Акыркы учурда биздин үйдөгү чоң көйгөй балдарыбыздын экранга байланып калгандыгы болууда. Сиз да үйүңүздө ушундай көйгөйгө дуушар болсоңуз бул сиз үчүн. Кайталайм, сиз үчүн бул маанилүү.

Ата-эне эмне кылсын?

Эки уулдун атасы катары мени үйдө эң көп түйшөлткөн нерсе: балдарымдын экранга байланып калганы. Телевизор, компьютер же смартфон азыр жашообуздун айрылгыс бөлүгү. Адам баласы бир күндө смартфонун орточо алганда 160 жолу карайт экен. Интернет жеткиликтүү болуп, телевизор көрүүнүн деле кажети калбады. Каалаганыңды интернеттен таап аласың. Өзүң үчүн, балким, кандайдыр бир деңгээлде телевизорду чектей аласың. Ишиң менен алек болуп же китеп окуп дегендей. Бирок ата-эне болгондо балаңды кантип өстүрүү керек деген маселе чоң көйгөй болуп калат экен.

Мен өсүп чоңойгон доор менен балдарым өсүп аткан доор таптакыр башка экени айдан ачык. Биздин доордо экранга байланып калуу жок эле. Көчөдө балдар менен ойноо кызык болчу. Ата-энебиз деле көчөдө ойногонубуздан кооптонбосо керек эле. Сөздүн кыскасы, “идеал” ата болгум келет. Ал үчүн кез-кезде бала тарбиялоо сыяктуу китеп же макалаларды окуйм… Балдарым менен сүйлөшүп, аларга китептен жомок окуп берүү философиям бар. Бирок ишке ашыра бербейм. Адам баласы билген нерселерин жашаган сайын кайрадан үйрөнөт экен. Бир топ убакытка үйдөгү интернетти да, кабелдүү телеберүүнү да өчүрүп койдук. Ага улуу баламдын кеч сүйлөгөнү себеп болду. Балама телевизордон 12-14 мультфильм каналды ачып берип коюп, “тынчыраак отурса болду” деген түшүнүктө жүрүпмүн. Логопедге алып барып, бала менен баарлашуу жетишсиз экенин түшүндүк. Логопедчелик болбосо да интернеттен көп эле нерсени изилдедим. Бирок турмуштун муктаждыгы кабелдик телевидениени кайрадан улоого түрттү. Жаңы доордун технологиялык мүмкүнчүлүгүн балдардан алыс тутуу балдарды дүйнөдөн же өзүнүн теңтуштарынан артта калтыруу дегендик экен.

Экрансыз бир күн да жашоо жок!

Азыр жашаган доорубузда телевизор, компьютер, планшет же телефонсуз иштеп, жашоо мүмкүн эмес. Бул жазууну деле комптьютердин экранына карап жазып жатам да. Компьютерсиз иш бүтөбү?…Көйгөй дал ушул жерде башталат. Биздин жашоону жеңилдеткен, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан экрандарга байланып калдык. Бирок менин айтайын дегеним, миллиарддаган долларларды түзгөн компьютердик оюндар, анимациялык-мультфильмдер жөнүндө. Бул сектордун бир максаты бар: балдарды экранга байлап алуу! Бул жерде бир суроо туулат. Бир эле ата-энелер бул чоң сектор менен күрөшө алабы?

Экранды тыйып салуу чара эмес!

Ар кандай изилдөөлөрдө көрсөткөндөй, бир нерсеге тыюу салуу эч качан көйгөйдү чечкен эмес. Мындай тыюу салуу балдарда кайра кызыгууну жаратат жана экранга андан да байлап коет. Анткен менен, экрандар балдардын өз теңтуштары менен тажрыйба алмашуу платформасы десек туура болчудай. Мисалы, Бишкектеги №71 Тоголок Молдо мектеп интернатында окуп жана жашаган томолой жетим балдардын компьютер классында атайын оюн ойноо сааты бар экенин директору көрсөткөн эле. Бул усулду мектепке сырттан келип окуган ата-энелүү балдар менен бирдей деңгээлде болушу керек деп түшүндүргөн эле. Биз бала кезде чүкө топтоо, сагыздардын сырткы кагазын топтоо ж.б. оюндар жөнүндө сүйлөшсөк, азыркы балдар ар кандай интернет оюндары, мультфильмдер тууралуу сүйлөшүп достошушат.

Башкача айтканда, биз балабызды экрандан алыстатканыбыз менен кошо теңтуштары менен диалогду жок кылып салчудайбыз. Ошондуктан, экрандарды өчүрүп койбой, экрандын алдында өткөргөн убакытты жакшыраак пландоо маанилүү.

Баланын убакытын контролдоо күчү!

Албетте, бул нерседе тең салмакты сактоо оор иш. Ойлосоңуз, бир тарапта бардык күчүн балдарды экранга байлап калуу аркылуу жанын баккан профессионалдардын армиясы, экинчи тарапта баласын экрандан алысыраак кармаганы аракет кылган ата-энелер. Анда кантебиз? Мүмкүн эмес деп эле бул күрөштү таштап, балдарды экрандын тушунда жалгыз ташап коёбузбу? Эч качан! Анткени, бизде профессионалдардын армиясында болбогон бир күч бар. Балдардын убакытын контролдоо күчү! Ооба, ата-энелер балдарына сүйүү менен кошо мээрим төгөт. Ошол эле учурда баланын убактысын көзөмөлдөө күчү бар. Бирок бул көзөмөлдөө күчүңүздү балаңыз чоңойгон сайын жоготосуз. Ошондуктан бул күчтү кылдаттык менен жана эртерээк колдонуш керек. Бул күчтү кантип колдонобуз?

Бардык нерсе үйдөн башталат!

Экранга байлануу (digital addiction) жаңы бир термин эмес. Ошондуктан көптөгөн психолог-педагог адистер балдарды экрандан алыс кармоонун жолун издеп келишет. Негизги максат балдарды экрандын роботу болуудан куткаруу. Адистердин кеңеши боюнча, экранга байланууну жеңүү үйдөн башталат. Ошондуктан ата-энелерге чоң жоопкерчилик түшүүдө.

Туруктуулук шарт!

Туруктуу тартип жана балдардын туура өсүүсүнө шайкеш келчү планды ишке ашыруу оңой эмес. Ал үчүн балдар менен көпкө сүйлөшүп, алардын логикасына туура келчү аргументтерге ынандыруу жана талыкпай күрөшүү керек. Бир учурду унутпаш керек. Колунан смартфонун түшүрбөгөн ата-энелер жогорудагы курал тартиптерди сакташы чынында оор. Албетте, оор иш, бирок аткарса болот.

“Эмне кылыш керектин” илимий рецепти

Жогоруда айтылгандар үчүн эмне кылыш керек? Америка Педиатрия Академиясы (American Academy of Pediatrics) бул көйгөйгө 4 принциптен турган рецепт даярдаган.

1. 0-18 айлык бөбөктөрдү бардык экрандардан алыс кармоо керек. Видео чалуулардан тышкары бүт экрандар зыян. Себеби бул куракта бөбөктөрдүн мээси тез өрчүйт, ал эми экрандар тез өрчүгөн мээ үчүн пайдасыз. Бул убакта бөбөктүн эң муктаж болгону ата-энеси менен баарлашуусу. Китеп окуп берүү, алдей ырын ырдоо, бала менен биргеликте ыр ырдоо бул учурда өтө маанилүү.

2. 18-24 айлык бөбөктөр экран менен таанышса болот. Шарт эмес, албетте. Таанышса да убакыт чектелиш керек. Экрандагы мультфильм же видеонун сапаты жана мазмуну маанилүү. Балдар экран менен канчалык кеч таанышса ошончолук жакшы.

3. 2-5 жаштагы балдар үчүн 1 саат жетиштүү. Бул жерде да мазмуну маанилүү . Кантип билебиз сапаттуу мазмунду? Алгач өзүбүз көрүп чыгабыз. Ата-эне өзү көрбөгөн эч бир видео-мультфильмди балага көрсөтпөө эрежеси маанилүү.

4. 6 жана жогорку жаштагылар үчүн Америка Педиатрия Академиясы конкреттүү бир саат ордуна жалпы принциптерди сунуштайт. Сизге деле маалым, бул жашта экранды контролдоо күчү сизде эмес, баланын өзүнүн контролуна өтүп калат. Мындай болгон учурда балаңыз менен отуруп “үй-бүлөлүк медиа план” түзүү кажет. Үй-бүлөлүк медиа план баланын апта ичи жана апта соңунда кайсы сааттарда, канча саатка экран башында отуруу боюнча бала менен ата-эненин келишими. Балаңыз менен сүйлөшүп, анын да пикирин эске алуу менен келишимди кагазга жазып, илип коюңуз. Натыйжасын көрөсүз, ишенип коюңуз мага.

Үй-бүлөлүк медиа план (FAMILY MEDIA PLAN)

Бул планды түзүп жатканда төмөндөгү принциптерди эске алыңыз:

— Күнүгө 1 саатты физикалык көнүгүүгө (сейилдөө, спорт ж.б) бөлүү;

— Эң аз 8 саат уйку үчүн убакыт бөлүү;

— Телевизорсуз, компьютерсиз же смартфонсуз балдар бөлмөсү;

— Жатаардан 1 саат мурун бардык телевизорлорду, компьютер, смартфондорду өчүрүү;

— “Экрансыз убакыттар” аныкталышы керек. Мисалы, үй-бүлөнүн бирге эртем, түштөмү. Өзгөчө, кечтем учурунда экрандарды өчүрүү, же телефон, компьютер колдонбоо…Бул убакыттарды алдын ала аныктап алуу.

Мүмкүнчүлүккө жараша, үйдүн белгилүү бир жери же экрансыз бөлмөсү болсо сиздин гана пайдаңызга экенин унутпаңыз. Алла баарыбыздын жардамчыбыз болсун!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.