Мурас

Мен 1936-жылы май айында келип артист болдум. Анда бир гана театр бар эле. Келип аксакалдарга учураштым. Муратаалы, Калык, Карамолдо, Осмонкул, Атай, Шаршен, Муса, Карымшаковдор бар экен. Ошол жылы көргөн окуяларым эч эсимден кетпейт, Октябрь айында Элдик театрдын 2-олимпиадасы болуп, ага кыргыз жергесинин бардык өнөрпоздору чакырылды. Түштүктөн Ниязаалы комузчу келди. Ал, комуз жагынан Токтогулдун устаты болгон киши экен. Камчыбек, Байыш деген кыякчылар да катышты. Барпы акын, Кетмен-Төбөдөн Бекназар деген куудул чакырылыптыр. Кочкор өрөөнүнөн Шапак манасчы, Ак-Талаадан Калмурат, Ат-Башыдан Жумамүдүн Шералиев, Таластан Алымкул келди. Бул олимпиадага Москвадан белгилүү музыкавед Затаевич аксакал да катышты. Комиссиянын председатели Шубин, Калык, Карамолдо жана башка аксакалдар олтурушту. Ушуну менен олимпиада башталды. Шапак аксакалдын «Манас» айтканын уктум. Ниязаалы аксакал комузун ийнине салып алып суу көтөрүп келе жаткан келинди туурап, басып жүрүп комуз чертти. Бекназар аксакал короо кайтарган келиндердин баштаң кылып, тамак жасап жатканын элестетип, камыр жууруп, бири от жагып, суу куюп жаткандарын туурады. Өзгөчө камыр жууруган келиндин терин шыпырып, колун жамбашына жанып алып, камырды жуура берейин, «жеген эл жеп эле жатат», «ичкен эл ичип эле жатат» дегенин туураганы кызыктуу болду.

Шекербектин комузга кол ойнотуп черткенин, Калмураттын үнүнүн бийиктигин, Жумамүдүндүн созулмасын ырдаганын элестетем. Ошол кезде кыргыз өнөрпоздорунун бир уюткулары келгенин байкадым. Алымкул аксакал олимпиадага эки күн кечигип келди. Сахнага чыгып элге салам берип ырдады:

Ала-тоолук акындар,
Акындардын ичинде,
Албан-албан акын бар,
Комузчу бар, ырчы бар,
Кубулжуган үн менен,
Коңгуроодой күү менен,
Кубантып элди турчулар.
Күлкүлүү сөздөн салчулар,
Гүлдөп жаткан көп элдин
Күлдүрүп көөнүн алчулар.
Тобуңа айтам саламды.
Залда турган калың эл,
Жонуңа айтам саламды.
Келипсиздер шайырлар,
Кең Фрунзе шаарына.
Кадыр менен келдиңер,
Кабар жетип баарыңа.
Сапар келип атайын,
Саламдашпай каламбы,
Бактылуу элдин шайыры,
Баарыңа айтам саламды.
Калык менен Осмонкул,
Катарлашым, замандаш,
Кучакташып тең өскөн
Курбуну киши таба албас,
Курбуларым аманбы?
Кубанып айтам саламды,
деп ырдады.

Ошондо Калык акын залда отурган эле. Алымкулга карап колунда комузу жок эле атчан туруп ырдагандай, элдин арасынан тура калып Алымкулга ырдады:

Алымкул иним рахмат,
Айтып өттүң саламды.
Эсендешип алалы,
Эли-журтуң аманбы?
Келе албай неге буйдалдың,
Кеч алдыңбы кабарды?
Же кылчактап үйдө жаттыңбы?
Кыя албай катын, балаңды.
Алыс деп угам абыдан,
Алай-Куу, Лейлек, Баткенди,
Алар деле кечикпей,
Алымкул сенден бат келди,
Тогуз-Торо, Чаткалдар
Толук келди кечикпей,
Тоо башында жаткандар,
Келдиң бүгүн жаңыдан.
Кечигип келдиң абыдан,
Келген өнөрпоздордун
Кечирим сура баарынан.
Акынсың элди аралап,
Ак-караны тааныган,
Кеп салып элге түшүндүр,
Кечигип келген жайыңан.
Карыш турган Таластан,
Кандай болуп кечиктиң?
Ошону айт, Алымкул,
Отурган эл эшитсин.
Барпыны башта көргөн кишим эмес эле. Залдын оң тарабында отурган экен. Караанын байкасам карыя киши, үстүндө кийгени боз чапан, башында топу, белинде шайы оромол. Колундагы таягына жөлөнүп Алымкулга сөз узатты:

Алымкул мага карагын:
Айтканын уккун аганын.
Аксакалдардын үстүнөн
Аттап кетти саламың.
Осмонкул менен Калыкты
Оозуңа алдың да,
Олтурган төрт-беш чал барбыз
Бизди унутуп салдың да…
Ниязаалы, Бекназар,
Шапак турат алдында.
Топ жыйында жолукса,
Токтогул берчү саламды.
Токтогулдан чоңсуңбу?
Тоотподуң агаңды.
Гүлдөрдүн гүлүн аралап,
Тандап жүргөн чагымда,
Жаккан оттой алоолоп,
Жайнап жүргөн чагымда.
Бекназардын тобуна
Барып жүргөн чагымда.
Билегиме бет аарчы,
Алып жүргөн чагымда.
Саадагым чаян чок беле?
Санатым сенче жок беле?
Жоолугум чаян чок беле?
Жолуң болгон Алымкул,
Жомогум сенче жок беле?
Барпы деген мен элем,
Балдар, мен кимден кем элем?
Түндүк-түштүк акындын
Түзүктөрүнө тең элем.
Калык иним билесиң
Кайсы акындан кем элем?
Эртеби-кечпи ким билсин,
Эчкиникиндей жаш калды.
Кача турган куш дагы,
Карай берет асманды.
Качуучу куштай убагым,
Кааласаң балдар келгенде
Кадырымды сурагын.
Карыганда түшөт оюңа,
Убайым санаа узун жол.
Заманың келди тилеген,
Сайранда жаштар аман бол,
деп токтоду. Ошондо Алымкулдун кечирим сурап турган жери:

Кечирип кой, Барпыке,
Кетирген кемчил күнөөнү.
Аксакалдар кечиргин,
Алымкул бүгүн күнөөлүү.
Алып кетпей ичине,
Айткан жакшы мүдөөнү.
Сахнага чыкканда,
Санаам санга бөлүндү.
Салтанаттуу чоң жыйын,
Залдагы көп эл көрүндү.
Айта албадым сүрдөнүп,
Аркы-берки жөнүмдү.
Калык «чымчып» өткөндө,
Кара тер баштап төгүлдү.
Кечигип артта келгенге
Кетенчиктеп токтодум.
Айтайын деген оюмдан.
Адашып калдым окшодум.
Баарынан катуу урунду
Барпыке сенин «токмогуң».
Артта калган себебим,
Алымкулдан дебегин.
Кыймага окшош бир нерсе,
Чыга калып колума
Кырсык болду жолума
Асылып жатып догдурлар,
Араң салды оңуна.
Кечигип калдым абыдан,
Кечирим сурайм баарыңан.
Ошондо Калык, Осмонкул, Карамолдо аксакалдар Шаршенди чакырып алып, «Барпыга салам айт, көңүлүн жайка» дегендей болду.

Шаршен сахнага чыгар алдында Осмонкул: «Эл күлсүн, баягы куудул сөздөрүңдөн аралаштырып, күлкү менен Барпынын таарынычын унуткар», — деди. Осмонкул менен Шаршен бала кезинен бирге өсүп, катуу тамашалашкан асылкечтер экен. Шаршен сахнага чыкканда эле эл күлө баштады. Атайылап жасатып алган экен, комузунун бир жак бети комуз, экинчи бети домбура. Эл аны көрүп андан бетер күлдү. Шаршен минтип ырдай баштады:

Айткандар айтып салабы?
Мендейлер карап калабы?
Аныктап таанып алайын,
Акын Барпы аганы.
«Акын болсом» – деп жүрөм
Барпыке,
Абайлап көргүн балаңы.
Чогулушта, жыйында,
Чоң жорголор салабы?
Мендей
Чобурлар карап калабы?
Жолугуп таанып алайын,
Жолоочу келген аганы.
Термечиктин баласы
Шаршен деген акынмын.
Улуу киши келди – деп,
Учурашып жатырмын.
Барпыкеме айтам саламды,
Бала-чакаң аманбы?
Эли-журтуң аманбы,
Амандашсам жаманбы?
Саламдашып ырдадым.
Барпыке өзүң байкачы,
Салмактуу бекен ырларым?
Кандай экен ырларым?
Көп эле жерде ырдадым,
Көбөйбөй жүрөт ырларым,
Ар кайсы жерде ырдадым,
Арбыбай жүрөт ырларым.
Ырчылыгым бар бекен
Ырымды бүгүн сындагын?
Айтарыма келгенде,
Айтып коё бергенде,
Ырдарыма келгенде
Ырдап коё бергенде,
Уйкашына карабайм.
Уккан элди кубантып
Ушундай катуу сабалайм.
Угуп тургун Барпыке,
Төгөйүнчү жамгырдай.
Кудайдын берген жел сөзүн,
Куюлтайын жамгырдай,
Катуу төгөм жамгырдай.
Кошокко апам мыкты эле
Атам маркум өлгөндө.
Кошокчу болуп чыкты эле,
Андан ооп маа келди.
«Энесин тарткан булбул» — деп
Көргөн-билген айылда
Көп кемпирлер баа берди.
«Баракелде, Шаршен» – деп,
Байбичелер баа берди.
Калк аралап көп жүрөм,
«Калыктай болсом» – деп жүрөм.
Чогулушта көп жүрөм,
«Чоң ырчы болсом» – деп жүрөм,
Калыктай акын боломбу?
Ойлонуп айтчы, Барпыке
Осмонкулду «согомбу»?

Эл кыраан-каткы күлүп калышты. Акыры олимпиада бүткөндөн кийин, бир канчаларына баалуу сыйлыктарды берип жөнөттү. Алардын ичинен айрымдарын тандап алып калып, Шубин аксакал оркестрге кошо турган болду, нота окута баштады. Кышы менен үйрөтүп, 1937-жылы майдын аягында командировкага алып чыкты. Алма-Ата, Жамбул, Чымкент, Ташкент, Анжиян, Кызыл-Кыя өңдүү шаарларда концерттерде жүрдүк. Ташкентте концерт койгондо Өзбекстан филармониясы али нота менен ойноого кирише элек экен. Бизге кубанышты. Сиздердин филармония нотаны эрте баштаптыр деп куттукташты.

1938-жылы оркестрдин бүт мүчөлөрү Москвага пластинкага күү жаздыруу үчүн бардык. Көп күүлөрдү жаздырдык. Биздин филармониянын оркестри ноталашып тез эле өнүгүп кеткенине Шубин аксакалдын салымы зор. А жылы өтүп, 1939-жылы декада болот деп, оркестрди буга камдап жатты. Биринчи декадада оркестрдин концерти жогору бааланып, филармония Эмгек кызыл туу ордени менен сыйланды. Москвалык эл бизди абдан жакшы кабыл алды. Чоң театрда концерт берип жатканыбызда, Муратаалы Күрөңкеевдин тарткан кыягын, Адамкалый Байбатыровдун ооз комузун, Атайдын комузда кол ойнотконун, Бекмуратовдун кыяктын коштоосу менен «Паризатты» ырдаганын, Карамолдонун залкар күүлөрдөн чертип беришин залдагы отурган эл жакшы кабыл алып, кол чабуулар залдын ичин дүңгүрөтүп жиберди.

Оркестрдин коштоосунда Мусанын ырдаганы азыр да кулагыма угулуп, көзүмө көрүнүп турат. Филармонияны Крымга концерттик жүрүшкө жиберди. Ялта, Сочи, Кисловодск шаарында болдук. Кавказдын тоолорунун арасында концерт коюп көп жүрдүк. Ушуну менен бир айдан кийин Фрунзеге кайттык.

Биздин азыркы кыргыз мамлекеттик филармониянын эл аспаптар оркестринин уюшулганынын алгачкы жылдары мына ушундай болгон эле. Эл аспаптар оркестринин курамы профессионал музыканттар менен толукталып, улуулардын эстафетасын жаштар бийик көтөрүп келе жатышат. Азыр оркестр элдин сүймөнчүлүгүнө айланды. Мына ушул эл аспаптар оркестринин алгачкы катышуучуларынын бири катары жаштардын ийгилигине кубанамын. Алардын чыгармачылыгына зор жетишкендиктерди каалайм.

«Жаңы Ала-Тоо», 2012, 11 (43)

One Reply to “Ысмайыл БОРОНЧИЕВ: Элдик өнөрдүн башаты”

  1. ОткӨндү эскеруу бул биз учун өто керек, бирок Ошол өткөн акын- ырчылардын Борончу, Айталиев, Эстебес Турсуналиев,Токтосун, Замирбек ж.б Айтыштарын Кыргыз радиосу Диск кылып чыгарып коюшса (Өздөрңнө да пайда акча да болот эле, бекер олтурбай) жакшы иш болот эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *