Грек жомогу: Согушка барган кыз

Бар экен, жок экен, бир падыша жана анын үч кызы болуптур. Бир жолу ага башка өлкөнүн ханы согуш жарыялайт. Ал карып калган эле, андыктан согуша турган алы жок болучу. Ошентип ал эмне кыларын билбей ыйлап отурат. Аңгыча улуу кызы келип сурайт: – Эмне болду сага? – Ал сенин түйшүгүң эмес, билбей эле кой. – Жок атаке, айтпасаң кетпейм! – Байкушум, сенин колуңан эмне келмек эле! Мени согушка чакырып жатышат. – Аах, согуш башталса мени күйөөгө дагы бербей калат экенсиң да!– […]

Шатман САДЫБАКАСОВ: Жол

АҢГЕМЕ – Мен баратам, апа, барам! – Келбегин, уулум, келбе! Жөнөдү: кашкайган узак жол анын көз алдына өттү. Төшөлө берди. Бардык дарбазалардын, бардык терезелердин, баарынын жанынан бараткан жагын жакшы көрчү да. Андан эч убакта, эч качан бурулчу эмес. Күндүз ал күн нурундай учу-кыйырсыз, а түн киргенде анын үстүнө бүт жылдыз түнөөчү. Жер жадырап, гүлдөр ага жылмаят. Ал гүлдөрдү үзүп алып үрпөйгөн чачына саят. Ар бир гүл анын бутунун алдына берметин кулатат. Талаадагы жол боюна карапага куюп койгон сууга окшоп, анын […]

Кадыр КОШАЛИЕВ: Билим берүүнү соодага айлантпайлы

Билим – түндө маңдайыңда шам чырак, өмүрүңдө жол көрсөтүп жаркырап» Жусуп Баласагын Илим-билимге умтулуу касиети кыргыздын канында, менталитетинде бар. Кыргызстандын билим берүү системасында дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар эске алынуу менен этнопедагогиканын, нукура элдик тарбиянын табылгаларын эриш-аркак жүргүзүүгө өтүшүбүз зарыл. Албетте, коомдо билимдүү, илимдүү адамдардын бедели бийиктеп, билими күчтүүлөр татыктуу ордун тапмайынча, мамлекет иш жүзүндө билим-таалим иштерин жогору коймоюнча бул тармак жемиштүү иштей албайт. Бул узак убакты, көп каржыны, саясый эркти талап кылган орчундуу маселе. Улуттук идеологиянын нугунда (башка өлкөлөрдү ээрчий бербей) билим-тарбия ишин […]

Абдыжапар ЖАКЫПОВ: Салый апа

АҢГЕМЕ Салый апа бүгүн демейдегисиндей кечки тамак жасоого кам көргөн жок. Уюн бададан келээр замат саады да, токол тамга жанаша салынган стандарттуу чатырланган үйдүн эшигин ачты. Көптөн бери киши кирбегендиктенби, кандайдыр салкындык, көңүлдү ээнсиреткен кусалык бар. Жасалгалуу мебелдердин жылтыраган бетине чаң отуруп, бозоруп калган. Салый апа төркү бөлмөдөгү шифоньерден сыйга кийүүчү көйнөгүн, маасы-галошун, костюмун алып кийди. Анан жогорку текчесиндеги ирээттүү жыйылган кездемелердин астынан кичинекей түйүнчөктү алып чыкты. Түйүнүн чечип, андагы акчаларды терезенин жарыгына келип шашпай санады да, бир бөлүгүн костюмунун […]

«Бир алкак, бир жол» демилгеси – Кытайдын байыркы Улуу Жибек жолунун боюндагы өлкөлөргө сунуштаган экономикалык долбоору

Эч бир мамлекет өз алдынча өнүгө албайт, өз казанында кайнай бергендердин дарамети чектелет. Андыктан иши жүрүшүп, ити чөп жеп турган кайсы мамлекет болбосун экономикалык жана маданий кызматташууларга, ошондой эле башкаларга жардам берүү, ал тургай жардам алуу сыяктуу алакалашууларга барбай коё албайт. Бул глобалдык мыйзамдардын бири экени талашсыз. Улуу коңшубуз Кытай дагы Евразия континенти менен өз аймагын качандыр бир байланыштырып турган Улуу Жибек жолун жана Деңиздеги Улуу Жибек жолун кайрадан жандандыруу жакшы тилеги менен, ошондой эле экономикалык кызматташтыкты, маданий алакалашууларды алгалатуу […]

Абдил ШЕРМАТОВ: Терминдерди териштирүүдөн чыккан сөз

Терминдер проблемасы кыргыз тилинде илимий багыттагы текстер жазыла баштаганда чыккан. Жаңыдан жаралып жаткан жазмабыз терминологиялык лексикабыздын жардылыгынан жана тыштан кирген терминдердин субординациясы сакталбаганынан, кыргызча текстердеги түшүнүктөрдүн лексикалык тематикалык байланыштары кабыл алууну кыйындаткан. Ошондон улам 1925-жылы Оренбург шаарында өткөн кыргыз-казак агартуучуларынын конгрессинде каралган 7 маселенин бири илимий терминдерге арналганы бекеринен эмес. Кийин ал мезгилдүү басылмаларда олуттуу талкуулардын предметине айланган. Ошолордун ичинен айтылуу окумуштуу К. Тыныстановдун терминдерге маанилик зыян келбесе которуп, болбосо ошо калыбында алып, уңгусуна кыргыча мүчө колдонуу керек деген рационалдуу […]