жана алардын кыял чабыттарынын чексиздигинин чагылдырылышы

№4

Деги эле, балага кандай адабият керек?- деген суроо ар дайым кабыргасынан коюлуп турганы турган. Анткени, баланын алдында чексиз кенен да, табышмагы көп ажайып дүйнө күтүп турбайбы! Мына ошол чексиз дүйнөнү кандай адабият өзүнө батырып турарын ким табат да аны балага жетерлик тил менен кантип сүрөттөп, баяндап кайра айтып да, жазып да бере алмак? Мына ушундан белем, балдар адабияты деген эмне, балдарга кандай адабият керек жана аны кантип балага жазып жеткирүү керек?- деген суроо ушундай болуусу мыйзамдуу.

Бир ирет балдар үчүн уюштурулган теле берүүдө бир эне: «Айтыңыздарчы, мен балама кандай китептерди окутуум керек?» деп сураганы эсимден кетпейт. Мен ал эненин суроосуна: «Сиз балаңыздын келечекте кандай болуусун каалар элеңиз?» деп кайра өзүнө суроо узаттым. Ал эне айтат: «Мен баламдын адамкерчиликтүү, боорукер, патриот, билимдүү, жан дүйнөсү бай, эне тилин, ата журтун сүйгөн  адам болуусун каалар элем» деди. Ошондо мен: «Туура айтасыз, андай болсо, сиз адамды дал ошого үндөй  турган  китептерди окутушуңуз керек, маселе, мына ошондой китептерди кыргыз акын-жазуучуларынын жазып беришинде жатат» деп жооп бердим.

Албетте, улуттук балдар адабиятыбызда балдарды кенже курактан баштап жогорудагы эне айтып отургандай багыттарга тарбиялай турган адабияттар кыйла эле жазылды. Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы акындарыбыздын балдарга арналган нуска ырлары, поэмалары, жазма адабиятыбыздан, А.Токомбаевдин, Ж.Бөкөнбаевдин, А.Осмоновдун ырлары, К.Эсенкожоевдин, Т.Сыдыкбековдун, Ш.Садыбакасовдун, Ш.Бейшеналиевдин прозалык чыгармалары буларга негиз болуп берди. Кийинки муундан А.Кыдыров, Т.Самудинов, К.Жунушев, Ж.Абдылдаев, С.Кадыров, И.Токтогуловдун балдар поэзиясы да балдар үчүн дидактикалык каражат сыяктуу кызмат кылып келатат.

Ушуларды талдап, тематикасын тактап келсек, анда алардын өзөгүн, ата журттуу сүйүү, эне тилин сыйлоо, эне менен атаны кадырлоо, табиятты кастарлоо, адамга гумандуу мамиле жасоо, достукка, ынтымакка чакыруу, эмгекчил болууга үндөө, ж.б. Мына ушунун баарында баланын психологиясы жана кыял чабыттары жатпаса, акын менен жазуучу бала сыякктуу ойлонуп, бала болуп кыялданбаса, баланын кыял дүйнөсү менен акын-жазуучу эсептешпесе, анын тилин таап, баланын көзү менен карап, сөзү менен жазбаса — ал адабият баланын адабияты боло албайт, ал курулай дидактикага айланып, декломация айтуу үчүн гана керек ырлар топтомуна айланмак.

Анан да балага арналган ырдан жана аңгеме менен жомоктон бала өзүн таппаса, өзүнүн кыялын сезбесе, өзүнүн образын көрө албаса ал чыгарма балага жукпайт. Чыгармадагы лирикалык каарман же образ баланын өзүнө окшошпосо, бала ага ишенбейт. Окуган чыгармасы бала тилинин лексикалык кору менен жазылбаса, ал чыгарма балага жетпейт. Чыгармадагы фантазия баланын жан дүйнөсүнө кирбесе, чыгармадагы дүйнөдөн бала өз дүйнөсүн көрө албаса, бала ага ишенбейт. Ошондуктан, бала үчүн чыгарма «бала тууралуу  эмес, бала үчүн» деген принципти бекем кармануусу зарыл.

Мына, ушул багыттан алганда, акын Т.Кожомбердиевдин балдар үчүн жазган ырлары («Көлчүктөгү ай», Фр., «Мектеп», 1961) кыргыз балдар адабиятындагы өзгөчө чыгармалар экендиги тууралуу баасын өз кезегинде эле алган. Ошентсе да мына ошол жыйнагындагы акындын ырлары ар убак жаңы пикирлер менен коштолуп, жаңыча баасын алып турганы — анын өлбөстүгү катары бааланса болот.

Бул ырларында акын балдарга төмөндөгүдөй багыттарда дүйнө таанытуу, тарбиялоо, билим берүү жана өнүктүрүү сыяктуу поэтикалык гана эмес, педагогикалык-философиялык багыттарды камтый алгандыгын айтсак болот. Мисалга, ошол ырларын тартуу менен талдап көрөлү.

Ааламды, дүйнөнү, табиятты таанытуу («Көлчүктөгү ай», «Айдын теңин карасаң», «Айлуу түндө», «Бөбөктөрдү суроосу», «Кумурска көргөн тоо», «Күн нуру», «Жаңырык», «Айдын баласы»).

Эне-атаны сыйлоо, урматтоо («Түн ортосунда» «Эрмектин эмгеги», «Баатыр бала ыйлайбы»);

Наристе баланын таанып-билүүсүн чагылдыруу («Кетик тиш бөбөгүм», «Музда», «Баары бир», «Жашынмак», «Жалкоонун тилеги»,  «Жарты баш», «Баатыр бала ыйлайбы», «Инисине агасы».  «Чоңмунбу же», «Канатбектин суроосу», «Күчүгүм», «Бул кылыгың туурабы», «Жүкө», «Сүрөттүү китеп», «Үйлөп ичет айранды»;

Жан-жаныбарларды таанытуу: «Коёнек», «Улагым», «Менин күчүгүм Акжолтой», «Чычкандар»;

Табиятка гумандуу мамиле жасоого үйрөтүү: «Эми ойлосом».

Адамдарга гумандуу мамиле жасоого үйрөтүү: «Кичинекей Анаш», «Көчө менен баратсам», «Казык»;

Адамдын жан дүйнөсүн таанытуу: «Минип жүргөн атын  издегени», «Жаралуу төө», «Чиркей менен төө», ж.б. ырлары.

Сөзүбүздү акындын жалпыга белгилүү «Көлчүктөгү ай» аттуу чакан ырынан баштайлы.  Сегиз саптан турган мына ушул «Көлчүктөгү ай» аттуу жөпжөнөкөй бирок мааниси терең ыры акын Т.Кожомбердиев балдар үчүн чыгарма кандай болушу керектигин далилдеп койгон. Ал ырдын өзөгүндө эмне жатат? Биринчиден, баланын  чөйрөгө болгон ынтызардыгы, дүйнө деген эмне сыяктуу суроого жооп издеген балалык психологиясы, дүйнөнүн табышмактарына болгон таң калуусу, аны балалык түшүнүк, фантазия аркылуу таанып-билүүсү, эми ошону өзү колу менен кармап көрүп, аны предметтештирүүгө болгон умтулуусу жатат. Карабайсызбы,  ал эшикке чыкса, көлчүктө ай жатат жалтырап, ага баланын таң калбай коюусу мүмкүн эмес, албетте, чоң адам ага таң калмак турсун, карап да койбойт. Ал айда бала колу менен кармап көргүсү келген кызыгуусу үчүн аны «келесоо» деп күнөөлөөгө, аны келекелөөгө  мүмкүн эмес. Анткени ал — бала. «Болгону, анын турмуштук, дүйнө таанымдык практикасы гана аз» (Н.Чернышевский), кичинекей бала да. Ошон үчүн ал апасына энтиге чуркап келип, Жаңы кармап аларымда, сынып калды чачырап» калды деп,  («Көлчүктөгү ай») алаканын жайып, дүйнөгө таң кала карап отурбайбы.

Ошол эле сыяктуу, асмандагы жаңы жаңырган айды карап туруп, апасына  Канатбектин кичинекей баласы: «Көрсөт, ата, кана айдын кичинекей баласы?» («Айдын баласы») деп сурайт.

Ошондой эле, Айдын теңи асманда – атка какчу такадай» экен деп, жаңы туулган айды аттын такасына окшотуп («Айдын теңин карасың») отурат. Акын баланын дүйнө таанымын чагылдырып, дүйнөнү баланын көзү менен карап, баланын сөзү менен жазып тартуулаган ырлары көп. Алар кыргыз балдар поэзиясынын шедеврлери катары төмөндөгү саптар менен жашап калмакчы. Мисалы, «Кумурска көргөн тоо» аттуу ырында мындай деп, кумурсканын «түшүнүгү» аркылуу  дүйнөнү сүрөттөйт:

«Келатыптыр жумушка,
Кыл муруттуу кымырска.
Топчумду алып колума,
Тосуп койсом жолуна,
Тыягынан карады,
Быягынан  карады,
Аркы-терки жойлоду,
Тоо экен деп ойлоду.

Албетте, кумурсканын «түшүнүгү менен мындан  күчтүү классикалык ырды кандай жазуу керек? Ал эми бөбөктөрдүн суроосу аркылуу, Күндүн барбы түнөгү?\ Курттун барбы жүрөгү?\ Кубанганда бизчилеп, \Күчүктөр да күлөбү?- деп баланын психологиялык суроосу менен, автор  табияттын табууга мүмкүн болбогон табышмагын  чечкиси келет.

Акындын чыгармачылыгында эне темасындагы ырлар эң орчундуу орунду ээлейт. Бул темада акын кыргыз адабиятында бүтүндөй антологиялык деңгээлдеги ырларды калтырды. Балдарга арналган  чакан ырларында да ал бул тематикада  мыкты ырларын калтырда. «Эрмектин эмгеги» аттуу ырында  кичинекей Эрмек деген бала, эдиреңдеп кубанып энесине алгачкы эмгегин арнаганын акын минтип сүрөттөйт: Эрмектин колунда эки куурай, ал эдиреңдеп кубанып алган: «Мына, апа, отун», — дейт, үнүн бийик чыгарып. Анда апасы жетине албай: «Баарын кантип апкелдиң? Ии, секетим,  Эрмегим!» деп сүйүнөт апасы. А көрсө, акын айтмакчы, кичинекей Эрмек «эң биринчи эмгегин  энесине арнап отурат». Акындын «Түн ортосунда» аттуу ыры андан бетер кызык. Анда баланын дүйнө таануусу да, энесинин бир ооз сөзүн угуп, түн ортосунда алма жегиси келген Токторбек:

Көрчү, уулум, үйдүн ичи караңгы,
Ушул кезде ойгоо жүргөн калдыбы?
Укта, секет, энекеңди кыйнабай,
Уктап   калды  алмалардын  бардыгы» — десе, апасынын сөзүн угуп, анан да «түн ортосунда алмалар да уктап калды» десе, ага балалык кыялы менен ишенип да, аны  түшүнүп да отурганын карабайсызбы!.

Акын Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык айрыкча өзгөчөлүгү катары баалоого боло турган бир нерсе — ал баланын көзү менен айлана-тегерегин, деги эле жан бүткөндүн  баарысын карап, ошо менен таанып-билип, түшүнө алгандыгы жана аны жөпжөнөкөй сөз менен кызыктуу, көркөм, ширин кылып жазып койгондугунда. Ошондой ырларынын бири — «Кетик тиш бөбөгүм» деген ыры. Анда «кетик тиш» бөбөк «эки бетин бөрсөйтүп, колун сунуп бырсыйтып», атасын да «апа» деп, агасын  дагы «ап-ал-ап»,  баарын «апа» деп таанып, айтор «Апа» деген ыйык сөз оозунан түшпөйт.

Анан да, баланын бары эле окшош эмес, бири айтканды айтар замат аткарат, айрымдары кийингенин да, чечингенин да, тамак ичкенин да жумуш катары көрүп, чыргоолонот, жалкоолонот. Анткенинин себеби жок. Бирок акын Турар анын себебин «билет». Билгенде да кандай, мисалы мына мындай:

— Көйнөгүң кий, Бекинтай! –десе эжеси Сайра.

— Кечинде эле баары бир,
Чечем да, — дейт кайра.

Анда Бекинтай өзүнүн сөзүнө карата татыктуу жоопту кырсагы ачканда угат минтип:

Аздан кийин, — мага

Тамак бер, — деп сурады.

— Ачып калат курсагың

Эртең эле кайра,
Андан көрө ичпегин, — деди эжеси Сайра. («Баары бир» деген ыры).

Баланын ушундай эле кыялы «Музда» аттуу ырында да байкалат. Анда «томпоңдогон» Сайра муз тээп ойноп жүрөт балдар менен. Бир кезде музда кайра-кайра жыгыла берген Сайра «уруп тепсем бары бир, жыгылам деп кайра, отуруп алып муз тебет».  «Жашынмак» аттуу ырда Токон, Ташын, Адыл, Ашым жашынышат бачым. Ал эми Касым аларды издеп жүрөт. Аңгыча келе жатса Касым, чыгарып башын: «Мен бул жерде жокмун, — дейт  кичинекей Ашым. Караңыздарчы, акындын балдар ырларындагы таттуу тилин.

Албетте, тазалык үчүн кичинекей баланын чачын  таза кырдыра алып ташташат эмеспи. Ошондон качып, чачын алдыруудан эринген  Садырбай деген бала  чачын толук алдырбай, жалакайланып, качып чыгат көчөгө. Аны көргөн балдар: «Эй, жарты баш, жарты баш! Карга менен кык талаш!» — деп шылдыңдаганда, аргасыз үйгө качып кирет уялганынан («Жарты баш»). Же болбосо, жалкоолонгон дагы бир бала  сабактан окубай келип, классташтарынан жоо күтүп: « кулактарым шыбырды тез угууга, кетсе боло бир метрдей узарып» («Жалкоонун тилеги») деп тиленет. Балдардын баары эле жалкоо же жалакай эмес. Кичинесинен зиректиги байкалып, мектепке эрте эле баргысы келип, агасынан мурда ойгонуп, мектепке жөнөгөн байкеси менен бирге мектепке баргысы келип, «бүгүн эле бир жолу  китебиңди мектепке көтөрүшүп барайын» («Агасына иниси») деп, өзүнүн жаштайынан билимге умулуусун, бир тууганына психологиялык жактан жакындыган баамдатат.

Ушул эле идея акындын «Чоңмунбу же» аттуу ырында андан ары уланып тереңдетилеген. Анда:

Бөбөгүмдү ыйлатсам,
Апам мени «чоңсуң» — дейт. –
Кичүүлөрдү ыйлаткан,
Кантип жакшы болсун дейт.

Чоң болсом эмнеге,
Маалим агай «жашсың» — деп,
Албай койду мектепке
Жетиден жашың ашсын деп?

Баланын мындай суроосу логикалуу. Анткени, албетте, улуу болуп туруп, бөбөгүн ыйлатканы туура эмес, анткени ал бөбөгүнө караганда чоң да, а бирок мектеп жашына туура келбегени – анын алиге кичинекей экендиги. Бул жагынан мектеп тартиби туура. Ошондуктан, баланын ой жүгүртүүсүн акын  турмуштун  «бүгүн эртелик кылат, ал эми эртең кеч болуп калуусу мүмкүн, бары өз убагында» деген философияны баланын тили менен айтып жаткан жокпу?

Акын жан-жаныбарларды да баланын көзү менен карап «тааныйт». Ага жаңы туулган улак да кызык көрүнөт «энесинен  кичинекей болуп туруп, улагы сакалчан төрөлгөнү»  бир кызык («Улагым»). Кичинекей Борсолдой болсо, алгачкы жааган карды көрүп, «кар үстүндө ары-бери сойлоп, бултулдата ойноп,  кардан чоң-чоң сугунат да,  кумшекер деп ойлойт» («Менин күчүгүм Акжолтой»).

Ал эми «Чычкандар» аттуу ырында чычкандар кеңеш курушканын мынтип жазат:

Мышыктардын эрдигин
Жолборсторго теңешет.
Түн ичинде чогулуп
Өздөрүнчө кеңешет:

— Мышыктардай чарчабас
Күлүк болуп алсакчы.
Же алар менен илгертен
Дос болушуп калсакчы.

Табиятка гумандуу мамиле жасоо маданияты  да акын Турардын ырларында күчтүү. Кичинекей кезиндеги айрым тентектигинен улам бактын бутагын сындырганын, көпөлөк кармап өлтүрүп алган күндөрүн эстеп, чоңойгондо кейийт минтип:

Мен талымды сындырып,
Ойногом кууп көпөлөк.
Эми эстесем уялам
Ошол кезди эселек.
Сындырбасам аларды
Көлөкөсүн тийгизип,
Өсүп турмак көкөлөп («Эми ойлосом»).
Же болбосо, кичинекей  Анаш энтелеп жүгүрүп келатат үйгө:

Кармап келдим көчөдөн
Мобу өрдөктүн баласын.
Жылаңайлак кызартып,
Үшүтүптүр салаасын.
Боорума кысып жылытам,
Чолок болуп калбасын деп.

Анын оюнда өрдөктүн баласынын буттары кызыл болуп көрүнгөнү — кыпкызыл болуп суукка тоңуп калганы да. Ошентсе да ага гумандуу мамиле жасап,  буту чолок болуп калбасын деп аяп, үйгө көтөрүп келгени — анын адамгерчилик эрдиги да.

Деги эле баланын кыялы чексиз. Бала кыялы табышмак. Ошон үчүн улуулар баладай ойлоно албайт. Аны бул ырлардан билебиз.

«Чиркей менен төө», «Сакадай бою сары алтын» аттуу тамашалуу ырды окуйлу:

Эки балбан тирешип,
Эми кирди күрөшүп…
Чиркей буттан чалганда,
Төө жыгылып калганда…
Эл кыйкырды «мыкты» деп,
Чиркей төөнү жыкты деп.

Көрсө ал эки балбан Чиркей менен төө экен.

Ушундай эле дагы бир тамашалуу ыр бар мындай:

«Жамбашынан жатыптыр,
Зор кайгыга батыптыр.
Жашы көлдөй агыптыр,
Ал анткени «байкуштун»,
Бутун чиркей чагыптыр («Жаралуу төө»). Бул ыр, албетте, акын өзү белгилеп отургандай, тамашалуу ыр. Бирок тамашанын түбү — чын. Ал чындык, кичинекей айрым балдарды  тамашага салып,  «төөдөй болгончо эле жалакайлана бересиңби?» — деп чымчыкейге алып отурганын да баамдаса болчудай.

Анан да акындын балдар үчүн оюн ырларын жазуунун да устаты экенин эскерте кетели. Акын «Беш манжа» аттуу ырында балага беш манжасын минтип таанытат:

«…Бармак — атасы,
Сөөмөй — агасы.
Орто — энеси,
Аты жок — эжеси,
Чыпалак — иниси…»

Жыйынтыктап айтканда, акын Т.Кожомбердиев өзүнүн «Көлчүктөгү ай» аттуу ырлар жыйнагына чейин кыргыз балдар адабиятында жок мына ушундай өзгөчө стилдеги ырларын жазып, улуттук балдар адабиятыбызга чоң төңкөрүш жасаган. Анын ырлары адабий гана табияты эмес, формасы эмес, стили да эмес, педагогикалык маани-маңызы менен өзгөчө баалуу. Таанытуучу, тарбиялоочу, баланы өнүктүрүүчү зор касиетке, рухий керемет-күчкө ээ.

2 Replies to “Конкурска: Турар Кожомбердиевдин балдарга арналган ырларындагы бала психологиясы”

  1. Автору бул жерде көрсөтүлбөсө да, стилинен Олжобай Шакир деп тааныдым. Мыкты, эң мыкты макала болуптур. Алп акындын арбагы ыраазы болсун. Чоң рахмат сизге Олжобай Шакир. Ар дайым элиңе ак кызматыңызды жасап, кызыктуу чыгармаларды жазып кубантып жүрө бериңиз. Чыгармачылык жана жакшы жактан ийгиликтер жашооңузда көп болсун.

    1. Бул менин эмгегим эмес, адабий сын боюнча конкурска катышкан авторлордун бириники, бирок конкурстун жобосунда катышуучулар менен калыстар курамынын аты-жөнү коомчулукка айтылбайт, ошол себептен бул макаланын автору конкурс жыйынтыгына чейин ачыкталбайт. Бирок дагы кайталайм, мунун автору мен эмесмин…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.