Тарыхый-даректүү очерк

Мурда жарыяланган бөлүгү:

  1. КОЛОНИЯЛАШТЫРЫЛГАНГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ КЫРГЫЗДАРДЫН КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК УКЛАДЫ ЖӨНҮНДӨ БИР-ЭКИ ООЗ СӨЗ

Бул маалыматтардан падышачылык материалдык жактан өтө камсыз болгон, б.а. кулактардан өзүнө бекем тирек түзүү жагынан өз алдына койгон максатына белгилүү даражада жеткен деген жыйынтыкка келүү керек. Бирок падышачылык муну менен чектелип калган эмес. Өзүнүн сурап турган акыркы жылдарында анын бул жергеге келгиндерди жайгаштыруу саясатында башка бир багыт басымдуулук кыла баштаган. Ал багытка ылайык, бул жергеге орустарды жаңы аймактарга отурукташтырууну андан ары улантууда мурда келгендердин үстүнө өтө оокаттуу, материалдык жактан камсыз болгон орус дыйкандарын жайгаштырууну, ошону менен өзүнүн позицияларынын кебелбес болушун дагы чыңдап алууну көздөгөн.

Бул жагынан баягы эле Васильевден кызык документтерди табабыз. Суу чыгарылган аймактарга жайгаштырылуучу келгиндерди тандап алуу жөнүндө Васильев минтип жазат: “Сугат курулуштарына мамлекет тарабынан жумшалуучу каражаттар кандай жолдор менен табылбасын, мамлекет ал каражаттарды кайра кайтарып алышы тийиш. Ошондуктан, мамлекет өзү суу чыгарган жерлерге жайгаштырылчу келгиндерди алгачкы жылдардагы уюштуруу иштеринин чыгымдарын көтөрүп кетүүгө жана сугат дыйканчылыгын интенсивдүү жүргүзүүнүн жаңы талаптарын өздөштүрүүгө жөндөмдүү колонизаторлордон тандап алууга, албетте, кызыгат. Жети-Сууда суу чыгарылган жерлерге жайгаштыруунун жергиликтүү шарттары жана чарбачылык кылуунун интенсивдүүлүгү жаңы жерлерге көчүрүп барып эле жайгаштыруунун демейдеги шарттарына караганда, бул жакка келип отурукташуучулардын алда канча мал-мүлктүү, оокатттуу болушун талап кылат”.

Менимче, муну түшүндүрүп отуруунун кажети жок. Васильев мамлекеттин эсебинен суу чыгарылган жерлерге ашыкча болуп калган дыйкан калкын эмес, Россиядан келген оокаттуу кулак кожолуктарын жайгаштыруу керек деп ачык эле айтып жатат. Анткени, алар жаңы жерлерге келишкенден кийин өзүлөрүнүн чарбалык жактан жайланып алышы үчүн падышалык өкмөттөн кошумча финансылык чыгымдоолорду талап кылышмак эмес. Падышачылык чынында эле ушул жолго түшкөн. Ырас, ал мындай жолду Жети-Сууда эмес, Кыргызстандын аймактарында эмес, Бетпак талаада колдонгон. Бетпак талаага орус дыйкандарын жайгаштырууда белгилүү мүлктүк ценз талап кылынган, башкача айтканда, Борбордук Россиядан жокчулук чет жакаларга кууп чыгып жаткан жерсиз дыйкандар үчүн Бетпак талаа жабык болгон.

Мына ошентип, социалдык көз караш жагынан алганда падышачылык Түркстанда да, Кыргызстанда да эксплуататорлор кожолуктарынын категориясына эркин эле кошууга боло турган, ушундан улам өзүнүн чарбачылык жактан андан ары өсүшү үчүн орус жана кыргыз кедейлери менен батырактарын эксплуатациялоодо өзүнүн укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн падышачылыктын сакталып тура беришине кызыккан келгин дыйкандар кожолугунун тибин түзгөн.

Мурда келгендердин поселокторундагыларга салыштырганда жаңы келгендер материалдык жактан начарыраак жашаган, бирок аларда чарбалык жактан тез өнүгүү тенденциясы болгон, анткени, алар өз чарбаларын куроого кыйла кредит, жакырданган кыргыз кедейлери менен батрактарынан арзан жумушчу күчүн алышкан жана өзүлөрүн жакшы жер, сугат каналдары менен камсыз кылуу маанисинде айткан падышалык органдардын белгилүү колдоосунан пайдаланышкан.

Үстөмдүк кылып турган улуттун өкүлдөрү катары, падышачылык тарабынан эзилип турган улуттарды жек көрүү рухунда тарбияланган ал келгин дыйкандар жергиликтүү калк менен өз ара туура мамиле түзө алышкан эмес. Тескерисинче, келгин дыйкандар көп учурда кыргыздарга дурус мамиле жасашкан эмес, ошондуктан, Жети-Суу облустунун мурдагы согуш губернатору генерал Фольбаумдун сөзү менен айтканда, мына ошол негизде “келгиндер менен жергиликтүү адамдардын ортосундагы өз ара кастык мамилелердин бирин-экин көрүнүштөрү өнөкөт нерсе болуп калган”. “Келгиндер менен жергиликтүү адамдардын өз ара мындай кастыгын” алар ар түрдүү расанын өкүлдөрү болгон дегенди ж.д.у. сыяктууларды бетке кармап түшүндүрүү туура болбос эле. Булардын ортосундагы кастык мындай мамиле алардын бул жергедеги жер, суу, экономикалык белгилүү позицияларды алуу үчүн өз ара күрөшүнөн келип чыккан.

Келгин дыйкандар менен кыргыздардын ортосунда падышачылык мезгилинде түзүлгөн өз ара мамилелерди мүнөздөө үчүн дагы бир-эки мисал келтире кетүүгө уруксат этиңиздер. Жети-Суудагы келгиндер районунун агроному В.Воротниов Чүй участоктору жөнүндөгү өз отчетунда минтип жазат: “Эки-үч (кожолук – Ж. А.) кыргыздарга бооланган беде берип, алардын кыштоолорун сатып алышты, короо-сарайлары кадимкидей жакшы бул кыштоолор үчүн акчага айландырып эсептегенге, алар 1-2 эле сом төлөштү. Башка кожолуктар кыштоолорду эч нерсе төлөбөй, эч кимден уруксат сурабай эле ээлеп алышты.

Келгиндердин көпчүлүгү кыргыздардан өтө оригиналдуу жол менен малдуу болушту. Келгиндер өзүлөрүнө берилген участокторго келгенден кийин кыргыздар эккен жана сугарып өстүргөн беде аянттарын бири-бирине жемин жедирбей өз ара бөлүп алышты… Ал жерлердин жаңы ээлери мурдагы ээлерине (кыргыздарга) беде аянттарынын теңин чаап алууну сунуш кылышты, кыргыздар буга макул болушту, анткени, аларда башка арга жок эле. Кээ бир учурларда кыргыздар беденин түшүмүнүн 1/3 бөлүгүн өзүлөрүнө берилген сыйлык катары алып, канааттанууга тийиш болушту.

Мына ушундайча чаап-жыйналган бедени алган келгиндер кыргыздарга ошол эле беденин ар бир боосун 3 тыйындан сатышат (азыр бир боо беде ал тургай Верныйда да 1,5 тыйындан кымбат сатылбайт). Кыргыздар акча ордуна жылкы жана кара мал беришет, анын үстүнө 50-60 сомдук жакшы жылкы 1000 боо бедеге, башкача айтканда, ашып эле кетсе 15 сомго бааланат. Мына ошентип, келгиндер баасы жагынан өзүлөрү үчүн текейден арзан турган бедени өзүлөрү каалаган жагына алып кете беришээр нерсеге айырбаштап алышат.

Келгиндер өзүлөрүнө берилген жер участокторуна жайланышып алышкандан кийин эмгек кылууга эмес, кыргыздарды бетпактык менен, таптакыр жол берилгис түрдө, ылайыктуу бир дагы учурду колдорунан чыгарбай эксплуатациялоого киришти (астын сызган мен – Ж.А.) Албетте, андай даттануулардын арасында жерибизди малга тебелетип салышты деген доо биринчи орунда турат деңизчи. Анткен менен андай тебелеткендик үчүн келгиндер тийиштүүсүн чыпрчыргасын коротпой эле алып турушат, азыр болсо, көп учурда келгиндер менен кыргыздардын жерлеринин өз алдынча эгин эгип койгон 6 участок жер үчүн олжобузду алабыз деп кымылдап күтүп жүрүшөт.

Областта бош жаткан (бош жатты бекен? – Ж.А.) жерлердин зор мейкиндиктерин көргөн жана миллиондогон, көпчүлүгү момун жана коргоосуз турган кыргыз калкын эксплуатациялоо мүмкүнчүлүгүн түшүнгөн алардын эси-дарты эле кантип дагы жакшыраак жайланышып алаар экенбиз, азыркы абалыбыз бизди жетишээрлик даражада канааттандырбай турат деген болуп калды”.

Көрүп турганыңыздардай, бул Кыргызстандын түндүк аймактарына тийиштүү абал, биз түштүк аймактарынан да ушунун эле өзүн көрөбүз. Сыр-Дарыя келгиндер районунун чиновниги Н.Рылов деген неме минтип жазат: “1900-жылдардын баш ченине карай жергиликтүү (Фергана – Ж.А.) администрация буларды (келгиндерди – Ж.А.) отурукташтыруу үчүн жарактуу жерлердин запасын пайдаланып бүтүштү, ошондуктан көчүп келип жайланышуу ачык эле өз бетинче басып алуу мүнөзүндө болуп калды, бул жорук Анжиян уездинин Көгарт өрөөнүндө бөтөнчө көрүндү (Көгарт өрөөнү азыр Кыргызстандын Жалал-Абад районунун курамына кирет – Ж.А.). Бул жерде келгиндердин чоң топтору кыргыздарды турган жерлеринен айдап чыгышып, алардын мал-мүлкүн басып алышты, кыргыздардын кыштоолордогу там-таштарын бузуп, өзүлөрүнө үй тургузушуп же отун кылып жагышты. 1906-жылдын баш ченине карай Фергана областында жалпы жонунан 900гө жакын кожолуктан турган 10 кыштак өз бетинче мына ушундай жеткен бейбаштык жол менен пайда болду”. Келгин дыйкандар менен жергиликтүү калктын ортосунда болгон өз ара мамилелерге келгиндер уюмдарынын чиновниктери тарабынан берилген мүнөздөмө мына ушу, ал өз ара мамилелер өтө жаман болгондугун далилдеп турат.

Өзүнүн социалдык табияты боюнча келгиндердин жана кыргыздардын эмгекчилеринде мындай туура эмес өз ара мамилелер, мындай жек көрүү болбошу тийиш эле, бирок бул ошол эле учурда “Элдерди өз ара жатсынтыштыруу үчүн бардыгын жасаган” (Ленин) падышалык өкмөттүн саясатынын натыйжасында кадиксиз нерсе болуп чыккан. 1916-жылга карай биздин көз алдыбызда жөн эле келгиндер эмес, көбүнчө падышачылык Орто Азиядагы жана Кыргызстандагы өзүнүн таасирин чыңдоо ишине тиреги катары кароого үмүт кылган келгин кулактар турган.

Кыргыз калкынын жерди пайдалануу тартибин кароого өтөлү. Бул жерде бир нерсени эскертип коюу керек. Мен кыргыз жерине келген дыйкандар жер-сууну өз бетинче басып алышкан деп айтып өттүк. Ал юридикалык жактан тартипке салынбагандык маанисинде гана өз бетинче басып алуу деп айтууга болбойт, анткени өзүлөрүнүн материалдык абалын кыргыз эмгекчилер массаларынын гана эсебинен жакшыртууга кызыкпаган кыргыз бай-манаптары келгиндерден да “энчи” алып калууну өзүбүздүн парзыбыз деп эсептешкен. Мына ошондуктан кыргыз калкынын кеңири катмарларынын жерге болгон муктаждыгы менен эсептешпей, алар мына ошол өз бетинче келгендерге кыргыз эмгекчилер массаларына таандык жерлерди сатышкан же узак мезгилге арендага беришкен. Мына ошентип, кыргыз жерине орустарды жайгаштыруу, кыргыз эмгекчилер массаларын жерден, жайыттардан ж.б.у.с. сыяктуулардан кол жуудуруу маанисинде алганда, байлар жана манаптар падышалык бийликке өлчөөсүз чоң кызмат көрсөтүшкөн. Жерлерди кыргыз калкынын өзүнүн ичинде бөлүштүрүү маселесине келсек, кыргыз калкынын пайдалануусунда калган жакшы жерлердин, жайыттардын экономикалык жактан кубаттуу, колу көп уруулардын колунда, ар бир уруунун ичинде, албетте, бай жана манап элементтердин колунда калышы эреже болгон.

Мына ошондуктан байлар жана манаптар падышалык колониялоодон жабыр тартышкан болсо да (анткени мал кармаган калктын негизги массасынын жакырданышына байланыштуу алардын эксплуатациялоо объектисинин чектери тарыган эле), ошондой болсо да алардын абалы эмгекчилер массаларынын абалына салыштырганда алда канча жакшы болгон, себеби мал чарбачылыгынын кедери кетиши, эмгекчилер массаларынын жакырданышы келгин орус кулактарына гана эмес, ошондой эле кыргыз-феодал  манаптарына да арзан жумушчу өндүргүч болуп саналат, ал материалдык байлыкты жаратат. Бул күчтү – батырактын жана кедейдин эмгегин өзүлөрүнүн баюу кызыкчылыктарында пайдаланууда кыргыз байлары жана манаптары жеткен ойлоп тапкычтыкты көрсөтүшүп, өзүлөрүнүн таш боордугу жана бетпактыгы жагынан тапташ тургандарынан – келгин кулактардан кем калышкан эмес.

Мындан тышкары, падышачылык кыргыз калкынын эксплуататор төбөлдөрүнүн да арасынан өзү үчүн бекем тирек түзүүгө таламдаш болгон. Мына ошондуктан кыргыз калкын административдик жайгаштыруу жагындагы иштин бүткүл системасы кыргыздар чөйрөсүнөн падышачылыкка кызмат кылып берүүчү элементтерден турган кыйла кадрларды түзүү көз карашынан жүргүзүлгөн. Бул жайгаштыруу айрым райондун экономикалык жактан туташ жайгашуусу менен да, волостторду уюштуруу принциптери менен да байланыштырылган эмес, ал айрым байлардын жана манаптардын кызыкчылыктарына ылайык жана көпчүлүк уруулук принцип боюнча жүргүзүлгөн.

Падышачылык доорунда 500-600 кожолуктан волость түзүп, кыргыздарды административдик жактан жайгаштыруу эреже болуп калган. Ал экономикалык көз караштан алганда ошондой волосттун калкынын мойнуна түшкөн чыгымдарды көтөрө албаган майда волость болгон. Бирок ал байлардын жана манаптардын көз карашынан алганда, ушул байлардын жана манаптардын эсебинен падышачылыкка кызмат кылуучу элементтердин армиясын (болуштарды, старчындарды) түзүп берген падышачылык администрациянын көз карашынан алганда толук максатка ылайыктуу болгон.

Падышачылыктын мамлекеттик башкаруу аппараты ушунчалык мите аппарат болгондуктан, анын ишинде калктын кеңири катмарларынын кызыкчылыктары жөнүндө камкордук көрүү эмес, эмгекчилер массаларынын эсебинен чиновниктердин, болуштардын, байлардын армиясын эң жакшы камсыз кылуу аракети негизги орунда турган. Мына ошондуктан пара алуу, “чыгым” төлөтүү жана башка алымдар дээрлик закондоштурулган иш болгон.

Падышачылыктын ынтаалуу кошоматчылары өз эмгектеринде падышачылыктын бул Жергени колониялашы ага тынччылык берди, кээ бир уруктардын, уруулардын ортосундагы чабышуулар токтоду деп жазышат, бирок ал адамдар башкаруунун падышалык системасы эмгекчилер массаларын мурдагы каракчылык талап-тоноонун ордуна закондоштурулган, уюшкан түрдөгү талап-тоноону камсыз кылгандыгын унутуп коюшат. Ошол эле адамдар бул Жергени падышачылык каратып алышына байланыштуу эмгекчилер массаларынын абалы кыйла жакшырды, анткени падышачылык бийликтин закондору тарабынан бирдей шарттарга коюлган байлар жана манаптар эмгекчилер массаларынын мүлктөрүн каалагандай калчай албай калышкан дейт. Анткен менен ал адамдар падышачылыктын бул Жергени каратып алышы жана падышалык администрациянын өкүлдөрүнүн арам тамактыгы эмгекчилер массаларын талап-тоноону өтө күчөтүүдө кыргыз байларына жана манаптарына жаңы түрткү бергендигин таптакыр унутуп коюшат.

Пара алуучулук кадимки эле кадыресе көрүнүш болуп калган. Баары – Жергенин башкы начальнигинен баштап, айылдагы акыркы элүү башчыларына чейинкилер пара алышкан. Уезддердин начальниктери, приставдар, алым жыйноочу инспекторлор, соттор, тергөөчүлөр, токой күзөтчүлөрү, болуштар ж.д.у. сыяктуулардын баары пара алышкан.

Бул маселеге менин көп токтолуп отурушумдун зарылдыгы жок, бирок уезддик начальниктердин бирине күзөт бөлүмү тарабынан берилген мүнөздөмө менен таанышып коюу сиздер үчүн кызыктуу болот деп ойлойм. Пржевальск уездинин мурдагы начальниги жөнүндө күзөт бөлүмү минтип жазат: “Полковник Иванов орус барининин бардык кылык-жоругу бар адам. Господин Иванов, эгерде кумар ойносо, ойногондой ойнойт, эгерде чайга чакырып калса, табылгыс дүр-дүйүм даамды жайнатып салат. Эгерде господин Иванов уезддин жерин көрүүгө чыгып калса, ал өзүнчө эле бир салтанаттуу жүрүш болучу. Ал үчүн кызмат адамдары жана манаптар Пржевальск шаарына чогулуп, уезддин начальнигин атчан узатып жүрүшчү. Ал токтолуп өтөөр жерлерге күн мурдатан жакшы боз үйлөр тигилип, ал жерлерге начальник келээр күндүн алдында ашпозчулар барышчу. Жети-Суу областынын административдик да, ошондой эле коомдук чөйрөсүндө да полковник Ивановдун “айкөл Валериан” деген лакабы бар болучу. Полковник Иванов байлыгынын мүмкүнчүлүгүнө караганда агыл-төгүл жашачу, “пара алуучу” эмес, бирок жергиликтүү адамдардан өтө көп карыз алуучу, карызы канча экенин аныктай алган жокпуз, бирок ал дээрлик бардык таасирдүү бай-манаптарга карыз болучу. Бирок “карызды” деле өзү атайлап алчу эмес, өзүнө “берилген” жергиликтүү адамдар, өзү болуштукка өткөргөн (Кадыр) жигити аркылуу алуучу. Бул кадыр-жигиттердин бардыгы уезддин начальниги менен ынак экендигинен пайдаланып, опузалап акча алышчу”.

Токой ведомствосунун чиндеринин да паракордугу жөнүндө мындай далилдерди Куропаткиндин айткандарынан да учуратабыз. “Тийиштүү контролдоодон тышкары калган токой корукчулары, — деп жазат Куропаткин, — калктын башына түшкөн бир балээ болуп саналат, токой ведомствосунун чоңдору мындай кыянатчылыктардын бар экени ырас дешет, бирок токой корукчуларынын материалдын абалын жакшыртпай, алардын санын көбөйтпөй, казына дачаларынын чектерин так аныктабай, өсүүнү жана пара алуучуларды тыйбай туруп токой корукчуларынын, ал тургай жергиликтүү калктын пайдалануусуна калтырылган жерлерде да ошондой алдым-жуттумдук кылууларын токтотууга мүмкүн эмес”.

Пара берүүдө өзүнчө бир түрдөгү конвейер системасы түзүлгөндүгүн таасын байкагандыгын белгилеп, күзөт бөлүмүнүн ишин калыс баалоо керек. Бул системага ылайык, айылдагы кедей, орто чарба адам айыл старчынына, ал болушка, болуш тилмечке, тилмеч уезддин начальнигине, уезддин начальниги өзүнөн жогору турган ж.д.у. сыяктууга пара берген. Анан бул кардарлардын баары уезддин начальниктерине жана приставдарына чынында эле “тартуу” чогултушкан учурларында өзүлөрүнө колдоо көрсөтүп жүргөн начальниктеринин гана эмес, ошондой эле өзүлөрүнүн да кулкундарын толтуруп калгыдай көп чогултушкан.

Падышачылыктын акыркы жылдарында пара берүү ушунчалык ачык бетпактык көрүнүш болуп кеткендиктен, Пржевальск уездинде жергиликтүү бир закон киргизилген, ага ылайык, апийим айдагандар ар бир теше жерден уезддик администрациянын чиновниктеринин пайдасына 5 сомдон берип турушкан. Падышачылыктын табиятына мүнөздүү паракордуктун мындай системасы, падышачылык башкарып турган акыркы жылдарда кыргыздардын ичинен манаптардын жаңы катмарларынын мансапка көтөрүлө башташына алып келген. Ал манаптар коомдук шатынын мындай чокусуна негизинен уезддин начальниктерине, приставдарга ж.д.у. сыяктууларга пара берүү түрүндө мал-мүлкүн көзүнө карабай чачуу жолу менен жетишкен.

Падышачылыктын акыркы жылдарында Пржевальск уездинде болуштукка пара берүү менен жетишкен эки болуш кыргыздардын “саясий жана коомдук” турмушунда башкы роль ойношкон. Булар ондогон жылдар бою батырактык кылып, андан кийин уезддик башкарманын жигиттери болуп иштеген адамдар болгон. Алар ошо уезддик башкарманын жигиттери болуп турушканында мал-мүлк дегенди көп басышкан. Бул мал-мүлктөрү алардын өзүлөрүнүн карындарын толтурууга гана эмес, ошондой эле пара берүүнүн жардамы менен уезддик администрацияга да жакындашууга мүмкүнчүлүк берген. Мисалы, Абдылда Сарынов жана Сагын мына ошондой адамдардан болгон.

Тектүү манаптардын бир бөлүгү падышалык администраторлордун жардамы менен эмгекчилер массаларын эксплуатациялоого анчалык ыңгайлаша албай, падышалыктын тушунда кыргыздардын коомдук турмушунда экинчи планга сүрүлүп калгандыгын белгилей кетүү кызык. Бул көрүнүш кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында чагылдырылган. Мурдагы Пржевальск уездинде төмөнкүдөй ыр эл арасында көп ырдалып жүрө турган. Анын маңызы мындай: Бул дагы кудаа буйругу, \ Кутургу өттү оруска. \ Жардамга келип улугу, \ жалгыз аттуу Кыдырбай, \ жетип алды болушка. \Бу дагы кудаа буйругу”. Мага бул ыр өзүлөрү жалгыз аттуу болушса да уезддик администрация менен өзүлөрүнүн ынактыгынан пайдаланып, андагыларга эмгекчилер массаларынын эсебинен пара берип жүрүп, кыргыздардын коомдук турмушунда кыйла көрүнүктүү абалга жетишип алган, мына ошол кыдырбайлар тарабынан падышалык бийликтин тушунда кыргыздардын коомдук турмушунда жетекчилик роль ойноодон сүрүлүп чыгарылган байлардын жана тектүү манаптардын ошол кыдырбайларга билдирген нааразылыгын чагылдырып тургандай көрүнөт.

Майданга “жаш” манаптардын чыгышы жана тектүү манаптардын кээ бир бөлүгүнүн арткы планда калышы тектүү манаптардын көпчүлүгү “сүрүлүп чыгарылгандардын” категориясына кирип калган турбайбы деген жаңылышууга алып келбөөсү тийиш. Жок, тектүү манаптардын көпчүлүгү падышалык администрациянын жардамы менен эмгекчилер массаларын талап-тоноп, шарттарына эң сонун ыңгайлашып алышкан болучу.

Болуштарды, бийлерди, старчындарды ар кандай шайлоо, уездик жана участоктук борборлорго ар кандай келип-кетүүлөр, волостторго уезддик администрациянын чиновниктеринин ар кандай келиши ж.д.у.с. чыгым чогултуулар менен коштолгон. Бул “чыгымдар”  теңдемечилик тартип, социалдык айрым топтордун жана кожолуктардын материалдык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуусуз салынган. Мына ошондуктан “чыгымдын” негизги оорчулугу дайыма эмгекчилер массаларынын мойнуна түшүп, ал чыгымды чогулткандар падышалык администрацияда кызмат кылгандардан күткөн өзүлөрүнүн “колдоочуларына” өз чөнтөктөрүнөн төлөмөк гана тургай, алардын жардамы менен өз байлыктарын көбөйтүп калуу мүмкүнчүлүгүн да алышкан.

Бул көрүнүштүн канчалык закондоштурулган нерсе болгондугу мындан көрүнүп турат: начальниктердин жасоолдору болгон алар падышалык казынадан эч нерсе алышкан эмес, бирок уезддик начальниктерде, приставдарда ж.д.у.сыяктууларда маяна албай кызмат кылууну эмнегедир пайдалуу иш деп эсептешкен. Пайдалуулугу ушул: аларда калктан пара алышкан, бул жөнүндө падышалык администрация да билген. Бул “чыгымдар” мамлекеттик салыктардан бир нече эсе көп болгондуктан, кыргыз эмгекчилер массаларын таптакыр жакырданткан. Уезддик бир начальник келип кеткенден кийин “чыгымын” төлөө үчүн бир кедей өзүнүн акыркы уюн сатууга аргасыз болгондугун өз көзүм менен көргөнмүн.

Буга кыргыздар арасында колдонулуп келген эзүүнүн өзүнчө бир формасын кошсок, анда кыргыз калкынын эмгекчилер массаларынын укуксуздугунун, тураны түгөткөн жакырдыгынын, абалынын аргасыздыгынын жөн-жайы таптакыр ачык-айкын болот. Ал мындай форма болгон: байлар жана манаптар кедейге саан уйларын жана аяк улоолорун убактылуу пайдаланууга беришкен, а кедей бул үчүн бүткүл үй-бүлөсү менен күндөп-түндөп, мөөнөт жана убакыт деген менен эсептешпей, ошол байга иштеп берүүгө тийиш болгон.

Кыргыз чарбасынын экономикасына товардык мамилелердин киргизилиши жана соода-сүткордук капитализмдин экономикага тийгизүүчү таасиринин өсүшү падышачылыктын бул Жергени колониялоосунун составдуу бөлүгү болуп саналат. Сиздерге капиталдын бул формасы материалдык жаңы байлыктарды түзбөстүгү, ал чарбалык организмге сүлүктөй жармашып, анын бардык ширесин соруп алып, мына ошентип аны алсыратып, мунун натыйжасында, кайталап өндүрүү процесси андан ары улам көбүрөөк тарыган чектерде жүрүүгө аргасыз боло турганы маалым. Сүткордук – бул капитал кыргыздар арасында ушунчалык жаман форма алгандыктан, сүткор көпөс калкка жазында карызга берген 50 тыйыны үчүн күзүндө бир козу алып турган же күзүндө калкка берген 1 сом 50 тыйыны үчүн жазында бир жаш торпок алган. Бул капиталдын өкүлдөрү көбүнчө орус кулактар, өзбек жана татар көпөстөрү болгон, бирок кыргыз манаптары деле бул иштен четте калышкан эмес.

Мындай бир мисал келтирейин: Күңгөй Ак-Суу волостундагы кездеме кыдыртып сатуучу сүткор-соодагер кыргыз, бир кожолукка бир жуп көлөч берип, арадан үч жыл өткөндөн кийин ошол көлөчтөрү үчүн ал кожолуктан тайлактуу төө жана бир жылкы алыптыр. Соода-сүткорлук капиталдын практикасында бул чанда бир учуроочу көрүнүш эмес, эреже болгонун далилдеп туруунун кереги жоктур дейм.

Мына ошентип, падышалык администрация менен анын пара алуу, талап-тоноо ж.д.у.с. системасы менен катар кыргыз калкынын арасында жакырдыктын өсүшүн күчөтүү маанисинде алганда соода-сүткордук капитал да өз ишин кылган.

Эгерде буга кыргыз байларында, орус кулактарында жана көпөстөрүндө иштеген кыргыз кедейлери менен батырактарынын алган эмгек акыларынын деңгээлин кошсок, анда алар кандай жакырдыкка чейин жеткирилгендиги сиздерге ачык-айкын болот. Кыргыз байлары жана манаптары эмгек акыны натуралай төлөгөн жана аны акчага которгондо орус кулактарында бир жыл бою иштеген батырак мындан бир аз көбүрөөк, 35-40 сом алган. Бул батырактар өзүлөрүнүн кожоюндарынан эмгек акыдан башка эч нерсе алышкан эмес жана мына ушул кенедей эмгек акысынын эсебинен өзү кийиниши, тамактанышы жана өзүнүн үй-бүлөсүн багышы тийиш болгон. Сыртынан караганда эркин сыяктанган, бирок кулак-эксплуататорлорго, байларга жана манаптарга таандык жерге жана малга көз карандылык шарттарга байланып турган кыргыз калкынын эмгекчилер массалары чындыгында крепостнойлордон анчалык айырмаланышкан эмес.

Жергиликтүү калктын акырындап азая бериши падышачылыктын колониялоо саясатынын натыйжасы болгон. Кыргыздар 1902-жылдан 1913-жылга чейин 8,9 процентке азайган. Мунун эсесине келгиндердин саны 10 процентке көбүрөөк көбөйгөн.

Колониялоонун ашкере макталган прогрессивдүү комиссиясынын натыйжасы кыскача мына ушу, империалисттик мамлекеттердин малайлары Чыгыштын колонияга айландырылган өлкөлөрүндө ушу кезде да аны жаагын жанып көкөлөтүүнү токтотуша элек.

СОГУШ ЖЫЛДАРЫ, КӨТӨРҮЛҮШ, АНЫН ЖЕҢИЛИШИ ЖАНА ЖЕҢИЛИШИНИН СЕБЕПТЕРИ

Согуш жылдары. Согуш жылдарында биз кандай абалда элек? Биз, жолдоштор, эмгекчилер массаларын эксплуатациялоо күчөп, пахта жана мал өстүрүүчү чарбалардын дээрлик бардык продукцияларына монополиялык баалар коюлуп, ал баалар продукцияларды өндүрүүгө пахтачылардын жана малчылардын жумшаган чыгымдарын актабай калган абалда турган болчубуз. Эмгекчилер массалары пахтаны, кийиздерди, кой терилерин, жоого минүүчү жылкыларын, боз үйлөрүн ж.д.у. сыяктууларын акчанын баркы кетип, өнөр жай товарларынын баалары өлчөөсүз өсүп жаткан кезде көпөстөргө мына ушул монополиялык баалар менен сатуулары тийиш болгон.

Мындан тышкары, согушуп жаткан армиянын муктаждыктары үчүн “ыктыярдуу” түрдө кийиз, байпак, аркан, жүн, тери, май ж.д.у. сыяктууларды чогултуу уюштурулган, булардын баары топтолуп эмгекчилердин массаларынын мойнуна түшкөн, анткени падышалык администрация тарабынан колдоого алынган байлар жана манаптар ошол алымдардын баарынан бошотулган болучу. Бул “ыктыярдуу” чогултуулар адатта мындай жол менен жүргүзүлгөн: уезддин начальниктери же участоктук приставдар болуштарды чакырып алып, согушуп жаткан армиянын жоокерлеринин муктаждыктары үчүн мынчалык кийиз, кой терисин, боз үй ж.б.у. сыяктууларды чогултуу керек деп айтышкан. Алар өз кезегинде айыл старчындарын жана атка минерлерин чогултуп, начальниктердин буйругун билдиришкен, кийинкилери болсо албетте, эч кимди чогултпай эле кожолуктарга эмнени чогултуулары керек экенин бөлүштүрүп, аларды тапшыруунун мөөнөттөрүн так көрсөтүшкөн. Албетте, байлардын жана манаптардын кожолуктары андай чогултуулардан бошотулган.

Согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан жөнөтүлгөн мал-мүлктүн өлчөмү жөнүндө падышага 1917-жылы берген отчетунда Куропаткин мына буларды билдирген: согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан 40,899,244 пуд пахта, 38004 чарчы аршин кийиз, 3109 миң пуд пахта майы, 229 пуд самын, 300 миң пуд даярдалган эт, 473928 пуд балык, 70 миң жылкы, 12797 төө, 1344 үй1 жөнөтүлдү. Көрүп турганыңыздардай, жөнөтүлгөн нерселердин тизмесинде боз үйлөр аяк жагында келтирилген. Боз үйлөрдү кантип жана кимдерден алышкан? Байлар жана манаптар бир нече боз үйлөрү болсо да боз үй беришкен эмес, бирок мунун эсесине кедейдин жана орто чарбанын акыркы боз үйүн алып коюшкан. Жылкы жагынан да ушундай болгон. Тандап алуу комиссиясына кедейдин жылкысы жагып калган болсо, аны а-бу деп отурбай эле алып коюшкан. Кедейлер жана батырактар мунун үстүнө империалисттик кырылышта салгылашып жүрүшкөн солдаттардын үй-бүлөлөрү үчүн акысыз иштеп беришкен. Көрүп турганыңыздардай, жергиликтүү калктын эмгекчи адамынын абалы 1916-жылга карай адам чыдагыс болгон. Алар өзүлөрү үчүн гана эмес, ошондой эле байлар жана манаптар үчүн да материалдык зыяндарды тартышкан. Алар солдаттардын үй-бүлөлөрү үчүн эмгегине эч нерсе албай иштеп беришкен.

____________

1.Маалыматтарды Т.Рыскуловдун “Түркстандагы жергиликтүү элдердин 1916-жылдагы көтөрүлүшү” деген китебинен келтирип жатам.

Согуш, мына ошентип, жергиликтүү калктын эмгекчилер массаларынын жакырданышынын күчөп жаткан процессин дагы көбүрөөк тездеткен, колонизаторлор, байлар, манаптар, сүткөр көпөс аеосуз эксплуатациялаган паупер, батрак болууга аргасыз болгон адамдардын армиясын көбөйткөн. Алар жумушчу боло алышкан эмес, анткени падышачылык бул жерге өнөр жай ишканаларын курдурган эмес.

Шексиз, алардын аргасыздык, муктаждык, жакырдык абалы эмгекчи массаларында падышачылыкты толук закондуу жек көрүүнү туудурган. Ал кезде кыргыз эмгекчи массаларынын ичинен падышачылыктын согушта жеңилишин каалабаган адамды учуратуу кыйын эле. Кыргыздар падышалык армиянын жеңилгендиги жөнүндөгү ар бир кабарды “чала, ошондой болсун, “ак падыша” калыстыктан калып бараткан эле” деп угушкан. Алардын чыдамы чегине жетип бүткөн эле. Кыргыз калкынын негизги бөлүгү өндүрүштүн негизги каражаттарынан – жерден, жайыттан жана суудан кол жууп калышы, аларды мүңкүрөткөн жакырдык, ачкалыктан өлүү кадиксиздиги, кулактардын, падышалык администраторлордун, байлардын жана манаптардын ж.д.у.сыяктуулардын биргелешкен күчтөрүнүн эзүүсүнөн кутулууну көксөө – 1916-жылкы көтөрүлүштүн объективдүү өбөлгөлөрү мына ушулар болгон.

Эмгекчи массалардын кыжырдануусу дүрмөттөр сакталган ороодой дүрт жарылууга даяр турган, бирок бул үчүн учкун керек эле. Кыргыздарды оорук жумуштарына алуу мына ошол учкун болгон. Мына ошентип оорук жумуштарына жумушчуларды алуу көтөрүлүштүн чыгышына түздөн-түз шылтоо болгон, негизги себептери мен жогоруда айтып өткөн экономикалык факторлордо бугуп жаткан. Бирок оорук жумуштарына жумушчуларды алуунун өзү деле белгилүү даражада себеп болгондугун, бирок чечүүчү, негизги себеби болбогондугун эскерте кетүү керек. Көтөрүлүштүн чыгышынын негизги себептери социалдык-экономикалык факторлордо, колониялык эзүү тартиби жерден, суудан, малдан, бир сөз менен айтканда, күн көрүү каражаттарынан кол жуудуруп салган эмгекчи массалар үчүн адам чыдагыс абал болуп калгандыгында эле.

Ошондой болсо да мен оорук жумуштарына жумушчуларды алуунун маанисине да учкай токтоло кетмекчимин. Адамдар оорук жумуштарына гана алынып жаткандыгына, албетте, эч ким ишенген эмес. Мындай шылтоо менен солдатка алынып жатышкандыгына дээрлик ар бир адамдын көзү жетип турган. Падышалык армияда эч кимдин кызмат кылгысы келген эмес. Кыргыздар падышалык армияда кызмат өтөөнү ушунчалык жек көрүшкөн, ошондуктан алар жер-суусу каратылып алынган алгачкы жылдарда өз балдарын окууга орус мектептерге беришкен эмес, анткени эмнегедир бир орус мектептеринде окуган балдарды сөзсүз армияга алып кетишен деп ишенишкен.

Ошондуктан Жети-Суу областынын биринчи согуш губернатору Колпаковский орус жана жергиликтүү калк үчүн мектептерди ачып, манаптарга балдарыңарды ошол мектептерге окууга бергиле деп сунуш кылганда, алар кедейлердин балдарын жана жетимдерди бергенибиз туура деп табышыптыр. Андай балдарды мектепке окууга берип жатышканда, “буларды согушка алып кетишсе да, каапыр кылыш коюшса да ичибиз оорубайт” деп коюшчу экен. Бирок ал жетимдер орус да, солдат да болбой эле тилмечтикке үйрөнүп, алардын өзүлөрүнүн “куйругун бурап” киришкенден кийин гана балдарын орус мектептерине бере башташыптыр.

Мындан тышкары, оорук жумуштарына алууга эмгекчилер массаларынын мындай терс мамиле жасашында алардын фронттогу чыныгы абалды билбегендиги да кыйла зор роль ойногон. Орус дыйкандары менен ирегелеш жашап, алардын көбү менен таанышып калган кыргыздар фронтко жөнөтүлгөн Иванов, Петров ж.д.у. сыяктуулардын көбү үйлөрүнө экинчи кайрылып келишпестигин жакшы билишкен. Кыргыздарды оорук жумуштарына алуу жөнүндөгү буйрукту эмгекчилер массалары мына ошон үчүн өтө душмандык менен кабыл алышкан.

Кыргыз калкынын эмгекчилер массаларынын арасында оорук жумуштарына алуу жөнүндө ача пикир болгон эмес. Алардын баары буга бир кишидей каршы чыккан. Ошентип падышалык администрация болуштардын жана манаптардын жардамы менен мобилизациялоого даярданып жаткан кезде эмгекчилер массалары көтөрүлүшкө камылга көрө баштаган.

Манаптардын басымдуу көпчүлүгү мобилизациялону кош колдоп кабыл алган. Алар мобилизациялоонун камсыз кылынышы үчүн массаларга таасир этүүнүн бардык каражаттарын, “ал тургай” орус куралынын күчү менен коркутууну да колдонушкан.

Россиянын борбордук шаарларында болуп келишкен кээ бир манаптар (Кыдыр) орус армиясынын күчүн өз көзүбүз менен көрдүк, ага каршы күрөшүүгө болбойт, мүмкүн эмес деп калкты ынандыра баштаган. “Жакшы куралданган орустарга каршы согушууга болбойт. Баарыбызды кекиликтей терип атып, кырып таштайт”. Мындай сөздөр көтөрүлүш чыгарууга каршы ынандыруунун көндүм ыгы болуп калган.

Падышалык бийликтин буйругу боюнча байлар, манаптар паралап, балдарын армиядан алып калууга, балдарынын ордуна жалданма кедейлерди, батрактарды жиберүүгө укуктуу болушу эмгекчилер массаларынын бөтөнчө күчтүү таасир эткен.

Байларга жана манаптарга берилүүчү жеңилдиктер жөнүндөгү бул буйрукту чыгарууда, жумушчуларды оорук жумуштарына алууну жүргүзүүдө падышалык администраторлор алардын колдоо көрсөтүүлөрүнө негизсиз үмүттөнүшпөгөн болуу керек. Калыбы, байлардын жана манаптардын колдоосу камсыз кылына турган болгон соң, чакырыктын ийгилиги да колубузда болот деп ойлошкон окшойт. Бирок алар дал ушул буйрук падышалык бийликтин өкүлдөрүн гана эмес, ошондой эле байларды жана манаптарды да эмгекчилер массаларынын жек көрүүсүн чегине жеткирип, жаалдантып чыгарарын эске алышкан эмес. Бул буйруктан кийин болуштардын жана падышачылыктын башка малайларынын оорук жумуштарына барууга көндүрүү аракеттерине эмгекчилер массалары “өзүңөр паралап барбай калар болгон соң айта бересиңер да”, — деп кыска жана кесе айтышкан.

Ошентип, кыргыз эмгекчи массалары көтөрүлүшкө, улуттук боштондукка чыгуу күрөшүнө даярдана башташкан.

Кыргызстандын кээ бир жерлеринде айрым манаптардын көтөрүлүшкө катышкандыгы жана ал тургай ага башчылык кылууга аракеттендиги эч качан жаңылыш пикир туудурбашы тийиш. Бул эреже эмес, падышачылык “таарынтып” койгон эмгекчилер массаларын талап-тоноого падышалык администрациянын жардамы менен ыңгайлаша албай же начар ыңгайлашып калган манаптардын ушундай катмарлары дуушар болгон чанда бир учураган көрүнүш болгондугу эсиңиздерден чыкпасын. Алар көтөрүлүшкө падышалык бийликке каршы күрөшүү үчүн, кыргыз калкынын мүңкүрөп тургандыгына жаны ачыгандыгы, улуттук боштондукка чыгуу идеясына жан тарткандыгы үчүн эмес, эмгекчилер массаларынын кыймылы алардын өзүн тебелеп кеткидей кулач жайып алганынан коркконунан катышышкан.

Ошондуктан көтөрүлүшкө даярдануу убагында падышалык администрациянын колунан эч нерсе келбей калганын жана эмгекчилер массалары активдүү аракеттенип жатканын көргөндөн кийин массаларга тийгизген таасиринен ажырап калбоо үчүн көтөрүлүшкө кошулуп, кээ бир жерлерде кыймылга да башчылык кылышкан. Көтөрүлүшкө каршы болгондорунун чыккынчылык кандай роль ойногондугу өзүңүздөргө түшүнүктүү. Бирок кандыкка көтөрүлгөндөрү да чыккынчылык чоң роль ойноптур. Шабданов Мөкүш Пишпек уездинин, Канат Ыбыкеев Загорский волостунун хандыгына көтөрүлгөн.

Эми ошолор эмне кылганына токтололук. Көтөрүлгөн калк тарабынан хандыкка шайланып, массалардын күрөшүнө жетекчилик кылып жүрдүм эле демиш болгон ошол Канаттын айтканынан алар (Шабданов Мөкүш жана башкалар) 7-августтан Пишпек уездинин начальниги Рымшевичке жаштар оорук жумуштарына барбайбыз деп жатышкандыгын айтып барышкандыгын жана уезддин начальнигинен мандемдүү жерлерге аскер жиберүүнү суранышканын билебиз. Ал жерде, Загорный волостунда үч күндөн кийин көтөрүлүш башталып, Канат өзүн ханмын деп жарыялаган.

Бай-манаптардын айрым катмарчаларынын көтөрүлүшкө катышканы, кээ бир учурларда алардын көтөрүлүшкө жетекчилик кылышкандыгы, анан “хан бийлигин калыбына келтирүү маанисинде атканда” кыймылга “феодалдык реакциянын демин кошкондугу” көтөрүлүштүн революциячыл мүнөзүн өзгөртө алган эмес. “Улуттук боштондук кыймылынын революциячыл мүнөзү, — деп жазат жолдош Сталин, — империалисттик эзүүнүн кырдаалында (курсив меники – Ж.А. ) кыймылда пролетардык элементтердин сөзсүз болушун, кыймылдын революциячыл же республикачыл программасынын болушун, кыймылдын демократиялык негизинин болушун дегеле талап кылбайт. Афганистандын көз карандысыздыгы үчүн афган  эмиринин (Аманулла хандын-Ж.А.) күрөшү эмирдин жана анын шериктеринин көз караштарынын монархиячылар мүнөздө экендигине карабастан, объективдүү түрдө революциячыл күрөш болуп саналат, анткени, ал күрөш империализмди начарлатат, ичинен иритет, алсыратат, ал эми айталык, Керенский жана Церетели, Ренодель жана Шейдеман, Чернов жана Дан, Гендерсон жана Клайн сыяктуу “оттон-суудан кайра тартпаган” жана республикачылардын империалисттик согуш убагындагы күрөшү реакциячыл күрөш болгон, анткени аны натыйжасы империализмди жасап-түзөө, чыңдоо, империализмдин жеңиши болгон” (“Вопросы ленинизма”, стр.49).

1916-жылдагы көтөрүлүштүн улуттук боштондук мүнөзү да анын өзүнүн табиятынан, “империалисттик эзүүнүн кырдаалында” Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин улуттук кыймылы болгондугунан, өзүнүн натыйжасында россиялык империализмди начарлатуу, ичинен иритүү жана алсыратуу максатын көздөгөндүгүнөн келип чыгат.

Кээ бир манаптардын алигинтип хандыкка көтөрүлүп калуу фактысын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Бул “саясий жактан уюшкан пролетариат” тараптан көтөрүлүшкө жетекчилик кылуу болбогондугу менен түшүндүрүлөт, анткени россиялык пролетариат ал кезде падышачылыкка каршы чечүүчү күрөшкө көтөрүлгөн массаларга жардам берүүгө али ачык чыга алган эмес. Россиялык пролетариаттын революциячыл жогорулоосу мындан бир нече айдан кийин, жеке бийлөөчүлүккө каршы колуна курал алып чыккан февраль-март күндөрүндө гана өзүнүн бийиктигине жеткен.

Падышачылык Түркстандагы бирден бир революциячыл большевиктер партиясын терең подпольеге кетүүгө аргасыз кылгандыктан, ал партия көтөрүлүшкө жетекчилик кыла алган эмес. Мына ошентип, Орто Азиянын, анын ичинде  Кыргызстандын эмгекчилер массаларынын көтөрүлүшү пролетариаттын жана большевиктер партиясынын жетекчилигисиз калган. Революциянын жүрүшүн жана аякташын мына ушул жагдай алдын ала чечип койгон. Бирдиктүү пролетардык жетекчиликтен ажыраган, улам бир жердеги чыгуулар мүнөзүндө болгон колониялык көз карандылыктагы Орто Азия элдеринин баатырдык көтөрүлүшү басылып ташталган.

Владимир Ильич Ленин 1916-жылдагы Ирланд көтөрүлүшү жөнүндө минтип жазган: “Ирланддардын бактысыздыгы – көтөрүлүшкө өз убагында эмес, пролетариаттын Европада болор көтөрүлүшү али жетиле элек кезде чыгышкандыгында турат” (Ленин, XIX, стр.197). Владимир Ильичтин бул сөздөрүн Орто Азия жана Кыргызстан элдеринин 1916-жылдагы көтөрүлүшүнө толук жана бүт бойдон колдонсо болот.

Биздин бактысыздыгыбыз, ал кезде орус пролетариаты падышага, россиялык империализмге каршы чечкиндүү күрөшкө ачык чыга албагандыгында жана Орто Азиянын көтөрүлүшкө чыккан элдерине реалдуу жардам бере албагандыгы болгон.

Падышалык өкмөт көтөрүлгөндөргө каршы ошол кездеги эң жаңы техника менен куралдандырылган зор армияны аракетке келтирген, а көтөрүлгөн массалар учуна темир кыма капталган найзалар жана бурама байланган сармоорлор же жөн эле таяктар, эски түтөтмөлөр менен куралданышкан эле. Падышалык генералдар бул массага көп сандаган куралдуу күчтөрдү каршы коюшкан, алардын бир бөлүгү империалисттик согуштун майдандарынан алып келинген.

Жети-Суу областынын согуш губернатору Фальбаумга генерал Куропаткиндин жиберген телеграммасынан көтөрүлгөн массага каршы бир гана Жети-Сууда орус казактарынын эки полку, бир атчандар армиясы, 35 рота, 24 жүздүк, 240 атчан чалгынчы, 16 замбирек,  17 пулемет каршы аракеттенгендиги көрүнүп турат. Күч тең эмес болгондугун бул жерде далилдеп отуруунун кажети жок. Бир тарапта согуш өнөрүнүн бардык эрежелерине ылайык үйрөтүлгөн, борборлоштурулган башкаруусу, замбиректери жана пулеметтору бар, экинчи тарапта – союл, чокморлор менен куралданган, башкарган жетекчилиги жок массалар турган.

Көтөрүлгөн массалардан Куропаткин жетишерлик чоң коркунучту көргөн, ошондуктан ал өзүнүн замбиректери жана пулеметтору бар солдаттарына гана эмес, ошондой эле Орто Азиянын биринчи жолу басып алгандардын да “тажрыйбасына” таянууну зарыл деп тапкан. Ошол эле Фольбаумга караганда каруу-күчү аз полковник Колпаковский мындан 52 жыл мурда Верныйга (Алма-Атага) таандай каптап чабуул коюп келе жаткан колду тайманбай утурлап чыгып, ал колдорду Кастек ашуусунда баш көтөргүс кылып талкагандыгын, генералдар Черняев, Романовский, Кауфман жана Скобелев Сыр-Дарыя, Самаркан жана Фергана областтарын көп каруу-күчсүз басып алышкандыгын айткан жана Фольбаумга алардан өрнөк алууну сунуш кылган.

Бул аскерлердин көп бөлүгү көтөрүлгөн кыргыздарга каршы жиберилген, анткени, көтөрүлүш Түркстандын эч бир жеринде Ысык-Көл, Нарын аймактарындагыдай жана Чүй өрөөнүндөгүдөй айыгыша жүргөн эмес.

Кыргыздардын эки уезди үчүн Куропаткиндин таш боордуктун бөтөнчө чарасын көрүүнү – кыргыздарды акыркы бир таман жеринен кол жуудурууну чечиши, көтөрүлүштүн мына ушул мүнөзү менен түшүндүрүлөт. Ушул жерде бир цитата келтире кетүүгө уруксат этиңиздер, анткени ал кыргыз аймактарында көтөрүлүш кандай кулач жайгандыгын түшүнүү маанисинде гана эмес, ошондой эле падышалык генералдар кыргыздардын акыркы калган жерлерин тартып алып, алардын ачарчылыктан тукум курут болушуна кантип жетишмекчи болгондугун да түшүнүү үчүн кыйла кызык мисал болуп саналат.

“Көтөрүлүштүн жол башчыларын, — деп жазат Куропаткин, — терип кыруу зарыл, ага катышкан массаны кечирип коюуга да болот (боорукердик кылганын карасаңыз? – Ж.А.). Мен падышага да ушул мааниде айтамын, бирок козголоңчулар орустардын канын көп төккөн Пишпек уездинин Загорский бөлүгүндөгү бардык волосттогулар жазаланат жана Көл кылаасы, Кебен (Кемин) өрөөнүнүн жерлери кыргыздардан түбөлүккө тартып алынат, ар жерлердеги кыргыздар Нарын аймагындагы тоолорго сүрүлүп чыгарылат, козголоңчуларды минтип катуу жазалоо – аларды жерден кол жуудуруп, кыргыздардан татыктуу өч алуу болуп саналат” (Рыскуловдун китебинен цитата келтирип жатам. – Ж.А.).

Куропаткинге өзүнүн пикирин билдиргенинде Фольбаум да дал ушундай көз карашта болгон. Ал “талаа кыргыздарын жеңил-желпирээк жазаласак болот, бирок пишпектик жана пржевальскилик кара кыргыздарды Токмок (Чүй) өрөөнүнөн, Кебен өрөөнүнөн жана Көл кылаасынан таптакыр айдап чыгуу керек” (Рыскуловдун китебинен цитата келтирип жатам), — деп жазган.

Кыргыз аймактарында аракет кылган жазалоочу отряддар бул көрсөтмөлөргө ылайык туткундар менен баш оорута турган эмес. Отряддар туткунга түшкөн кыргыздарды бала-чакалары менен чогуу атып таштаган.

Ушул эле дейсизби? Караколдо, Түптө жана Теплоключенкада көтөрүлүшкө катышпаган кыргыздар, уйгурлар атылып ташталган, а уйгурлар тескерисинче, көтөрүлүштү басып таштоого жардам беришкен.

Фольбаум менен Куропаткин кыргыз калкынын тукумун курут кылуу үчүн стратегиялык план иштеп чыгышкан, ал планга ылайык үрккөн адамдар качып кетиши мүмкүн тоо өткөөлдөрүн жана ашууларын тосуп таштоо алдын ала каралган. Жазалоочу отряддар Ысык-Көл ойдуңунда, Чүй жеринде, Жумгалда, Нарында, Көк-Артта, Каркырада кыргыздарды кекиликтей кууп жүрүп атышкан. Алар 1916-жылдагы көтөрүлүштү басып таштоого, көтөрүлгөн калкты талкалоого жетишкен. Кыргыздар Түп, Сырт ж.д.у.с. жерлерде өзүлөрүнүн мал-мүлкүнүн теңинен көбүн калтырып, Кытайга үркүп кетишкен. Кытайга үркүп кетүүнүн, жазалоочу отряддардын аракеттеринин натыйжасында болжол менен 150 миңге жакын адам чыгым болгон.

Кош, Кытайга үркүп баргандардын абалы кандай болду экен? Бул жөнүндө көп айтып отуруунун кажети жок. Чек арада кытай-калмактар ок атып тосуп алып, кыргыздарды талап-тоной башташкан жана алар бул жерде да акыркы малынан ажырап, нан-тузсуз калууга аргасыз болушкан. Ачкадан өлө башташкан. Муну менен бирге үркүп баргандардын арасында келте башталган. Ошентип, кыргыздардын көпчүлүгү аялдарын жана кыздарын сатып күн көргүдөй абалда калган. Түркстандагы падышалык администраторлор буга карабастан дыйканчылык министерствосунун уруксаты боюнча кыргыз жерлерин орус келгиндерине берип, кыргыздарды бир таман жерсиз калтыруу боюнча өзүлөрүнүн долбоорлорун жүзөгө ашыра беришкен.

Аларга мурда келген орус поселокторундагылар жардам беришкен, алар кыргыздар Кытайга кетишпегенден кийин кыргыз калкынын жерлерин басып алышып, өз бет алдынча поселокторду курушкан.

Үрккөндөр Кытайдан кайтып келе баштаган февраль революциясынан кийин алардын жери да, баш пааналай турган жайы да жок болуп чыккан. Алар топ-тобу менен бир үзүм нан үчүн, бир ашмүшкө чай үчүн, ал эми кээ бир жерлерде кара курсагын кампайтыш үчүн гана орус кулактарынын, татар көпөстөрүнүн кол алдында иштешкен.

1916-жылдагы көтөрүлүштөн материалдык жактан бир аз зыян тартып калган орус кулактары отряддар курап, ал отряддар айылдарды кыдырып, кыргыздарды өлтүргөн. Көтөрүлүш өтө күчтүү жүргөн Каракол уездинде кыргыздардын улуттук кийим кийиши кыргыздар үчүн улуттук маскаралык, улуттук душманы болуп калган. Караколдун көчөлөрүндө кыргыздын тебетейин, кыргыз чапанын кийип жүрүүгө мүмкүн болбой калган. Базарга келген кулактар кыргыздарды өз билгендеринче жазалап, ташка алып сабаган, кордошкон, бийликтин өкүлдөрү полицейскилер – тартиптин “сакчылары”, кулактар, колонизаторлор карып кыргыздарды кантип сазайын берип жатышкандыгын мурутун чыйратып карап турушкан.

“Ала Тоо” журналынын тиркемеси (1983)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *