Сулайман РЫСБАЕВ: Падыша менен Култемир

ЖОМОК Илгери-илгери өзүн гана сүйгөн, өзүнөн башкага ишенбей шектенип мамиле жасаган, каардуу, залим падыша болгон экен. Ошондой кыялынан улам бир туугандарынан, өз аялынан, баласынан да шек санап, падышалык тагымды тартып алат деп, башка шаарга жашоого зордоп жер котортуп жиберет. Падышанын сарайында балыкка тил, темирге жан киргизген бир устасы бар экен. Бир күнү ал ошол устасын чакырат да: «Мага айтканды «кың» дебей аткарган, колунан баары келген кызматчы темир кул жасап бергин»,- деп буюрат. Уста макул болот да, тамак жасап, үй жыйнай […]

«Ынтымак» коомдук бирикмеси Жээнбековдон өтүнүп: Атамбаевдин жосунсуз асылуулары үчүн Назарбаевден кечирим суроону шардана кылды

Кыргыз-казактын мамиле кризиси улам созулуп, тереңдеп барат Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов менен жолугушуусун өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп санаган Алмазбек Атамбаев өзүнө коңшу өлкөнү жана өлкө башчысын айыптоого жол берди. Кызматтык да, дипломатиялык да этикага ылайык келбеген анын сөздөрү эки элдин ортосундагы достук мамилеге доо кетирди. Казакстандын мамлекеттик чегарадагы бажы көзөмөлүн күчөткөнүн Кыргызстан блокада атап, ЕЭК жана ДСУга кайрылды, ошондой эле Казакстандан блокаданын айынан тарткан чыгашалардын ордун толтурууну талап кылып, эл аралык сотко кайрылууну көздөйт. […]

Мэн-цзы: Кызматка жетүүнүн да, кызматты таштап кетүүнүн да жолдору бар

Конфуцийдин мамлекет башкаруу жөнүндө сабактарынан Мамлекетти башкаруу үчүн бир гана боорукер жүрөк жетишсиз. Баардыгы өз алдынча иштеп кетиш үчүн бир гана мыйзам жетишсиз. * * * Ошентип, шаар дубалдары бекем эмес жана курал-жарак жетишсиз болсо, бул мамлекет үчүн кыйроо эмес! Эгин талаалары иштелибесе, жер байлыгы жыйналбай жатса, бул да мамлекет үчүн кырсык эмес. Эгерде жетекчилик каада-салттарды билбесе жана төмөн жактагылар үйрөнгүлөрү же окугулары келбесе, анда митаамдар биринин артынан бири пайда болуп, мамлекет тез арада жок болот. * * * Андыктан […]

Конкурска: Турар Кожомбердиевдин балдарга арналган ырларындагы бала психологиясы

жана алардын кыял чабыттарынын чексиздигинин чагылдырылышы №4 Деги эле, балага кандай адабият керек?- деген суроо ар дайым кабыргасынан коюлуп турганы турган. Анткени, баланын алдында чексиз кенен да, табышмагы көп ажайып дүйнө күтүп турбайбы! Мына ошол чексиз дүйнөнү кандай адабият өзүнө батырып турарын ким табат да аны балага жетерлик тил менен кантип сүрөттөп, баяндап кайра айтып да, жазып да бере алмак? Мына ушундан белем, балдар адабияты деген эмне, балдарга кандай адабият керек жана аны кантип балага жазып жеткирүү керек?- деген суроо […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Бокс

АҢГЕМЕ Атам колхоздун профсоюз уюумун жетектеп калды. Анан айылга спорт мектебин уюштурмай болуп көптөгөн спорттук шаймандарды алып келди. Жалил экөөбүздү спорт менен машыктыра баштады. Таң атпай тургузат да, үйдүн жанындагы мектептин спорт аянтчасын айлантып чуркатат. Нарындын кышкы суугуна карабай таңкы уйкубузду бузуп күнүгө тургузат. Жалил көңүлдөнүп жүгүрөт. Мен болсо мойнунан байлаган иттей болуп араң барам. Кудай жалгап өпкөмө суук тийип ооруп калдым. Ошондон кийин “каардуу тренерден” кутулдум. Анан иним Жалил менен карындашым Айсулууга өзүм “тренер” болуп алдым. Аралыгыбыз эки жаштан. […]

Эмилиян СТАНЕВ: Чымчыктын өлүмү (Болгар жазуучусу)

АҢГЕМЕ Мен бул аңгемени биз эчки маарак аткылап, жүгүрүп жүрүп чарчап, айылдын чабырадай токулган чарбактарын дүпүйгөн бактын жайнаган жалбырактары жаап, зумруттай балбылдап батып бараткан күзгү күндүн күмүш нурларын көрө албай жол боюнда отурганда сага айткым келген. Кылкылдаган токойдун аркы учу кызыл тартып алоолой бергенде, ар кеч сайын жаны бардай титиреп, жайнап турган жылдыздар сенин эсиңдеби? Ошол карап көз тойбогон көрккө шарап куюп койгондой шаңдуу эле айлана. Ошол жакты карап алып, экөөбүз тең ошоякка кеткибиз келчү. Балалык кезде түшүбүзгө кирип, таңсык […]

Коркут Ата: Сөзүнө ээ болалбаган адам ала турган жооптун азабын тартат

Коркут Ата – огуз түрктөрүнүн “Коркут Ата” (Dede Korkut) китебиндеги  окуяларды баяндаган негизки каарман. Ал огуздардын жашоосун жогорку деңгээлде өздөштүргөн, каада-салтын жана төрөлөрүн мыкты билген, уламышка айланган акылман катары сыпатталат.  * * * Тили кесилип же дүлөй жаралып калганы үчүн бир бурчта отурган адам тилине ээ болалбагандардан төөлүк өйдө. * * * Макулуктардын эң жогору бааланганы – адам. Жаныбарлардын эң төмөн бааланганы – ит. Бирак Кудайын тааныган ит – ырысын тепкен адамдан жогору. * * * Адамда адеп жана өнөр, […]