Тарыхый-даректүү очерк

Мурда жарыялангандары

  1. КОЛОНИЯЛАШТЫРЫЛГАНГА ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ КЫРГЫЗДАРДЫН КООМДУК-ЭКОНОМИКАЛЫК УКЛАДЫ ЖӨНҮНДӨ БИР-ЭКИ ООЗ СӨЗ 
  2. СОГУШ ЖЫЛДАРЫ, КӨТӨРҮЛҮШ, АНЫН ЖЕҢИЛИШИ ЖАНА ЖЕҢИЛИШИНИН СЕБЕПТЕРИ

3. ФЕВРАЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ЖАНА КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ

Февраль революциясы жана анын натыйжасында падышанын тактан кулашы үрккөн кыргыздардын арасында жаңы өкмөт кулактардын зордук-зомбулугунан коргоп калат, жерибизди кайтарып алышыбызга жана чарбачылыгыбызды жайгаштырышыбызга жардам берет деген сыяктуу үмүт менен Россияга кайтып келүү ниетин күчөткөн. Бирок алардын бул үмүттөрү акталган эмес.

Убактылуу өкмөт буржуазиянын жана помещиктердин өкмөтү болгондуктан, анын органдарынын аракеттерин падышалык бийликтин органдарынын аракеттеринен айырмалоого мүмкүн болгон эмес. Убактылуу өкмөт тараптан үрккөн кыргыздарга жер-суусун кайтарып берүү жана материалдык жардам көрсөтүү жагынан реалдуу эч кандай кол кабыш болгон эмес. Тескерисинче, убактылуу өкмөттүн убагында мындай да окуялар болгон: Каракол уездинде Ибрагимов деген бир татар көпөсү өзүнүн унаа жылкысы жок сыяктанып, он чакты кыргызды кырман ташка чегип, 1916-жылдагы көтөрүлүш убагында кыргыздар өзүлөрү жыйнап алууга үлгүрбөй калган буудайды, арпаны ошол батырактардын күчү менен бастырып, кампасына куюп алган.

Ошол эле көпөс Жети-Өгүз капчыгайында жапайы карагат өскөн жерди өзүнчө менчиктеп алып, кыргыздарды ошол карагаттарды терүүгө мажбурлап турган, анан эрин-башы карайып калгандарын көрүп калса, сен карагатты жеп койдуң деп ал адамдын тилин сундуруп алып тикенек менен сайдырчу экен. Мына ушунун баары өкмөттүн өкүлдөрүнүн көз алдында болуп келген.

Пржевальск уездинин уезддик комиссары, падышачылык доорундагы келгиндер башкармасынын мурдагы начальниги кыргыздардын жашоосу жана мал-мүлкү үчүн коопсузураак болот демиш болуп, Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабында жашаган кыргыз калкынын Көлдүн батыш жагына көчүп барышына аракеттенген. Ал чынында орус кулактарынын поселоктору аркылуу үч күндөн кийин кайткан кыргыздар өтүп баратышканда, алардын калган мал-тегесин жана мүлкүн орус кулактарына талатып калууну көздөгөн. Ал албетте, бул оюна жеткен.

Балким, бул Убактылуу өкмөттүн жергиликтүү өкүлдөрүнүн “чыгармачылыгы” болуп жүрбөсүн? Мүмкүн, Убактылуу өкмөттүн крайлык жана областтык органдары кыргыздарды жайгаштыруу, аларга жардам берүү маселелеринин үстүндө иштегендир? Жок, алар өзүлөрүнүн жергиликтүү өкүлдөрүнөн айырмаланышкан эмес. Үркүндөн кайткандарды жайгаштыруу маселелеринин үстүндө иштеген эмес жана иштегилери да келген эмес. Биздин эски таанышыбыз А.О.Шкапский жана кесиби инженер казак Тынышбаев Убактылуу өкмөттүн Жети-Суу областындагы комиссарлары болуп дайындалган. Ошентип алар Алма-Атага бара жатышкан жолунда, Фрунзеде үркүндөн кайткан кыргыздардын өкүлдөрү аларды тосуп алып, өзүлөрүнүн оор абалын, үркүндөн кайткандарды кулактар топ-тобу менен өлтүрүп жатканын айтып, анан албетте, кулактардын зордук-зомбулугунан коргоону, материалдык жактан жардам берүүнү суранышкан. Ошондо Тынышбаев менен Шкапский эмне чара көрүштү экен дебейсиздерби? Тынышбаев алардын арыз-арманын уккан соң “мунуңар түккө турбаган иш, азыр бул жөнүндө эмес, учредителдик чогулуш туурасында ойлонуу керек. Ага биринчи кандидат, албетте, менмин, экинчи кандидат болсо – Жайнаков, а калган иштер жөнүндө Алма-Атага барганда ойлонуп көрөбүз” дегенден башка сөз айтпаптыр.

Үркүндөн кайткандардын өкүлдөрү эртеси күнү өзүлөрүнүн арыз-муңун кайталап айтканында ошол эле Тынышбаев “силерди көтөрүлүш чыгарууга мен мажбур кылган эмесмин жана муну иштөө азыр менин ишим эмес”, — деп коюптур. Ишенген кожом сен болсоң… деген ушу да.

Февраль реолюциясы жана ал жараткан демократиялык өкмөт Кытайдан кайтып келген кыргыздардын андан күткөн үмүттөрүн актаган эмес. Кытайдан кайтып келген кыргыздарга жардам берүү ишин жүргүзгөн бирден бир орган – областтык Кыргыз Аткаруу Комитети болгондугун айта кетүү керек, бирок анын жардамы кыргыз эмгекчилер массаларына жеткен эмес. Бул комитет менен жардамга чындап муктаж болуп турган, ачарчылыктан өлүп жаткан үркүнчүлөрдүн ортосунда арачылык, таратып берүүчү инстанция болгон. Ага кыргыз манаптары башчылык кылган, бул манаптар үркүнчүлөр үчүн берилгендин баарын өзүлөрү алып калышкан. Кыскасы, Убактылуу өкмөт кыргыздардын абалын кенедей да жакшырткан эмес. “Демократиялык өкмөт” кыргыздарды кулактардын зордук-зомбулугунан жана ачкалыктан өлүүдөн сактап калуудан, падышалык өкмөт жана колонизатор кулактар тартып алган жерлерин аларга кайтарып берүүдөн “демократиячылдык” кылбай, баш тарткан.

Мында түшүнүксүз эч нерсе жок. Анткени, февраль революциясынан кийин Орто Азияда болгон бардык өзгөрүш чынында бийлик органдарынын падышанын жана анын койгон адамдарынын колунан Орто Азиянын жана анын койгон адамдарынын колунан Орто Азиянын өзүбүздүн колониябыз, сырье алуучу эң бай булагыбыз деп мурдагыдай эсептеп турган россиялык империалисттик буржуазиянын өкүлдөрүнүн колуна өтүшү эле болгон.

Меньшевиктердин жана эсерлердин таасири астында турган, падышачылыктын колониячылдык саясаты бузуп койгон жумушчу массаларынын кыйла бөлүгү (темир жолчулар, Фергананын өнөр жайлуу пункттарынын жумушчулары ж.б.) дээрлик октябрь күндөрүнө чейин жергиликтүү калктан пролетар жана жарым пролетар катмарларынын уюштуруучусу катары чыга алган эмес. Февраль ревоюциясынан кийин уюшкан солдат, жумушчу жана солдат депутаттарынын Советтери шаарларда гана топтолуп, өзүнүн иш-аракеттеринде негизинен гарнизондордун жана шаарлардын орус калкын гана камтыган.

Мына ошондуктан айылдардагы жана кыштактардагы эмгекчилер массалары өзүлөрүнүн жергиликтүү байларынын, манаптарынын жана булардын кызыкчылыктарын билдирген жергиликтүү интеллигенциянын бийлигинде мурдагысындай эле кала берген. Саясий партиялардын жана топтордун шаарларда жүрүп жаткан күрөшүнүн маани-маңызы жергиликтүү эмгекчилер массалары үчүн таптакыр белгисиз бойдон кала берген. Муну мындай бир факт менен түшүндүрүүгө болот. Учредителдик чогулушка шайлоо убагында кыргыз “букараларынын” өкүлдөрү деп аталгандар казактардын контрреволюциячыл “Алаш-Ордо” партиясынын өкүлүнүн – Убактылуу өкмөттүн комиссары болуп турганында колонизатор кулактардын террорчуларынын жана арбайган ачарчылыктын колунан жүздөп өлүп жаткан, үркүндөн кайтып келген кыргыздарга жардам берүү маселелерди чечүүнүн үстүндө иштөөдөн кашаң баш тартып койгон жана Октябрь революциясынан кийин контрреволюциячыл “Кокон автономиясын” түзүүнү жактагандардын “жол башчыларынын” биринен болуп калган Тынышбаевдин кандидатурасын колдошкон.

Жергиликтүү эмгекчилер массалары февралдан октябрга чейинки мезгилде таптык күч катары уюша алышпаган болсо, жергиликтүү буржуазия, феодал жана жарым феодал төбөлдөр жана Орто Азия элдеринин дин кызматкерлери жөнүндө минтип айтууга болбойт. Орто Азия элдеринин эксплуататор таптары, алардын ичинде кыргыз байлары жана манаптары да кулач жайып жаткан окуялардын маани-маңызын эң сонун түшүнүп, өзүлөрүнүн күчүн Октябрь революциясына каршы, Совет бийлигине каршы күрөшкө шашылыш мобилизациялай баштаган.

ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ЖАНА КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ

Октябрь революциясы Кыргызстандын түндүк аймактарында да жеңип чыккан, бирок бул кыйла кийинчерээк, болжол менен 1918-жылы март-апрель ченде болгон. Кыргызстандын түштүк аймактарында Совет бийлигин уюштурууну экслуататор таптар басмачылардын контрреволюциячыл бандаларын түзүү менен каршы алышкан.

Октябрь революциясынан кийинки алгачкы мезгилде советтик органдарга орус калкынын оокаттуу кулак, колонизатор бөлүгүнүн өкүлдөрү кирип алгандыгын мындай коелук, улуттук маселе жагынан Октябрь революциясы алдыга койгон милдеттерди Түркстан большевиктеринин өзүлөрү так-таасын түшүнө алышкан эмес. Бул үчүн мындай бир фактыны көрсөтүү эле жетиштүү. Түркстан жергесинин Советтеринин крайлык III съездинде  жолдош Таболин большевиктик фракциянын атынан мамлекеттик башкаруу органдарына жергиликтүү калктын эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн тартуу маселеси боюнча төмөнкүдөй декларацияны жарыялайт. “Азыркы учурда крайлык революциячыл бийликтин жогорку органдарына мусулмандарды тартуу орунсуз, анткени жергиликтүү калктын солдат, жумушчу жана дыйкан депутаттарынын Советинин бийлигине карата мамилеси толук белгисиз калып турат, экинчиден, жергиликтүү калктын арасында таптык пролетардык уюмдар жок, крайлык жогорку бийлик органдарында алардын өкүлдөрү болсо, фракция аны куттуктамак эле” (Е.Федоров “Коммун. Мысль”, кн. 1, стр.56).

Бул декларация партиянын улут саясатынын лениндик багытын чагылдырмак түгүл, ага түздөн түз карама-каршы экендиги жөнүндө ооз ачуунун да кереги жок. Ошондуктан ал кездеги Түркстан большевиктеринин мыкты өкүлдөрү топтолгон Ташкенде Орто Азиянын мына ушул борборунда улуттук маселени чечүү жергиликтүү эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн мамлекеттик башкаруу органдарына тартуу жөнсүз деген жагдайда, башкача айтканда, ачык эле колонизатордук маанайда коюлган соң Жети-Суу жана Кыргызстандын түштүгү сыяктуу алыскы аймактарда кандай абалда тургандыгыбызды элестетүүгө болот. Мен жогоруда бул жерлердеги Совет бийлигинин органдарына алгачкы кездерде орус калкынын кулак-колонизатор бөлүгү кирип алгандыгын, ал кулактар улуттук маселени большевиктик негизде чечүү маанисинде алганда радикалдуу чараларды көрүүчү гана эмес, ошондой эле кыргыз элине каршы кулактардын зордук-зомбулугун токтотууга да жөндөмсүз болгондугун айтып өттүм, ал зордук-зомбулук Совет бийлигинин түзүлүшүнүн алгачкы мезгилинде да улана берген.

Советтик органдарга орус калкынын кулак-колонизатор бөлүгүнүн кирип алышынын натыйжасында бардык улуттардын эксплуататорлорун экспропирациялоого багытталышы тийиш контрибуция, конфискация, реквизиция деген ж.д.у.с. жаңы бийликтин актылары жергиликтүү калктын бүткүл массасына каршы багытталып калган. Натыйжада, алар эксплуататор таптардын экономикалык күч-кубатын начарлатканга караганда, жергиликтүү калктын эмгекчилеринин белгилүү бөлүгүнүн жаңы козголоңу басып ташталганга чейин созулган.

Убактылуу өкмөткө жана анын куйруктарына каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн партизандар отряддары (Мураевдин, Мамонтовдун жана башкалардын отряддары) өзүлөрүнүн соккусун бир эле убакта жергиликтүү тургундарга да каршы багыттап калган учурлар көп эле болгон. Мындай абал болжол менен Орто Азия советтик Россиянын борбордук бөлүгү менен түздөн түз байланыш түзгөнгө, башкача айтканда, Дутовдун Оренбургдагы козголоңу басып ташталганга чейин созулган.

Октябрь революциясынан кийинки алгачкы күндөрдө Түркстанда Совет бийлигинин саясатында жана иш-аракетинде кетирилген жаңылыштыктарды жана мүчүлүштүктөрдү улуттук буржуазия, феодал жана жарым феодал элементтер жана дин кызматкерлери пайдаланып калышкан. Алар күчтөнүп бара жаткан пролетардык революциянын соккуларынан өзүлөрүнүн таптык кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын, массаларга “Түркстанды орустардан боштондукка чыгаруу үчүн” деген ураан таштап, Октябрь революциясына, Совет бийлигине каршы күрөшкө жергиликтүү эмгекчилер массаларын уюштуруу зарылдыгын эң сонун түшүнүшкөн. Ошентип, ал кезде бул ураандын астында жергиликтүү эксплуататор таптар өзүлөрүнүн таптык кызыкчылыктарын коргоо, падышачылыктын колониялык талап-тоноосу сайрандап турган күндөрдү али унута элек жергиликтүү эмгекчилер массаларын жеке өзүлөрү эзүү укугун алуу үчүн аларын күрөшү жашырылып тургандыгын али түшүнбөгөн дыйкан жана мал кармоочу массалардын бир бөлүгү жергиликтүү буржуазиянын, феодал жана жарым феодал төбөлдөрдүн, дин кызматкереринин таасирине берилип кеткен.

“Кокон автономиясы” жергиликтүү эксплуататор таптардын мына ошол иш-аракетинин натыйжасы болгон. Бул “автономия” талкалангандан кийин Түркстанда басмачылардын контрреволюциячыл бандалары, Алаш-Ордочу бандаларынын уюму, Анненковдун армиясынын катарларында Совет бийлигине каршы Жети-Суу фронтунда салгылашкан Алаш-Ордочулардын ак гвардиячыл полктору пайда боло баштаган, кыргыз байлары, манаптары катышкан Нарын көтөрүлүшү чыккан.

Түркстандагы улуттук саясат Оренбург козголоңу талкалангандан кийин Москвадан ББАКтын Түркстан комиссиясы жиберилгенден кийин гана түп-тамырынан тарта өзгөртөт, муну менен бизге жергиликтүү эмгекчилер массаларынын позициясы басмачыларга, ак гвардиячыларга жана кулактардын контрреволюциячыл көтөрүлүштөрүнө каршы күрөштө Совет бийлигин колдоо жагына кескин өзгөрөт.

Мунун эсесине улуттар ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, үркүндөн кайтып келгендерге жардам берүү жана Совет бийлигинин органдарына жергиликтүү эмгекчилер массаларынын өкүлдөрүн тартуу жагында Түркстандагы Совет бийлигинин, андан кийин ББАКтын Түркстан комиссиясынын алгачкы кадамдарын жети-суулук кулактар Совет бийлигине каршы бир катар көтөрүлүш чыгаруу менен жооп кайтарышат.

Алардын ичинде Ак-Суу жана Каракол көтөрүлүштөрү жана Фурманов сүрөттөп жазган Алма-Ата козголоңу бар.

1920-21-жылдарда ББАКтын Түрк комиссиясы жана РКП БКнын Түркбюросу Кыргызстандын жана түштүк Казакстандын аймактарында жер-суу реформасын жүргүзөт, мунун натыйжасында кыргыздардан падышачылыктын убагында, Убактылуу өкмөттүн тушунда кулактардын поселокторун куруу үчүн өз бет алдынча тартып алынган жерлер кыргыздарга кайтарылып берилген, сугат системаларынын өңүттүү жерлерин басып алган жана кыргыз калкы көчүп-конуучу жолдордун боюна жайгаштырылган поселоктор жок кылынган.

Партия жана Совет бийлиги мына ушул реформаны жүргүзүүнүн натыйжасында гана колонизаторлордун, кулактардын каршылык көрсөтүүлөрүн талкалоого жетишкен.

1920-21-жылдардагы жер-суу реформасын жүргүзүүгө киришүүдөн мурда Түркстандын партиялык жана советтик органдарына РКП(б) БКнын Түркбюросунун жетекчилиги астында партиялык уюмдун катарларын жана советтик органдарды колонизатор кулак жана бай-манап элементтерден тазалоо, РСФСРдин борбордук бөлүгүнөн келген большевиктердин белгилүү кадрлары менен чыңдоо боюнча зор иш жасоого жергиликтүү уюштуруу жана аларга таянып, басмачыларды негизинен жок кылуу боюнча зор иш жасоого, жергиликтүү эмгекчилер массаларын “Кошчу” союздарына уюштуруу жана аларга таянып, басмачыларды негизинен жок кылуу боюнча чоң иш жүргүзүүгө туура келген.

Көрсөтүлгөн жер-суу реформасынын жана жерге орноштуруу иштеринин натыйжасында партия жана совет бийлиги 1924-жылы эле мурдагы Каракол уездиндеги калктын 33,7%тин түзүп турган орус калкынын колунда айдоо жерлеринин 34,4% (1920-жылдагы 83%тин ордуна) калышына жетишкен. Мурдагы Пишпек уездинде 1926-жылы 40% орус калкынын пайдалануусунда уезддин айдоо жерлеринин 41,8%и (1916-жылдагы 57,3%тин ордуна) калган. Жерге орноштуруу ишинин андан ары жүргүзүлүшү, кыргыз жана орус калктарынын ортосунда жерден пайдаланууну жөнгө салууда жетишилген ийгиликтерди дагы чоң даражада бекемдеген.

Мына ошентип, Совет бийлиги улуттар ортосундагы карама-каршылыктардын эң негизги маселесин – жер маселесин, падышачылыктын жарым кылымдан көбүрөөк мезгил бою үстөмдүк кылып турган кезинде болушунча чаташтырыла байланган түйүндү чечүүгө, колонизатор кулактардын көрсөткөн каршылыгы менен көшөрө жүргүзүлгөн күрөштө жетишти.

Жер жана суу маселесин улуттар аралык планда чечип, бул маселени социалдык планда чечпегендигин, б.а. байларды жана манаптарды кол тийгизбестен калтыргандыгын бул реформанын кемчилидиги деп эсептөө керек. Бирок бул кемчилдик орус келгиндеринин колонизатор кулак бөлүгүн кыргыз эмгекчилер массаларын эзүүнүн негизги каражатынан – жерден, суудан ажыратуудан билинген зор жетишкендигинин маанисин эч кандай даражада начарлата албайт; ал жетишкендик падышачылыктын каргыш тийген мурасын – жерден жана суудан пайдаланууда кыргыз жана орус калктарынын ортосундагы иш жүзүндөгү теңсиздикти, бул реформанын жойгондугунан жана Кыргызстандын айыл чарбасынын өндүргүч күчтөрүнүн өсүшүнө жол тазалап бергендигинен да көрүнгөн.

Жер-суу маселесин социалдык, таптык планда чечүү кыргыз партиялык уюмунун жана Кыргызстан совет өкмөтүнүн үлүшүнө тийген, алар бул маселени ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун астында 1927-28-жылдарда Кыргызстандын түштүк аймактарында жер-суу реформасын жүргүзүү түрүндө чечишкен жана жерге жайгаштырууну, жайыттарды бөлүштүрүүнү жүргүзүү түрүндө ушу кезде да иштеп жатышат.

Кыргыз эмгекчилер массаларынын феодал, жарым феодал бай-манап катмарларына экономикалык көз карандылыктын таасиринен куткарып алуу ишинде негизги маселе болуп турган жер-суу жана жайыт маселесинин бир караганда ушунчалык кечигип чечилиши, улуттук өзгөчөлүү бөтөнчөлүктөрдөн – улуттук пролетариаттын жоктугунан, айыл-кыштак эмгекчилер массаларынын пролетардык бөлүгүнүн маданий-саясий жактан Кыргызстандын советтик жол менен өнүгүшүнүн артта калгандыгынан келип чыккан жана келип чыгып жатат.

Муну түшүнүү үчүн жолдош Молотовдун төмөнкү сөздөрүн эске салуубуз жана унутпообуз керек. “Баары бирдей кыштак жок. Социалдык, райондук-экономикалык, улуттук жактан ж.д.у.с. өтө көп өзгөчөлүктөрү бар кыштак бар. Орто Азиянын бир катар аймактарында жер-суу реформасы кечээ жакында эле, мындан эки гана жыл мурда жүргүзүлгөндүгүн эсибизге түшүрүүбүз керек. Феодализмдин калдыктарын патриархалдык-уруулук укладдын калдыктарын жок кылуу жагында биздин азыр да иштөөбүзгө туура келээрин түшүнүү үчүн, ошол эле Орто Азияда жана Казакстанда ал калдыктар жоюлуудан али алда кайда алыс экендигин жана бул ары-бери эле бүтө калчу иш эмес экендигин айтуу керек.

Бир катар райондор, бөтөнчө, Советтик Чыгыш жагынан Советтерди жандандыруу жөнүндө эмес, Советтерди түзүү жөнүндө айтышыбызга туура келет”.

Жолдош Молотовдун бул жоболору, советтерди түзүүгө байланыштуу айткан пикирлери Кыргызстандын алыскы кээ бир райондору үчүн бүгүн да күчүн сактап турат. Биз мурдагы Каракол кантонунун сырттарында Советтерди мындан бир гана жыл мурда түзгөнүбүздү, түштүктөгү кээ бир аймактарга (Алай) жайлоо советтерин жөнөтүүнүн жардамы менен аларды советтештирүүгө быйыл гана жетише алгандыгыбызды, Ат-Башы, Кетмен-Төбө, Суусамыр, Кызыл-Жар сыяктуу аймактарда пролетариат диктатурасын орнотуу багытын кээ Советтердин таптык душмандардын кызыкчылыктарында бурмалоолоруна каршы күрөшүүбүзгө туура келип жаткандыгын эстеп көрүңүздөрчү.

Жер-жерлерде большевиктик ячейкаларды, Советтерди түзбөй туруп феодалдык, патриархалдык-уруулук мамилелерди талкалоодо бизди эмгекчилер массаларынын өзү колдобосо, жогортодон чыгарылган декрет менен гана биз феодализмдин калдыктарын, патриархалдык-уруулук укладдык калдыктарын жое алат белек? Албетте, жок.

Түштүк аймактарында 1927-28-жылдарда жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын жыйынтыктарына кайра кайрылайын. Биз бул реформанын натыйжасында эмнелерге жетиштик? 3447 кожолуктун колунда эмгектик нормадан тышкары, 20162 га айдоо жерин кармап турган 497 помещиктик иштебей күн көрүп келген бай чарбаларды жок кылдык, 17277 га айдоо жерин тартып алдык. Бул жерлерге жана булардан башка ээси жок жана ээси өлүп калган чарбалардын, вакуфтун жерлерине, мамлекеттик фондудагы жана жаңыдан суу чыгарылган жерлерге жери аз жана жери жок 18 миң кедей кожолуктарды жайгаштырдык. Анын үстүнө бул реформада негизинен кыргыз помещиктик-феодалдык чарбалар жок кылынды. Ошентип, эгерде биринчиден жер-суу реформасынын натыйжасында келгиндердин колонизатор кулактар бөлүгүнүн эксплуататордук мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө жетишкен болсок, экинчиден жер-суу реформасынын натыйжасында биз кыргыз феодалдык-помещиктик чарбаларга кыйраткыч сокку урдук.

Падышачылыктын агрардык саясатынын натыйжасында Кыргызстанда жашаган элдердин эмгекчи массаларын бытыратуу, жер-суу жайыт үчүн алардын өз ара күрөшүн чыгаруу болсо, партиянын жана совет бийлигинин агрардык саясатынын натыйжасы “Кыргызстандагы бардык улуттардын эмгекчи дыйкан массаларын байларга, манаптарга жана кулактарга каршы күрөшкө бириктирүү жана уюштуруу” болду.

Орто Азияны улуттук-мамлекеттик жактан бөлүү партиянын жана совет мамлекетинин улуттук маселени чечүүдөгү ишинин кийинки этабы болду, бул бөлүүдөн кийин адегенде кыргыз автономиялуу областы, андан соң ал Автономиялуу республика болуп түзүлдү. Улуттук советтик мамлекеттик бирдиктин мамлекеттик башкаруу органдарына батырактарды, кедейлерди жана орто чарба дыйкандардын мыкты өкүлдөрүн кеңири тартуу менен түзүлүшү Кыргызстандын эмгекчи массаларынын маданий жана чарбалык жактан эң тез өсүшүн камсыз кылды.

Республиканын чарбалык жана маданий жактан өсүшүн мүнөздөө үчүн цифралар келтире кетүүгө уруксат этиңиздер.

Айыл чарбасы. 1931-жылы план боюнча айдоо аянттары революцияга чейинки мезгилдеги 560,2 гектардын ордуна 1002,09 миң гектар, анын ичинде пахта аянты 27 миң гектардын ордуна 105,5 миң гектар болду. Малдын саны 4756000 баштын ордуна 6807482 башка жетти.

Республиканын айдоо аянттарынын жалпы санынын 396,5 миң гектары социалисттик секторго – колхоздорго жана совхоздорго, анын ичинде пахта эгилүүчү аянттарга 61,1 гектары туура келди. 360866 баш малы бар 17 мал өстүрүүчү совхоз жана коллективдештирилген дыйкан жана мал багуучу чарбалардын 52% өз колдорунда республикалык жалпы малдын 1569896 башын топтоп турду.

Дыйкан талаалары 8 МТСтин жана 51 миң соконун жардамы менен иштетилип жатат, бул айыл чарбасынын социалисттик реконструкциялоого  техникалык база түзүү ишиндеги алгачкы гана кадамдар болуп саналат.

Майда товардык, өндүрүмдүүлүгү аз, дээрлик жакыр жеке менчик дыйкан чарбасы коллективдешкен ири чарбага орун бошотуп берди, трактор соко буурусунду сүрүп чыгып жатат. Жаңы жерлерге суу чыгаруунун жана эски ирригация системасын кайра куруунун эсебинен республиканын сугат аянттары революцияга чейинки мезгилдеги 426,3 миң гектардын ордуна 581,6 миң гектарга чейин кеңейди. Падыша өкмөтүнүн буйругу боюнча Васильев кыргыз эмгекчилер массаларын колониялык эзүү ишинде өзүнө таяныч пункт катары, офицерлер шаарчасын курууну долбоорлогон жерге Кыргызстандын айыл чарбасын социалисттик реконструкциялоонун таяныч пункттарынын бири катары кендир жасалуучу өсүмдүк өстүрүүчү советтик жаңы чарба – ЧУЛУБ совхозу өсүп чыкты.

Эгерде падышачылык колониялоо кызыкчылыктарында орун-очок алып калган кыргыз чарбаларын жарым кылым бою талкалап келген болсо, совет бийлиги өз алдына 1933-жылы көчмөн жана жарым көчмөн чарбаларды толук отурукташтырууну камсыз кылуу милдетин коюп отурат.

Өнөр жайы. Капиталисттер жырткычтык менен эксплуатациялап келген Кыргызстандын кустардык типтеги көмүр кендери Орто Азиянын социалисттик тоо-кен өнөр жайынын гиганты болуп калды. Кен казып алуу революцияга чейинки мезгилдеги 36 миң тоннанын ордуна 1931-жылы план боюнча 1011 миң тонна болот.

Пахта тазалоочу, кант, булгаары заводдору, жибек түрүүчү фабрика, эт жана муздаткыч комбинат, сейрек учуроочу металлдар трестинин комбинаты – булар Кыргызстанды социалисттик индустриялаштыруу ишиндеги алгачкы гана кадамдар болуп сналат. Кыскасы, цензтик  өнөр жайынын дүң продукциясы революцияга чейинки мезгидеги 1,2 млн. сомдун ордуна 1931-жылы 59,2 млн. сомго жетет.

Эл агартуу. Эл агартуу комиссариатынын маалыматы боюнча, республиканын калкынын сабаттуулугу революцияга чейинки мезгилдеги 4%тин ордуна 1931-жылы 35% болот. Быйыл бардык мектептердин жалпы саны революцияга чейинки кездеги 70 мектептин ордуна (аларда 3000 бала окуган) 942ге жетет жана аларда 38660 адам окуйт.

Эгерде революцияга чейинки мезгилде жогорку билимдүү бир да кыргыз жок болсо, үстүбүздөгү жылдан баштап Фрунзеде үч жогорку окуу жайы, мал чарба, кендир жасалуучу жаңы өсүмдүк жана педагогика окуу жайлары ачылат. Жалпыга бирдей башталгыч билим берүү азыркы күндүн милдети болуп калды.

Кыргыз эмгекчи массалары революцияга чейинки мезгилде ойлой да албаган жаңылыкты – өз эне тилинде чыккан адабияттарды жана газеталарды көрдү.

Саламаттык сактоо. Кыргыз айылындагы “бакшылар”, “бүбүлөр” жана табыптар советтик врачка орун бошотуп беришти. Быйыл ооруканалардын саны революцияга чейинки мезгилдеги 6100 койкалык бирдиктин ордуна 1269 койкалуу 37 бирдикке жетет.

Быйыл амбулаториялардын, врачтык пункттардын, санитардык жана башка мекемелердин саны революцияга чейинки мезгилдеги 21 бирдиктин ордуна 197 бирдикке жетет.

Үстүбүздөгү жылы балдар бакчалары, яслилери, аянтчалары 483 бирдикке жетет, булар революцияга чейинки мезгилде кыргыздар ойломок тургай, түшүнүгү да жок мекемелер болучу.

Кыдырып жүрүп тейлөөчү врачтык отряддардан, ал врачтардан кыргыз көчмөндөрү коркот деген “учуртманы” таш-талкан кылды.

Транспорт жана байланыш. Совет бийлигинин убагында 207 км аралыкка темир жол салынды. Кыргыздар паравоздун үнүн тарыхта биринчи жолу Совет бийлигинин убагында гана угушту.

Почта-телеграф бирдиктеринин саны Октябрга чейинки мезгилдеги 26 бирдиктин ордуна 156 бирдикке жетти. Революцияга чейинки мезгилдегиге караганда телеграф линияларынын узундугу 1,4 эсе, телеграф өткөргүчтөрдүкү – 2 эсе көбөйдү. Кыргыздын “узун кулагы” телеграфка жана радиого орун бошотуп берди.

Кыргызстандын чарбалык жана маданий курулушуна Кыргыз АССРинин бюджетинен 1925-жылдан 1931-жылга чейин гана берилген салым 76.985.00 сом болду; буга РСФСРдин союздук бюджетинин жана башка булактардын эсебинен берилген салымдар кирбейт. Бул салымдар 1931-жылы гана 162 588 000 сом суммасында болот.

Чарбалык-маданий зор жетишкендиктердин, көчмөн аймактарды советтештирүүнүн, социализмдин жеңиштүү өсүшүнүн негизинде партиянын лениндик улут саясатын жүзөгө туура ашыруунун натыйжасында, биз мындан 15 жыл мурда оорук жумуштарына баргысы келбей, падышачылыкка каршы көтөрүлүш чыгарган кыргыз эмгекчи массаларынын тилегине жеттик. Быйыл Кыргызстандын эмгекчи массаларынын эркин билдирүүчүсүнүн – Советтердин III съездинин чечими боюнча Октябрдын жеңип бергендендерин колуна курал алып коргоо үчүн орус, украин жана татар дыйкандары менен катар кыргыз дыйкандары Жумушчу Дыйкан Кызыл Армиясынын катарында кызмат өтөөгө чакырылат.

Өзүнүн улуу жолдошторунан өрнөк алып, Лениндик партия белгилеген жол менен жүрө отуруп, анан чарбалык жана маданий курулуш жагында, Кыргызстанда индустриялаштырууда, айыл чарбасын реконструкциялоодо жана коллективдештирүүдө жетишилген ийгиликтердин негизинде кыргыз эмгекчи массалары бир катар райондордо бул күндөрдө туташ коллективдештирүүнүн негизинде кулактарды тап катары жоюу маселесин коюп жатат.

Жумушчу табынын бардык майдан боюнча социалисттик чабуулга өтүшү, эл аралык фактор катары Советтер Союзунун күчөп жаткан күч-кубаты, Советтер Союзунун тышкы жана ички душмандарынын кутургандай жек көрүүсүн, жеңип жаткан социализмге каршы алардын күрөшүн пайда кылып жатат. Эки системанын – чирип бара жаткан капитализм менен жеңип жаткан социализмдин күрөшүндө биз жеңип чыгабыз.

Мунун кепили Советтер өлкөсүндөгү социалисттик курулушка ВКП(б) БКнын лениндик жетекчилик кылышы, социализмди куруунун беш жылдык планынын программасын биздин өлкөбүздүн жумушчу табынын ийгиликтүү аткарышы, негизги массанын, дыйкандардын социализмге бурулушу, Советтер Союзунун өсүп жаткан коргонуу күч-кубаты болуп саналат.

15 жыл мурда Орто Азиянын эзилген элдери падышачылыктын империалисттик эзүүсүнө каршы көтөрүлүш чыгарган болучу, бирок алар жеңилип калышкан эле, анткен менен улуттук боштондук согушуна Россиянын пролетариаты тарабынан жетекчилик кылынмайынча падышачылыкты, империалисттик орус буржуазиясын жеңе албай тургандыктары жөнүндө сабак алышкан.

1916-жылкы көтөрүлүш жүзөгө ашыра албаган нерсени – падышачылык буржуазия тарабынан эзилген Орто Азия элдеринин улуттук боштондугун 1917-жылдын Октябрындагы пролетардык жеңиштүү революция берди.

Революциячыл Геркулес – Россиянын жумушчу табы – 1917-жылы “элдердин түрмөсү” болуп турган Россияны талкалап, эски Россиянын чалдыбарларына Советтик Социалисттик Республикалар Союзун – дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн эзилген массаларынын социалисттик ата мекенин түздү.

“Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө” деген китепчеден (Кыргызмамбас, 1932) тексти боюнча басылды.

ЖОЛДОШ МЕНИЦКИЙДИН МАКАЛАСЫ ЖӨНҮНДӨ

Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы – 1916-жылдагы көтөрүлүштү 1905-жылдагы революциянын көз карашынан карагандыгы. 1916-жылдагы көтөрүлүштө таптык анык багыт жок болучу. Орус дыйканы ошол кездеги кырдаалдан улам “чынында колонизатордун” ролун ойноп, көтөрүлүшкө чыккандардын союздашы боло алган эмес. Жолдош Меницкий ырастасын-ырастабасын, ал көтөрүлүштө сеператчылдык умтулуулар болгон.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн мүнөзүн айкындоонун тарыхый мааниси бар.

1916-жылдагы көтөрүлүш революциячыл акт болгондугу талашсыз. Азыр маселе эмес, ошо көтөрүлүштү чыгарган себептердин таптык жана улуттук табиятын аныктоодо турат. 1916-жылдагы көтөрүлүштө таптык күрөштүн кээ бир, анын үстүнө өтө маанилүү элементтери бар дегенге баарыбыз макулбуз. Көтөрүлүш “төмөнкүлөрдүн” кысымы астында, жергиликтүү эзүүчү төбөлдөрдүн кээ бир бөлүгүнүн жан тартышы жана айрым бөлүгүнүн каршылык көрсөтүшү менен башталган дегенге да макулбуз. Бирок бул көтөрүлүш толук жана бүт бойдон таптык мүнөздө болуп, анда улуттук жагдайларга жол берилген эмес дегендикке жатпайт. И.Меницкий улуттук жагдайларга жол берилген эмес деп ойлойт.

Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы эмнеде?

Жолдош Меницкийдин жаңылыштыгы бул: ал 1916-жылдагы көтөрүлүштү 1905—06-жылдардагы революциянын көз карашынан карап, мында бир “майда-барат” нерсени – 1905-06-жылдардагы революцияда дыйкандар эмес, жумушчу табы жетектөөчү күч болгондугун көз жаздымында калтырып коет. Орто Азиядагы 1916-жыл жөнүндө мындай пикир айтууга мүмкүн эмес. Жолдош Меницкий мындан башка да бир жагдайды – 1905-06-жылдардагы революцияда аракет кылган күч орус дыйкандарынан тышкары поляк дыйкандары да болгондугун, анан бул көтөрүлүштүн таптык мүнөзү дал ушунда тургандыгын унутуп коет. 1916-жылы аракет кылган күч жергиликтүү гана калк болгон, бул калк орус дыйкандарын мындай коелу, ал түгүл ошол кезде Түркстанда жашап турган бирин-экин жумушчулардан да колдоо алышкан эмес. Ырасын айтканда, орус дыйканы тараптан мындай колдоо болушу да мүмкүн эмес эле, анткени падышанын колонизатордук саясатынан улам анын кызыкчылыктары жергиликтүү калктын кызыкчылыктарына кайчы келип турган. 1916-жылдагы көтөрүлүш нукура таптык көтөрүлүш болгондо, ошол кезде Түркстанда жашап жаткан алдыңкы жумушчулар өзүлөрүнүн саясий аң-сезим жагынан артта калгандыгына карабастан, көтөрүлүштү колдоп чыгышмак болчу. Түркстандын жергиликтүү калкынын көтөрүлүшкө өзүнчө чыгышы жана ушундан улам 1916-жылдагы көтөрүлүштүн улуттук мүнөз алып калышы анын нукура таптык эмес мүнөздө болушу менен түшүндүрүлөт. 1916-жылдагы көтөрүлүш жергиликтүү буржуазиянын да, ошондой эле кайсы улуттан экендигине карабастан, башка бардык эксплуататорлордун да адам чыдагыс эзүүсүнө каршы нааразылык билдирген эзилген таптардын гана чыгышы болгон деп ырастоо – 1916-жылдын тарыхый жүзүн будамайлоо, чындыкты бурмалоо, социалдык жана улуттук айрым топтордун өз ара мамилелерин түшүнбөө дегендик.

Жергиликтүү калктын ичиндеги дифференциациялануу жагында маселе жолдош Меницкийге көрүнгөндөй абалда болсо, анда биз Улуу Октябрь революциясынын 9-жылында жергиликтүү калктын эмгекчи катмарларын жергиликтүү чөйрөдөгү патриархалдык-феодалдык жана эксплуататор төбөлдөрдүн таасиринен куткарып алуу зарылдыгы жөнүндө ооз ачпайт элек да.

Мындан тышкары, революциянын өзүнүн жүрүшүндө жетекчилик роль дал ошол “эксплуататорлордун” колунда болуп, алар “хан” даражасына чейин көтөрүлүшкөн.

Түркстандын жергиликтүү калкы өнүгүүнүн кандай баскычында тургандыгы менен эсептешээр болсок, анда бул кокустук эмес, мыйзам ченемдүүлүк. Айтсак, алардын кээ бирлери (кыргыздар жана түркмөндөр) уруулук-патриархалдык мамилелерден феодализмге, башкалары (өзбектер) феодалдык мамилелерден соода капитализмине өтө баштаган.

Кийинки учурда жана ушундан улам ал кезде азыркы Өзбекстандын кыйла райондорунда феодалдык мамилелер али сакталып турган, анан эксплуататор төбөлдөр катары феодал төбөлдөрүн жүзү ачылбай калган.

Көтөрүлгөндөр жергиликтүү калктан чыккан кызмат адамдарына жана оокаттуу адамдарга каршы кээ бир жерлерде репрессиялык чараларды көргөн деген негизде өзүнүн “таптык күрөш” теориясын чыгарууга, башкача айтканда, жолдош Меницкийдегидей көз карашта турууга таптакыр болбойт.

“Түркстандын дыйкандары жана көчмөндөрдү жетилип келе жаткан революцияда жеңип чыккан орус дыйканы гана келгиндер башкармасынын колонизатордун жырткыч саясатын тыйпыл кыларын эң сонун түшүнүшкөн”. Жолдош Меницкий үзүл-кесил ушундайча ырастайт, бирок чындык мындай эмес. Колониялык көз каранды өлкөдөгү орус дыйканынын ролунан эч нерсени түшүнбөгөн адам гана ушинтип жазат. Анткени, Түркстанды колониялоо негизинен агрардык багытта жүргөндүгү, анан бул жагдай орус дыйканынын аргасыздан “чыныгы колонизатор” жергиликтүү калктын жер-суусун тартып алган баскынчы кылып койгондугу белгилүү. Ошондуктан жергиликтүү дыйкандар жана көчмөндөр үчүн орус дыйканынын өзү падышачылыктын колонизатордук саясатын “тыйпыл кылуучу” күч эмес, жырткыч колонизатор болгон. Ушундан улам 1916-жылдагы көтөрүлүштөн ошол кездеги түзүлүшкө караганда орус дыйканы көп жабыр тарткан.

Жолдош Меницкийдин башка да бир жобосу жайында эмес. Ал – “ата мекендик”, башкача айтканда, орус капиталы менен жергиликтүү капиталдын жана жергиликтүү калктын эксплуататор төбөлдөрүнүн өз ара мамилелерди, тагыраагы, байланыштары туурасындагы маселе. Жолдош Меницкийдин пикирине караганда мындай болуп чыгат: жергиликтүү капитал ата мекендик капитал менен конкуренциялашууга жарай алаар бөтөнчө күч болгон эмес, ал ата мекендик капиталга кызмат кыла турган, ошондуктан аларда сеператчылдык умтулуулар болбоптур, алар падышалык бийликти кулатуу, Түркстанды Россиядан бөлүп алуу жөнүндө, албетте, ойлошкон да эмес экен”.

Ата мекендик капиталдын күчү жөнүндө талашпайлык, бирок сепаратчылдык умтулуулар болбогондугу жөнүндө келгенде алаш-ордочулардын жана “Шура-Исламиянын” 1917-жылдагы иштери жөнүндө, булар жергиликтүү эксплуататор төбөлдөрүн жана динчилердин «партиялары” болгондугу, алар Россияга көз карандысыз, панисламдык бирдиктүү мамлекет түзүү идеясын үгүттөшкөндүгүн эсиңиздерге сала кетели.

Эмне, бул сепаратчылдык эмеспи?1

Орусчадан которгон Советбек Макенов

“Ала Тоо” журналынын тиркемеси (1983)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *