Поляк жомогу: Ат  менен чиркей

Ат  шалбаада оттоп турган. Ага чиркей учуп келди. Ат аны байкабады эле, чиркей дыңылдап мындай деди: — Ат, мен учуп келдим, көрбөй турасыңбы? — Эми көрдүм,- деди ат. Чиркей аттын зор тулку-боюн: куйругун, соорусун, моюнун, туяктарын, эки кулагын кезектештире карады. Карады да өзүнүн чиркейлик башын чайкады: — Чынында эле зор экенсиң тууганым! — Ооба, чынында эле кичинекей эмесмин,- деп ылаалаган жылкы жалдуу башын ийкеңдетти. — Мен сенден миң- миң эсе кичине экенмин. — Кичинесиң, кичинесиң! — Баардыгына күчүң жетеби? — […]

Кубанычбек АРКАБАЕВ: «Апенди чалыштар» аттуу китеп чыкканы турат

Орус калемгери Василий Шукшиндин апенди чалыш адамдардын жоруктарын сүрөттөгөн аңгемелери өз убагында элдин жакшы баасына кандай ээ болсо, азыркы окурмандар үчүн да ошондогу кызыктуулугун жоготпой, келечекте да чоң кызыгуулар менен окула берери шексиз. Ал тууралуу кеп салып жатканыбыздын себеби: жакында Шукшиндин орус “чудиктериндей” эле кызыктуу жоруктарга бай кытайлар  тууралуу жазган кытай жазуучусу Лао Манын “Апенди чалыштар” аталышындагы аңгемелер жыйнагын элибиздин чыгаан акын кызы жана чебер котормочу Назгүл Осмонова экөөбүз биргелешип котордук… Ошентип ал жылмаюсуз окулбаган китеп биздин “Чыгыш адабияты жана […]

Садык АЛАХАН: Ыйык китептердеги бейиш жана Нурмолдонун сарказмы

Нурмолдо өтө билимдүү, ашкере акылгөй, даанышман ырчы болуптур. Көп окуганынан, көптү билгенинен улам Библия менен Курандагы терең тарбиялык мааниге ширелген ар кандай уламыштарды да өзгөчө иш билги пайдаланып, ал уламыштар менен икаяларды тек гана супсак кайталап койбостон, өзүнүн чыгармачылык лабораториясынан өткөрүп, акындык жүрөгүнүн оту менен жылыта, көкүрөк нуру менен шоолалантып, натыйжада, окуган ар бир адамдын акыл-сезимин козгоп, дилин тазарта турган деңгээлге жеткирип берген. Бул айткан ойлорубуздун айкын күбөсү болуп Нурмолдонун «Адам ата» аталган көркөм туундусу эсептелет. Чыгарма башталганда эле пенде […]

Аман САСПАЕВ: Кошо жашай берет экен

АҢГЕМЕ Башка курбуларым өңдүү эле, алгачкы сүйүүмдү мен, болочоктогу махабатыма бирден-бир негиз болот деп ойлодум. Бирок ал сүйүүмдүн өмүрү өтө кыска болду. Өз кезегин башкага берип, алмашып кетти. Ал эми, анын калдык учкундары болсо, кез-кез жылт-жулт этип, азырка чейин көзүмө көрүнө калып жүрөт. Мен кетип, алыскы шаарда окудум. Мына эми, бир нече жыл өткөн соң кайра келип отурам. Көңүлүм тартканы үчүн, өзүм билим алган орто мектепке атайын бардым. Классыма кирдим. Бардыгы өзгөргөн, бардыгы жаңы адамдар менен толгон. Өз кезинде, асиресе […]

Абдул-Хамид: Эгер бир бүтүндүк болбосо, жеңиш – кокустук, жеңилүү – тагдыр

Абдул-Хамид II – 1842-жылы  Стамбулда жарык дүйнөгө келип, 1918-жылы көз жумган. Ал Осмон империясынын султаны (1876-1909); империянын акыркы башкаруучусу болгон.  Абдул-Хамид мамлекет бүтүндүгүн сактоого күч жумшап, мамлекеттин ички иштерине чет өлкөлөрдүн кийлигишүүсүн чектөөгө аракеттенген, ошол доордогу өтө күчтүү жана чебер саясатчы катары белгилүү. Ал 1876-ж. конституцияны жарыялоого жана парламентке шайлоолорду өткөрүү тууралуу убадасы менен “Жаңы осмондор” кыймылынын лидерлери тарабынан такка олтурган. 1909-жылы, 27-апрелде парламент тарабынан  Абдул-Хамидди бийликтен четтетүү тууралуу чечим кабыл алынган. Биз бүгүн  Абдул-Хамиддин саясый өңүттөгү тарыхта калган учкул […]

Абийрбек АБЫКАЕВ: Түшкө кирген чала молдолор

Тоо этегинен бир аз өйдөрөк бет экен. Молдолор чогулган элди баштарын эңкейишти каратып намазга тургузуп атыптыр. Намазга тургандардын ичинде мен да бармын. Сажда кылганда кайра кантип турабыз, өйдөлөнүп калабызго деп ойлоном. Балким кыбыланы карап тургандырбыз, бирок жердин шартын да караш керек ко деп коём, жаман оюмда. Аңгыча өйдөкү катардан бирөө мен ойлонуп турган нерсени имамга айткансыды. Имам эмнегедир ал жигитке жаман, орой сөздөр менен жооп кайтарды… Чатак чыгып, карсылдаган үндөр чыкканынан имамды эл сабап жатат ко деп карасам, тескерисинче, имам […]

Сулайман РЫСБАЕВ: Балдырхан

ТЕЛЕВИЗОР КӨРГӨН ООЗ Кечинде телевизордо кызыктуу кино болду. Жомок экен. Балдар баары уктабай көрүп отурушту. Садыр гана кээде үргүлөп кетип, кайра ойгонуп кетет. Аны көргөн агасы Сабыр ийнинен тартты: —  Эй, сен уктап жатасыңбы? —  Жок, көрүп атам… —  Эмне, оозуң менен көрүп атасыңбы? —  Жок… — Анан эмне көзүндү жуумп, оозунду ачып отурасың… «АТАМ АПАМДЫН БАЛАСЫ» Кичинекей Бектен сурадым: —  Бек, сен кимдин баласысың? —  Атамдын… — А атаң кимдин баласы? —  Атам?.. Атам… апамдын балачы… «ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢБИЗ» Элнуранын […]