ЭССЕ

Саламатсыңбы, эсимен такыр чыкпаган… Көкүрөк- көөдөнүмдө, дүйнө-туйумумда капкачан жазылып калган бул катты “Умайдан кат” атадым. Анын сыры тээ тереңде. Бара-бара кеп төркүнүн түшүнөсүң го деп ойлойм. Терезеден төгүлүп, шыкаалаган Ай нурун жамынып отуруп, белгисиздикти телмире тиктеп, айталаада жалгыз өзүм калгандай ичиме толтуруп арман-букту, дүйнө көчүп, эс көчүп, көңүлүм өксүп, жаздым бу катты. Азырынча бул бүтпөгөн кат, өмүр жетсе бүтөрмүн. Бул жашоодо сени бар же жок кылган ачуу чындык бир сынып, майышканда, ишеним, сүйүү деп аталган актык нерселерге көлөкө түшкөндө, көңүл калып, көңүл сууганда, жоготуудан чарчап, өзөк күйүп, өрттөнгөндө жаздым бу катты.

Дүйнө бир калыпта мемиреп турбасын, өз мыйзам ченеминде чайпалып, төгүлүп турарын, бири кем дүйнө, бири кем бойдон калаарын билсем да, ар бир жолку жоготуу көөдөн эңшерип, заманамды курутуп, өзүм кыл көпүрөөнүн кылда учунда калгандай сезем.

Анан алыстагы сага, көз жетпеген, ой жетпеген алыстыктан туруп, бет маңдай отуруп сүйлөшө баштайм. Үзүл-кесил суроолор, үзүк-үзүк кат болуп көкүрөккө жазыла баштайт.

Бу жолу минтип кагазга түштү, түшпөскө аргасы жок, камыгып бүттү. Балким, бу каттар менин эс-туюмумду арачалап, жүрөк деген дүкүлдөгөн немени жарылып кетүүдөн сактап жүргөндүр. Жазмыш тагдыр буюруп, жаздырса керек бу катты…

Неси болсо да бу дүйнөдө бар сага ырахмат!

Тагдырдын тар көпүрөөсүндө, жо-оок, нур көпүрөөсүндө каректер чагылышып капысынан жолуктук эле. Жолугайын деп жол издебедим, жолугайын деп сен издебедиң. Бир көз ирмем жанган жылдызыбыз жарк этти да, чексиздикке житти кайра. Издөө салып өз дүйнөмдө издей бердим, издей бердим. Табыла бердиң, тааный бердим…

Ошентип, мен өз дүйнөмө бир чоң дүйнөнү кантип ачтым, өзүм да сезбей калдым. Ошондон бери аялуу сырымды сага айтам, сен укпасаң ташка, чөпкө, шуулдаган тал-терекке айтам. Балким сен укпаган  шыбырларды алар сага жеткизээр, балким эчак жеткизген да чыгаар…

Мына азыр дагы ичим жалын чок болуп, алоолонгон өрт болуп, өмүр менен өлүмдүн ортосунда отурамын. Өзүмдү таанып, сени тааныганча жыл суудай акты. От жылдар чиркешип келе берди, кете берди…

Шуулдаган жылдардын жаңырыгынан кулагым тунуп, жер дүңгүрөп, жер көчүп, эсим экиге, дүйнөм төрткө, оюм онго, санаам санга бөлүнөт. Мезгилдин учкулдугуна башым катып, жүрөгүм ачышат. Мындай сезим-туюмдар сенин дүйнөңө да тынчтык бербесин билем.

Жоготууну сен алда качан илгери баштан кечирип, өмүрдүн барк-баасын менден эрте туюнгансың. Эмнегедир, эсиме шарпылдаган көл жээги, жээктеп бараткан сен көрүнөсүң… Сен көлдү жээктебей эле, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жээк бойлоп, шол мүнөттө баары токтоп, дүйнө токтоп, өмүр токтоп, ала салган толкундай бир жээктен бир жээкке ала салып кетүүдөн бөлөк оюна келбеген, көзү өлүп, өзү өлүп бараткан сени эстейм. Достон, душмандан, сүйүүдөн, баарынан көңүл калып, бир көз ирмемде баарын танып, акыл-эс тумандап, тунгуюкка кире жаздап, жоголууга даяр турган сени эстейм… Ушул элес дайым менин көз алдымда.

Мени билбей туруп, көкүрөктүн түпкүрүндөгү аялуу сырыңды, балким таптакыр эстегиң да келбегендир. Бирок айттың… сен үчүн такыр белгисиз дүйнөгө…

Көзүңдөгү шумдуктуу алааматты көрүп, аркыны сүйлөп, беркини сүйлөп, өмүрүңө арачы болгон ошол кайыкчыны көргүм келет. Элесин элес-булас элестетип, көз алдыма тартам. Балким, ал кайыкчы далай адамды ажалдын азгырыгынан аман алып калгандыр. Аман-эсен бар бекен шол кайыкчы…

Ошол ирмем, ошол жээкте калып көңүлүң өксүп, көңүлүң оорубаса экен деген гана тилекти айткым келет. Бул катта аруу тилек, оюмдун баарын айтып бүталбаймын го. Ага өмүр да жетпес! Тек гана жылдардын акыл-эсти чымыраткан жаңырыгынан улам коркуп кетем.”Бүгүн бар, эртең жок” деген дүйнө тааанымдын жүрөк титиреткен философиясынан улам жаралуу кушча талпынып алам. Бир күнү дүрт этип күйүп кетүүдөн, тамчыдай мөлт этип төгүлүп кетүүдөн, бул арман өзүм менен кошо кетчүдөй көңүлүм сабыркайт.

Сары майдай сакталган бу катты да ошондон улам жаздым окшойт.

Бу жарыкчылыкка келген ар бир адамдын өзүнүн алдында, өзгөнүн жана дүйнө өмүрдүн алдында аткарар милдет-вазийпасы, тирүүлүктүн алдында карызы бар көрүнөт. Менин милдет-парызымдын бири балким ушулдур. Улуулук менен сулуулуктун дарбазасын ачып, актык, тазалык, асылдык, түбөлүк деп аталган улуу сезимге өзүм сезбей-туйбай кирип барган экемин. О, опаасыз бу дүйнөдө, биз адамдар азырак төгүлүп, көбүрөк бекинет экенбиз. Кимден? Эмне үчүн?

Сүйүүбүздү, жек көрүүбүздү,өрттөнүп, жарылып кетсек да айтып десек, бизди көтөрүп турган кара жер да “өх” деп эс ала түшөт беле?.

Жер чарчады көрүнөт, жалгандыктан, эки жүздүүлүктөн, көрпенделиктен….. Балким жамандыктын уусуна уугуп, солкулдайт чыгар, көз жашы батпай кетип ташкынга айланат чыгар, эмне кылсак ошого жараша бу дүйнө жооп берип, “эй эсиңе кел, адам урпагы” деп акырын эскертип тургандай.

Сага деген үзүк каттардан мен ушуну айткым келди. Сен дагы чындыгыңды чыркыратып камап койгон жоксуңбу? Өмүр, өлүмгө болгон көкүрөк-туюмуң, ошол көл жээгиндегидей аялуу, мортпу? Же сен дагы жалгандыкка үйрөнүп, чүмбөт менен жүрүп калдыңбы? Мени кыйнаган ушу суроо. Адамдын арсыздыгынан алсыздыгын жогору коем. Албетте, бардыгы салыштырмалуу дечи.

Бул катты эмне үчүн “Умайдан кат” атадым. Адам баласынын башталышы Адам ата, Умай эне деп келебиз. Ошол Адам менен Умайдын урпактары, аял, эркек бүгүн кандай? Аалам бетине жарыгын чачып, тукумун улап, кол кармашып тирлик кылып келаткан, Ай менен Күндөй бири-бирисиз жашай албаган сыры бир, ыры бир аялзаты кандай да, эр азаматы кандай? Эчен заман агып, замандын агымында Адам менен Умайдын башталышы кайдан, бүтүндүгү кайдан экени талаш болуп, азыркы болуп жаткан “кыямат кайымдын” баары ошол Адам менен Умайдын чаташкан жолунан болгондой. ХХ кылым менен ХХI кылымдын прогресси эмне үчүн бизди бактылуу кыла алган жок? Канткенде Адам ата менен Умай эне өз тукумдарын акыл-эстүү да, жапакеч да, ыйман-парасаты менен сактап калат?

Рерихтердин каттарында жазылгандай, «аалам бир бүтүндүктө, аял менен эркектин башталыш уюлунун мыйзам ченеминде жаралып жашайт” көрүнбөйбү. Ал эми ошол тең салмактуулук бузулганда, бир башталыш экинчи башталышты таңганда, дүйнө бүлгүнгө учурап, биз баштан кечирип жаткан кырсыктар, ааламдын, жандүйнөнүн катаклизми да, аял менен эркектин бир алкакта болбогондугунан, кесирлүү кесепетинен чыккан, дүйнөнүн ачуу жашы болуп жүрбөсүн…

Аялзатын  коомдун бардык турмушунда эркек менен тең жарышып, үйдө, сыртта эркин деп билебиз. Бул баягы эле сырты чүмбөт, жалган көрүнүш эмеспи. “Аялзаты турмуштун бардык жагына аралашканы менен кулчулук доордон бошоно элек” деген Рерихтердин пикирине мен да, аял аттуунун баары кошулат деп ойлоймун. Ким кор, аял кор… Бардык кылымда, бардык доордо, үйдө, сыртта, жоодо, талаа-түздө…

Генетиканын татаал сыры боюнча, энеден уул көбүрөк алат экен да, кыз балага атанын кайраты оошот экен. Рерихтердин окуусунда кул болгон аял дүйнөгө жалаң кулдарды жаратат көрүнөт. Бул пикирге сен кандай дейсиң? Аялзатынын бүгүнкү абалына кайдигер карабай, сени дагы тутулган күндөй туттугуп жүрөт ко деп ойлоймун.

Ал аялзаты сенин да энең, эже-карындаштарың… Ысык-сууктан карайган муңайым жүздөрүндө, эркектер силер каалаган кайдагы сулуулук, кайдагы назиктик. Эр-бүлөнү багып, бөтөн эл, бөтөн жерди безген канча аялзаты, кыл көпүрөөнүн учунда илинип турат.

Адам атанын акыл-эстүү уулдары, силер кантип жүрөгүңөр чыдап, бу ааламатка жол берип, аялзатынын арын, корун тебелетип койдуңар… Кайда Адам уулунун намыс,  кайраты, кайда эл намысын коргогон, өз намысын коргогон Субанкулдар, Дүйшөнкулдар…

Көз жаштын ордуна ары жок күлкүнү, бактын ордуна соройгон бутакты, гүл ордуна тикенди көрдүм… айласыз карады, амалсыз карады эки көз. Бу дүйнөнү көр, суктан деп берген эки көздө не айып?..

Чалдыбары чыккан үйдөй, үй-бүлө бузулуп, шаар бузулуп, тирүүлөй жетим калган балдар өзөктү өрттөйт… Алар жетилип канат-куйрук боло алышабы же көргөн-өскөнү өйдө тартпай, тамыр кыркылып, таалай кесилеби?

Ойлуу сен көрүнөсүң… кайрадан жымжырт, жымжырттык… Адам менен Умай үнсүз. Көшөгөнүн ар жагында сен, бер жагында мен. Аял, эркек, эки уюл. Мен сени түшүнгүм келди, ичиңде кандай бороон-деңиз? Кандай бороон-чапкын? Сени удургуткан кандай ойлор болду экен? Мени толгонткон ойлор сенин да жандүйнөңү кыйнаган чыгар? Сени чындап түшүнө алсам, өзүмдү да түшүнгөн болор белем?

Аялзаты кор болбой, эне катары, аял катары зор болуп турса, биздин мамлекетибиз да, зор, кубаттуу болот эле деген асыл арманды айткым келди.

Индияда ар бир аялда Умай эненин жүзү бар дешет. Бул уламышка кандай карайсың? Билбейм, бирок энени ыйык туткан уул экениңди билем. Эненин алдейлеген бешик ырынан, эбедейи эзилип  берген ак сүтүнөн, тай-тайлатып шилтеткен алгачкы кадамынан шул дүйнө кармалып турарын да билесиң. Демек, ички дүйнөсү көрөңгөлүү, мээримин чачкан, дени сак эне гана, коомго да ошондой көрөңгөлүү, идиректүү, акыл-эси зирек, уул- кызды берет. Аялзатын кор кылган да, зор кылган да эркек экенин ар бир эле эр-азамат туюнбаса керек.

Балким мен да, аялуу сезимдин майдаланып кор болуусунан чочулап, өзүмөн качып, сенден качып, жабыкта, туюкта бекинип жүргөнүмдүн бирден бир себеби да ушу го.

Көкүрөктү жарык кылган улуу сезим рухту да бийиктетип турарына, бир күндүк сөз бүт өмүргө жетээрине, деңиздей чайпалган  бул өмүргө алыстык да, аралык да чеп болбосун, дүйнө-аалам бу туюмга эч качан чек койбосун, азыр да катарлаш отуруп дидарлашып, дүйнө, өмүрдүн узун сабагынан кеп куруп ойлуу, муңайым, бирде жайдары күлүп-жайнап отургандайсың.

Бир табышмак сырдын жандырмагын таап алгансып, дүйнөм түгөл мен отурам…

“Адам менен Умайдын сырынан табышмагы көп” дейт, сенин үнүң.

“Сырына макулмун, ар-корунан айрылбаса экен” дейт, менин үнүм.

Эмне үчүн”Умайдан кат” атаганыма эми түшүнгөн чыгарсың. Бул кат жеке эле менин эмес, бардык аялзатынын каты. Адам уулуна жазган Умайдын каты. Атаганат, замандын оор жүгүн көтөрүп, майышып келаткан аялзаты дагы канчага чыдар экен. Чыдабай да, уламдан-улам чөгүп, басынып, актыгынан, назиктигинен ажырап, жардан кулап, жоголуп бараткан эжелер, сиңдилер бар. Аларга ким колун берип, ким таянар тоо боло алат? Салаалап аккан көз жашын ким аарчып, ким сооротот?

Айласыздыктын, алсыздыктын айлампасынан чыгалбай, утурумдук шарапка өзүн алдап, үй-жайдан безген, суканы качкан аялзатын көрөсүң көчөлөрдөн, көрүп көөнүм сыздайт. Андай көрүнүш бүгүн көнүмүшкө айланып, эркек аттулардын да алты саны аман туруп, көчөдө каңгып, акыр-чикир термелеп, ит турмушту өткөрүп  жүргөнүн көргөндө ого бетер заманаң тарып, дүйнөң караңгылап, тегерене түшөт экенсиң.

Балким, кылым тогошор мезгилде ушундай болор, ушундай баскычты, өткөөл мезгилди басып өтөрбүз. ХХ кылымдын акыркы бороон-чапкыны, акыркы хаосудур деп ойлодум эле.

Ылайым ХХ1 кылым, ырыска мол, өмүргө шерик, акыл-эстин кылымы болгой эле. Ылайым, ХХ1 кылым, Адам ата менен Умай эненин урпактары үчүн мээр чөптөй, жакшылыктын кылымы болгой эле. Ичимен купуя тилек кылгам…Аттиң…андай болсо кана…

Сенин деле тилегиң ушу го. Ичим жалын чок болуп, алоолонгон өрт болуп, өмүр менен өлүмдүн, жалган менен чындын, ак менен каранын, өксүк менен кубанычтын ортосунда чырылдап отуруп жаздым бу катты.

Азабы мол, асылы мол, дүйнөнүн бир ачкычы колунда, бар түйшүгү жонунда — мен байыркы аял, отко, сууга, көкө Теңирге табынган, денеси от, денеси суудан, абадан, топурактан турган байыркы аял…

Чырылдаган үнүмдү түбөлүктүү асман укту, жер укту, зыпылдаган кош канат, асмандап учкан куш укту, топуракта сойлогон токсон түрлүү жан укту, ыргалган жашыл чөп укту, шуулдаган тал укту. Сен да акыры угасың го…Укпасаң угузушар асман, жылдыз, жер, жандуунун баары…

Көшөгө ачылып, байыркы аял, бүгүнкү аял, эзелки, эски ырын ырдап, муңун муңдап тургандай. Мен да ырдайм… Ырдаймын жаңыртып…. Муңум жарык, ырым да жарык…

ХХ кылымдын аягында, ХХI башында бу кат менен кошо ичимдеги уйгу-туйгумду дарыя болсо көл кылып, көл болсо булак кылып, бардык эле аялзатындай эртеңкиден күдөр үзбөй, эл-журттун,  балдарымдын амандыгын, үйүмдүн кутун, тилеп, өз дүйнөмдү тыңшап, сени тыңшап жаздым… Акыры жаздым. Жазбай да коеалбайт элем. Жүрөктүн чыңалуусу менен, жашоо, өмүрдүн, замандын чыңалуусу чегине жетип турганда, ичтегини төгүп албасам, жарылып кетчүдөймүн.

“Умайдан катым” талпынган куштай талпынып жүрүп, акыры жетээр. Аялзатынын жүрөгү да куш сыяктуу талпынганы талпынган. Учууга көк асман керек, канатын кайырбай, сындырбай учурган силер керексиңер, Адам атанын уулдары. Ансыз да бу жалган дүйнөдө, бүгүн бар да эртең жокпуз. Табылбайбыз.

Үзүк-үзүк жазылган катымды ушуну менен аяктайын. Баса, “Умайдан кат” бүтпөй калды.

Бүткөнгө өмүр жетеби, өмүр жетсе, сөзүм жетеби билбейм. Бир билгеним – менин сезим-туюмум түбөлүктүү экенин, демек, “Умайдан кат” дагы түбөлүктүү кат экенин билем. Кайыр кош. Мен билген жана билбеген белгисиз арал…

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *