«Улут келечеги – энелердин колунда».
Оноре де БАЛЬЗАК

Мыкты Эне – үйдүн куту. Мыкты Эне – улут сыймыгы. Мыкты Эне – улут башаты. Генийди да, канкорду да Эне жаратат. Арийне, немистин улуу акыны Генрих Гейне айтмакчы: «Тарыхты аялдар жаратат, бирок анда эркектердин ысымы калат».

Карт тарыхта ысымы өчпөс нечендеген улуу адамдар, генийлер, канкор-диктатор, тирандар өткөн. Алардын баары асмандан түшкөн эмес, Эне жүрөгүнүн алдынан туйлап, ааламга көзжарышкан. Кара жер бетин кайгыга, кубанычка бөлөгөн башат да Эне болгон үчүн кара жер балбандын бир аты да Жер-Эне болуп жүрбөсүн?..

Эне жөнүндө кандай айтпайлы, сөз учугу улана берер. Арийне, Эне маселеси – улут үчүн эң башкы мааниге ээ болсо деген ниет менен «РухЭш» сайты адегендеги биринчи кадамын баштагандан тартып эле үй-бүлөлүк баалуулукка басым коюп келебиз.

Эң алды биздин келечек муундун ээси болор балдарыбыз өз эне тилинде жомок, тамсил, ырларды жаттап чоңойсо деген аруу тилек менен балдар адабияты боюнча адабий конкурс жарыялап, акын-жазуучуларыбыз арасында чыгармачылык таймаш уюштурган. Андан соң «Сен кимсиң, Аялзат?» аттуу конкурс жарыяладык эле: калемгерлер арасында аялзаттын коомдогу ролу туурасында азын-оолак кеп уланып, аялзат темасынын күңгөй-тескейин чагылдырган аналитикалык мүнөздөгү иликтөөлөр аз да болсо коомчулуктун көңүл чордонун Эне көйгөйүнө бургансыды.

Аны менен катар өткөн жылдан тарта Фейсбук аркылуу «Мыкты Энелер» номинациясын уюштуруп келебиз. Негизинен бул номинацияны «РухЭш» сайты жарыялаган жомок, тамсил, икаяларды соцтармактар аркылуу башкалар менен активдүү бөлүшүп окуган күйөрмандарыбызга ыйгарып келебиз.

Бул саамалыкты башынан бери колдоп жүргөн (үч жолку конкурсубузду) Жогорку Кеңештин «Өнүгүү» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу менен жеке ишкер Кылыч Исамамбетовго терең ыраазычылык билдиребиз! Быйыл да «Мыкты Энелер» номинациясынын жеңүүчүлөрүнө Алтынбек Жунус уулу 30 миң сом байге фондун коюп отурат. Ал эми буга чейинки «Мыкты Энелер» номинациясынын жеңүүчүсү деп табылган күйөрмандарыбыз мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариевдин колунан кымбат баалуу белектерди алганын эскертебиз.

Бул мерте «Мыкты Энелер» номинациясынын жеңүүчүлөрү Фейсбуктагы «РухЭш» сайтыбыздын баракчасы жана «Мыкты Энелер» тайпасы аркылуу аныкталмакчы. Анда кимде ким сайтыбызда жарыяланган үй-бүлө жана өспүрүмдөргө арналган чыгармаларды соцтармактар аркылуу активдүү бөлүшүп жана өздөрүнүн комментарийлерин калтырган күйөрмандарга ыйгарылмакчы. Фейсбуктагы «Мыкты Энелер» тайпасын негиздеген сайтыбыздын эң туруктуу окурманы Айтбүбү Орунбаева жана сайтыбыздын чыгармачыл тобу атайы мониторинг жүргүзүү менен жеңүүчүлөр аныкталат. Аталган номинация ээлери 2018-жылдын 8-Март күнү сыйланышат…

Эскертүү: буга чейинки «Мыкты Эне» номинациясы менен сыйлангандар: Айтбүбү Орунбаева, Жамиля Насирова, Рахат Асанбекова, Айнура Абдилазизова, Нурзада Рыскелдиева, Гүлзат Кудайбердиева жана Айнагүл Кашыбаева.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.