Украин жомогу: Акылсыздын учуучу кемеси

Илгери, илгери бир абышка  менен кемпир жашаптыр. Бу карылар кезегинде үч уул көрүп, алардын бирөөсүнүн акылы аз, экөө акылы менен экен.  Акылдууларын алар эркелетип, жума сайын таза кийимдерди кийгизип, курсактарын жакшы тойгузушат. Ал эми акылсызды дайыма урушуп, шылдыңдап, жеришет. “Акылсыз” деп тергешип, ал ошол бойдон “Акылсыз” атка конуп кетет. Анын үстүндөгү кийими кир, шымы жок болгондуктан мештин үстүнөн түшпөй, тамак беришсе жеп, бербесе ачка отурчу экен. Бир күнү хандын жарлыгы чыгат: “Кимде ким мен уюштурган түшкү тамакка учуучу кеме менен  […]

Али САФИ: Илгерки жана кийинки өкүмдарлар, табыптар, астрологдор жөнүндө укмуштуу икаялар

Байыркы акылман жөнүндө баяндалган — Саүлабинин “Наводеринде”, үч адам кечирим суроого акылуу: орозо кармаган киши, оорулуу киши жана жолоочу. Үч адамга кечиримдүү болуп жана жардам көрсөтүү керек: султанга, оорулууга жана насыя бергенге. Үч адамды кемсинтүүгө болбойт: султанды, аалымды жана маектешиңди. Султанды кемсинтсең – дүйнөдө тынчтык бузулат, аалымды кемсинтсең – ишеним бузулат, маектешиңди кемсинткенден – адилдик бузулат. Үч улуу нерсенин алдында баш ийип жүгүнгөнүң уят эмес: атаңдын алдында, коногуңдун алдында жана атыңа. Үч нерседен ажырашуудан жана алыстоодон башка кутулуунун жолу жок: […]

Аялдар мурда эмчектери менен ымыркайларды тойгузса, азыр кинопродюсерлерди тойгузушат

Жан КОКТО – (1889-1963), француз драматургу, акын  Көп кереметти чоң шаардан көрсөң, көп укмушту кичине шаардан угасың. * * * Кабанак ит кимдин колунан тамак жесе, ага тап бербейт. Сынчыларың да ошол. * * * Тарых – бул акыр аягы калпка айланган чындык. Миф – бул акыр аягы чындыкка айланган калп. * * * Сулуулук сулуулукту байкабагандарга да таасир берет. * * * Генералдар эмне үчүн аңкоо? Жалаң полковниктердин арасынан тандалганы үчүн. * * * Аялдар мурда эмчектери менен ымыркайларды […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Чындык – айтканга балдан таттуу, укканга өттөн ачуу

* * * – Апа, атам качан келет аскерден? – Баласы «бешке» окуса жиберебиз дешиптир. * * * – Апа, атам мине келбейт? – Балаң жакшы окуган менен тентек экен деп жибербей жатышыптыр. Жиним кагыла түштү. Төртүнчү класста «тартиптүү бала» болуп калдым. Шойконум кармап баратса эле эсиме кылт дей түшөт. Ошондой күндөрдүн биринде агайыбыз айтып калды: – Өкмөт менен партия томолой жетимдер менен чала жетимдерге кышкы кийимдерден жардам бере турган болду. – Агай, чала жетимдер деген эмне? – Же атасы, […]

Абдиламит МАТИСАКОВ: Баткан күндү аяймын…

Турмуштан тамган тамчылар Балык дүкөнгө бирөө жетелегендей эле кирип бардым. Каяктан кирдим, эмнеге кирдим?!. Же жыргатып балык жеген жан болсом бир жөн. Той-топурдан, сый дасторкон үстүнөн көрүп калбасам атайлап үйгө балык апкелип, казан астырган жан эмесмин. Кокус, устукан баштыкта келип калса, бала-чаканын энчиси. Жо-ок, кесирлик эмес, анын бетин ары кылсын! Күндө жебесе жээрий берет деген туура окшойт… Дүкөнгө кирдим дебедимби, андан көрө ошону угуңуз. Мына, сага! Балык жечүлөрдү көрүп ал, жөө жыландай чубалган кезектин аягы кирген эшикке келип такалат. Билектей-билектей […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: «Кош, Гүлсары» менен «Ак кеме» повесттери подтекст алкагында

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы мазмундук жактан да, формалык жактан да жөнөкөйдөн татаалды көздөй кыйшаюусуз өнүгүп-өсүп отурду. Жазуучунун алгачкы чыгармаларында адам өзүнүн бүткүл кайгы-кубанычтары менен кеңири изилдөөгө алынса, кийин бул объект өзүнүн чегин кеңейте баштады: «адам жана коом», «адам жана мезгил» маселеси коюлду, андан кийин «адам жана аалам», «адам жана келечек» сыяктуу татаал маселелер көркөм изилдөөгө объект болуп алына баштады. Ушул планда 1966-жылы жарыкка келген «Кош, Гүлсары» повести жазуучунун чыгармачылыгындагы жаңы этаптын башталышы десек болот. Алдыда сөз жүргөн «Бетме-бет», «Жамийла» повесттери менен «Кош, […]