Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Кытайда

Р.И. Отунбаева 28-29-ноябрда, Гуанчжоуда (Кытай) «Ааламдык башкаруу, өңүт жана ага Кытайдын катышуусу» эл аралык конференциясына, ошондой эле Мадрид Клубунун жылдык чогулушуна катышып жатат. Конференцияда Кытайдын жогорку жетекчилигинин мүчөлөрү, көптөгөн өлкөлөрдөн келген көрүнүктүү илимпоздор, изилдөөчүлөр, бизнестин жана финансылык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү сөз сүйлөп жатышат. Жогорку деңгээлдеги сөз сүйлөгөндөрдүн арасында: ККПнын Саясый бюросунун мүчөсү Ванг Чен, Кытайдын чет өлкөлөр менен Достук Коомунун өкүлү Ли Ксяолин, БУУнун мурдагы Башкы катчысы Пан Ги Мун, Европа Бирлигинин мурдагы Президенти Романо Проди бар. Дүйнөлүк саясатта улутчулдук жана […]