Адатта кыргыз жазуучуларын бир жерден көрүү кыйын. Соңку кездери ар кандай маданий иш чараларда тобу менен көрүп калчу болдум. Караандары калдайып, көзүмө бир башкача ысык көрүнөт. Кимиси чыгып сүйлөбөсүн сөзүнө, жекече сүйлөшүп туруп калсаң өзүнө ыраазы болуп, ошого жетине албай канат байлай түшөсүң. Учурда Акбар Рыскулов агай жетектеген Кыргызстан Жазуучулар союзу өз тууруна конуп, кадимки кадырын аздап болсо да калыбына келтирип келе жаткандай. Ал эми алардын чыгармачылыгын мамлекеттин колдоого алалбай жатышы өзүнчө чоң сөз.

Эсимде, анда 2010-жыл болчу. Акий-Бакий заманындагы анархия жазуучулар журтуна да тийип, ар кимиси өзүнчө союз аталып, алты-жетиге бөлүнүп кетишкен. Бөлүнүп эле кетпестен басма сөздөн бир-бирине жаа тартып турушчу. Жазуучу дегенде жаш кезимен жантыгыман жата калчу жаным буга абдан кейүчү элем. Ошол 2010-жылдын февраль айында жазуучулар кайра бириккени жатыптыр, жыйындары тарых музейинде өтөт дегенинен, “жакшы жаңылык окшойт, жаза салайын”,- деп жүгүрүп жетип баргам. Агезде “Жаңы Агым” гезитинде иштечүмүн. Барганым курусун, жазуучулар ал жолу бирикпей калды. Кеп-сөзгө кенен немелер улам бири чыгып, экинчисин шыбап жатышты. Эң кызыгы, шыбап туруп, кайра ага “эртең топурак салганга деле киши керек экен, кыжылдашпайлычы” дегендери болду.

Мындай бекер концертти көргөн эмесмин. Бир маалда Калканбай аксакал чыкты эле “батасын укпай” түшүрүп жиберишти…Кыскасы, биригишкен жок. Редакцияга жетип эле ушул ырды жазгам. Ошентип, ооздон чыгып кеткен. “Ооздон чыгып кетти эле” демекчи, кадимки Ысмайыл акындын мындай тамашасы бар. Ысмаке, казактын “сууруп салма” акыны Үмбөталынын тоюна барыптыр. Барганда да Кыргызстандын атынан куттуктап барса керек. Бирок казак туугандар сөз бербей жатышып, үчүнчү күнү Ысмакеге сөз тийет. Чыгып эле:

Үмбөкөмдүн тоюна,
Үйрүлүп калың журт келди.
Үч күндөн бери сөз тийбейт,
Үстүмдөн арыз түшкөнбү”,- деп баштаптыр.

Кийин Ысмакенин өзүнүн айтымында Кунаев аксакал: “Бу Ысмайыл дейтун кыргыздын үлкөн акыны. Осуну кепке жыгып бергениңердин каалаганын жасап берем гой”,- деген экен. Аны байкап калдым дептир Ысмайыл. “Ырдап түшөөрүм менен эле тегеректешип, Ысмаке быякка жүрүңүз, Ысмаке тиякка өтүңүз дешип мамилелери өзгөрүп калыптыр дейт. Мен да бирдемени ойлоп калышканын сезип, камдуу жүрүп калдым”,- дечү экен кайран залкар. Анан бир келишкен боз үйгө киргизип, сый тамагында Ысмайылга баш тартышыптыр. Байкаса, оң кулагында биркенин оюгу бар экен дейт. “Аа,кармасам ушу жерден кармадым деп, баштын куйкасынан бир кесип жемиш болуп, анысын деле көпкө чайнап, ал аз келгенсип башты ары оодарып бир карап, бери оодарып бир карап отуруп калыптыр. Аңгыча Ысмакени каягынан оодарып түшөөрүн билбей аңдып отурган казактардын бири:

“- Ысмаке, койдун башын таанып турасызбы?”,- дей салган тура. Ошону эле күткөн Ысмаке:

Жажалаган казагым,
Жайытта малың аз белем.
Жетимиш чайнап бир жуттум,
Желим белем, таш белем.
Эптеп таап апкелген,
Бу өзү, Эт комбинат баш белем!…- деген тура…

Баягы сурай койгон казак эшикке чыга качыптыр. Беркилери унчуга алышпай дым болуптур. Ал сөз Кунаевге да жетсе керек дейт: “- Эмне кылсаңар да Ысмайылдын көңүлүн таап, жакшылап сыйлап, ошол ырын экинчи айтпагыдай кылгыла” дептир. “Сыртка чыксак, тегеректеген эле казактын чоңдору, Ысмаке той-топур менен көңүл буралбай калдык, жакшылап сый көрүп кетиңиз”,- дешип кетиришпейт дейт.

Болбой жүрө бердим дечү экен. Бир жума өтпөй партиянын Жамбул облусунун биринчи катчысы биздин Ысык-Атага боз үй тиктирип, Ысмайылды жакшылап коноктоп, анан баягы ырыңызды экинчи айтпай эле койсоңуз деп сураныптыр. Анда Ысмаке, “Эми, ооздон чыгып кетти эле, мен аны кантип кармайм”,- деген тура. Анын сыңары саргайган кагаздарымды барактап отуруп “ооздон чыгып кеткен” бул ырымды таап алдым. Окуп койгула. Муну менен айтайын дегеним: журттун каймагы болгон акын-жазуучуларды деле саясат, колтукка суу бүрккөндөр бөлүп-жарып жибере турганын көрдүк…Азыр кырдаал башка…Биздин сыймыгыбыз болгон акын-жазуучуларыбыздын да карааны башка…

Көзгө жакшы көрүнүшөт…Калдайып…
Жазуучу десе арбалып,
Жазат деп кантип таңгалып,
Алдынан өтмөк каякта,
Артынан ээрчип алчу элек,
Алты көчө сандалып.

Аалы, Касым түптөгөн,
Аткарып атка түздөгөн.
Ааламга атың чыгарган,
Айтматов өзү иштеген…
Улуттун болгон каймагы,
Уюмдан уңгу калбады.
Мааниси кетсе айласыз,
Майда дейсиң майданы.

Жамажайы көбүрүп,
Жакалашып сөгүнүп,
Жаатташып бөлүнүп,
Жаң-жуң уюм болушту
Жазуучу баркы төгүлүп.

Карап турсаң буларды,
Канча кылым чайпалбас,
Деңиздери бар экен.
Ат туягы жетпеген,
Ак шумкар учуп өтпөгөн,
Тегиздери бар экен.
Уюмдун мүлкүн, акчасын,
Уйдай эле аймаган,
Жегичтери бар экен.

Абайласаң акырын,
Асты жетпейт акылың:
Абалкыдан Омор бар,
Азыркыдан Баяс бар,
Төбөлөшкөн себеби,
Төрага деген талаш бар.

Жулушкандай анчалык,
Жугуштуу кандай «оору» бар?!
Абийирлүү адам уккусуз,
Айзалап чукуп бүтпөгөн,
Ар биринин жоору бар.

Айтматов эмне болуптур,
Андан кыйын мен дешет.
Жазганыңды ким окуйт,
Жазуучусуңбу сен дешет.
Түшүнбөйсүң буларга
Түшкө чейин жөөлөшөт,
Түштөн кийин элдешет.
Өлүп калсам кокустан,
Өкүрүп өзүң кел дешет.

Карыядан Калканбай,
Какшыгын минип байталдай,
Кашына барса барк албай.
Кажылдап укпай чуулдап,
Кажып турат жарыктык,
Кадимки сөзүн айталбай.

Сексен жаштын ашын жеп,
Секин басат Касымбек.
Канчалар аңдыйт тымызын,
Каякка салат ташын деп.

Сооронбай менен Сүйүнбай,
Согумдан салып үйүндө ай.
Калыстык айтпай кайпактайт,
Карап жаным түңүлдү ай!

Бириңерден бирин эр,
Манасыңар кимиңер?!
Үчөөңдөн үлгү алганбы,
Үптөшкөндүн ордуна
Үркүп турат тигилер.

Кеп айтса эле терикпей,
Кемпирлерди кейитпей.
Эртели-кеч кичине,
Эшикке чыгып эрикпей…
Бакайдай үчөөң калдайып,
Баш коштуруп баарысын
Бата берип, кол жайып,
Бүктөп койчу иш ушул…
Үркөрдөй жанган бирөөнө,
Үзүлгөндү ула деп,
Чачылганды жыйна деп,
Жүктөп койчу иш ушул.

Ага деле болбосо,
Аксакал айтса койбосо,
Жабырап өттү азабы,
Жазуучу көрсөк качалы.
Оолуга берсе тыйылбай,
Он кило муштум кимде бар?
Ооздон ары басалы.
Качан бүтөт оо, кудай,
Кашайгырлардын чатагы.
«Агым» 5-февраль. 2010.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.