Жетиген АСАНБЕК: Баатырды эрдигинен таанышат

Эрдиги түгүл эч нерсеси элге белгисиздер опурап-топурап эле мамлекеттик наам, сыйлык, ордендерди шагырата алды. Берсе ала берет да деңизчи. Эмгек бааланганы жакшы иш, татыктуулары деле бар чыгар. Бирок алардыкы сүрмө топтун арасынан байкалбай калып жатканы өкүнүчтүү. Эми бул башка кеп, бул жолу айтайын дегеним башка. Наам алгандардын арасында эстен кеткис бирөө бар, аны эстебей коюу мүмкүн эмес. Болпойгон ананайын десе, Парламентке келгенинде Текебаевдин “Министр болуп баратасыз, канча министрлик бар? Административдик ведомствонун канча түрү бар?” деген өңдүү эң эле жөнөкөй суроолоруна […]

Жакут эл жомогу: Эчкинин чычаңы

Илгери, илгери Бөрөлдөй деген кары кемпири экөө жашаптыр. Бир жолу ал өзүнүн жалгыз өгүзүн сойгондон кийин кемпирин урушуп үйдөн кубалап чыгат. Байкуш кемпир абышка урушканда  колуна илине калган өгүздүн карынын гана ала кетүүгө үлгүрүптүр. Ошентип карыган кезде талаада калган кемпир ый-муңга батып, көзүнө көрүнгөн жолго түшүп, башы оогон жакка тентип жөнөптүр. Кетип баратып алдынан картаң карганы жолуктуруптур. – Эй кемпир, эмнеге ыйлап баратасың?– деп сураптыр карга. – Абышкам жалгыз өгүзүбүздү сойгон күнү мени үйдөн кубалап чыкты. Тоодой болуп үйүлүп жаткан […]

Эмил Шүкүров «табигатка акылдуусунбашыбыз керек» дейт (2-маек)

Эмил ШҮКҮРОВ «мөңгүлөрдү жайына койгула» дейт (1-маек) Б.И: Эмил Жапарович сүйүктүү кесибиңиз орнитология жөнүндө айта кетсеңиз. Деги эле Кыргызстандагы куштар эле эмес, жан жаныбарлар жөнүндө дагы. Кай бир жан-жаныбарлардын жок болуу коркунучунун себептерине токтоло кетсеңиз? А.Х: Ооба, мен да бул жолугушууга келатканда сиздин орнитология кесибинин ээси экендигиңизди угуп, аябай сүйүндүм. Кыргызстанга келээрден мурун, андагы жан-жаныбарлардын,түрлүү куштардын көптүгүн окуган жайым бар эле. Бирок тилеке каршы, бул жерден мен элестеткендей чарк айланып учкан куштардын түрүн көрө албадым. Булбул, торгойлордун сайраганын уга албай […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Сары тору

АҢГЕМЕ “Контракт” деген күчөп турган убак. Уйубуз тууса — музоосун алат, бээбиз тууса — кулунун алат. Биздин сары тору бээ өзүнө окшош кулун тууду. Сүйүнүп жүрөм. Тай минем, күлүк кылам, ат чабышка чабам, Карыпбайдын кара кашкасындай атактуу ат болот деп. Күзүндө тоодон мал түшөрү менен Эсек башкарманын буйругу чыгыптыр. “Контракт!” Мен эч күтпөгөн окуя болуп, сары тору тайымды келип жетелеп кетти. Артынан ээчип баратам… Согушка уулун узатып барып, поездге жетпей калган энедей болуп (Майсалбек менен Толгонайдай дегеним). Көзүмдүн жашы оозума […]

Конфуций: Мыкты жетекчи карапайым адамдарга пайда табууга жол берет

Конфуций айткан: «Менин билимим деле башкалардыкындай эле дал китепте жазылгандай, бирок чыныгы турмушта али асылдыкка жетише элекмин”. * * * Цзэн Цзы айткан: «Жөндөмдүү адам жөндөмсүздөн жардам сурайт; акылдуу акылы чектелүүдөн кеңеш алат; билими жогорулар сыртынан сабатсыздай көрүнөт; сыпайы адамга билгендери тайкыдай сезиле берет; адамдар кемсинткенде аларга кечиримдүүлүктү көрсөткөн оң, менин досум мурун ошентчү». * * * Цзы Чжан чыныгы адам деген атка татыктуулардын жолу тууралуу сураганда Конфуций жооп берди: «Эгерде мындай адамдар байыркы акылмандардын жолун жолдобосо, алар алыска бара […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Энциклопедист аалым Макелек Өмүрбай

Кыргыз уруулары XIX кылымдын II жарымында Орус падышачылыгы менен Кытай мамлекетинин ортосундагы чек ара келишимдерине ылайык эки өлкөнүн карамагында калышты. Ага чейин башка мамлекет жөнүндө түшүнүгү да жок бир эл катары катташып, бир улут катары бирдиктүү маданиятта рухий дөөлөттөрдү жараткан. Сагымбай Орозбаков сыяктуу манасчылар, Токтогул сыяктуу акындар Кызыл-Суу жерине барып, Улуу-Чаттан Эшмат Мамбетжусуп Ала-Тоодогу Тыныбекке келип, алардын чыгармачылыгына ошол жактагы угармандар өз бааларын беришкен. Ошол кезде элдик адабият таануу жана элдик эстетикада айырмачылыктар анчалык жок болгон. Кийин гана кыргыздар эки […]

Айнура КАДЫРМАНБЕТОВА: Кыргыз адабиятында подтексттүү чыгармалардын жаралышында сырткы адабий таасирлер

К.Жусубалиевдин «Күн автопортретин бүтө элек» повестиндеги подтексттин көркөм функциясы 1950-жылдарын аягы, 1960-жылдардын башында жалпы эле совет адабиятынын тарыхында өзгөчө бир темп менен жандануу, жаңылануу процесси жүргөн. Буга ошол мезгилдеги коомдогу айрым терс көрүнүштөрдүн бетин ачып, жеке адамга сыйынуучулукту четке каккан хрущевдук жаңы саясат жана көркөм адабияттагы «конфликтсиздик теориясынын» ашкерелениши түздөн-түз себеп болгон. Адабий процесстин өнүгүүсүндө зор мааниси бар бул көрүнүштөрдү кыргыз профессионал жазма адабиятынын өнүгүшү үчүн сырткы фактор деп эсептей турган болсок, ушуга тушташ анын ички потенциясы дагы өнүгүүнүн жогорку […]

Антон ЧЕХОВ: Жылкы аттуу фамилия

АҢГЕМЕ Отставкадагы генерал-майор Булдеевдин тиши ооруп калды. Ал оозун арак менен да, коньяк менен да чайкады, ооруган тишине тамекинин күлүн, апийим, скипидар, керосин, кулагына спиртке чыланган кебез да коюп көрдү, жаагына йод сыйпады. Деги койчу, эмнени гана кылбады, баары жардам берген жок, атүгүл айрымдары кускусун келтирди. Тиш доктур келип тишин чукуп көрүп, хина жазып берди эле, мунун да шыпаасы тийбеди. Сууруп салайын дегенге генерал көнгөн жок. Үйдөгүлөрдүн бардыгы – жубайы, балдары, үй кызматчысы, ашпозчу Петька өз билгендерин сунушташты. Кала берсе […]