БАЛАПАДЫША

Жайлоодо элек. Бекиш чоң  ата ак сакалын бапайтып, үйгө  келип калды. Экиге жаңы чыккан Темирлан уйкудан көзүн ушулап тура калып, колун созду. Бекиш чоң ата аны  эркелете жыттап бооруна кысты.

Бүкөн апа төргө тасмал жасты. Кымыздан куюп,  чоң атага чыны сунду.

– Мака дакы бе-ейчи…– деди Темирлан чыныны талаша, колун созуп.

– Азыр, балам… Биринчи чоң ата ичсин да…– деди Бүкөн апа ыңгайсыздана.

Бекиш чоң ата чыныны өзү албастан, наристе баланын кош колуна карматты.

– «Бала — падыша» деген ушул,– деди ал ууртунан  жылмая.– Биринчи кезекте «падыша» ичсин..!

«ӨЗҮМДҮН ТИЛИМ БАР»

Айтканын укпай жаткан үч жашар Айгеримге атасы:

– Кызым, сен жакшы кызсың да. Менин тилимди аласыңбы?– деп кайрылды.

Анда Айгерим ойлонбой туруп жооп узатты:

– Өзүмдүн тилим бар да, ата…

ТУУЛГАН КҮН

Жаңы жылды жаңы эле тосуп отурушканда, үч жашар Кундуз сүйүнгөнүнөн апасына эркеледи:

– Апаке, жаңы жыл келди э?

— Ооба, кызым!

— Эми быйыл менин туулган күнүм болот э?..

– Качан эле?– деди апасы билмексен болуп.

– 3-сентябрда да… Эмне, унутуп калдыңызбы?!

«СОКУР ИЧЕГИ» 

– Апа, Садык таекем доктурга жатыптыр…– деди ашыга беш жашар Талант, апасы ишинен келгенде.

– Эмне болуп жатыптыр?

– Сокур болуп…

Апасы түшүнбөй, кайра сурады:

– Ботом, «сокур болуп» дейсиңби? Эмнеси…

– Ичегиси…

«МЕН ДА ООРУСАМ»

Кичинекей Бегимайдын эжеси ооруп, шаарга «Тез жардам» менен алып кетишти.

Машинага салып, баары кол булгалап узатып жатканына ичи тарыгансып, Бегимай апасына мындай деп күбүрөндү:

– Апа, мен дагы оорусам, шаарга жибересиңер ээ…

— Сен оорубай эле гой, балам,- деди апасы эркелетип.

— Мен да шаарга баргым келип атпайбы…- деди анда Бегимай оюнан кайтпай.

«ЧЫМЧЫКТЫН МОТОРУ»

Асманда самолёт учуп бараткан. Аны караган Ильяс байкесинен  сурады:

– Байке, самолёт асмандап кантип уча алат?

– Билбейсиңби ошону?..  Анын мотору бар да…

— Чымчыктын да мотору барбы? — деди оозу ачылган Ильяс.

«СЕГИЗ ДӨҢГӨЛӨК»

Байкеси Ильясты сынамакка мындай деди:

– «Мерседестин» алдында канча дөңгөлөгү бар?

– Эки.

– Артындачы?

– Эки.

– Оң жагындачы?

– Эки…

– Сол жагындачы?

– Сол жагында да эки…

– Ошондо «Мерседестин» канча дөңгөлөгү болот?

Ильяс ойлонбой туруп шар айтты:

– Сегиз..!

– Билбейсиң. Эмесе,  сага да «эки»!

«ЖОГОЛУП КЕТИП»

Үч жашар Гүлэрке чайына үч  кашык кум шекер салды.

– Ай, кызым, чайга канча кашык кант салыш керек?

– Бирди…

– А сен канчаны салдың?

– Салсам  эле жоголуп кетип жатышпайбы…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *