөбүз. Бакыт деген өзү эмне? Анын аныктамасын ар кимдеңгээлине жараша чечмелейт. Автор болсо бугакараманча каршы пикирди айтып, кашкаят. Мына өзүңүз күбө болуңуз:

…Мени эми көтпүгүлө,күйбөгүлө.
Кайрылбайм,кайтпай калдым ушул жолдон…
Бактылуу болуш үчүн бул дүйнөдө
Бакыттын эмне экенин билбеген оң.

Бактылуу болуш үчүн бул дүйнөдө
Бакыттын эмне экенин билбеген оң.

Акындын бактысы анын көшөргөн, сөздөрдүн ичек-чабагын сууруп алып,миң аңтарып-теңтерип,ойдун маңызын-данегин издөөдө,иргөөдө,таразалоодон тажабаган түйшүкчөлдүгүндө,мээнеткечтигинде. Жогорудагы оюбузга далил катары акындын өзүнөыр окуталы:

Өзүңдөн,өзгөлөрдөн, өзүмдөн да
Кеткем мен жолду тандап жөнү бөлөк.
Бул жолдо сага айтылган сөздөр жалган,
Айтылбай калган сөзүм төгүндөлөт.

 Бул жолдо сырым жалган жүрөктөгү,
Чындыгым,билем көбүн сүйүндүрөт.
Билгенин айтсаайтышат, бирок мени
“ Билем” деп айта албайт кийин бирөө.

 Бул жолдо ыйым жалган,күлкүм деле
Эсимде калбайт кайгым,кубанычым.
Жан көрсөм,бироккокус мүңкүрөгөн
Жанында башын жөлөп турарым чын.

Бөтөн жерде,бөтөн тагдырлардын арасында өзүн-өзү издеп жүргөнкалемгердинкыял-мүнөзү,сыры,тагдыр-жазмышы жакындарына белгисиз болгону менен анын көкүрөгүндөгү адамга болгон сүйүүсү өчө элек, жарды-жалгызга,мусапырга болгон мээрими төгүлүп,адамгерчиликтен атап кете албайт. Анткени ал – акын,акындын жүрөгү катардагыадамдын жүрөгүндөй эмес.

Тагдырынын ташпишин чындап тартпаган акын чындыкты чындай жаза албайт. Акындын “Башынан баш аламан бул өмүрдө”, \ ”Мендей чарчап,менден чарчап ооруган”, \

”Жашалбаган жашоо кандай таттуу да”, \ ”Кечирим,оо азыр сен сурабаган”, \”Сыйын алып,сынык чыны албастан”, ”Төрөлбөгөн балдарымдын атасы” сыяктуу жана башка бир нече ырларында өзүнүн жан дүйнөсүнүн автопортретининайрым штихтери, армандуу сүйүүсү жөнүндөгү ачуу чындык жатат. Сүйүүнүн азабын,муңун, зар-кайгысын башынан өткөргөн адамдын психологиялык абалы,кайгы-капанын туманынан жол таба албайкыйналып-жанчылып калгандагы оор трагедияны көтөргөн бар,көтөрө албаган бар. Ыр сабындагы “жат”, «өз” деген антонимдер, кош кабат татаал уйкаштыктаайкалышып турушу чебер иштелген.”Бар туруп,бул дүйнөдө жартыбыз биз, \ өтөбүз өксүк бойдон сүйүү издеп. …\ Сен менин үзүлбөгөнжалбырагым. \ Мен — сенин жалбарагың үзүлбөгөн…” демекчи,сүйүүсүн жүрөгүнүн тереңине катып алып, (өмүрлүк жолдошун каралап,күнөөлөбөй,каргап-шилеп тилдебейт)тунук сезимин таза сактоого болгонынтызарлыгы,өкүткө салган сүйүүдөнчыйралып, чымырканган күрөшкө бел байлаганы суктандырат.

Акын кызды сүйүү сындыра албаптыр,кайра тескерисинче – сергек,курч,карама-каршылыктуу ой-сезимдердин талаасына жетелеп кетиптир… Аялзаты айрыкча акын кыздар табиятынан сергек,сезимтал, назик келет эмеспи. Ошондон уламбы,терең психологизмгесугарылган ойлор кургак риторикадан алыс “Тулкуңду терең намыс сүдүрөгөн, \ тунартып бүткөнү чын ичтеги өлүм” деп,үй бүлөнүн бузулушунан ар-намысы гана эмес,жаны өлүп, жаны күйүп, ” күндөшүнүн бактысын көтөрө албаган” ич күйдүлүгүн жашырбай,кайгы-касиретинин жан чыдатпаган абалын мындайча туюндурат: “Ай ыйлап асманыңда угузбастан, \ күн өлөт жүрөгүңдө, гүлдөр өлөт….” Ушул ырдагы литота-муштай асман,кумсарып максатыңдын куну качкан, \ ай ыйлап,күн өлөт, \ жол издейсиң ый көрө элек деген ж.б. салыштыруулар ийкемдүү чыккан. Каламбур өнөрдү кылдат иштеген, анонимдик уйкаштыкка жыш,төмөнкү саптарда өзүнүн кайгы-муңун жан адамга ыраа көрбөгөнүн батыл айтат.

 Олтурамын сүйлөбөй да, эстебей,
Эңшерилткен эски сүйүү кайгысын.
Мындан ары мындай улуу кек менен,
Мени Кудай менден гана айрысын!

Акын ар бир ыр түрмөгүндөкөркөм сөз каражаттарын ыктуу колдонуп, ыр тизмектери бири-бири менен бирде аксак уйкаштыкта, бирде ички уйкаштыкта ширелсе,биринде каламбурдук уйкаштык бой керип,ички монологго да орун бериши – ой чабытынын көп кырдуулугун,катмардуулугун сездирет жана кайра-кайракайталанып, түс-түрүн,формасын өзгөрткөн сайын ойдун маани-маңызы тереңдеп отурат. Ал интим лирикасынын жан адамга сезилип-сезилбеген,туюлуп-туюлабаган назик шыбышын, көзгө көрүнбөс-сезилбес,колго кармалбас ичке кылдарын, татаал нюанстарын,желдей жеңил,абадайжумшак,суудай назик илебин жеткире,таамай-таасын, элестүүайтуунун өзүнчө ыкмасын,өз стилине жарашкан техникасын иштеп чыкканын мына бул саптар айгенелейт:

Куттуу үйгө кабар айтпай, чакыртпай,
Келдим, досум, шамал буруп боз жолдон.
Сапарлашым — алчалуу күз, жашыл жай,
Санаалашым — тили каткан боз торгой.

Ушул ыры (төрттөн бешке, бештен жети куплетке жалганган) 2004-жылы өзүнүн досу, курсташы (адабият институтунун поэзия бөлүмүндө бирге окуган) Алина Каримованын котормосунда түрк тилдүү котормочулардын “Ак турна” эл аралык фестивалында сүйүү лирикасынан биринчи орунду жеңип алгандыгын сыймык менен белгилегенибиз оң.

Мигранттардын өмүр жазмышына эч ким, эч качан кепилдик бере албайт. Кайсы күнү, кандай оорудан, каргашадан же кырсыктан канча көз жумулуп, жарыкчылык менен коштошсо, ошол көтүлбөгөн кайгы-азаны чогуу тартып, чогуу көтөрүп, сөөктү өз жерине, туулуп-өскөн айлына жеткирүү вазыйпасы ошердеги кыргыздардын мойнунда. Эркек болсо каргашалуу кабарды мойнуна илип алып, аял киши болсо сүрөтүн көтөрүп, тууган-урук, тааныш-жердеш, боордошторуна барат же жолдон жолуккан эле кыргызга айтпаска аргасы жок. Эмнеге деп эч ким сурабайт, сурай да албайт… «Груз-200” алып кетүүгө кеминде 100-150 миңден ашык рубль жыйнаш керек. Акын “каргыш тийгир, канчанынчы табытсың?!” деп бекеринен айткан жок, миграция башталган мезгилден бүгүнкү күнгө чейин бөтөн элде набыт болгондордун так санын ким билет? Билинбегени канча, билинбей каза болгондор, дайынсыз жоголгондор, аты-жыты изделбегендер канча… Жаны күйгөн, жаны ачыган, энелик сезими албууттанып, өзүн коерго жер таппай чыркыраган акын “ кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү, кимге өчтү жанып турган жарык Күн?” деп безеленет.

Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан.
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…

Камгагым — кыялга элирип, ата-энесине жардамдашканы үчүн өзүн кадыресе киши сезип, тоону томкоруп, ойду омкоруп ийчүдөй шымаланган улан, жаш жигит, көчөтүм — орто мектепти бүтө элек же жаңы эле аяктаган ою, эси-дарты таттуу кыялдын кучагынан чыгалек жаш кыз, акындар айтмакчы көчөт кыз, тал чыбыктай бийкечтин сөөгүдүр…

Экөөнүн тең оозунан эне сүтү кете элек. Мүмкүн ал бала-чакасын кийиндирем-ичиндирем, окутам деп жүргөн ата менен энедир… Катаал турмуш, каатчылык өлкөдөгү бийликтин кетерман катындай бир күнү ооп, бир күнү төгүлгөн туруксуздугу, бет кабын миң түрлөнтүп кийген амалкөйлүгүнөн бир ууч шылуундар байып, караламан калк өз бактысын издеп, шаарма-шаар кыдырып, ай-талааны кезип тентип жүрбөсө, кырсык, апаат, оору-сыркоо жандап жүрбөсө “Жүк-200” кайдан чыкмак?..

Тирүү калган… сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!

Ырдын кульминациялык чекити мына мындай эки сапка батырылып, ойдун апогейи так ушул эки сапта өз бүтүмүн чыгарган.

Көп жылдар бою таланттын таптап, биринчи китебине тандап-тандап мыкты ырларын, болгондо да 33 түрмөгүн киргизген акындын бир чакан поэмасы бар. Ага кайрылбай коюуга болбойт, анткени акын «Атам Өмүрдүн жаркын элесине” деп арноо катары жазганына карабай, ал бүтүн, формасы мазмунуна, мазмуну формасына ширелишкен сюжеттүү, композициялык алкагы кенен чакан чыгармага айланган. Эмесе, чогуу окуйлу.

Жөнөкөй бир атанын
Бар эле алты кызы
Алтоо эле алтын кушу…

Атанын алты кызы болсо да уулум жок деп өкүнбөгөнү, алты кызын алты шаардай көрүп, сыймык менен башын бийик көтөрүп жүрүшү, илим-билимге үндөгөнү, кыздарына жүрөк менен жашашты үйрөткөнү, дүйнөсү кеңейсин деп бой жеткен кыздарын туш-тарапка учурганы, алар кайтып келгенде – көргөн-билгендерин божурашып, айтып-түгөтө алышпай, жаман тамы максат менен тилектерге толуп-ташкан кезин, бактылуу мүнөттөрүн башкалар менен бөлүшкөн “максаты бийик ата-Асман ата” кыздарынынын ынтымак менен мээр шапкытына тойбой, өлбөчүдөй сезилген эле…

Атанын колундагы таягына,
Күп этип кулап түштү, дүйнөң түшкүр,
Үлп этип өчтү жарык,
Айрылды периштелер канатынан!

Жарыкчылыкта жакын адамдарын жоготкон калемгерлер, акын-жазуучулар мындай теманы канча жазышпады дейсиз. Бирок Нарсулуу айылдын четиндеги жаман үйдүн ээсин — атасынын элесин, так турмуштагыдай таасын тартып, мүдө-максатын кошуп, (кытылдап эмес, мүмкүн басмаканадан ката кеткендир…)  кыткылыктап күлгөн кылыктуу, билимдүү кыздары менен сыймыктанган, кыздары менен өзүн бактылуу сезген жеке өзүнө таандык Өмүр атанын образын жаратты.

Жыйынтыктай келгенде — таланттуу  жаш акын Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарыгы” стилдик жагынан таптакыр жаңы, ойду айтуу манерасы татаал, поэзиянын учу-кыйырсыз кенен мейкиндигинен өзүнүн жолун таап алып, өзү басып өткөн “боз жолдон” чоң жолго кайрылып калгандагы кербезин мындайча мүнөздөп, ”тегиз тиктеп адыр-будур дүйнөгө, \көздөрүндө жанып турам Теңирдин” — деп ыр кербенинин барар багыты, жетер жери айкын, багындырар чокусу маалым экенине ынанбай кое албайсың.

Конкурстун жобосу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.