Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаеванын Кытай Эл Республикасына жасаган бир жумалык иш сапары соңуна чыккандыгы туурасында эң алгачкылардан болуп; мамлекеттик жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Иш сапарга бирге барып келген биринчи Экс-Президенттин мурдагы аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев өз баракчасында буларды баяндайт:

Туз насип экен, эженин чачпагын көтөрүп барып келүүнү буюруптур. Сапар байсалдуу болду. Роза Исаковна Кытайдын Гуанджоу шаарында өткөн Мадрид клубунун жылдык жыйынына катышып сөз сүйлөдү, Бээжин (Пекин) шаарында Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен жолукту, «Кытай жана глобализация» борборунда эки саат лекция окуп, катышкан окумуштуулардын, саясый серепчилердин жана журналисттердин суроолоруна кеңири жооп берди. Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык катчысы Антонио Гутерреш менен атайын уюштурулган теле-көпүрө аркылуу БУУнун ишмерлигине жана дүйнөдөгү болуп жаткан процесстерге байланыштуу суроолор боюнча 2 саат жеке маектешип, ШОСтун башкы кеңсесинде болуп уюмдун ишмерлиги жана «Бир алкак, бир жол» демилгесин турмушка ашыруудагы көйгөйлөр боюнча пикир алышты, ошондой эле 2018-жылы Кытай Эл Республикасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматов күндөрүн» өткөрүү демилгесин колдоону өтүндү (өтүнүч колдоого алынды).

Андан тышкары, Кытайдын коомдук жана саясый түзүмүндө орчундуу орун ээлеген «Чет элдер менен Достук коомунун» жетекчилиги менен жолугушуу болуп, ал жерде дагы «Айтматов күндөрүн» өткөрүү демилгеси талкуу болду, иш сапардын алкагында Кытайдын борбордук теле каналына жарым саатык маек курду…

Булар Бээжинде болгон окуялар… Ал эми Үрүмчүдө болсо «Кытай жылкы өстүрүүчүлөр ассоцияциясынын» жетекчилигинин демилгеси боюнча жолугушуу болуп, эки өлкөнүн асыл тукум жылкы өстүрүүчүлөрүнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү. Эмки жылы Кытайда өтө турган ветеринарлардын форумуна Кыргызстандын өкүлдөрүн да чакыруу зарылдыгы айтылды, ошондой эле Синьцзян автоном районунун «Достук» коомунун өкүлдөрү менен «Айтматов күндөрүн өткөрүү» демилгеси кеңири талкууга алынып колдоо тапты… Ошентип бир жума чымырканып иштөөгө туура келди… Буюрса, Өлкөбүзгө үзүрү тиет деген ишенич чоң.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *