№5

«Суунун сурагы» деген кулакка сырдуу жана сүрдүү аталышты жамынган Кубанычбек Аркабаевдин  мен сөз кылчу ушул китеби кокусунан колума тийгенде чынында «окусамбы же окубай эле койсомбу» деген ыргылжың ойдо болдум. Буга биринчиден чыгарманын ушундай мааниси терең атты «жамынганы» («суунун да сурагы бар» дечү эле кыргыз) аз келгенсип башына «Кудайга ишен… Анын кыяматынан корк», «Суу кордогон кор болот, суу сыйлаган зор болот» деген маани-маңызы ат көтөрө алгыс сөздөрдү «шапке катары кийгени», автордун адабий чөйрөгө (балким мага эле) анча тааныш эместиги, ушундай оор мазмундуу баш сөзгө татыктуу чыгарма жазылганына ишенимимди жаратпады, (баягы  эптеп бирдемени чүргөй калып кооз ат менен чыгара салгандарданбы дедим) көркөмдүүлүгү менен көтөргөн жүгүнүн оордугуна күмөнсүдүм.

Анткен менен китеп колума тийгенден кийин көз жүгүртүп көрбөсөм, «окубасам да оюмду айтып коёюн» деген сыяктуу адилетсиздик болуп калмак. Ошентип жакшы чыгармага жолукканыма ишенкиребей окуп баштаган мен китептин окуяларына кандай сүңгүп кирип кеткенимди билбей да калдым (жакшы чыгарманын бир белгиси го).

Анын үстүнө чыгарманын тили жатык, сүрөттөөсү элестүү, окуялары кызыктуу, көтөргөн жүгү салмактуу болгондуктан окурманды улам бир бөлүмүнө жетелеп, китептин кийинки беттерине үңүлүүгө мажбурлай алат (колго калем алып өз ой пикиримди жазып отурганым да ушул себептен). Баса, чыгарманын жанры ишке ашып кетиши мүмкүн болгон фантастика (бул менин баамым боюнча, анткени ал чыгарманын башына жазылбаптыр).  Менимче, бул жанрды автор туура эле тандап алгандай (бул тууралуу кийинчерек да сөз кылам), анткени чыгармадагы окуялар чындыкка таянганы менен өтө эле чукул бурулуштуу, ал тургай жомокко да жакындап кетет десек да болот.

Чыгарма менен таанышпаган окурманга жардам катарында мен андагы окуяларды үстүртөн айта кетсем да, андан соң талдаганга аракет кылсам.

Китептин биринчи бөлүмүндө жери чөлгө айланып, тоолору кагырап кургаган кайсы бир бизге белгисиз (автор ойдон чыгарган) Жүзкары мамлекетинин жарандарынан болгон чоң ата менен неберенин жашоосу сүрөттөлөт. Алардын чакан өрөөндөгү акыркы бото көз булактын суусун сатып өздөрүнүн эле жанын бакпастан «мезгил каарынан улам кол караган үч төрт жөжөлүү кош улар баштаган кекилик, чил сыяктуу тоо-токой канаттууларына жем чачып, сырттан сагаалаган аркар-кулжага чөптөн чоң тутамдап таштап» асыраган турмушу чагылдырылып, неберенин кандайдыр сууга байланыштуу аяндарды ала баштаганы, булардан улам жер жүзүнө кыямат кайым жакындап калгандыгы сүрөттөлөт.

Ушундан улам чоң ата өз өмүрү эмнеге арналганын жана Жараткандын алдындагы милдетин түшүнөт. Китептин кийинки бөлүмдөрүндө чоң атанын жаш кезин эскерүүсү менен уланат. Андагы батышка барып окуп жана жашап келгени, ал жакта жөн эле жүрө бербей куйма кулак идиректүүлүгүнөн улам жаныбарларды жасалма жаратуу боюнча чоң окумуштуу болгону астейдил баяндалып, андан ары Жүзкары мамлекетинин жомоктогудай кооздугу, анын жашоочуларынын жубардай таза ыйманы эскерилип, ошол эле учурда асмандан адамзатына караганда алдаганча өнүккөн бөтөн планеталыктар кадимки аңыз болуп айтылып жүргөн тарелкалары менен түшүп келишип, жер бетин согушу жок эле басып алганы, адамдарды жан дүйнөлөрүнө бүлүк салып, ыймандан кетирип, адептеринен ашынтып, ал эмес жылаңачтантып, ар кандай жомоктору менен азгырып (алар Жерди тозок, өзүлөрүнүкүн Бейиш деп аташат) өз планетасына алып кете башташып, Жер-Эне жээрилип, мындан улам анын климаты бузулуп, муздар менен мөңгүлөр эрип кетип, таза суунун запасы түгөнгөнү, ушундай «кансыз согушка», куралсыз басып алууга жүзкарылыктардын каршы чыгуусу, алардын «суунун үч абалынын бири жоголсо жер жүзүндө кыямат кайым болот» деген сөзү  акыры чындык катары алиги аяндарда тастыкталып, ааламды топон суу каптагана калат.

Бул ааламатты небересинин аяндуу түштөрү аркылуу билген кары жер жүзүндөгү жаныбарларды сактап калууну өзү окумуштуулукка жеткен айбанаттарды жасалма жол менен жаратуу окуусунан көрүп, аны үйрөнүп келүүсү үчүн небересин мухиттин ары жагындагы ушул иш менен алектенип жаткан досуна жиберет. Ал небереси окуп келгиче көзү өтүп кеткени менен өзү дагы аян аркылуу жерде кыямат кайымдын кайсы күнү болоруна чейин билип, ал күнү кандай кылышты небересине жазып калтырып кетет. Ошентип жаныбарларды кыямат күнүндө сактап калуу вазыйпасы жүктөлгөн небере анын белгилерин турмуштан издеп, өз милдетин так аткарууга белсенип жүргөнүндө сүйүүгө жолугат. Бирок чоң атасынын «кыямат кайымда жалгыз бол» деген тапшырмасы боюнча жигитке сүйгөнү менен бөлүнүүгө туура келет. Анткен менен бөтөн планеталыктар себеп болуп, Кудай өзү жардам кылып сүйүшкөндөр топон суу каптаган күнү кошулушуп, жаныбарларды сактап калуу менен бирге адамзат тукумунун уланышына себепкер болушат.

Чыгарманы мазмунун үстүртөн айта кетсек ушундай. Көрүнүп тургандай повесте Кыямат кайым баш болгон укмуш окуялар баяндалган. Арийне, кандай болумуш тууралуу сөз кылсаң да чындыкка таянбасаң же ишенимдүү түрдө ыгы менен (көркөм) кеп салып бербесең эч кимге таасир эте албаганыңа жараша катуу сын угуп каласың. Жөнөкөй аңгеме курганда ушундай кыйындык туулуп жаткандан кийин көпчүлүктүн көңүлүнө урунчу атына эле чоң ой камтыган жанагындай маанилүү сөздөрдү баш сөз кылган чыгармага тоодой болгон жоопкерчилик өзүнөн өзү эле жүктөлөт.

Ошентип чыгарманын сюжетине бир сыйра көз жүгүртүп, анын укмуштуу окуялар менен коштолгонун, ал тургай жомокко окшош экенин да билдик. Арийне, биз кайрылып жаткан чыгарма (жомоктун өзөгүндө да чындык болот) фантастика болсо да ал окурман ишенгидей сүрөттөлүшү керек, андагы окуялар чындыкка таянуу менен адам ынангыдай болушу зарыл. Мына ушул талаптар бул чыгармада аткарылганбы? Менимче, бул талап жарым жартылай аткарылган жана окурманды өз окуялары менен айтайын деген ойлоруна бир топ эле ынандыра алган. Алар «ушундай кантип болсун!» деп ыргытып жибергидей абалда калбайт. Ошол эле учурда «укмуш эй!» деген шыпшынууга, тамшанып кайра-кайра окуп чыгууга жеткирилбеген. Бул эми менин жеке оюм. Табитти талашпайт эмеспи: бирөөлөргө бул чыгарма абдан катуу таасир этсе, бирөөлөргө таптакыр эле жакпай калышы мүмкүн, дагы бирөөлөр түшүнбөй калып дегендей. Андыктан менин азыркы жазып жаткан макалам менин гана ой-пикирим жана аны башкаларга таңуулабастан сөз болуп жаткан чыгарманы өзүңөр окуп чыксаңар өкүнбөйсүңөр деген кеңешти айта кетмекчимин.

Эми ушундай орчундуу жүк көтөргөн чыгарманы сын көз менен карап талдаганга, калыс пикир жаратканга аракет кылып көрсөк. Көлөмү анча деле чоң эмес (болгону 158 бет) чыгарманын алгачкы саптарында эле  капкаяктагы бизге белгисиз жарашман дарагы, Жүзкары мамлекети жөнүндө сөз болуп, окурманды түшүнүксүз ойлорго кептеп, аны өзүнө тартпай кайра алыстаткан маанайды жаратат.  Сөзүм куру болбос үчүн чыгармын алгачкы эле бетинен үзүндү келтире кетсем:

“Кечкурун капчыгай тараптан алгач жеңил желпе, желип-жорто соккон жел түн оой боройлогон бороонго айланды. Демейде анча-мынча шамалга шуудурап коюп зыңгырап тура берчү жарашман (Жер-асман дарагы ушул чыгармадагы тал, терек, кайыңдын ортосунан жаралган дарак) дарагы келиндей жүгүндү белем, анын эң жогорку майда бутактары таш дубалдуу боз үйдүн желим жабуулуу түндүгүн чапкылап жиберди. Ошондо гана бороон болжолунан ашып кеткенин билген Шамбалат абышка: “Болсоң бол бороонум, болбой жүрчү белең? Бул тегерек өрөөн боюнча калган жалгыз дарак ушул болсо ага асылбаганда эмнеге асылат элең. А мобул Жүзкарынын (Жүзкары – ушул чыгармадагы мамлекеттин аты) көк асабасын түшүрүп койбосом болбойт, албууттанып атасың, жулуп кетсең жакшы жышаана болбойт”, — деп күбүрөнө сыртка чыгып тууну түшүрүп, асабасын коюнуна катып киргиче кайыга калып, уйкусун качырып алды белем, түнү бою түгөнбөгөн ойлорду чубап, түйшөлүүнүн түпкүрүнө түшүп кеткенсиди”.

Көрүнүп тургандай, чыгарма кандайдыр түшүнүксүз маанайда башталып, окурманды укмуш окуяларга аралаштырганы менен кай бир учурларда кандайдыр күдүк ойдо калтырып, андан өзүнө жараша ой жүгүртүүнү талап кылып, кайрадан окуп чыгууга мажбурлайт, ошондо да түшүнбөй калгандарды китеп боюнча терс пикирде калтырышы мүмкүн. (Ошол эле жер жүзүндө жок Жүзкары мамлекети, жарашман дарагы, суунун үч абалы тууралуу уламыш, жандыктарды жасалма жол менен жаратуучу окумуштуулар, Жүзкары мамлекетиндеги башкача жашоо, бөтөн планеталыктардын адамзатка кылган үстөмдүгү, алардын асмандагы Бейиш жылдызына жерликтерди азгырыгы, жердин климатынын тездеп бузулушу, ысык жамгырдагы махабат, Жер жүзүндө бир заматта болуп кеткен Кыямат кайым жана башкалар акылга көп сыя бербейт.) Арийне, атайын адабий даярдыгы бар окурман жогоруда жазуучу тарабынан колдонулган салыштыруулар (аллегориялар дейбизби?) айтайын деген ойду түшүндүрүп бериш  үчүн ойлонулуп табылган “аспаптар” экенин дароо эле баамдайт жана алар абдан эпчилдик менен туура колдонулганын  байкайт. Мисалы, чыгармадагы (китептин 41- бетинде) ошол эле Жүзкары мамлекети мындай сүрөттөлөт: “Өзүнүн саясий картадагы аймагына өз атын жазса батпагандыктан, атайын катар сан менен көрсөтүлгөн Жүзкары мамлекети жөнүндө бүткүл дүйнөлүк телеканалдар дүңгүрөй кеп кылып, бул кичинекей өлкө коргон сымал бийик тоолор менен курчалып тургандыктан, ал жакка машина жол турмак ат жол да барбасын, дегеле транспорт аттуудан тик учак гана каттай аларын, ага жараша эң артта калган, дыйканчылык жана мал чарбачылык менен жашаган жакыр өлкө экенин билишип, бөтөн планеталыктар гүлдөгөн көп өлкөлөр турса каяктагы бир Кудайдан унут калган жерди эмне үчүн тандап алгандарына түшүнө алышпай, аны иликтеп, бул өлкө негедир космостон караганда дайыма, ал тургай үстүн кара булут каптап турса дагы агыш тарта көрүнүп турарын билишип, ошон үчүн бөтөндөргө конууга ыңгайлуу болуп атса керек деп болжолдошо, адамзат тарыхында эзели болуп көрбөгөн тарыхый окуяга күбө болор Жүзкарынын элине суктанышып, бүт мамлекеттер президенти баштаган бул орчун окуяга катышаар делегациясынын тизмесин түзүп, өлкөлөр аралык дипломатиялык эрежеге ылайык өлкөсүнө кирүүгө уруксат сурап билдирүүлөрүн жөнөтүп жатканда Жүзкарылыктар кубанмак тургай катуу тынчсызданып, өлкөнүн башкаруу органы болгон Аталар Кеңешинин курултайы кезексиз чакырылды”.

Бул текстен биз Жүзкары мамлекети тууралуу жакшы маалымат алуу менен аны өзүбүздүн тоолуу-суулуу  өлкөбүзгө окшоштуруп суу бермети болгон Ысык-Көлүбүз “негедир космостон караганда дайыма, ал тургай үстүн кара булут каптап турса дагы агыш тарта көрүнүп турарын” косманавтар айтканын жана окульттук илимдерде айтылган, кезегинде Гитлер издеткен Гималай тоолорунун арасындагы табышмактуу Шамбала өлкөсүн эстеп, балким автор ушул мамлекет тууралуу жазгысы келгенби деген да ой кетти (китеп биздин доордон кыйла кийинки кез жөнүндө сөз кылып жаткандыктан келечекте бул өлкө дагы бизге болбосо дагы урпактарыбызга белгилүү болор балким, баса, бул чыгарманын баш каарманын аты дагы Шамбалат). Менде  ушундай пикир жаралды, бирок максатым чыгарманы талдоо болгон соң бул ойго сүңгүбөдүм.

Ошентип бизге окуя өтүүчү өлкө маалым болду, аны жалаң жашы алтымыштан өткөн карылардан турган Карылар Кеңеши башкарары тууралуу, бул мамлекеттин идеология катары карманганы жаралган кези белгисиз суунун үч абалы тууралуу уламыш экенин китептин ушул бөлүмүнөн билебиз. Мына дал ушул уламыш азыркы бизге тиешеси бардай сезилди мага, андыктан макаламдын чакандыгына карабастан андан үзүндү келтире кетким келет.

— Адам аңдай алгыс шартта өзүн-өзү Жараткан Теңир алгач аңгыраган бош ааламды жасайт. Анан ал боштукту толтуруш үчүн Кудурет миң-миллиарддаган жылдыздарды жасап асманга мыксыз кадай берет, жипсиз иле берет. Топодон, кумдан, таштан, темирден, асыл таш, алтын, күмүштөн, ал эмес оттон дегеле баардык заттардан, бизге белгисиз ааламдагы көп нерселерден турган жылдыздар аалам толо шыгырап чыкканда Теңир ааламдык айлануу мыйзамына баш ийдирилген убакытты күүлөп туруп коё берет.

Жылдыздар эми жөн эле илинип тура бербестен убакыттын шары менен кыймылга келип, кичинеси чоңун айланган, ысыгы муздагын жылыткан, тартылышып, түртүлүшүп, кагылышып кетпеген ааламдык бирдиктүү бир түзүмгө, эрежеге баш ийдирилет. Ар түрлүү, кооз, ажайыптай укмуш жылдыздарын суктана карап туруп Кудурет булардын миң-миллион жыл болсо дагы кынтыксыз кыймылда айлана беришерин ойлойт да өзгөрүлмө күчү бар өзүнө окшош бир зат ойлоп тапкысы келип кетет. Ойлоп таба элек жатып эле ошол өзгөчөлүү нерсесине сүйүүсү ойгонот да “суф” дегенинде ааламда ажайып бир мөлтүрөгөн, жалтыраган таза зат пайда болот. Кол эмгегинен эмес, көңүлдөгү сүйүүсүнөн жаралган мөлтүр затты башка жылдыздардай кылып бир түзүмгө байлагысы келбеген Кудурет:

 — Суф деген дубадан жаралдың суюгуң-суу, катууң-муз, жумшагың – буу, — деген үч затта бол, аалам үчүн кызматта бол, өзүң барда өмүр болсун, жайгашкан жайыңда жаратылыш, тийген жериңде тирилик болсун деп батасын берип туруп ааламга агытып жиберет. Ошентип аалам сулуусу суу түркүн жылдыздарды аралап учкан бойдон жөнөйт. Бир жылдызга түшсө ал өтө ысык болгондуктан бууга айланып качат, бирөөсү такыр эле муздак болгондуктан музга айланып аны жарып сапар улайт, үчүнчүсүн мээлүүндүгүнө тоңбой да, бууланбай да андыктан, толук кыймылга келе албай бүксүп ал жылдызды кошо бузуп ааламга төгүлөт, жалаң топодон турганын эритип, жалаң таштан турганына токтой албай куюлуп кете берет, кете берет. Ошондон миңдеген жылдар өткөн соң таш өзөгү топуракка курчалган, суунун үч затына тең толук шарты бар биздин Жер шарыбызга жолугат да аны үч айлана курчап, алп тоолордун бир бийик чокусу ылдый жүз күн жүз түн бою куюлуп түшөт. Ошентип суунун акыркы тамчысы жерге тамганда баягы бийик чокунун ордунда айланасын таш тулкулуу тоолор курчаган ушул биздин Өмүр-Чөйчөк өрөөнүбүз пайда болгон болот. Суу Жер шарынын ойдуң-түздөрүнөн орун алган соң Теңирдин касиети боюнча майдадан чоңго, жансыздан жандууга, маңыроодон акылдууга өсүп-өнүккөн тиричилик пайда боло баштайт. Эгер эле Жер шарында климат өтө ысып же өтө муздап кетип суунун үч абалынын бирөө эле жок калчу болсо же биздин жер киндиги, жашоонун башталышы болгон Өмүр-Чөйчөк өрөөнүбүздү жаратылышы бузулса же элинин пейили кетсе кыямат кайым болуп, суу миллиард жылдар мурда келген жолуна салып Жер шарын таштап кетет экен. Адамзат! (Китептин 55-бети.)

Уламыш эмес бекен! Жазуучунун бул эң чоң табылгасын өзүнчө алса деле бир укмуш чыгарма болчудай. Ошондуктан да аны толугу менен келтирдик. Балким, биз ичип жаткан жер затына окшобогон мөлтүр суу чындап эле асмандан куюлуп түшкөндүр. Эгерде анын муз, суу, буу сыяктуу үч абалынын бири эле жоголсо жер жүзүнүн тирдиги өсүп бараткан өз нугунан ооп кургуйду карай кулашы толук мүмкүн эмеспи. Ансыз деле азыркы кезде тоолорубузда мөңгүлөр жукарып, айрымдары жок болуп кеткени айтылууда (парламентибиздин мөңгүлөрдүн алдынан кен казууга уруксат бергени эмне деген жорук!). Жазуучунун жазуучулук касиети ушинтип башкача бир жүйөлөр менен көркөм түрдө маселени кырынан койгонунда окшобойбу.

Айтып бара жаткан сөзүмдөн алагды боло түштүм окшойт. Ошентип повестин кийинки бөлүмдөрүндө ар тарабын тоолор курчаган Жүзкары мамлекети, аны башкарган Карылар Кеңеши, анын ажайып жаратылышы, көчөсүн аралап жүргөн кайберендер турмак үйүнө кирген жыланга кара санабаган, табиятты сүйгөн, сууга сыйынган эли тууралуу маалымат алып, көркөм сүрөттөөгө көңүлүбүз тоёт. Жазуучу “Жүзкары мамлекетинде” аталган бул бөлүмүнө көп орун берип шашпай сүрөттөсө дагы мага эмнегедир чаларактай, тузу кемдей сезилди, кандайдыр жасалмалуулук бардай туюлду. Мисалы, мамлекеттин борбору болгон Барсачык (баарысы ачык дегенди түшүндүрөт) шаарынын бобордук аянты мындай сүрөттөлөт:

— Бул биздин Борбордук аянт, — деп түшүндүрө баштады Шамбалат айлананы кызыга да, таңгала да караган Оттого. — Жогору жактан агып келген бүт суулар ушинтип бул көлмөгө куюшат дагы Борбордук аянтыбызды шакекче түрүндө айлана беришип кандай кошулушса ошондой тарам-тарам бөлүнө шаардын төмөнкү бөлүгүн аралай агып кетишет.

— Демек, силердин Борбордук аянт баардык жагынан суу курчаган аралдай экен да. Жакшы ойлонулуп табылыптыр.

— Ойлонулуп табылган эмес бул Теңирдин жасаганы. Болбосо адамдын колунан бул иш келмек эмес. Карабайсызбы Борбордук аянт дегени эле аты болбосо бул жер кыйла көтөрүңкү деңгээлде болуп атпайбы.

— Ооба. Абдан кызык көрүнүш экен. Ошондо Борбордук аянтыңарды үстүнөн карасак баардык жагында сабы бар тегерек идишти элестетет экен да.

Ушул жерден элестетип көрсөңүз шакекче болуп, ортосундагы жерди арал кыла айланган суунун агымына ишене албайсыз. Тоо жеринин суулары аркырап-шаркырап түз агары баардык эле кыргыз баласына маалым эмеспи. Ушул жана Барсачык шаарындагы бардарчылык, акчанын жоктугу, бүт бекер экени, кыскасын айтканда, баары “коммунизмдиги”  мени ынандыра албады, жазуучу эргип кетип боёкту коюу сүртүп алгандай сезилди. Анан дагы бир мисал:

“Ак чокусу асман сайып, кыр жондору жогору умтулганы менен, тарамданган жылга-жыбыты ылдый куюлуп, этектери жерге жайылган ушул залкар тоолордун үлгүсүндөй: шоңшогой ак калпакчан, этеги жайык күрмө, багалеги кенен шымчан жигиттер эзелки тамырын көргөндөй жайдары учурашышса, фонтандай бир эле убакта өйдө да атылып, ылдый да агылып, үч бактын асыл жактарын алган жарашман дарагына окшошо бийик шөкүлө кийип, мырза теректей зыңгырай, мажүрүм талдын бутактарындай чачтары ылдый куюлган, ак кайыңдай көйкөлүп ажайып кийинген кыздар акырын ийиле, ызаат кыла жандан өтүштү”, — деп Жүзкары элин кыргызга окшоштуруп сүрөттөгөнү, ал тургай манасчысына “Манас” айттырганы (Манас деп ачык жазылбайт) мага ашыкчадай сезилди. Мынча болду Жүзкары элинин өзүнө таандык кийимдерин, оюн-зоокторун, каада-салттарын ойлоп тапса болмок экен, жазуучунун кыял-оюнун “колунан” бул иш келмек окшойт. Айтор, Жүзкары мамлекетинде жазуучунун сүрөттөөсү боюнча бейиш бар экен. Аны далилдеп берүүгө абдан чоң далалат жасалганы көрүнүп турат. Аттиң десең, жазуучу сүрөттөгөндөй  биздин мамлекетибизде да ушундай болсо деп чыгармадан дагы үзүндү бере кетели.

 — Аябай даамдуу тамактар экен. Ырахмат! – деп дасторкондон артка жыла берген Отто чөнтөгүнөн жашыл акча алып чыгып баятадан илбериңки тейлеген кызга сунду эле ал алаар албасын билбей Оттону бир, акчаны бир карап туруп калды.

— Салып коюңуз, Отто мырза. Ал баары бир албайт, деп Шамбалат күлүп жиберди эле, мындан кандайдыр мыскылдын илебин сезген Отто чорт кесе айтты:

— Мен бекерге көнгөн эмесмин. Алгын! – деп акчасын дасторкон үстүнө таштады. Өзүнө түшүнүксүз тилде сүйлөп кооз кагаз сунган чоочун кишини жалт карап алган кыз эч нерсе дебестен чогулткан идишин көтөргөн бойдон кетип калды.

— Отто мырза, биздин өлкөнүн тиричилигинде акча каражаты колдонулбайт, — деди Шамбалат Оттонун жактырбаңкы түрүнөн улам дароо олуттуу тарта.

— Түшүнбөдүм. Акчасыз кандай жашоо?

— Бизде бекер иштеп, анан бекер ичип-жеп, кийинебиз, — деп түшүндүрүүгө аракеттене баштады Шамбалат.

— Кандайча бекер? Бекер эч нерсе жок да азыр.

— Ооба, бекер эч нерсе жок. Биздикилер азыр талаада бекер иштеп жүрүшөт, а кечинде келгенде бекер тамактанышат.

— Кызык экен. А кимдин канча иштеп, канча жегенин кантип эсептейсиңер?

— Эч кандай эсеп жок. Тек гана ар ким уяты менен өз ишин так аткарса, жоопкерчилиги болсо болду.

Аттиң биздин өлкөдө да ушундай каада-салтка айланган тартип орносо деген кыялдуу тилек менен сөзүмдү уласам. Мен чыгармадан үзүндү бере берип сөздү узартып жибердим окшойт. Бирок андай-мындай деп саймедиреп отурганча ушинтсем далилдүү да, ынанымдуу да болуп жаткансыйт. Сөздү улантсак чыгарманын кийинки бөлүмдөрүндө жерликтер менен өздөрүн “Бейиштен келген туугандарыңарбыз” деп тааныштырган үстүлөрүндө үйрүп салар кийими жок бөтөн планеталыктардын мамилелери ынанымдуу сүрөттөлүп,  күтүүсүз окуялар курчуйт. Адамзаты тарабынан “жылаңач келгиндер” аталган алар кадимки адамдардай кебетеде болгондору менен жогоруда айтканыбыздай дырдай жылаңач бойдон адамдарга өздөрү келген жактагы жыргал жашоолорун айтып азгыра баштап, ал жакка кабыл алыныштары үчүн бир гана талапты: өздөрүндөй дырдай жылаңачтанып алып, жыйылган элдин көзүнчө абада илинип турган тарелкаларына чыгып баруу шартын коюшат.

Окурмандын алдына тартылган эмне деген сүрөттөмө, кандай гана коюу сүртүлгөн  боёк да,  кандай гана таасир! Бирок бул жомокко окшогон жок. Мисалы, азыр бизге Америкадан бир миллионер келип ушундай талапты койсо, тагырак айтканда, жыйылып турган элдин көзүнчө дырдай жылаңач кебетеде басып келип машинама түшсөң мухиттин ары жагына алып барып жыргалчылыкка баардык шарты бар жашоого жеткирем десе бизден канча киши ушуга барат эле? Ай билбейм, аял эркеги аралаша, үстүндөгүлөрүн чечип ыргытыша топурап бир канчасы чуркашарына ишенип турам. Алар мындай кебетелери менен элден-журттан безишмек, туулган жерден кечишмек, экинчи келгис болуп кетишмек.

Китептин ушул бөлүмүн окуп жатканда башка келген  бул ойлорду мен макалабыздын чакандыгына жана башка себептерге байланыштуу уланткым келбейт. Аларды “чайнап берүүнүн” кереги жок, мындай каймана айтылган жагдайларды чыгарманы окуган зирек окурман өзү түшүнүп алганы оң. Көрүнүп тургандай чыгарма чакан болсо да жогоруда биз келтирген жакшы адабий табылгалардын арты менен ага укмуш улуу окуялар батырылган. Мисалы, ошол эле Жер Эне аңтарылып кыямат кайым болуп кеткенден кийинки жер жүзүндөгү жаныбарларды кайра жаратып, жаңы Адам ата менен Обо эненин милдетин аткаруучу Нурдан менен Наристенин кошулушуна жана сүйүшүшүнө шарт түзүү үчүн автор кандайдыр ысык жамгырды ойлоп табат.

Табиятта жок кубулушту  таңуулап жатканы менен автор ал окуяны көркөм түрдө сүрөттөгөндүктөн келечекте жердин климаты өзгөрүлгөндө жаратылышта ушундай жамгыр пайда болор деген ойго окурманды түртпөй койбойт. Негизинен эле ээн жерде жолугушуп бири-бирине жылуу сезимдери ойгонуп калган эки жаштын кошулушуна бул ысык жамгыр себеп гана болуп бергендей сезилди мага. Ошондой эле автор бул жерде көркөм сүрөттөө боюнча чеберчилигин жакшылап көрсөткөндүктөн жаратылышта жок ысык жамгыр касиетине окурманды кандайдыр бир деңгээлде ынандыра алгандай. Сөзүм куру болбошу үчүн бул чыгарма менен тааныш эместерге дале болсо андан үзүндү келтире кетмекчимин.

“Нурдан жете бергенинде башынан жоолугу түшүп, чачы бүткүл бою ылдый төгүлгөн Наристе эки колун асманга созо, ысык агымы менен шаркыратмадай төгүлүп жаткан ысык жамгырга киринип туруптур. Нурдан жетип эле Наристенин кучагына бой уруп экөө айкалыша түшүшө, анан эстерине бир келип-келбей оолактай беришти да, бул ысык жан жыргаткан агымдан кала түшкөндөрүн сезише, анын артынан жүгүрүштү. Экөө анан баягы сууга бай, таза суу түтүгү дээрлик ар бир үйдө бар бардарчылык кездеги ысык жамгырлаткыч душка кышкы кийимчен түшкөндөн бетер үстүндөгүлөрүн оор сезише чечип ыргытышып, бул жыргалдан айрылып калуудан заарканыша, ысык агым тоодон ашса тоодон, жардан түшсө жардан секирише, асманга чыкса асманга жете, кандай болбосун андан калбай кете бергенге даяр боло, жалган жашоону ойлоп да, эстеп да койбой жин ооруга чалдыккандан бетер кетип баратышты, жыргап келатышты… Бул ден менен гана сезе турган, эч ким сөз менен айтып жеткире албаган жыргалды жалган дүйнөнүн баш айланткан азгырыктарына алаксыбай түз өтүп, ыпыластыктарынан арылган, Теңирдин бейишинин төрүнө чыгып, эң бийик сыйына татыган жан гана сезер, же болбосо бул махабаттын туу чокусуна чыккан миң миллион жуптардын жыргалдарынын чогултундусу чыгаар, же дүйнөдөгү наристелердин тун сүйүүсүнөн жаралган “чоңойсом ушул кызды алам” — деген баёо кыялдарынын тамчыларыдыр бул, же болбосо өзүн чанган пенделерине көрсөтпөй калган Жер-Эненин качантан берки мээримидир, а болбосо адашып кеткен адамзаттын аткарылбай калган болочогунун арманы болуп төгүлүшүдүр, же болбосо жок эле дегенде, аба менен буунун, чагылган менен суунун, ысык менен муздактын жаратылыштан адам ача албай калган асыл кубулушудур, иши кылып Теңирден кандай келсе да, ал эмес шайтандан болсо да бул жыргал, ушул ырахат Наристе менен Нурданга буюрулган эле. Андыктан экөө азыткынын арбоосунда калгансып, шайтанга айдатып периште жетелеп алгансып, көзүн жумбай уктаган наристеден бетер карап туруп көрбөй, таш кече чуркап баратып сезбей, уяттан улуу, ыймандан ыйык жоосунга кабылгансып дырдай жыдаңачтана чуркап кете беришти, кете беришти”.

Ооба, кадимки “көрүштү, билишти, өбүштү” деген көнүмүш сүйүү окуяларына караганда бул жерде эң эле күтүүсүз жана башкача сүйүү сүрөттөлүшү орун алып, окурман бул ысык жамгырдагы махабатка көп ынанбаганы менен анын өзгөчөлүгүнөн улам мындай көрүнүшкө көп деле маани бербейт. Анын үстүнө чыгарма фантастикалык жанрда болгону аны бир аз “жоошутуп”, буга чейин ушул сыяктуу укмуш сүрөттөөлөр анда көп кезиккендиктен китептин мындан аркы кызыктарын карай умтултат.

Чыгарманын финалы болгон Кыямат кайымды сүрөттөө, башкы каармандын Нук пайгамбардын милдетин аткарып, жандууларды сактап калып, алардын андан аркы жашап кетүүсүнө шарт түзүүсү жазуучудан кошумча чеберчиликти талап кылганы даана байкалып, оркоюп көрүнүп турат. Биринчиден, азыр техникалык эң өнүккөн кылымда жашап жатабыз жана окурмандарыбыз да башка. Алар Нук пайгамбардын убагындагыдай жети күн, жети түн (же кырк беле?) жааган жамгырдан улам жер жүзү, бүт жаратылыш суу алдында каларына (физикалык жактан мүмкүн эмес экенин билет), адамзаты андан тукум курут кырыларына ишенбейт, мисалы анын колунда азыр (зор кемелерин айтпай эле коёлу) суу алдында нечен суткалап жүрө берген кайыктары жана башка шумдуктуудай техникалары бар. Андыктан автор топон сууну заманга жараша жана азыркынын билимдүү адамы ишенгидей деңгээлде күчтүү сүрөттөшү керек болчу. Андыктан төмөндөгү сымал саптар жаралышы керек эле:

 “Ал эми сырттагы алаамат булардын сезгениндей бар эле: кандайдыр күчтүү колдун соккусунан чимирилген глобустай болуп Жер-Эне айланып-тегеренип, Күн менен Ай асманда жарк-журк эте кубалашып, андан аркы жылдыздардын карсылдап кагылышкандары угулуп турду. Дүйнөдөгү эң кыймылдуу суюк зат- суу жердин тартуу күчүн жеңип чыгып ааламга агып кетчүдөй боло бийик көтөрүлүп, бууракандаган улуу күч менен жолундагысын талкалап, жууп-тазалап жерди айланып-тегеренип атты. Жеңилдер желпилдеп асманга кетти, оорлор кулдурап түпкүргө чөктү. Тоолор чуңкурларды толтуруп, тереңдер менен бийиктер теңелди. Учкан кушту уруп түшүргөн улуу толкундардан аман калса бир балык аман калды, өсүмдүктөн аман калса бир балыр аман калды…”

Баракелде! Азыркынын жер тоголок экенин, анын тартылуу күчү өз боорундагыларды коё бербей тартып турарын, жети эмес жетимиш күнү жамгыр жааса да суу кургактыкты кеме сүзгүдөй бийиктикте басып калбасын жана башка далилденген чындыктарды билген окурманга кыяматка кабылган Жер планетасы ушундай “кандайдыр күчтүү колдун соккусунан чимирилген глобустай” болуп тегерениши, андагы “дүйнөдөгү эң кыймылдуу суюк зат- суу жердин тартуу күчүн жеңип чыгып ааламга агып кетчүдөй боло бийик көтөрүлүп, бууракандаган улуу күч менен жолундагысын талкалап, жууп-тазалап жерди айланып-тегерениши” керек болчу. Мындай алааматта жер жүзүндөгү айбанаттарды да жуп-жуп кылып топтоп, кийинки жашап кетүүлөрү үчүн кемеге салып сактап калыш мүмкүн эмес эле, андыктан жазуучу окурман ынангыдай кылып жандыктарды кийин жасалма түрдө жаратып алыш үчүн алардын уруктарын шишеге куюп, “Жер-Эненин таш өзөгүнө киндиги туташ калдайган Калкагар зоодо” сактатты. Ал эми повестин “Таш кемедеги экөө”, “Бүтүү жана башталыш” аталышындагы акыркы эки бөлүмүндө “ысык жамгыр” бириктирген эки жаштын терс жагдайлардан жана карасанатайлыктардан улам ортолору сууганы, Нурдандын  сүйүктүү колуктусун чыккынчы санаганы, Наристенин анын жалган экенин далилдей албай айласы кетип, акыры аскадан бой таштаганы, бирок Кудайдын кудурети менен аман калганы, акыры бири-бирине умтулган бул экөөнө жандууларды жана адамдарды кайра жаратып чыгуу вазыйпасы Теңир тарбынан берилгени түз да каймана да айтылып, окурман таасирленгендей көркөмдүктө сүрөттөлөт.

Мен К. Аркабаевдин “Суунун сурагы” аталышындагы повести тууралуу жазылган чакан макаламды аяктап жатып, ал жөнүндө үстүртөн гана жазганымды моюнга алып, бул чыгарма тууралуу айтылчу сөздөр алдыда экенине, дүйнөлүк маанидеги көтөргөн жүгү бардыгына жараша көркөм сүрөттөлүшүнөн улам кыргыз адабиятында өз ордун табарына ишенеримди баса белгилеп айта алам. Анткени автор жогоруда белгилегенимдей бул чакан чыгармасында жер жүзүндөгү орчун маселелер менен адамзаты кабылган көп көйгөйлөрдү көркөм каражаттардын жардамы менен сүрөттөп бере алган.

Өзүм жөнүндө жазсам: мен жөнөкөй окурманмын. Анча-мынча адабиятты түшүнгөнүмдүн себеби; бала кезимен бери китеп менен дос болуп, ушул убакка чейин окубаган чыгармам калган эмес (өзгөчө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын улам кайталап окуй берем), анын үстүнө жаш кезимде улуттук университеттин кыргыз тил филологиясында эки жылга жакын окуп калган жайым бар. К. Аркабаевдин “Суунун сурагы” повести менен таанышканыма бир жылдан ашып калды. Бул башкача чыгармадан жакшы таасир алгандыгымдан улам өз оюмду кагазга түшүрсөм деп жүрчү элем, «РухЭш» сайтындагы конкурс ал каалоомду ишке ашырууга түрткү берди. Ушул макаламды иреттеп, айрым кошумча-алымчаларды киргизип кеңеш берген, кээ бир каталарымды оңдогон кошунам, кыргыз тили жана адабияты мугалими Бурул Ишекеевага ыраазычылыгымды билдирем.

Конкурстун Жобосу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.