Коркут Ата – огуз түрктөрүнүн “Коркут Ата” (Dede Korkut) китебиндеги  окуяларды баяндаган негизки каарман. Ал огуздардын жашоосун жогорку деңгээлде өздөштүргөн, каада-салтын жана төрөлөрүн мыкты билген, уламышка айланган акылман катары сыпатталат. 

* * *

Тили кесилип же дүлөй жаралып калганы үчүн бир бурчта отурган адам тилине ээ болалбагандардан төөлүк өйдө.

* * *

Макулуктардын эң жогору бааланганы – адам. Жаныбарлардын эң төмөн бааланганы – ит. Бирак Кудайын тааныган ит – ырысын тепкен адамдан жогору.

* * *

Адамда адеп жана өнөр, жоомарттык, адилеттүүлүк болбосо анын дубалдагы сүрөттөн айырмасы жок.

* * *

Туура экенинен күмөн санаган сөзүңдү ооздон чыгарба.

* * *

Адам дегениң адам сыягында акылы менен сүйлөгөнү дурус, бирок жаныбар сымал үн катпоого да тийиш.

* * *

Акылыңдын тунуктугуна кедергисин тийгизер эки нерсе бар: айтылчу жерде үн катпоо, тыңшачуу жерде көп сүйлөө.

* * *

Бир жаман таш алтын кесени талкалай алат, бирок андан таштын баалуулугу артып, кесенин баалуулугу төмөндөп кетпейт.

* * *

Сөзүнө ээ болалбаган адам ала турган жооптун азабын тартат.

* * *

Кичинекейинде тарбия албаган, чоңойгондо оңолуп кетпейт.

* * *

Жамандарга жан тартуу – жакшыларга зулум. Заалымдарды кечирүү – күүнөөсүздөргө зулум.

* * *

Каракчылык – ушак таратуудан жакшы.

* * *

Эч кимдин өлүмүнө кубанба, убакыт андан кийин сенин жакаңа жабышуусу мүмкүн.

* * *

Күнөө кылуудан баш тартпаган аалым – колуна чырак кармаган сокурга окшош.

Кыргызчалаган Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.