Билим – түндө маңдайыңда шам чырак,
өмүрүңдө жол көрсөтүп жаркырап»
Жусуп Баласагын

Илим-билимге умтулуу касиети кыргыздын канында, менталитетинде бар. Кыргызстандын билим берүү системасында дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалар эске алынуу менен этнопедагогиканын, нукура элдик тарбиянын табылгаларын эриш-аркак жүргүзүүгө өтүшүбүз зарыл. Албетте, коомдо билимдүү, илимдүү адамдардын бедели бийиктеп, билими күчтүүлөр татыктуу ордун тапмайынча, мамлекет иш жүзүндө билим-таалим иштерин жогору коймоюнча бул тармак жемиштүү иштей албайт. Бул узак убакты, көп каржыны, саясый эркти талап кылган орчундуу маселе.

Улуттук идеологиянын нугунда (башка өлкөлөрдү ээрчий бербей) билим-тарбия ишин кынтыксыз иштеген системага айландыра албасак, ансыз да өтмө-катар аралашкан азыркы дүйнөдө кыргыз эли өз жүзүн сактап калышы кыйын. Өнүккөн мамлекеттердин бизге өнүп кете турган жакшы тажрыйбаларын гана алуу керек.

Кыргызстанда таланттуу балдарды тандап, аларга атайын кам көрүп, мамлекеттик деңгээлде сүрөп-окутуу иши жакшы жолго коюлушу абзел. Бул тарапта айрым алгылыктуу тажрыйбалар, жемиштүү аракеттер бар. Бирок жетишсиз, чектелүү болууда. Арийне, адам баласы бирдей. Бирок ар кимдин өзүнө жараша жөндөмү, шыгы, өнөрү бар экени шексиз. Дүйнөлүк тажрыйбага таянып, Кыргызстанда таланттуу балдардын шыгына шык, өнөрүнө өнөр кошо турган система курсак, бул акыры эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылат.

Азыр мектеп окуучусу окуу китептеринен тышкары кыргызча маалымат алып, эс-акылын курчута, байыта турган маалымат булактары өтө эле жарды, өп-чап. Орус, англис жана башка тилдерди окутуу, үйрөтүү иштерин сапаттуу деңгээлге көтөрүү зарыл. Кыргызча китеп-журналдарды улуттук программанын деңгээлинде даярдап, басып чыгарбасак, айрыкча айыл жериндеги балдарыбыз билими тайыз, ой-түшүнүгү тар бойдон кала берет. Илим жана технологиянын жетишкендиктери билим берүү тармагында кол жеткис калбастан, дайыма таанышууга, колдонууга шарт түзүлгөнү оң.

Коомчулук, мамлекет кам көрө турган орчундуу маселелердин бири – мектеп жашындагыларга тегиз билим-тарбия бериш. Азыр тигил же бул себептен улам мектептен сыртта калган, мектепке барбай койгон же алыстаган балдардын саны жылдан-жылга өсүп жатканы жашыруун эмес. Мунун арты караңгылыкка алып барат.
Кыргызстанда кесиптик окуу жайларын жакшылап өнүктүрүп, ишин илгерилетиш- маанилүү маселе. Ар кандай кесип ардактуу. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» – дегендей жаштарыбыз турмушка керектүү, өзүлөрүнө кирешелүү ар кандай кесипти үйрөнүшкө кеңири жол табышы керек.

Жогорку жана жалпыга билим берүү тармагына байланыштуу төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
– КРнын билим берүү стандарттын кайрадан карап чыгып, элдик талкуудан кийин расмий бекитүү;
– мамлекеттик университеттерди ирилештирүү, аларды каржылоону жогорулатуу;
– мугалимдердин эмгек акысын көтөрүп, ишмердүүлүгүн даңазалоо;
– коррупцияны тыюу;
– профессор-окутуучулардын айлыгын көтөрүү;
– дүйнөлүк билим, маданий мейкинине аралаштыруу (интеграция);
– окуучуларга жана студенттерге түйшүк жараткан кереги жок сабактарды алып салып, алардын ордуна адам таануу, кыргыз таануу, манастаануу, дин таануу предметтерин киргизүү;
– менчик университеттерди эркин өз жайына койбой, мамлекеттик координациялоого алуу;
– университеттерде илим-изилдөө иштерин күчөтүп, ылайыктуу жерлерде технопарктарды түзүү ж.б.
— тарбия ишинде, үй-бүлө, коом, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн бир нукка буруу;
– экономиканы көтөрүү аркылуу билим берүү тармагын 70 пайыз мамлекеттик каржылоого өткөрүү, контрактык негизде окутууну азайтуу ж.б.
Андыктан, төмөнкү жагдайларга өзгөчө маани берүү мезгил талабы болууда.
Кыргызстанда окуу жайларынын саны көбөйгөнү менен билим берүүнүн сапаты начар. Контракт системасы үй-бүлөлөрдү жакырдантып, билим берүүнү соодага айландырды. Анда-санда бир көрүнүп, дипломду окубай эле сатып алгандардын армиясы пайда болду.
Таланттуу балдар-кыздарды 5 жашынан баштап балдар бакчасында, мектепте, ЖОЖдордо бөлүп, атайын программанын негизинде окутууну колго алуу керек.

Кыргызстандын билим-таалим жаатында өзүнүн, башкаларды туурабаган, башкалардан көчүрбөгөн, чыныгы «кыргыз» стратегиясы (кыргыз жолу) болушу зарыл. Кеп акылдуу сөздөргө тунган жансыз документ эмес, Кыргызстандын экономикалык, социалдык, геосаясый, улуттук-маданий өзгөчөлүктөрүнө жарашкан, ошого ылайык келген, улуттук мүдөө-талаптарга жооп берген стратегия туурасында болуп жатат.

“Байлыктын атасы эмгек, энеси жер”. Элдик педагогикабызда эмгек, биринчи иретте, бул баланы адам катары калыптандыруунун, атуул катары жетилтүүнүн бирден бир жолу, ошону менен бирге береке, байлыктын булагы. “Эрдин көркү – эл менен, эмгегиң менен элге жак”,- дейт тоо булбулу Токтогулдун насааты. Мекенчилдик, патриотизм – элдик моралдык улуу касиеттеринин бири (“Ала-Тоо асыл жер үчүн, калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин” – Манас. “Денем афган жеринде калса калсын, жүрөгүмдү Алайга алып барып көмгүлө” – Курманжан датканын уулу Абдылдабектин керээзинен. “Элимди, жеримди кор кылбай өмүр бою коргойм” – Эр Солтоной).

Элибиздин акыл казынасынан жаралган – «адам бол, түз жүр, ата-энени урматта, мекенди, элди сүй, ушак айтпа, уурулук кылба, ак сүйлө, улууну сыйла, кичүүнү ызаатта, атаңа наалат келтирбе, уяттуу адептүү бол, сууга түкүрбө, нанды кесир кылба, кыздуу үйдө кыл жатпайт, оомат оошот, билим жугушат, өнөрлүү өлбөйт, тегиңди бил, атанын уулу бол», – деген сыяктуу не бир асыл баа даанышман ойлор келечекке шам чырак болуп берет.

Тарыхтын узак жолун баскан элибиз жаш муундарга адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Жогорудагы элдик моралдык нарктар жана идеалдар универсалдуу, жалпы адамзаттык мааниге ээ. Ушул адеп-ахлак нарктары кечээки ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун руханий жөндөгүч мамысы болуп келген жана тарыхтын «аяздуу бороон-чапкындарында» улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон. Бүгүн да ушул түбөлүктүү мүнөздөгү руханий-ыймандык дөөлөттөр таалим-тарбиянын мазмуну үчүн табылгыс көрөңгө, гүлазык.

Элдин жер менен киндиктеш экенин, жер менен коюн-колтук алышкан улуу биримдиктин зарылдыгын туюнтуп, ата-бабалар ким табиятка каршы барса, кийиктерди миң-сандап кырган Кожожашчасынан аскада калып, «Буудайык» жомогундагы Төлөктөй апаатка учурарын эскертишкен. Жаратылыш менен шайкештикте жашоо – бул элибиздин илгертен келаткан экологиялык улуу осуяты жана бүгүнкү адамзаттын алдыңкы акыл-эсинин тутунган философиясы. Бизде жерди эне дейт, Жер-Энени, табиятты терең сыйлай билүүгө баланы бармактай кезинен тарбиялоо керек. Жаратылышка болгон боорукер мамиле – инсандын гумандуулугун арттырып, адеп-ахлагын тазалап, ыйыктык ишенимин бекемдейт.
Тарбиялоонун принциптери:
— адамкерчиликтүү, мээримдүү (гумандуу) мамиле;
-улуу максаттарга үндөө (турмуштук мотивацияны туура берүү)
— жаратылышка ылайыктуу, шайкеш жашоо;
— инсандык-жекече (ар бир тарбиялануучунун табиятына жараша) мамиле;
— тарбия ишине чыгармачыл-ишмердик мамиле;
— турмуш менен байланыштуулук принциби;
— дем берип, көтөрө чаап тарбиялоо;
— тарбияны уюштуруунун көп түрдүүлүгү жана ийкемдүүлүгү;
— жамааттык жана жеке кызыкчылыктын айкалышы;
— үлгүлүү өрнөктөргө таянуу;
– окутуунун жана тарбиялоонун биримдиги ж.б.
Руханий-адептик тарбиялоо ишинде аталган принциптерди жетекчиликке алып, ыктуу пайдалануу оң натыйжасын берет.

Бардык деңгээлдеги тарбиячылар кургак насаат менен чектелбей, аңгеме, түшүндүрүү, лекция, этикалык маек, диспут, проблемалуу кырдаалдарды түзүү, үйрөтүү, көнүктүрүү, машыктыруу, ынандыруу (метод убеждения), өзүн-өзү тарбиялоо, адептик үлгү-өрнөк көрсөтүү, көрсөтмө, тапшырма берүү, талап коюу, материалдык жана моралдык кызыктыруу, мелдеш, жекече мамиле, жамаатташып маселе чечүүгө үйрөтүү, сынчыл ойлом, «мээ чабуулу», ачык микрофон, Сократтык маек, философиялык ой чабыт, бабалар мурасы, макал-лакаптар акыл-эс кенчи, “генийдин күнү”, кереге кеңеш ж.б.у.с. турмуштун сыноосунан өткөн усулдук ыкма, айла-амалдарды колдонуулары шарт. Ар бир усулду конкреттүү шарттын бөтөнчөлүгүн, жаш адамдын индивидуалдуу өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен колдонуу чеберчилиги тарбия ишинде үзүрлүү натыйжага алып келет.

Билим тарбия ишиндеги маанилүү маселенин бири – кайсы бир адистикке даярдоону гана максат этпестен, ар тараптуу, билимдүү, адептүү инсанды калыптандырууга, элди жерди сүйүүгө, адам болууга шарт түзүүгө жетишүү болуп эсептелет.
Келечекте кыргыз мамлекети илим-билимди, маданиятты туу туткан өлкөгө айланышы керек. Ансыз биз алдыңкы элдердин катарына кошула албайбыз. Дат баспаган, эскирбеген байлык – бул илим жана билим.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.