Гафур ГУЛЯМ: Жигит

Гафур Гулям – өзбек элинин талантуу жазуучусу, публицисти жана акыны. 1903-жылы Ташкентте жарык дүйнөгө келген. “Кукан-батрак” (1930), “Жолдош” (1931) поэмаларынын, “Чыгыштан баратам” (1943), “Туулган жер бактысы” (1951), “Ленин жана Чыгыш” (1961) жана башка ыр жыйнактарынын автору. А. Пушкин, М. Лермонтов, В. Маяковский жана башка акындардын ырларын өзбек тилине которгон. Өзбек адабиятынын тарыхын жана фольклорун изилдөөгө чоң салым кошкон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946), Өзбек ССР Жогорку Советинин депутаты (1945-51), Өзбек ССР эл акыны (1963), Өзбек ССР ИАнын академиги (1943). 1966-жылы […]

Салтанат ОРОЗОБЕКОВА: Умайдан кат

ЭССЕ Саламатсыңбы, эсимен такыр чыкпаган… Көкүрөк- көөдөнүмдө, дүйнө-туйумумда капкачан жазылып калган бул катты “Умайдан кат” атадым. Анын сыры тээ тереңде. Бара-бара кеп төркүнүн түшүнөсүң го деп ойлойм. Терезеден төгүлүп, шыкаалаган Ай нурун жамынып отуруп, белгисиздикти телмире тиктеп, айталаада жалгыз өзүм калгандай ичиме толтуруп арман-букту, дүйнө көчүп, эс көчүп, көңүлүм өксүп, жаздым бу катты. Азырынча бул бүтпөгөн кат, өмүр жетсе бүтөрмүн. Бул жашоодо сени бар же жок кылган ачуу чындык бир сынып, майышканда, ишеним, сүйүү деп аталган актык нерселерге көлөкө түшкөндө, […]

Эмил КРОТКИЙ: Турмуштан артта калбайын деп тажиядан калбаган да адамдар болот

Балет – кулагы укпагандар үчүн опера. * * * Жашообузда көңүл бурбаган нерселерди китептен жанталашып окуйбуз. * * * 13-числодо жолум болбойт деген бирөөнүн өмүр бою жолу болбоду. * * * Кайсы шаарда ишиң жүрүшпөсө, курулушу кызыксыздай көрүнөт. * * * Эгерде классиктердин алдына чыккың келсе, башсөзүн жаз. * * * Уйкусуздуктан куткарчу жыргал эле уйку. * * * Акчаны көргөндө акылдуулар менен кассирлер гана сабырдуу болушат. * * * Акча жана өмүр жөнүндө качан ойлоо баштайбыз? Аягына жеткенде. * […]

Ысмайыл БОРОНЧИЕВ: Элдик өнөрдүн башаты

Мурас Мен 1936-жылы май айында келип артист болдум. Анда бир гана театр бар эле. Келип аксакалдарга учураштым. Муратаалы, Калык, Карамолдо, Осмонкул, Атай, Шаршен, Муса, Карымшаковдор бар экен. Ошол жылы көргөн окуяларым эч эсимден кетпейт, Октябрь айында Элдик театрдын 2-олимпиадасы болуп, ага кыргыз жергесинин бардык өнөрпоздору чакырылды. Түштүктөн Ниязаалы комузчу келди. Ал, комуз жагынан Токтогулдун устаты болгон киши экен. Камчыбек, Байыш деген кыякчылар да катышты. Барпы акын, Кетмен-Төбөдөн Бекназар деген куудул чакырылыптыр. Кочкор өрөөнүнөн Шапак манасчы, Ак-Талаадан Калмурат, Ат-Башыдан Жумамүдүн Шералиев, […]

Калык ИБРАИМОВ: Архетиптик аң-сезим жана Айтматовдун апокалиптикасы

Чыңгыз Айтматовдун чын дүйнөгө жаралып келгенине жана жалган дүйнөгө кеткенине канча жыл болсо да, биз аны ажайып чыгармалары аркылуу эч качан унута албайбыз. Убакыт өткөн сайын, планеталык масштабдагы кандай улуу жазуучу жана орошон ойчул инсан менен улутташ, жердеш, замандаш болгонубуз үчүн сыймыктануу сезимибиз уламдан улам артыла берээр. Анын чыгармаларындагы түпсүз тереңдикти түшүнө билүү – арийне, мезгилдин иши. Адам урпактарынын ар мууну ал сыр сандыкты ачууга аракет кылаар. Бул макала да буюрса, ошого арзыбаган бир азыноолак кошумча болор. Анда эмесе, сунушталган […]

Кытайдан кайтып келгендеги экс-Президент Роза Отунбаеванын иш сапары соңуна чыккандыгы туурасында кыскача баян

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаеванын Кытай Эл Республикасына жасаган бир жумалык иш сапары соңуна чыккандыгы туурасында эң алгачкылардан болуп; мамлекеттик жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Иш сапарга бирге барып келген биринчи Экс-Президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев өз баракчасында буларды баяндайт: Туз насип экен, эженин чачпагын көтөрүп барып келүүнү буюруптур. Сапар байсалдуу болду. Роза Исаковна Кытайдын Гуанджоу шаарында өткөн Мадрид клубунун жылдык жыйынына катышып сөз сүйлөдү, Бээжин (Пекин) шаарында Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен жолукту, […]