АҢГЕМЕ

Биз, кудага шүгүр (апам ушинтет), төрт жанбыз: апам, агам, мен, кичинекей Мукун.

Апам жоош-момун (Ширин чоң энем ушинтет). Мал-салды карайт, кир-гок жууп, бизге тамак бышырат. Иши кылып саардан кечке бир тынбайт.

Агам жылкычы. Ал дайыма азоо тай минип жүрөт. Азоону Акмат үйрөтсүн дешет кишилер таңданып. Мен андан өлгөндөй корком. Ал бир жерге жумшаганда барып келбесең болбойт. Кичине эле алаксып калсаң: «Мен эмне деп жатам!»,«Эй, мен кимге айтып жатам!» деп кекете баштайт.

Мукун эки жаштан өтүп калды. Арык болгону менен апама окшоп керээли кечке тынбайт, шок. Эне сүтүнө канбай арык болуп калды дейт апам кээде.

…Ошондо Мукундун төрөлгөнүнө бир айча болгон эле. Кечке жуук агам чоң кашка ат минип келди.

— Тоодой ат экен, – дедим.

— Ат эмес, кунан, – деди агам чылбырын чоң казыкка байлап жатып. – Айгырга коюла турган асыл тукум… Үйрөткөнүмө үч күн болду.

Ал үйгө кирип кетти.

Мен тоодой атка кызыгып карай бердим.

Эх, азоо тайларга миништи кандай жакшы көрөрүмдү билсеңерчи! Агама окшоп так секиртип, аяк-быякка туйлатып, көчөдөн-көчөгө бастырсам, агасын жазбай тартыптыр деп кишилер мени да мактаса дейм.

Тоодой ат тынч турду. Агам башта минип келчү тайлардай жер чапчып окуранган жок. Мен ага жакындадым. Кулагын тикчийтти. Токтоп калдым. Дагы жакындадым, мени унутуп койгонсуп эми тоодой ат былк эткен жок. Чылбырын чечип, шатыга жетеледим да, миндим. Тоодой ат коргондун түбүндөгү арыкка жулунуп кемечтелген эки ууртунан чырт-чырт агызып, суу шимирди. Ары жактан мыёлогон үн угулуп, коргондун кырына таргыл мышык ыргып чыкты. Дубал урап, майда таш сууга «чулп» этти. Тоодой ат тип-тик секирди…

♦ ♦ ♦

Мен көзүмдү ачтым.

— Кагылайын… – деди апам үстүмө үйрүлө түшө калып. – Эч жериң оорубай эле турабы? – Анын бир тамчы көз жашы ууртума тамды.

— Экинчи азоо тайга минбессиң эми. – Агам күңкүлдөп ордунан турду. Бир аздан кийин улам алыстап бараткан аттын таскагы угулду.

♦ ♦ ♦

Мукун дарылдап ыйлап жиберди. Апам аны алдына алып, чайнекке капталган упчуну оозуна салды. Бул жаңылык.

— Жеңең кетип калды, – деди апам ый аралаш. – Тезирээк эле эр жетип, силер адам болсоңор экен.

Ошол бойдон жеңем келген жок.

Апам Мукунду уйдун сүтү менен бакты.

Азыр аны ойнотуу менин милдетим. Ал мени жакшы көрөт. Ойноп жатып колун оорутуп же бир жерин чийдирип алса мага келип, «ака, үф, ака, үф» дейт да качан гана «сүф-сүф» деп ошол жерин өпмөйүн тура берет.

Кээде аны жумшайм. Эмне деп жатканым менен анын иши жок. Мен кекетем. «Эй, мен эмне деп жатам!», «Эй, мен кимге айтып жатам!» Ал дегеле тоготуп койбойт. Анан менин түрүмөн чочуп Мукун эмшиңдей баштайт. Боорум ачып кетет. Апамчасынан «кагылайын, кагылайын» деп кучактай калам да мойнума миңгизем. Лөкүлдөп көчөгө жүгүрүп жөнөйм. Мукун кыткылыктап күлө баштайт.

Мен анын тилин билем (апам ушинтет).

— Ака, патин, – дейт ал.

Нан берем.

— Ака, ту.

Суу берем.

— Ака, ек! Ака, ек!

Көтөрөм. Же:

— Ака баш, – мени колдон тартып кийизге жетелеп барат.

— Ака та… – Көмкөрөмөн жатам. Ал мени минип, бытыгый колдору менен кулагыман тартат: – Ака, чу… – Мен төө болом. Ал кыткылыктап күлө баштайт. Ушул күлкүсүн жакшы көрөм.

Бир күнү Ширин чоң энем келди (Ал бизге тууганчылыгы бар картаң ак чач кемпир). Чай ичип жатып агамды жемеледи:

— Кеткен аялың эрге тийип алды. Сен эмне кылып жүрөсүң?

— Мен эмне кылайын? Бирөө-жарымды таппайсыңарбы өзүңөр, – агам бурк этти.

— Таптым. – деди Ширин чоң энем эми жумшара сүйлөп.– Мен ошого келдим. Биздин бир бөлөлөрдүн кызы ыркы келишпей күйөөсүнөн чыгып келиптир. Чырайлуу десең чырайлуу, чачы согончогуна жетет. Бир сыйра кийим кылсаң болду. Өзүм ортого түшүп, ошону алып берем. Мен күйбөсөм ким күйөт сага. А, апаң бечара өзү зорго жүрөт.

Көп өтпөй жаңы жеңелүү болдум. Аны бир сыйра кийим кийгизип көчүрүп келишти. Ширин чоң энемдин айтканы чын экен. Жеңемдин менин билегимден да жоон эки чачы жерге тиет.

Жеңем келгенден бери эки күн өттү. Агам бүгүн да жылкыга барган жок. Минип келген азоо тайы аркандалуу.

Дудук окшойт деп ойлодум жеңемди. Ал келгенден бери бир сөз сүйлөгөн жок.

Эртеси күн чыккан маалда ойгондум. Үйдө жеңем – баякы калыбында. Сырттан апамдын ыйлаган үнү угулду. Эшикке чыктым. Өмүрүмдө мындай таңданып көргөн эмесмин: нараакта ичи жара тартылган тору бээ жатат. Апам ыйлап, агам камчысынын учу менен жер чукуп, сокуда отурат.

Көрсө мындай болуптур: агамдан бөлөк төрт жылкычы да үйлөрүнө кетип калып, жылкыда эки гана адам калган экен. Таңга маал ач карышкырлардын үйүрү тийип, жети жылкыны жара тартыптыр. Эки жылкычы араңдан зорго жылкыларды карышкырлардан ажыратып, жара тартылгандарын эптеп адалдаптыр. Башкарма «Укташты билген жылкычылар төлөштү да билишет» деп, ар бир жылкычынын үйүнө бирден таштаттырып коюптур.

Агам күңк этти:

— Атасынын көрү, уйду сатып кутулам да, жылкысын кайтарбайм.

Апам ыйлайт.

Мен кубанам. Эх, силер жылкынын этинен жасалган чучукту жеп көрдүңөр беле. Мындай таттуу тамак дүйнөдө жок. Агам уйду сатат. Бул андан жакшы. Саратанда тызылдап кезүү кайтарбайм.

Баары тетирисинче болду. Бир демде кишилер чогулуп, жылкыны союшту да, акчасын нактай берип, этин бөлүп кетишти.

— Өлгөндөй семиз жылкы экен. Бир байтал келип, өзүбүзгө бир эчкилик ашып калат экен, – дейт агам элден чогулткан акчаларын эсептеп.

Ал сүйүнөт.

Уй да сатылбай калды.

Менин ичим ачышат.

–- Үйгө киргенимди агам байкаган жок. Жамбаштай жатып, жеңемдин чачынан сылады. Жеңем жүзүн бырыштырып, чыканагы менен түртүп койду.

— Уят эмеспи…

Кудаага шүгүр жеңемдин тили бар экен дедим ичимде. Жеңем дагы сүйлөдү:

— Мен апамдардыкына барып келейинчи?

— Эмне дейсиң?– Агам чочугандай сурады. Жеңем сөзүн кайталады.

— Келгениңе үч күн болбой атыппы?

— Эски кийимдеримди алып келем.

— Элге уят.

— Ушинтип отура берейинби?

— Кабылды жөнөт (мени айтты).

— Буга бербейт.

Мен эшикке чыгып кеттим. Кир жууп жаткан апама барып жаңылыгымды айттым:

— Кудага шүгүр, жеңемдин тили бар экен.

— Эмне?

Ичкериден агам чакырды:

— Кабыл!

Үйгө кирдим.

— Жеңең менен барып кел.

Жеңем экөөбүз Кыргыз-Ата тоосуна карай баратабыз. Жеңем улам-улам кылчактап артын карайт, үшкүрөт. Мен да карайм. Чарт жарылган Даңгинин эки аскасынан бөлөк эч нерсе көрүнбөйт.

Кыргыз-Ата дарыясынын боюна келип калдык. Жеңем дагы эле телмирип артты тиктейт.

— Эмнени карап жатасыз? – дедим.

— Аравандын зоосун.

— Ал Араван зоосу эмес, Даңги.

— Араван ошонун эле нарагында. – Жеңем ал жакты карап өзүнчө сүйлөдү:

— Кагылайын Араван и-ий, зооңон ий!

Ал мага жиндидей сезилди.

Жеңем үндөгөн жок. Бирдемден кийин:

— Менин мурдакы күйөөм аравандык. – деди жеңем. – Анын сиздей иниси бар болчу.

— Мен да ошондоймунбу?

— Кандай?

— Ошол кайниңиздей?

— А сиз жакшы бала экенсиз… – Ал мени пешенемен сылап койду.

Жеңемдин жаш толгон көздөрүн карап, аны кандайдыр аяп кеттим. Бирок мен бир нерсени укканда аягына чыкпай чыдап тура албайм.

— Ал күйөөңүздөн эмне үчүн чыгып алдыңыз? – деп сурадым. Үндөгөн жок. Анан ордунан туруп илкий басты.

Биз жеңемдердин үйүнө жете бергенде ичкериден балбактап бир кемпир жүгүрүп чыкты.

— О, өлүгүңдү көрөйүн дагы өлдүңбү? – деди ал алыстан эле, – кеткениңе үч күн болбой жатып, келатканың эмнең? Эл көрсө эмне дейт!

Ал апасы экен, жеңемди колдон жетелеп тезирээк үйгө кирип кетүүгө шашты.

Эшиктин алдында жүгөрү чаап жүргөн сары киши мени чакырды:

— Бери бас, жигит. Жаш келсе ишке…

Башымды ийкедим.

Ал мага кетмен алып келди.

Өмүрүмдө картошка менен жүгөрү чабыштан башка жаман жумушту көрбөдүм. Бирок айла канча. Мындан да курсактын азабы өттү.

Жеңем ошол бойдон сыртка чыкпады. Эртең менен кичине эле сүт ичкем. А бул жерден мага чай беришти унутуп коюшту окшойт. Өздөрү орозо да. Акыры чай бербесине көз жетти, тезирээк эле оозачар болушун каалайм. Күн өчөшүп бир ордунда туруп алды. Эч качан күндүн батышын ушундай саргарып күткөн эмесмин. Өзөгүм үзүлүп баратат. Араң эле кыймылдайм. А орозо туткандар кандай чыдар экен?

Акыры күн батты. Эч качан күндүн батышына ушунчалык кубанган эмесмин.

Дасторконго эт менен кошо куурулган картошка коюлду. Бул менин жакшы көргөн тамагым. Ичимден кымылдасам да, үйдөгүгө окшоп апсыкпай мейман каадасы кылып уялып отурам. Эки жолу алдым. Мындай таттуу картошканы өмүрүмдө жеп көргөн эмесмин.

– Ал, ал, мейман бала. Уялбай көп-көп ал, – деди жеңемдин агасы. Ага удаалаш:

— Бул бала картошка жебейт экен. Андан көрө чай куюп берейин, – деди жеңем.

Ык эте түштүм. Сунулган колум өзүнөн-өзү тартылды. Бир дем эмне экенине түшүнбөй туруп, кийин эстедим. Кечээ кечинде үйдө картошка салып шорпо жасашып, анан «бул азали картошка жебейт» деп, апам чайга нават салып берген эле. Жеңем ошол үчүн айтып жатат. А мен шорпого тууралган картошканы жаман көрүп, куурулганын эң жакшы көрөт эмесминби.

Жеңемдин сөзүнөн кийин кантип алайын. Жебеске чыктым.

Көзүм кызарат.

Эх, баарына апам айыптуу.

Биз ал жерден таңга маал чыктык.

Жеңем эски кийимдерин чоң жоолукка түйүп алды.

— Эл көрө электе кетип калгыла, – деп апасы шаштырды.

Көтөрмөгө келсек, Ноокатка кетчү жолдо бир машина токтоп туруптур.

— Уй бала, мынабу машинага түшүп Ноокатка барып анан үйгө кайтпайлыбы, – деди жеңем.

— Акча жок да.

— Менде бар.

— Агам урушат да.

— Билип коюппу. Баары бир кечээ кете албай калбадыкпы.

Макул болдум. Базарга барыш кандай сонун. Мурда Ноокатка эки жолу барганмын.

Ноокатка келип машинадан түштүк.

— Бул жерде биздин бир таанышыбыз бар эле, – деди жеңем – жүрү, ошондо кирип чыгалычы?

Солкулдаган ичке көпүрөдөн өтүп, жапыз дубалдуу кичинекей короого кирдик. Жеңем ал үйдөн эски кийимдерин кийип, жаңыларын түйүп алды.

— Эмне үчүн эскилериңизди кийдиңиз, – дедим сыртка чыкканда.

— Жол чаң турбайбы, кирдеп калбасын. Базар аралап жүрөбүз.

— Жеңе бир маки сатып алайынчы, арзан эле экен.

— Жеңем мага тыйын берди.

— Кирип алып чык, мен ушул жерде турайын.

Магазинден чыгып, жеңемди ордунан таппадым. Бир жакка баскандыр деп ойлодум. Убакыт өтүп жатты. Ал деле жок. Ичим уйгу-туйгу болуп, корко баштадым. Аяк-быякка жүгүрүп издеп жүрөм. Магазинге эмнеге кирдим экен деп жемелейм өзүмдү.

Базардын тээ ылдый жагынан ары карай шыпылдап басып бараткан жеңемди көрүп калдым. Ырас аны чачынан тааныдым.

Энтиге жүгүрүп бардым:

– Жеңе!… Жеңе, каякта жүрдүңүз!– Ал селт этип мени карады. Ыраңы кандайдыр кубара түштү.

— Өлдүм мен, – деди жеңем,– өлдүм, кийимдеримди жоготуп жибердим! Эмнеге чечип алдым экен.

Уккан кулагыма ишенбей шалдая түштүм. Денемди дүрүлдөткөн коркунуч шуулдады.

— К…кантип? – дедим араң.

— Сөйрүйгөн жаным, сиз магазинге кеткенден кийин базарды карап басып келе жатсам мотоциклге учкашкан эки адам зуулдап келип эле тигил жерден жыгылып калса болобу. Аңкайып ошолорду карап калыпмын. Бир маалда жерге койгон түйүнчөгүмдү карасам эле жок… Мен барбайм эми силердикине.

Союл менен бир чапкандай дирт эттим. Жеңем да барбаса… Бүт денемди калтырак басты. Жонумдан муп-муздак тер чыккансыды.

— Э… Эмнеге барбайсыз?

— Кийимиңди жоготуп келдиңби деп агаңыз өлтүрүп коёт ко.

— Урбайт…

— Кантип билдиңиз?

— Урбайт. – дедим кайра. Анан кантип оюма келе калганын билбейм, башымды көтөрүп, калпты шыпыртып жибердим. – Мурдакы жеңем он эки чааралик шалы жоолугун жоготуп жибергенде да агам үндөгөн эмес.

— Чынбы? – Жеңем күмөндөр карады.

— Кудай урсун чын! (Өмүрүмдө биринчи жолу карганышым).

Жеңем тунжурайт. Барбайм дебесе экен деп менде жан жок.

Жалбарып жибердим.

— Айланып кетейин, жеңе, жүрүң кетебиз. Өлөйүн, агам урбайт. – Ал ордунан араң зорго козголду.

Биз жарым жолдон түшүп калып, Таш-Короонун адыры менен жөө кетмек болдук. Себеби, айылга машина менен барсак эл көрүп коёт да. Биздин үй адырдын түбүндө.

Былтыркыдан калган боз шыбактарды тепсеп жолсуз талаада баратабыз. Үй көрүнүп калганда жеңем мени токтотту:

— Бир пас эс алайлычы.

Отурдук.

— Акаңиз урбайбы?

— Урбайт (карганган жокмун).

— Эмне деп барабыз?

— Болгонун айтабыз да.

— Ноокатка эмне бардыңар дебейби?

Такалып калдым.

— Минтип айталы. – деди жеңем бир демден кийин: – Биз Көтөрмөгө келсек Ноокаттан бир машина келатыптыр, кол көтөрсөк токтоду. Анан үстүнө түйүнчөктү ыргытып, эми өзүбүз түшөлү десек эле шарт бурулуп, кайра Ноокатка кетип калды дейли.

Макул болдум.

Улам жакындаган сайын алкымым оозума тыгылып, агам үйдө жок болсо экен деп тилейм.

Ал үйдө экен. Адатынча сокуда отуруптур. Бизди карап да койбой:

— Дагы бир-эки күн жатып келбейсиңерби? – деди кекетип.

Мен жеңемди, жеңем мени карады.

Агам бери бурулду. Ал жеңемди карап көзүн ирмеп-ирмеп алды да, таңдана сурады:

— Кийимиң кана?

Мен калтаарып жеңемди, ал мени карайт. Үн-сөз жок.

— Мен силерден сурап жатам!

Аргасыздан сүйлөдүм:

— У…ур… датып жибердик…

— Эмне, уурдатып?! – Агам бакырып тура калды.

— Ооба, уурдатып…

— Кимге!! – Ал бир секирип мага жетти.

– Шопурга… биз түшөлүк десек эле… үстүнө түйүнчөктү ыргытсак эле… Анан шарт бурулуп эле… Ноокатка кетти. Биз…– Сөзүмдүн аягына чыга албай калдым. Жаагым «чак-чук» этип, көз алдыма «жарк-журк» эткен чагылгандын оту тартыла түштү. Апам чыңырып мени калкалап калды. Апамдын ушунчалык жини келет деп эч качан ойлогон эмесмин. Ал мени сүйөп отургузуп, агама акаарат кылды:

— Жоголгон кийим эмес, үйүң өрттөнсүн! Атаң дүнүйөдөн өлгөн эмес эле го! Ушул чычкандай баланы бөйдөй куурудуң го! Ушул жоготуппу, тиги катыныңдан эмне сурабайсың?

Ушуну эле күтүп тургансып агам аялына умтулду. Бирок чогула калган коңшу-колоңдор аны кармап калышты. Коңшулар чатактын жайын түшүнгөндөн кийин Мурзаалы аба менден сурады:

— Айтчы балам, кантип жоготтуңар?

Канчалык кыйын болсо да, ый аралаш жеңемдин үйрөткөнүндөй айтып берүүгө туура келди.

— Шопурдун өңү-түсү кандай неме экен, – деди бирөө. Мен кыстала калдым. Жооп таппаса да болбойт:

— Мурду чоң экен.

Мурзаалы аба бырс этип күлүп койду. Мен жерге кире түштүм. Ал мени четке жетелеп барды да:

– Кана уулум, жашырбай чыныңды айт, эч кимге айтпайм, бая базарда жүрбөйт белеңер, – деди.

Арга жок. Базарда болгон иштин чындыгын айтып бердим. Анан Мурзаалы абам апам менен сүйлөштү. Агам бирөөнү жумшады:

— Тез барып Ширин чоң энени айтып кел.

Ширин чоң энем барган адамдан бардыгын билип алыптыр. Келгенде эле жеңеме атырылып, санынан мыткып-мыткып алды:

— Өлүгүңдү гана көрөйүн какмар, кийимиңди кайсы өзбектин үйүнө каттың айт! Агаңа айтып, жонуңан кайыш тилдирем. Айт дейм, кайда бекиттиң?! – Анан агама кайрылып: – Акмат, мага ат тап. Каткан жеринен таптырып келебиз.

Агам өз тайына, Ширин чоң энем бир атка минип артына жеңемди учкаштырды. Алар Ноокатка жөнөп кетишти.

Коңшулар да тарашты.

Мен дагы эле солуктап жатам. Баятан бери ары жакта турган Мукун эми жаныма келди. Ал чийилип кеткен колумду «үф», «үф» деп үйлөп өптү да: «ака илаба, ака илаба» деп мени соорото баштады

Бул түнү апам да, мен да уктаган жокпуз. Мен ойлоном: Жоголгон кийимди баары бир табышпайт. А эми жеңемдин бетин кантип карайм. Ага чындыгын айтпайм деп убада бербедим беле.

Өзүмдү жемелейм.

Алар таң атканда келишти. Агам үйгө алып кирген түйүндү карап, көрүп турганыма ишенбей көздөрүмдү укалап-укалап алдым. Баары бир ошол түйүн. Демек жеңем алдаган экен да. Бир демде андан көңүлүм кала түштү.

Агам апама айтты:

— Аялдын баары Ширин чоң энедей болсо. Ноокатта бирөөнүн үйүнө бекитип койгон экен, этектен бурдай кармап, кирип алып чыкты. – Эми мени акырайып карады. – А бу болсо, шопуй алып кетти дейт!

Эшиктен жеңемди жетелеп Ширин чоң энем кирди.

Ал агама кайрылды:

— Акмат, мен эми Кыргыз-Атага барып мунун апасын алып келейин. Кызынын кылыгын көрсүн. Эшикке чыгарба, бу жинди дагы качып кетип жүрбөсүн.

Ал аттанып жөнөп кетти.

Жеңем да эшикке жөнөдү. Агам алдын тосту:

— Каякка?

— Кетем!

— Кетпейсиң! – Агам аны кармады. Жеңем анын колун ачуулуу какты.

— Кетем! Ана кийимдериң, эми менде акың жок!

Жеңем анын сөзүнө кулак салбай чыгып кетти.

–- Болуптур, көрүшөбүз!– Агам аялынын артынан күпүлдөдү.

Агам, анын артынан мен да эшикке чыктым. Ал азоо тайын чечип, үзөңгү теппей шарт ыргып минди да тизгин какты.

Азоо кишенеп, тип-тик секирди. Аттын эки аягы жерге тие электе, өрмө камчы менен «чып» эттире такымга басты.

Азоо октой атып кетти. Артынан бозоргон чаң уюлгуду. Кандайдыр жүрөгүм зырп этип, ага дагы суктанып турдум.

Анан жеңемди карадым.

Ал мен ойлогон Кыргыз-Атага же Араванга кетчү жолго салбаптыр. Таш-Короонун куп куу адырына карап илкий баратат.

Чачыман сылады. Апам. Мукун колунда.

Башымды көтөрүп, апамдын жүзүн карадым.

Бир тамчы жашы ууртума түштү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.