Бүгүнкү маегибиз жаратылышты жан дүйнөсүнө багып, табигат менен тыгыз байланышта жашап, желп эткен желди эркелетип, суу, тоо-таш, талаа-түздүн кабарчысы, жан-жаныбар, кыбыраган кумурсканын дабышын тыңшап, табиятын түшүнгөн, азыркы учурда ардактуу эс алуудагы эки илимипоз менен болмокчу. Маегибизде ар тараптуу – жаратылышка байланыштуу кызыктуу маалыматтар, кеңештер, жеке эле Кыргызстандын эмес, дүйнө жүзүндө табигатка байланышкан актуалдуу маселелерге эки аалымдын жеке ойлорун, кеңештерин, пикирлерин сурап билдик. Коногубуздун бири – Кыргызстандын эмгек сиңирген ишкери, география илиминин доктору, биология илиминин кандидаты, орнитолог, сүрөтчү, философ, эколог, Ишенбай Абдуразаков атындагы «Рухий эш» сыйлыгынын эң биринчи лауреаты, көп кырдуу билим-илим казынасын казган Эмил Шүкүров Жапарович. Экинчи коногубуз – алыскы Батыштын Голландия өлкөсүндө эмгек сиңирген профессор, биолог, эколог, кванттык физиканын изилдөөчүсү, нидерланд тилинде жазылган көптөгөн илимий китептердин, мемуарлардын  автору,  Кыргызстанга ат тезегин кургатпай каттап турган жаратылыш күйөрманы Анно Хорст менен кабарчыбыз Бактыгүл Иманбек кызыгын баарлашуусун сунуштайбыз…

Дил маегибизди эртең мененки саат 10-30 га макулдаштык эле, туп-туура 10дон 10 мүнөт оогондо Анно Хорст босогодон аттаары менен ага удаалаш эле Эмил Жапарович 10.15те кирип келди. Адатта конок күтсөм, улам зарыгып саат тиктеген жаным буга бир чети алдастай түштүм, бир чети абдан ыраазы болдум… Карбаластап сүр басып, маекти оозума келген сөз оролунан баштадым…  

Б.И: Бүгүнкү маегибизге убадалашкан мөөнөттөн да эрте келип бергендигиңиздерге терең ыраазычылык билдирем. «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир агайдан сиздерге чоң салам! Ушу тапта иши чачтан көп болуп жаткандыгына байланыштуу жеке өзү бул маектешүүгө убакыт таап келе албай калгандыгы үчүн Сиздерден алдын ала кечирим сурайт… Ошентсе да маегибизди алгач азыркы учурда актуалдуу болуп турган мөңгү маселесинен баштасак. Мөңгүлөрдүн ал-акыбалы жана Кумтөр менен болуп жаткан кайра кароо иштери боюнча экология илиминин аалымдары кандай пикирде болду экен? Деги эле акыркы жылдарда климат өзгөрдү деп жатабыз, ошол климаттын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мөңгүлөр эрип жатат деген да тыянак бар, андыктан бул жөнүндө жалпы түшүнүк бере кетсеңиздер. Деги эле менин жеке баамымда, мындан 10-20 жыл мурдагыга салыштырмалуу кандайдыр климатта чоң өзгөрүүлөр болуп жаткандай…

Э.Ж: Жашың отуздун тегереги болсо керек, жаңылышпасам. Жаратылышта эч кандай өзгөрүү болгон жок. Климаттын кайталанып турган мерчеми бар, ал өзгөрүп турат. Отуз жылдан ашык, башкача айтканда, сенин жашыңдан ашык жылда бир кайталануучу өз мерчеми бар,  андыктан климат өзгөрдү деп айтууга болбойт. Бул тек гана аба ырайынын табигый кайталанып турган өз мерчими. Азыр кыш жылуу болсо, отуз жылдан соң кайрадан кайталанып, кыш кайра суук болот. Климат өзгөрүп, мөңгү глобалдык түрдө эрип жатат деген божомол-дөдөмөлдөр жеткен акылсыздык. Ооба, дүйнө жүзү боюнча кандайдыр бир өлчөмдө эрүү бар, эмнеге дегенде, бул азыркы тапта иштелип чыгып жаткан кычкыл газдын кесепети. Жаратылыш жаңы жаралганда залакасын тийгизген заттар эч кандай жок болчу, андыктан жаратылыш сак-саламатта таза эле турат. Албетте, акыркы жылдарда техниканын өнүкөндүгүнө байланыштуу аларды иштетүүдөн пайда болгон химиялык заттардын бир канча өлчөмдөгү кесепети гана жаратылышка таасирин тийгизүүдө. Элестетип көргүлө, жаратылыштын жаңы жаралышында залакасын тийгизүүчү азот да жок болчу жада калса. Ал эми дүйнө жүзүн жылуулук каптап жатат деген болбогон кеп. Эч кандай тоңуу да, ээрүү да болгон жок. Табигат өз нугу, өз мыйзамы менен, буга чейин кандай жашап келсе, азыр да  ошол калыпта жашап жатат. Анда эч кандай өзгөрүү болгон жок, ошол табигаттын курчоосунда жер жүзүндө  жашаган адамдардын жашоо-шарты гана өзгөрдү. Алардын баардыгын техникалаштырууга болгон аракеттер гана жаратылышты өзгөртүп жатат деп айтсак туура болот. Ал эми Кумтөр айланасындагы Давыдов менен Лысый мөңгүсү тууралуу айта турган болсом, мөңгү бул бизге окшогон эле тирүү жандык, анын да мүчөсү бар, ал да жашайт, анын он эки мүчөсүнүн бири тоодон төмөн түшкөн жылга-жыбырттары. Ал эми Кумтөрдүн иш жүргүзүп жаткандыгына жыйырма жылдан ашык убакыт болду, демек, буга чейин эле ошол мөңгүнүн буту-колун мунжу кылып келген Кумтөр дагы да ишин улантууда!

Кээси мөңгү иш жүргүзүү чарасында урап түшүп, тоскоолдук жаратууда деп жүрүшөт, албетте, тоскоолдук жаратат! Бирок мөңгүнүн тулкусу сакталуу бойдон да, эгер ага тийбесек, ал өзүн өзү эле калыбына келтирип алат! Лысый менен Давыдов ансыз да жок болуп баратат деген бул баш айланткан гана кызыл кулактык. Бул Чүй дарыясынын агып келүүчү этегин талкалап салып, Чүй дарыясын жок кылдык деген кеп. Aгындын башы бар, демек, ал дарыя эч кандай жок болгон жери жок туурабы?! Же болбосо Ала-Арчаны шаарга кирген этегин жок кылып бүтүндөй Ала-Арчаны жок кылдык дегендей эле кеп.  Кумтөр кен казып алуу иш-чарасында мөңгүлөргө залакасын тийгизип келген, дагы да тийгизүүдө. Анан эч зыяны жок кенди кандай казып алса болот? Башка жолу жок!  Бул жердеги келип чыккан көйгөйдүн маселесинде  Кумтөрдүн  күнөөсү – ошол келтирген залакасынын чыгымын төлөбөөгө болгон аракетинде. Маселе башкада…анын маселеси тээ тереңде…

А.Х:  Мен дагы Эмил Жапаровичке толук кошулам. Менимче, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүчү ири тармак – бул, Кумтөр деп эсептелинет. Кумтөрдүн мөңгүлөрдү тегиз талкалап жатат дегени бул туура эмес. Балким саясый жактан гана кошумча каражат өндүрүү кесепети болуп жүрбөсүн. Башка өлкөдө мындай долбоорлор 65 пайызын өздөрү алып, калган 35 пайызын гана калтырышат. Кыргызстан үчүн Кумтөр тарабынын 50 пайыз жакшы эле шарттар түзүлгөн. Эгерде бул сыяктуу бут тосуулар, чагымдар, Кыргызстан тарабынан Кумтөргө гана эмес, башка да долбоорлого кайра-кайра кесепетин тийгизе берсе, ортодогу келишим бузулуп, анын айынан Кыргызстандын экономикалык абалына терс таасирин бериши ыктымал.

Б.И: Мен ушул жерден өзүмдүн биринчи суроомду тактап алсам, демек, мөңгүлөр тез эрип жок болууда  жана жакынкы арада тегиз жок болуп кетүү коркунучунда деген кепти төгүнгө чыгардыңыздар, туурабы? Ал эми мөңгүнү сактоо иш-аракети боюнча кандай чараларды колдонуу керек? Mаселен, Швейцарияда жайкысын атайын мөңгүлөрдү күндөн сактоо үчүн үстүн атайын жабдуулар менен жабышат экен. А бизде мөңгүнү сактоо, коргоо боюнча кандай чаралар колдонулган, деги эле буга тийиштүү долбоорлор барбы?

А.Х: Ооба, Швецарияда мөңгүлөргө атайын коргоо иш-чаралары көрүлөт, бирок ал жөн гана мөңгүнү эрип кетүүсүнөн сактап калуу эмес, лыжа базаларына жакынкы аралыктагы мөңгүлөрдүн кайсы бир бөлүктөрү жабылат: чаңдан жана химиялык заттардан коргоо үчүн. Мөңгүнүн эриши эч кандай сактоо, коргоо иш-чараларынан көз каранды эмес, ал күндүн, климаттын, табигаттын өзгөрүп туруусунан гана көз каранды. Эрип жаткандыгы чын, бирок ал өз нугунда гана. Ал эми жакынкы арада жок болуп кетет деген бул акылсыздык. Ошончолук массадагы муз кылымдарда гана барып түгөнүшү мүмкүн.

Э.Ж: Ооба, табигаттын мыйзам шартына жараша кандайдыр бир деңгээлде эрүү бар. Мөңгү маселеси боюнча кошумчалай кетчү болсом, мөңгүлөрдү жайына койгула деп айтар элем. Жаратылышты оңдоп-түзөөгө, бурмалоого, ташып көчүрүүгө, биздин кенедей акыбыз жок! Ал эми экономикага кайрыла турган болсом, жыйырма жылдан ашык иштеп келген Кумтөрдүн кирешеси менен Кыргызстан алда качан Швейцарияга айланаар эле, бирок эмнегедир  түшүнүксүз себептерден улам экономикасы көтөрүлмөк тургай, улам эле кризис сазынан чыга албай келет. Буга ким күнөлүү? Албетте, өз кызыкчылыгын гана ойлогон шылуундар. Жаратылыш берген байлыктын баарын эле оңго-солго сата берсе болот бекен? Ооба, жаратылыш берген байлыкты ал, пайдалан, бирок аны мамлекеттин кызыкчылы үчүн гана пайдалан, аяр колдон. Алып эле тим болбостон, кайра оордун толуктап тур. А бизде аз убакыт ичинде болгон ресурстар мыкаачылык менен пайдаланылып келди, дагы да пайдаланылып жатат. Сурап көрчү же өзүң деле батышта жүргөндө байкасаң керек, жаныбыздагы коногубуздун (Анно Хорст мырзаны айткандагысы – Б.И.) өлкөсүндө, тагыраагы Голландия, Франция, Германияда качкын-бозгундар көп, алар Марокко, Африка, Авганистан дагы далай өлкөлөрдөн качып баргандар. Алар эмнеге  өз өлкөсүн таштап, бозгун болуп калышты? Aнын себеби бир гана согуш эмес, өлкөсүндөгү элди багар жаратылыш ресурстарынын түгөнгөндүгүндө. Орточо эсеп менен алганда, ар бир өлкөдө жергиликтүү өз элин багуу үчүн жаратылыш ресурстары алтымыш пайыздан кем болбошу керек. Ал ресурстар түгөнгөндө, ошол ресурстарды мыкаачылык менен пайдаланган эл акыры качкын-бозгун болор тагдырга кабылат. Азыр биздин жаратышыбыздын жүз пайыз азыгынан, отуз гана пайызы калды! Дагы да жырткычтык менен пайдалана бере турган болсок, жакынкы жылдарда бизди да ошондой тагдыр күтүп турат. Агылып, самсыган андай турмушка жаратылышка аё мамиле кылбаган ач көздүгүбүздүн айынан жетебиз! А-ал анан ардактуу досубуз Анно Хорст Кыргызстанга кетип-келип  суктанып туруучу керемет деле калбай калат.

А.Х: Ооба,  ушунча байлыгы тынбай иштеп келген Кумтөр туруп, Кыргызстандын азыркы экономикалык абалы мени да таңгалтырат. Бирок мен саясатка аралашкан темада комментарий бербегеним эле туура го дейм…

Б.И: Албетте, деги эле бүгүнкү маегибизде саясый куйкум жыттанган темада сөз козгоодон алысмын, тек, учурда актуалдуу болуп жаткан экология маселеси жана биздин билинип-билинбей жаткан көйгөйлөр, сиздердин жеке оюңуздар мага баарынан маанилүү…

Уландысы 

Маектешкен Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *