Абийрбек АБЫКАЕВ: Ажаан аялдан ажыдаар качып кутулуптур

(Жомок) Илгери-илгери өткөн бир заманда, жетим бала болгон экен. Байкуш жетим көрбөгөндү көрүп, укпаганды угуп, денесине тийбеген таяк калбай, ачкалыктын айынан уурдап жалабаган аяк калбай, бир сындырым нан үчүн бирөөнүн чөбүн чаап, бирөөнүн көңүн чаап, бирөөнүн малын багып, уюн саап жанын багып жүрүп, акыры эр жетип чоңоёт. Эл ичинде миң түрдүү пенде бар эмеспи, бири зулум, бири таш боор, бири ак көңүл, бири боорукер. Жетимди кичинесинен бери көрүп, колунун келишинче көңүл бөлүп, ага боор ооруп жүрчү куудай сакалы бар, оозунда […]

Жусуп АБДРАКМАНОВ: Үркүн

Тарыхый-даректүү очерк Мурда жарыялангандары:  КОЛОНИЯЛАШТЫРЫЛГАНГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ КЫРГЫЗДАРДЫН КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК УКЛАДЫ ЖӨНҮНДӨ БИР-ЭКИ ООЗ СӨЗ  СОГУШ ЖЫЛДАРЫ, КӨТӨРҮЛҮШ, АНЫН ЖЕҢИЛИШИ ЖАНА ЖЕҢИЛИШИНИН СЕБЕПТЕРИ 3. ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ЖАНА КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ Февраль революциясы жана анын натыйжасында падышанын тактан кулашы үрккөн кыргыздардын арасында жаңы өкмөт кулактардын зордук-зомбулугунан коргоп калат, жерибизди кайтарып алышыбызга жана чарбачылыгыбызды жайгаштырышыбызга жардам берет деген сыяктуу үмүт менен Россияга кайтып келүү ниетин күчөткөн. Бирок алардын бул үмүттөрү акталган эмес. Убактылуу өкмөт буржуазиянын жана помещиктердин өкмөтү болгондуктан, анын органдарынын аракеттерин падышалык бийликтин органдарынын […]

Лао МА: Апенди чалыш (кытай жазуучусу)

АҢГЕМЕ Лао Гуань бир ай ичинде эле эки ирет сөгүш алды. Бир ай мурун мекемеде өпкөнүн инфекциялык сезгенип оорушунун алдын алуу чараларын сактоо боюнча партиялык кызматкерлердин жыйналышы болуп өттү. Жетекчиликтин көрсөтмөсүнө ылайык, жыйналыштын башкы төрагасы бардык кызматкерлерди оору тууралуу жалган маалыматтын таркашы боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырды. Ал ошондой эле азыркы учурда бул илдет менен ооругандардын саны белгилүү чектен аша электигин кошумчалап, биздин шаардык ооруканага мындай оорунун белгилери менен азырынча эч ким түшө электигин айтты. «Этияттыктын бардык чараларын сактап, бул […]

Новатор

Писатель, публицист, литературный критик, разносторонний ученый и мыслитель-энциклопедист, новатор в истинном смысле этого слова, Чоюн ОМУРАЛИЕВ родился 10 января 1952 года в городе Фрунзе. Как он заметил о своей родословной, он является порождением двух сильных, чистых истоков. Первый исток – отцовское родословие. Прадед Чоюна Дыйкан был приверженцем суфийских учений. Свои знания Дыйкан передал сыну Омуралы. Первая крупная мечеть в Нарынской волости была построена в 1905 году в селении Куланак (родное село Ч.ОМУРАЛИЕВА). Омуралы молдо – дед Чоюна, с двенадцати лет […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Бальтасардын бактылуу күнү  

(Колумбия) АҢГЕМЕ Бальтасар тор капас жасап бүтүп, көнгөн адатынча үйдүн чатырынын астына илип койду. Ананбы, ал наар ооз тийип, нанушта кылганга үлгүрбөй, жака-белдеги жамагат бу тор капас дүйнөдөгү  эң  кооз тор капас деп дуулдап калыптыр. Көргөнү көңүлдөнгөндөр   көбөйгөндөн  аныңыз капасын аскан  жеринен чечип, устаканага кийирип таштоого аргасыз  болбоспу. — Монах баштанбай, сакалыңды кырсаңчы, — деди Урсула күйөөсүнө. Анда Бальтасар барк этет: — Тамактан кийин да сакал алчу беле. Сакалы эки апталык, үрпөйгөн чачы качырдын жалындай кыска, кайраттуу, кебетеси  алаңдаган жаш […]

Кошоматчыларга күмүш сырга: Вадим Кожиновдун Евгений Евтушенконун бийликке болгон кошоматчылыгы жөнүндө жазгандарынан

(«Россия. Век XX» аттуу эки томдугунан) … 1945-жылдагы жеңишинен соң Сталинге сыйынуу арааны ашкере ачылып, жетер жерине жеткени айтылды. Анын залакасы турмуштун калың катмарына, анын ичинен адабиятка да катуу тийди. Зоболого ашкере бүгүлүп-жагынуу адабият астанасын жаңыдан аттагандардын да аң-сезимин уулап, жүрүм-турумун бийлей баштаганы жаман болду.Анын айкын мисалы – аты-жөнүн элге ашкере таанытууга жетишкен Евгений Евтушенко. Анын жазгандарын поэзиянын маанилүү кубулушу катары кароого арзыбаса да, дал ошол популярдуулугу Евтушенкону 1950–1970-жылдар тарыхындагы олуттуу кубулушка айлантты (ага баа берүү, албетте, башка маселе). Кечээ […]

Шатман САДЫБАКАСОВ: Ырдын жаралышы

(Легенда) Хан эртеден аң уулап, шапар тээп жүрүп, чарчаганда үйүнө кайтты. Нөкөрлөрү андан обочороокто акмалап бастырышат, сүйлөшүшпөйт. Алкынган күлүктөрдүн да ооздуктарын шылдыратышпайт. Дүпкүрөгөн токой тыптынч. Жада калса сайраган чымчык, чырылдаган чегиртке да житип кеткендей. Хан минген тулпарын камчылануудан эринет. Алтын таажысын көзүнө баса кийип, ыксырап ойлонуп баратты: «Ох, баары мага ушинтип баш ийсе… Жалгыз мен гана акылдуу болсом… Менсиз жел үлп этпесе, чөптүн башы кыбырабаса. Менсиз күн чыкпаса… Колду жазгап койсом эле суу акпай калса…» Ким билет, хан дагы эмне […]

Марк ТВЕН: Күчүк

АҢГЕМЕ Жүрөгүмдүн түптүрүндө дайыма адам чынчыл болууга тийиш деген ой жашар эле. “Эмгегиң өтпөгөн акчаны сураба” деп айланамдагыларга дайыма айтар элем. Азыр мен сиздерге өмүр бою чынчыл болуума түрткү берген окуяны айтып берейин. Бир күнү досумдун үйүнөн генерал Майлзга жолугуп калдым. – Сизге жолукканыма кубанычтамын, – деди генерал, – Эртерээк жолукпаганыбызда бул окуя болмок эмес эле. Менимче, ал мени тааныган жок, бирок биз мындан он жыл мурун Вашингтондо көрүшкөнбүз. Менин кембагал экендигимди ушундан билсе болот, жада калса нан алганга да […]