Ненец эл жомогу: Эски капчык

Бир атанын үч уулу болуптур. Алардын экөө акылдуу, үчүнчүсү акмак экен. Бир күнү атасы үчөөнү чакырып, мындай дейт: —  Иш мындай. Баарыбыз үйдө отуруп эмне кылабыз?  Мүмкүн араңардан жок дегенде  бирөөңөр  жер жүзүнөн бакыт издеп  жөнөөрсүңөр? Макул болуп улуусу сапарга узайт. Атасы аны жолго чейин узатып, ийгилик каалайт.  Ал эми ага кандай бакыт  жолукканын, биз азыр көрөбүз. Биринчи күнү жакшы өттү,  экинчи күнү деле эч нерсе болгон жок, үчүнчү күнү кашайып, жазуусу бар үч айрылыш жолго туш келди: “Биринчи жол […]

Эдилбек САРЫБАЕВ: Чоюн Омуралиев — мыслитель, выросший из почвы народной мудрости

«Всему свое время: время разбрасывать камни, и время собирать камни…» было сказано в «Книге Екклесиаста» около 2,5 тысячи лет назад. Вот и наш автор в своей новой книге «Кыргызская государственность: вчера, сегодня, завтра…» заново собирает свои мысли, разбросанные во многих своих весьма содер-жательных, актуальных, а иногда просто фундаментальных статьях, касающихся вопросов государственности, на страницах самых разных, но в большинстве своем, наиболее многотиражных газет и нескольких монографиях за четверть с лишним века независимости Кыргызстана.  К слову сказать, Чоюн ОМУРАЛИЕВ является, пожалуй, […]

Сан-Таш уламышынын табышмактары тууралуу учкай сөз

Кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн Түп районундагы Сан-Таш айылы ушул күндө карт тарыхтын биз билбеген кандай сырларын катып жатканын ким билет? Ал жер «Манас» эпосундагы кадимки Көкөтөй абанын ашы өткөн, 300 миң боз үй тигилип, 100 миңден ашык конок күтүлгөн Каркыранын бери жагындагы кеңирсиген түздүк, Табият эненин жашыл килеми төшөлгөн чалкайган кең жайыт, мыдыр эткен ташы жок, кодурадай өскөн дарагы жок көк жайык! Ошол көк жайыктын чок ортосунда муштумдайдан чакадайга чейин бирден чогултуп үйгөндөй, миллиондогон таштан турган чоң үймөк алыстан эле көрүнөт…Бул-мына ушул […]

Конфуций: Насааттарды жашоодо колдонуу

Үлгүлүү адам сүйлөгөндө абайлашы зарыл, кылган иштеринде эпчил болууга тийиш. * * * Кыштактын ар он үйүнүн биринен сөзсүз түрдө мен сыяктуу чынчыл адам табылат, бирок ал окууну менчелик жакшы көрбөйт. * * * Адамдын бардык кылык-жоруктарына жана кыймыл-аракетине абай салгыла, анын жашыруун ниеттерин, ал үчүн кубаныч эмне экенин билгиле, ал дагы эмнени жашыра аларын ачыктагыла. * * * Цзы Гун устаттан ким чыныгы адам деп эсептелерин сурады. Конфуций жооп берди: «Ал адегенде эмне айткысы келгенин ишке ашырат, андан кийин […]

Капар ТОКТОШОВ: Боз үйдүн тарыхы жана табышмактуу сырлары

Ооба, ак калпак десе – кыргызды, кыргыз десе – ак калпакты элестетебиз. Кыргызды, андан тышкары, боз үйсүз элестетиш мүмкүн эмес. Боз үй дегенде асман менен жерди, адам менен көктү камыр-жумур ширеткен ыйык Түндүк, анан алоо от жанган ыйык Коломто көз алдыга тартылат (О.Айтымбетов, «Кара кыргыз»). Кыскарта чапканда, боз үйсүз – комуздун коңур добушун, боз үйсүз –  “Манас” менен манасчыны, боз үйсүз – ак калпак кыргыз менен Ала-Тоону элестете албайбыз. Боз үйдүн капкалуу сырлары менен табышмактуу кызыктары ак калпактыкынан ашса ашар, […]

Асатилла ТЕШЕБАЕВ: Эстетикалык табитти өстүрүшүбүз керек

Америка, Австрия, Голландия, Швеция, Түркия, Австрия, Чехия, Россияда  сүрөт көргөзмөлөрүнө эмгектери коюлуп, кыргызды чет өлкөлөрдө таанытып келаткан жердешибиз, Австрия, Россия жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союздарынын мүчөсү, Австриядагы эл аралык «Kitz Award» сүрөтчүлөр уюмунун 2016-жылдагы Ардак грамотасынын ээси, модернист сүрөтчү Асатилла Тешебаев менен болгон маекти окурмандын наразына сунуштайбыз.  — Сүрөтчүлүк өнөрдү кандайча тандап калдыңыз эле? — Мектепте дубал гезиттерди жасалгалап, сатиралык бурчтарды уюштурууда мен дайым кызыгып катышчумун. Мектептеги сатиралык дубал гезиттин редколлегия курамында элем. 6-класста 23-февралга карата дубал гезитти үйдө жасалгалап олтурсам, […]

Орус акыны Владимир Скворцов Абибилла Пазыловдун котормосунда

Өмүрдүн тынбайт кербени Эстесем эми эмнени, Эскиден эсте термени: Өмүрдүн жиби үзүлөт – Өлүмжан тынбайт кербени! Гоголду ажал жеңбеген, Шекспир жолу эң кенен. Түбүнөн мыйзам ушундай, Түрттүрүп ийчү сен белең… Ар кандай заман тушунда, Алмустак кылым, учурда, Николо Паганинибиз, Аспабын чалып ушунда. Тажабай издеп жаз-кышта, Таппайсың такаат жазмышка. Жаратман менен басташып, Жадыгөй менен аңдышпа. Чыгарып чындык атагын, Чыйралса экен катарым. Уланат уул-кызында, Урматы Умай апанын. Өнбөгөн үрөөн сепкенде, Өспөгөн көчөт эккенде, Көңүлдөн өчкөн ысымдар, Көрүнбөйт тирүү эч жерде. Турмушуң туташ […]