Кыргыз жомогу: Напсисин тыйбаган кан

Илгери бир кан элине абдан ырайымсыздык менен карап, алтымыш жашка чыкканча перзент көрбөйт. Анын эки вазири болот. Бир күнү кан ойлонуп отуруп, биринчи вазирин чакырат: — Менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Менден эч кандай перзент калбады. Эгерде ажалым жетип өлүп кетсем, артымдагы мал-мүлкүмдү ким ээлейт? Анда биринчи вазири: — Эгерде ажалыңыз жетип, көзүңүз өтүп кетсе, артымда балам жок деп капа болбоңуз, биз деле ээлейбиз,- дейт. Кан вазиринин башын алдырып таштайт. Экинчи күнү экинчи вазирин чакыртып, кан жогорку сөзүн кайталайт. […]

Аудио: Сыйкырдуу сюрреализм же Рене Магриттин карама каршы дүйнөсү

Рене Магритт 20-кылымдын көрүнүктүү сүрөтчүлөрүнүн көч алдындагы жоон тобуна кирет. Магриттин ысымы сүрөтчүлөр чөйрөсүндө фантастикалык сюрреализмдин лөгү Сальвадор Дали менен кошо айтылат. Бирок Рене Магритт өзү картиналарымды магиялык сюрреализм стилинде тартам деген. Магриттин карама-каршылыктуу жан дүйнөсү Рене Магритт. Белгиянын борбору Брюсселде бул инсандын ысымын алган эки музей бар. Магиялык же сыйкырдуу сюрреализмдин опол тоодой алтаны деп таанылган Рене Магритт, бүгүнкү тил менен айтканда, ар кандай сый чогулуш, шаан-шөкөттүү салтанат, ызы-чуудан оолак жүрүп, 1967-жылы 70 жашында дүйнөдөн көчкөн. Сүрөтчүлүк өнөрүндө бельгиялык […]

«Манас» Күнү кантип белгиленген?

27-ноябрдан тартып улуу эпосубузду күнү-түнү айтуунун бир жумалыгы башталды. Ал эми 4-декабрда атпай журтубуз “Манас” Күнүн” чыныгы элдик майрам катары белгилешет. Ушул салтанаттуу күн кантип элдик датага айлангандыгы тууралуу адабиятчы Садык Алахандын эскерүү баянын окурмандарга тартуулайбыз. 2014-жылдын 6-май күнү. Баш калаабыз Бишкек сирень менен алманын жадырап ачылган гүлүнө аңкып турган учуру. Ошол күнү асман да шаңкая ачылып, жаздын жан жыргатар табы сонун Күнү чыккандан баштап Бишкек андан бетер көркүнө келип турду. Бул күн буюрса, дагы бир тарыхый окуясы менен биздин […]

Эмил ШҮКҮРОВ «мөңгүлөрдү жайына койгула» дейт (1-маек)

Бүгүнкү маегибиз жаратылышты жан дүйнөсүнө багып, табигат менен тыгыз байланышта жашап, желп эткен желди эркелетип, суу, тоо-таш, талаа-түздүн кабарчысы, жан-жаныбар, кыбыраган кумурсканын дабышын тыңшап, табиятын түшүнгөн, азыркы учурда ардактуу эс алуудагы эки илимипоз менен болмокчу. Маегибизде ар тараптуу – жаратылышка байланыштуу кызыктуу маалыматтар, кеңештер, жеке эле Кыргызстандын эмес, дүйнө жүзүндө табигатка байланышкан актуалдуу маселелерге эки аалымдын жеке ойлорун, кеңештерин, пикирлерин сурап билдик. Коногубуздун бири – Кыргызстандын эмгек сиңирген ишкери, география илиминин доктору, биология илиминин кандидаты, орнитолог, сүрөтчү, философ, эколог, Ишенбай […]

Салтанат ОРОЗОБЕКОВА: Байыркы эки аял

ЭССЕ Күз. Сагын акын. Үчөөбүз ээрчишип келаттык… Сүйлөшүп коебуз, бир туруп оозубузга суу толтуруп алгансып дымып да калабыз. Андайда ар ким өзүнө кирип кетип унчугушпай калганда күз- маэстро ортодогу үнсүздүктү ылдам эле буза коет. Сыйкырдуу таягы менен нары- бери шилтегенде кадимки сырт дүйнөгө туш болуп “өз бөлмөбүздөн” кантип чыга- чыга калганыбызды байкабай да калабыз. Күз болсо менин бийлигимди билишсин дегени го, ого бетер шуулдап сары, жашыл, кызгылт түстөгү бариктерин туш- тушка учурат. Бир саамга күүлдөй түшүп кайра мелмилдеген тынчтык. Күз- […]

Желаледдин РУМИ: Кээде абалыбызга периштелер да суктанат, кээде шайтандар да жийиркенет

Мевлана Желаледдин Руми — 1207-жылы азыркы Ооганстандын Балх шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы азан чакырып койгон аты — Мухаммед Желаледдин. Шейхтердин, мусулман аалымдарынын титулуна айланган Мевлана деген ысым ага кийинчерээк ыйгарылган. Араб тилинен алынгын бул сөз “эгебиз”, “кожоюнубуз” дегенди билдирет. Ал эми ошол учурда чыгарма жазган мартабалуу адамдар өз мекенин псевдоним катары пайдалангандыгына байланыштуу Мухаммед Желаледдин шарттуу түрдө Руми деген кошумча атка ээ болгон. Желаледдин Руми бала кезинен тартып эле төрөлүп-өскөн Борбор Азия аймагындагы перс жана түркий элдердин уламыш, дастан, […]

Антон ЧЕХОВ: Хамелеон

АҢГЕМЕ Жаңы шинели боюна куп жарашкан тартип сакчысы Очумелов колуна көтөрүнчөгүн иле базар аралай келе жатты. Ага куйрук улаш сары чийкил жардамчысы опузадан алынган жемишке толгон калбырды бооруна кыса илээлейт. Айлана мурун кескендей жымжырт… Базарда тирүүлүктүн жышааны билинбегенсип ыңкыйт… Дүкөнчүлөр менен аракканалардын кагыраган эшиктери ындыны өчкөндөй күнгө какталат. А түгүл мындайда бура бастырбаган кайырчылар да көрүнбөйт. Аңгыча болбой: – Кабасың ээ, каргыш тийгир? – деген кыйкырыкты Очумелов угуп калды. – Балдар, коё бербегиле! Ким тиште деди сени?! Карма! А… а! […]

Калык ИБРАИМОВ: «Манас» эпосу – кыргыз элинин рухий феномени

Адатта «Манас» дастаны тууралуу сөз болгондо эмнегедир дүйнөлүк эпикалык адабияттын «Илиада» менен «Одиссея», «Рамаяна» менен «Махабхарата» сыяктуу орошон туундулары көп эскерилет. Биздин эпостун эбегейсиз көлөмүн баса көрсөтүү үчүн балким бу салыштыруу керектир. Бирок «Манастын» маани-маңызы аларга караганда караманча башкача. «Манас» эпосуна тек гана бир теңдешсиз фольклордук чыгарма катары кароо анын чексиз мазмун-маанилик тереңдигин жана кыял жеткис акыл-ой чабытын ойдогудай аңдап билүүгө мүмкүндүк бербейт. «Манас» чындыгында адамзат тарыхынын бүтүндөй бир доорун, кайталангыс катмарын түзгөн кадимки көчмөн цивилизациянын, көчмөн маданияттын, көчмөн рухтун […]