Бир күнү түлкү кыштакка келип, толтура каз багылып жаткан короого түштү. Кароолчулар менен иттер уктап жаткандыктан “өз убагында келген экенмин”,- деп түлкү каздардын чак-челекейин чыгарып кубалады.

Жаны чыкчудай каркылдаган каздар ушундай бир жан соога сурашты дейсиң, эгер түлкү казча түшүнгөнүндө  түлкү башы менен аларды аяп, куру кол кайтканына кайыл боло короодон чыгып кетмек. Ошентип жаалданган түлкү калтыраган каздарды бир катарга тизип, бир четинен алкымдарын кыя чайнап, айоосуз кыра баштаганы калганында, бул каркылдаган канаттуулардын арасында түлкүчө билген бир картаң каз бар экен, ошонусу түлкү менен сүйлөшүү жүргүзө баштады.

— Түкө,- деди ал.-  Бир салтыбыз бар эле, өлөр алдыбызда каркылдап ыр ырдап, кошок кошкон. Ошону жасап алалы, уруксат бер.

— Болуптур,- деди ак көңүлү кармаган түлкү.- Ырдасаңар ырдап, ыйласаңар ыйлап алгыла. Бирок тезирек, болбосо курсагым курулдап ачкамын.

Ошентип каздар өңгөчтөрү үзүлгүчө каркылдашканда, жакын жерде жайгашкан кароолканадагы адамдар менен итканадагы иттер каздардын үнүн угуп жетип келишти да, казканага түшкөн түлкүнү кармап, терисин тетири сыйрышты.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.