Гафур Гулям – өзбек элинин талантуу жазуучусу, публицисти жана акыны. 1903-жылы Ташкентте жарык дүйнөгө келген. “Кукан-батрак” (1930), “Жолдош” (1931) поэмаларынын, “Чыгыштан баратам” (1943), “Туулган жер бактысы” (1951), “Ленин жана Чыгыш” (1961) жана башка ыр жыйнактарынын автору. А. Пушкин, М. Лермонтов, В. Маяковский жана башка акындардын ырларын өзбек тилине которгон. Өзбек адабиятынын тарыхын жана фольклорун изилдөөгө чоң салым кошкон. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946), Өзбек ССР Жогорку Советинин депутаты (1945-51), Өзбек ССР эл акыны (1963), Өзбек ССР ИАнын академиги (1943). 1966-жылы Ташкент шаарында 63 жаш курагында дүйнө салган.

АҢГЕМЕ

Мен аны биринчи мерте кино театр кассасынын алдында кезек күтүп турганда көрдүм. Ушундай сулуу кыздар бизде өтө эле сейрек кездешерин жакшы билем. Анын көздөрү мага өтө жагымдуу термелип, кээде менден көңүлү калгандай көзүн сүзүп коёт. Анын кезеги менден арткараакта болгондуктан, келишимдүү дене мүчөсү ушундай машакаттуу иштерден тажагандай көрүнүп турду. Бир колу менен талыган белин ушалап, азап тартып турушуна боорум ооруду. Ушу кызды өзүмө жакындатып, катардагы оордунан куткарууну туура көрдүм. Менин алдымда турган өспүрүмдү далысынан акырын таптай:

— Үкам, кечиргейсиң, сенин аркаңдагы оордума көз салып турасыңбы, азыр келем, – деп акырын катардан суурулуп чыктым. Кыздын маңдайына өтүп, залга коюлган табактагы гүлдүн жалбырактары менен ойной кызга тигиле баштадым. Көз карашы мага түшкөн экен, мен дагы башкаларга шек алдырбай туруп, тамаша ирээтинде көз кысып койдум. Кыз мага бир аңырайып карап алып, көзүн башка тарапка ала качты. Мен болсо анын кыймыл-аракетинен көзүмдү албайм.

Мен башка жакты карамыш болуп, акырын көз кыйыгымды салсам, кыз мага кайрадан карады. Мен дагы бул жолу ага кадала, оң көзүмдү кысып койдум. Бул жолу ачууланды окшойт, мага жийиркенүү менен карай баштады. Киного кирер алдындагы мындай тамаша жакпай калды өңдөнөт, катардан чыгып, эшикти көздөй жөнөдү. Мен эпчилдик кылып, андан озунуп эшикке биринчи чыктым. Электир чырагынын түбүндө кызды күтө баштадым.

Кыз чыгып-чыкпай мага көзү түштү. Мен да токтоп калбастан көз кысуумду уланта бердим. Кыз эми накта ачууланды окшойт, тик качыра маңдайыма келди:

— Сиз кандай уяты жок адамсыз, мен азыр милиция чакырамын. Сиз мени ким деп ойлодуңуз? – деп буркан-шаркан түшө баштады.

Каршылык көрсөткөн жокмун. Кыздын жүзүнө өтө маанилүү көз караш менен тигилдим.

— Кечиресиз, сизге эмне жамандык кылдым. Менден сизге кандай сыйлабастык жана урматтабастык болду? – дедим.

Кыз өжөрлөнө жооп кайтарды:

— Билемин, силер жигиттер өтө начар болосуңар. Сиздин акеңизди район милициясы гана тааныта алат. Ким көрүнсө көз кысып жүрөсүз да, анан дагы “күнөөм эмне” имиш…

Мен боорум эзиле каткырып жибердим. Кыз кыжына баштады. Айланадагы адамдар да биздин маектешүүгө кулак түрүп калышкан эле.

— Кечиресиз, тентек кыз, — дедим, — эгер менин көз кысканыма капа болсоңуз, анда бекер капа болгонсуз. Айтыңызчы, бул көздөр меникиби же сеникиби?

Кыз жаалдануу менен:

— Сиздики албетте, бул чырайсыз жүздөр, жагымсыз көздөр эч качан меники боло албайт, — деди.

— Бали, эгер бул көздөр меники экен, ачып жумуу менин ыктыярым эмеспи. Кааласам солун, кааласам оң жагын ачып жумам. Сиздин эч кандай далилиңиз болушу мүмкүн эмес. Балким ушул адат тубаса болуп калгандыр. Өзүм ээ боло албаган ишке сиз кантип буйрук бере аласыз? – дедим да ушул шылтоо менен дагы көздөрүмдү ирмеп койдум.

Кыз ачууланды, акыры чыдабады окшойт:

— Ажайып киши, — деди да күлүп жиберди.

Анын бул жолку жылмаюсу мени мас кылды. Кызга жакыныраак барып:

— Сулуу кыз, — дедим, — эгер мүмкүн болсо, кечирип коюңуз. Билем, сиз киного кирейин дегенсиз. Кыз баланын кезекке туруп күтүүсү дурус эмес. Уруксат берсеңиз, экөөбүзгө билет алайын.

Кыз ойго чөмүлдү. Акыры макулдугун берип, колундагы сумкасын аңтарып, үч-төрт теңгени санай баштады:

— Сабыр кылыңыз, бары бир мен сизге өз чөнтөгүмдөн билет алып бере албаймын дечи. Бирок бир аз чоңураак акчам бар, ушуну майдалаш керек. Сиз мага анан бересиз, — деп кассага жүгүрдүм. Менин кезегим да келип калган экен, билетти алаар замат кайрадан кыздын жанына учуп жеттим. Баштала турчу маалын күтүп, залда нары-бери баса баштадык. Мен ага бирден стакан лимондуу чай ичүүнү сунуш кылдым. Алгач жаккан жок… Кыстап жатып араң көндүрдүм. Чайды ичтик, алмасын жедик. Бул арада коңгуроо кагылып, ичкери кирдик.

Кино махабатты баяндап жатты, айрыкча мага өтө жакты. Алгач адаттагыдай ашык  болгон каармандар азап тартат. Анда-санда кинодон көргөндөрүбүздү азыноолок сөз кылып жаттык. Ал өзүнө көбүрөк трагедиялар жагарын айтты. Мага комедия жагарын айттым. Сөз ортосунда:

— Кино – мисал. Мүмкүн болсо кинодо көргөн пайдалуу нерселерди турмушта иш жүзүнө ашыруу керек, — дедим.  Кыз бул пикириме кошулду. Акыркы кинодогу ашык болгон адам өз максатына жетти. Бул маалда менин колум кошуна үстөлдөгү кыздын белине жармашып, өзүмө карай тарттым. Кыз менин колумду түртө салып, коомдук жайда мындай тарбиясыздык ашыкча болорун эскертти.

А мен:

— “Кино — мисал дегенимде, “туура”, дебедиңиз беле”, — дедим. Бул жолу аны жубатуу кыйын болду. Кечирим сурап жатып араң жараштык.

Кино бүткөндө саат он экиден өтүп калган эле. Узатып коюну өтүндүм. Көндү, жолду улай сүйлөшүп бардык.

Ал азыр даярдоо курсунда окуп жаткан экен. Акеси Госстрахда кызматта, атасы карыган адам, апасы кайтыш болуп калган экен. Аты Адолат. Мен өтө шок жигит имишмин. Мендей акылдуу, айлакер жигитти өмүрүндө биринчи жолу көргөн имиш. Ал өзү дагы шок жигиттерди жактырарын айтты…

Мен ага өтө жагып калыпмын.

Кыз ушул кептерди айтканда мага каймактай эле жакты. Кээ бир сөздөрүн ичимден “чын эле” деп тыңшап жаттым. Аны-муну айтып отуруп, кыздын үйүнө кантип жетип барганымды билбей калыпмын.

Ушул окуядан кийин мен аны менен киного көп каттап калдым. Бир күнү агасы менен тааныштырды. Бир жума көрүшпөсөк сагынышып калабыз, анда-санда кат жазыша коёбуз.

Бир күнү сөздөн-сөз чыгып отуруп, бири-бирибизге турмуш жолуна аттанууга сөз бердик. Той болчу күндү чыдамсыздык менен күтө баштадык…

* * *

Бир күнү жумушта кечээки мажилис чыгарган чечимин карап отургам. Саат үчтөргө чамалап, иш күнүнүн бүтөрү аз калган. Эшиктен бир сулуу кыз кирип келип:

— Умаров оордундабы? – деп сурады.  Мени издеп келиптир. Оордумдан козголбой, сыпайылык менен отура бердим.

Кыз алдыма кирип келди:

— Кечиресиз, Бокижан Умаров сиз болосузбу? – деп сурады.

— Келиңиз? – дедим. Кыз мага жылмайып карады да:

— Эгер мүмкүн болсо, мага жашоо-турмушум начар, кембагал адамдын кызы экеним туурасында маалымдама жаздырып бересизби, — деди.

Мен нес болуп катып калдым, ойлорум: “Бул жак салык башкармалыгы, мен ушул жерде иштейм, салык кызматынан бир кишинин жашоо-турмушу тууралуу маалымдама берүү мүмкүнбү?”- деп жатты.

Абалына ынандым, ушундай дилбардын сөзүн эки кылбоо үчүн:

— Бүгүн иш убактысы бүттү, мүмкүн болсо эртең келиңиз, — дедим.

Кыз дагы ыңгайлуу экен, көндү. Бурулуп чыгып баратканда, мен кагаздарымды жыйнай калып, папкамды колтуктай артынан жете бардым.

Ага маалымдаманын эмнеге керек болгонун сурап, жообун уктум. Арадан беш-он мүнөт өтпөй башка нерселерден кеп козгой баштадым. Баарына токтоолук менен жооп бергени мага жагып калды.

— Эртең келиңиз, ишиңизди тууралап берем, — деп дагы бир ирээт кайталадым.

Эртеси келди. Жок нерселерди шылтоо кылып бүгүн дагы маалымдама берген жокмун. Бул сулуу менин антташып койгон кызыма караганда көбүрөк көңүлүмө толуп турду. Адолатка сөз берип койгонума өкүнө турган болдум.

Бир жумадай алдап жүрүп, бир күнү киного чакырдым, макул болду. Адолат менен болгон мамилемди айтып бердим. Кинодон кийин үйүнө узатып койдум. Арадан бир нече күн өттү. Адолат эстен чыга баштады. Бир күнү сөздөн-сөз чыгып, ал мага бардык сырларын айтып салды.

Ал биздин мекемеге өз алдынча келбей, Адолат тарабынан, келечектеги күйөсү башка кыз-келиндерге кандай карарын сынап билүү үчүн жөнөтүлгөн экен…

Башымдан ылдый кайнак суу куйгандай болду.

Шерменде болдум.

Сыналдым.

Сынашты акыры…

 1928

Өзбек тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *