Буга чейин «РухЭш» сайтында «Щелк» жана «Педали Амана» аттуу аңгемелери менен окурмандарыбызга таанылып келген Эрмек Турдубеков 2017-жылдын 20-ноябрында Казань шаарында өткөн 17 жашка чейинки жаш жазуучулардын конкурсуна чакырылып, “Лунный пух” аттуу аңгемеси менен 2-орунду ээлеп отурат. Казань шаарында өткөн “Айтматовские чтения” аттуу илимий-практикалык конференциянын былтыркы жеңүүчүсү катары 27-ноябрь күнү Казань шаарындагы инженердик лицейдин окуучулары менен жолугушуусу өтмөй болууда.

Эрмек Турдубеков учурда 10дон ашуун аңгемелердин жана бир нече поэтикалык саптардын автору. Орус акындары И.Бродский менен М.Цветаеванын ырларын которуп, чыгармачылыкта тынымсыз эмгектенип келет.

Жаш калемгерибиз 2000-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Атасы Турдубек Чокиев – композитор, энеси Гүлмира Эсенгулова – хормейстер. Эрмек болсо 2 жашынан бери энеси Г.Эсенгулова негиздеп, ушул күнгө чейин жетектеп келе жаткан “Ак Шоола” балдар хорунда ырдайт. Хордун коллективи менен Турция, Россия, Белоруссия, Түркменистан, Казакстан өлкөлөрүндө болуп келген. Учурда Бишкек шаарындагы № 64-мектеп-гимназиянын 11-классынын окуучусу. Кыргыз класста окуйт. Үйдө ата-энеси менен кыргызча сүйлөйт. Англис тилин да мыкты билет.

Өзү 11 жашынан бери орус тилинде ыр жана аңгемелерди жазып келатканы белгилүү. Классикалык адабиятты сүйүп окуйт. Жакшы көрүп, таасирленген жазуучулары: Ч.Айтматов, Л.Толстой, Ф.Достоевский, Э.Хемингуэй, А.Чехов, В.Набоков, А.Куприн. О.Генри, Х.Мураками ж.б… Акындардан: А.Пушкин, А.Блок, С.Есенин, В.Маяковский, И.Бродский, М.Цветаева, Э.Асадов, Д.Алигьери ж.б., ошондой эле Вольтер, Ф.Ницше, И.Кант, Р.Доккинз ж.б. философиялык эмгектерин көп окуйт.

2016-жылдын башында “Твоя первая книга” аттуу Россиялык адабий клубдун конкурсунда “Паутина” жана “Нерассказанный рассказ” аттуу аңгемелери менен 1-орунду жеңип алган. Андан соң Казань шаарында өткөн “Айтматовские чтения” аттуу илимий-практикалык конференцияга интернет аркалуу катышып, “Разговор с Айтматовым” деген ыры жана “Одинокая могила” аттуу Ч.Айтматовго арналган аңгемеси үчүн биринчи даражадагы дипломдун ээси болгон. 2016-жылдын июнь айында Кыргызстандагы Россия менен кызматташуу (Россотрудничество) өкүлчүлүгүнүн маданий байланыш бөлүмү өткөргөн “Открытие” аттуу конкурсунда “Паутина” аңгемеси биринчи орундун жеңүүчүсү деп табылган. Эрмек поэзияда да күчүн сынап келет. 2016-жылы Москвада өткөн “Россия – земля моя” аттуу поэтикалык конкурста дипломго ээ болгон. 2016-жылдын 3-февралында “Вечерний Бишкек” гезитинде жаш жазуучу тууралуу “Пятнадцатилетний литкапитан” аттуу макала жарык көргөн.

2016-жылы сентябрь айында Кыргызстанда өткөн жаш жазуучулардын республикалык “Мекенге таазим” фестивалынын алкагында өткөн “Жаңы ысымдар” конкурсунда 2-орунга илинген.

2017-жылы жайында “Паутина” аттуу аңгемелер жыйнагынын (10 аңгемеден турган алгачкы жыйнагы) бет ачары К.Баялинов атындагы китепканада өткөн.

2017-жылдын август айында Россотрудничество уюштурган жаш таланттардын бир жумалык Санкт-Петербург шаарына экскурсияда болуп келген.

P.S: Интернеттен алынган маалыматтан:

Юный писатель Эрмек Турдубеков занял первое место в конкурсе Российского литературного клуба «Твоя первая книга». На конкурс было прислано тридцать две работы, три из них рассказы Э.Турдубекова. По жанру «фантастика» ставил оценки Николай Степанов – русский писатель, фантаст. А по «реализму» Анна Берсенева – писательница, кандидат филологических наук, доцент Литературного института им. Горького. Также на сайте опубликованы рецензии. Вот как отозвалась Берсенева о Турдубекове: «Он умеет представлять читателю ту тонкую грань действительности, на которой меняется жизнь героев. Способность автора находить необычное в обычных явлениях жизни и рассказывать об этом реалистично, но со стилистической парадоксальностью в полной мере проявляется в его рассказах. За этим интересно следить при чтении».

Отметим то, что автору пятнадцать лет (ученик 9 класса ШГ № 64 г.Бишкек) и выиграл он конкурс, соревнуясь с писателями молодого и зрелого возраста. Поздравляем и желаем удачи юному автору в дальнейшем!

См: http://tvoya1kniga.ru/itogi-literaturnogo-konkursa-tvoya-pervaya-kniga-4#more-2928

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *