Эмил ШҮКҮРОВ «мөңгүлөрдү жайына койгула» дейт (1-маек)

Б.И: Эмил Жапарович сүйүктүү кесибиңиз орнитология жөнүндө айта кетсеңиз. Деги эле Кыргызстандагы куштар эле эмес, жан жаныбарлар жөнүндө дагы. Кай бир жан-жаныбарлардын жок болуу коркунучунун себептерине токтоло кетсеңиз?

А.Х: Ооба, мен да бул жолугушууга келатканда сиздин орнитология кесибинин ээси экендигиңизди угуп, аябай сүйүндүм. Кыргызстанга келээрден мурун, андагы жан-жаныбарлардын,түрлүү куштардын көптүгүн окуган жайым бар эле. Бирок тилеке каршы, бул жерден мен элестеткендей чарк айланып учкан куштардын түрүн көрө албадым. Булбул, торгойлордун сайраганын уга албай келем. Жергиликтүү калк китепте жазылган куштар бизде көп дешет, бирок мага көрсөткүлөчү десем көрсөтө алышпады. А мен карга менен боз чымчыктан башканы көрө алган жокмун. Куштар кайда, деги эле алар азыр барбы? Бишкек шаарында жана анын тегерегинде канча куштун түрү бар? Аларды кайсы маалда, кай жерден көрүүгө болот?

Э.Ш: Эң туура баамдагансыз, Анно Хорст. Куштар азыр жокко эсе бизде. Мындан элүү-алтымыш жыл мурун ушул эле Бишкектен куштардын элүүдөй түрүн кездештирүүгө мүмкүн эле, азыр ашып кетсе онго жакын гана түрүн кезиктиребиз. Болгондо да жагымсыз жут чымчыктардын түрүн.

Жазуучу досу Кубатбек Жусубалиев менен

Б.И: Мунун себеби эмнеде? Же аларга кандайдыр бир атайы коргоо же көзөмөлдүн жоктугунанбы?

Э.Ш: Жок, атайын көзөмөлдөр керек эмес. Анын себеби, биздин эгемендик ала электеги СССР доорундагы жан-жаныбарлар дүйнөсүнө туура эмес жасалган аракеттеринде. Ошол маалда табигатты байытуу деген долбоорлор бар болчу. Алардын куйруктары кооз, барпыйып түрдүү-түрдүү эле. Канаттуулар менен бирге тыйын чычкандарды Бишкек шаарынан башка да облусттардын шаарларындагы бак-дарактарга кое беришкен. Илгери тыйын чычкандар Кыргызстанда жок болчу, булар чет өлкөдөн келген жандыктар болчу. Негизинен алар көзүбүзгө сүйкүмдүү көрүнгөнү менен, биздин табигатка эч кереги жок, себеби алар зыяндуу жандыктар. Аты эле айтып тургандай – ал чычкан да. Силер ойлобогула, алар алаканыңарга отуруп алып сүймөнчүк көрүнүп, колуңардан семичке, жаңгагыңар менен гана тамактанат экен деп. Жок, алар жырткыч мүнөз келишет. Бу түгөткүрлөр колуна тийгендин баарын жейт: жумуртка, эт, деги койчу, көзүнө көрүнгөнгө суктарын артып турушат. Мына так ушу тыйын чычкандар бактарга чыгуу жөндөмдүүлүгү менен, биздеги куштардын уясындагы жумурткаларын жарып жеп жүрүп таза курутту. Не бир соонун куштардын тукум курут болуп кетүүсүнө да, жер алмаштырып качуусуна да так ушул көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон тыйын чычкандар себепкер. Шаарларга тыйын чычкан менен кооздук кошобуз деп отурушуп, жаратылыштын табигый кооздугу эсептелген не бир укмуш сайрап, бактан бакка конуп учкан түрлүү куштарды жоготуп алдык.

Б.И: Кызык экен, аны алып келүүнүн алдында эч кандай изилдөөлөр, баамдоолор болгон эмес беле? Дагы кандай жаныбарлар башка жактан алынып келинди эле?

Э.Ш: Табигатты байытабыз деген гана ураан бар болчу. Ал эми алдын ала илимий иш жүргүзүүлөр болгон болбогонунан кабарым жок. Ал убакта мен деле билимимди жаңы алып жаткан убагым болчу. Ошондогу катачылыкты эми минтип элүү жылдык убакыт тажрыйбам көрсөтүп отурбайбы. Тыйын чычкандан башка да сууда жашоочу норкалар жаныбарлары чет жактан алынып келинген. Анын терисинин баалуулугуна карап, көбөйтүү максатында көлмөлөргө кое беришти. Өзүңөргө белгилүү болгондой, Чүй жергесинин тээ талаа тараптары саздак келип, көптөгөн көлмөлөр, агын суулар бар. Алар ошол жактарга кое берилген. Анын кесепетинен балыктар жок болду. Мурун балыктын ушунчалык көптүгүнөн, ага атайын кайырмак салбай эле кол менен кармап алышчу. Азыр бирин-экин гана балыктар калды. Баардыгын ошол норкалар тукум курут кылып бүтүрдү.

Б.И: Ушул эки эле жандыктын кесепетинен балыктар менен куштардын түрү жок болуп тынса, демек, сиз буга чейин айтып өткөн табигый ресурстар адамдар тарабынан гана эмес, башка себептер менен да жок болуп жаткан экен да? Буга кандайдыр бир чаралар колдонулушу керекпи деги?

Э.Ш: Баардыгы жок болуп кеткенден кийин кандай чара көрөсүң?! Табигат өзү билет, ага эмне керек, эмненин кереги жок жана эмнеге муктаж, эмнеге мутаж эместигин. Кайсы жандык ага пайдалуу, кайсынысы ага зыяндуу – табигат баарынан акылдуу, ага акылдуусунбаш керек. Табигаттын колунан жулуп да албоо керек, кыйынсынып кошумчалап да берүүнүн да кереги жок! Тек, табигатты сүйүп, аны менен сүйлөшүп, сыртынан гана байкоо жүргүзүп, кереметтерине суктанып, ыраазычылык менен гана жашашыбыз керек…

(Эмил Жапаровичтин зээн кейиткен ушул кебинен кийин баарыбызды ой басып, тым-тырс отуруп калдык. Мен өзүмчө ой жорудум: чын эле биз азыркы мезгилде жаратылыш менен таптакыр байланышпайбыз го, кабар да албайт экенбиз. Анын жапа-жабырын туйбайбыз дагы… Айлана-чөйрөбүздөгү эле табигаттын жардыланып бара жатканын назарыбызга илбейт турбайбызбы!!!)

И.Б: Анно Хорст мырза, сиздин өлкөдө буга окшогон көйгөйлөргө кандай чара колдонулат, дегеле жаратылышты коргоо жөнүндө кандай кеңеш берер элеңиз?

А.Х: Мен да бүгүн өзүмдүн көптөгөн суроолорума жооп алдым. Бирок бизде мындай жергиликтүү жандыктардын жок болуп кетүү коркунучтары жокко эсе. Бизде көпчүлүк жандыктарды атууга, кармоого катуу тыйуу салынган. Баардык керектүү жерде эскертүү такталары илинип турат. Моюнга алам, кай бир өсүмдүктөрдү биз жасалма түрүндө өстүрүп алабыз. Бирок бизде жаратылышты чектен аша чаап пайдаланууга жол берилбейт. Балким сиздерде да тоолорго аңчылык кылууга болбостур. Баланча өсүмдүгүн үзгөнгө, казып алганга болбойт деген такталарды керектүү жерлерге орнотуу керектир.

Э.Ж: Ал батыштын элинин маданиятына жарашкан иш-чара. А бизде андай такталарга ар бир кадам сайын жазып койсоң да көңүл бурулбайт. Мен да батышта – чет өлкөлөрдө ар кандай долбоор иштери менен көп болдум. Албетте, кесибим экология, география, орнитолог, биолог болгондугуна байланыштуу чоң-чоң шаарларда эмес, тескерисинче, жаратылыш, тоо-талааларына ыктап жүргөнгө аракет жасачумун. Ооба, маданияттуу өлкөлөрдө болбойт деген такта илинген жерде ошол эскертүү толугу менен сакталат. Ушуга байланыштуу бир окуяны айтып берейин… Кандайдыр бир иштер менен  авто-унаада кетип баратканыбызда кесиптешим унааны токтотуп: “Мындан ары жөө барабыз”, — деп калды. Карасам, авто-унаа менен жүрүүгө болбойт деген жазуу бар экен, бирок жол уланып кетип жатат, ага чейин да буга окшогон далай көрүнүштөргө күбө болсом да: “Жол бар экен го, эмнеге жөө басышыбыз керек, ким бизди көрүп атыптыр” деп эмне кылаар экен десем: “Жок, болбойт. Жазылып турат, демек, биз жөө басуубуз керек” деп автосун жол четине токтотту да, жолубузду ары карай жөө уладык. Мына көрдүңбү, маданияты, аң-сезими өскөн элде заң-закүн ай-талаада да бекем иштээрин.

И.Б: Ал эми бизде аңчылык жасоого тыйуу салуу боюнча жазалар канчалык деңгээлде колдонулат? Маселен, жакында эле өлкөбүздө  ак илбирсти сактоо боюнча  чоң долбоор өткөрүлдү…

Э.Ж: Андай чет элдик бирин-экин долбоорлор бар, көп эмес. Аңчылыкка тыйуу салынган, дагы да салынып келет, бирок ал сөз жүзүндө гана болуп жатпайбы. Ал эми ак илбирс жөнүндө айта кетсем, бул ак илбирсти сактайбыз деп миңдеген кишини жыйнап, жыйын өткөрүүдөн мурун ошол ак илбирстин жашоо шартын изилдеп көрүү керек да. Эмне себептен жок болуп баратат, эмне жеп, эмне менен жан багат деген сындуу. Бизде бирин-экин гана ак илбирс калды, болгондо да ургаачы ак илбистер. Биринчиден, алар эркек илбирстери жок кантип өзүнөн өзү көбөйөт? Экинчиден, сенин эң биринчи сурооң – мөңгү маселесине ушул жерден кайрадан кайрылсак. Ак илбирстер кайда жашайт? Албетте, мөңгүлүү тоолордо. Алардын негизги азыгы аркар-кулжалар. Жайкысын гана жеңил-желпи, майда жандыктарды  жебесе, күз, кыш, жаз аларды аркар-кулжалар гана багат. Ак илбирс мышык эмес да, берген этти жей берген. Ак илбирсти ак илбирс кылган бул — аркардын эти.  Ал эми аркар-кулжалар эмне менен азыктанат? Ошол мөңгүлөрдүн тегерегиндеги гана өскөн өсүмдүктөр менен тамактанат. Мөңгүлөр талкаланып, аркарлар жок болуп баратса, анан ак илбирс кайдан көбөйөт? Бир жагын талкалап жатып, экинчи жагын сактайбыз дегениңерге жол болсун.

Дагы бир жолу кайталайм, табигат жаратылыштын ар бир кыбыраган жандыгы менен өсүмдүгү бирине бири тыгыз байланышкан, бири бирине болгон ролу чоң. Миңдеген суммадагы акчаны талаага чачып, ак илбирсти сактайбыз деп өткөргөн ошол долбоорду тим эле коюшса… Азыр жаштардын өз алдынча ой жүгүртүп изденүүсү да жок болуп калгансыйт. Акылы ордундагы киши ак илбирсти эмес, ошол ак илбирстин жашоо шартын жакшыртуу жөнүндө долбоор өткөрмөк. Анын жок болуп кетүүсү — аңчылыктын кесепети деп жатышат. Жок, аңчылык гана эмес, кеп, ак илбирстин жашоо шарттары да жайында болбой жаткандыгында. Деги эле терең изилденбеген, үстүртөн гана жүргүзүлгөн баш аягы жок долбоорлор көбөйүп кетти бизде.

И.Б: Азыркы учурда ушул сыяктуу жаратылыш көйгөлөрүн үйрөтүүчү билим булагы саналган мектептерде, дегеле жалпы эле окуу жайларда абалы кандай деп ойлойсуз?

Э.Ж: Билим берүү жана билим алуу боюнча менин жеке оюм жана баамымда – орто, а балким ортодон да төмөн. Анткени кызыгуу жок. Жаштардын ою жалаң эле техника болуп калды. Жаратылыш сабактары өтүлүп жатат, бирок жеке менин купулума толоорлук эмес.

И.Б: Кеңири маалыматтарыңызга рахмат, эмки суроолорум борбор калаабыз Бишкек шаарына байланыштуу болмокчу…

Маектешкен Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *