Индонезия жомогу: Мышык менен маймылдар

Индонезия жомогу Бир жолу бир мышык жол тартып келатып, көзүнө көрүнгөн жандын баарын алдаптыр. Бара түшкөндө ага маймылдар жолугуп калышат. Алар чоң дарактын бутагында илинип турган аарылардын уюгун карап турушкан эле. Мышыктан сурашты: – Айтсаң мышык аке, тээтигил бутакта илинип турган эмне? – Оо, ал менин чоң атамдын барабаны. – А анын үнү катуу чыгабы?– деп сурашты маймылдар. – Албетте!– деп кууланды мышык.– Эгер аны бир эле урсаң бүт өлкө угат. – Биз уруп көрсөк болобу? – Ой, жок, чоң […]

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ: Айгашка (шедевр)

АҢГЕМЕ I Элдин көбү менчик ат багып, базар– учарга, айыл– апага алчыланта минип жүрүшкөнүн, кээ бириники күлүк чыгып, майрам– тойлордо кадимкидей таптап, байгеге чаап жүрүшкөнүн көрүп, Кылычбектин көптөн бери бүйрү кызычу. Акыры учуру келген бир жазда, жылкынын наркы кырк тоок болуп калганда жалгыз саан уюн берип, колхоздон кулундуу бээ алды. Жылкы ферманын кулкунуна бирдеме сала коюп, бээни атайы күлүктүгү менен даңкы чыккан асыл тукум күрөң айгырдын үйүрүнөн тандады. Жайды жайлата бээнин кымызын ичти. Келечегинен үмүттөнткөн жээрде чалыш, элик шыйрак, маңдайында […]

«Улуу дөөлөттүн жоопкерчилиги» аттуу китеп жарыкка чыкты

Кытайдын ири окумуштууларынын бири, жазуучу жана саясатчысы Цзинь Цаньжундун кыргыз тилине которулган “Улуу дөөлөттүн жоопкерчилиги” аттуу китеби «РухЭш» сайты менен чыгармачылык өнөктөштүктө кызматташып келаткан «Чыгыш адабияты жана искусствосу» Басма компаниясы тарабынан жарык көрдү. Аталган эмгектин мазмуну менен окурмандарды тааныштыруу иретинде китептин авторунун баш сөзүндөгү урунттуу жерлерин жарыяламакчыбыз… ЖЫЙНАКТАЛГАН БИРИНЧИ ИШ-ЧАРА Бул ички жана тышкы иштердин ортосундагы тең салмакты кармоо. Улуу дөөлөттүн жоопкерчилиги өзүнө эки жакты камтыйт: Эл аралык жоопкерчилик жана ички мамлекеттик жоопкерчилик. Мунун бирине көңүл буруп, экинчисин эстен чыгарса, […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Кудайдан эмес, агайлардан коркчубуз

Сардалаа… Бу талаанын аты. Жазында жаш баладай сүймөнчүк эле. Анан жетилчү. Анан бардар-сардар болуп барып, тез эле карып, өлүп тынчу. Жыл сайын ошол. Күзүндө тууттан кийинки малдай эси ооп, алсырап, тытмалап, тоноп кеткен адамдардын артынан кошо чуркай албай тырайып жаткан Сардалаа. Аны менен адашкан козудай жаагын жана ырдап бараткан жаш бала… Кышында койчумандын итиндей титиреп кардын алдында жатса, аны жөн жаткырбай кайдан-жайдан келген бороон кар тозоңун өйдө-ылдый кубалап, каалашынча тайраңдап, талаанын кейпин учуруп, анан тээ нарыда качанкы өткөндөрдү эстеп, ошонусунан […]

Конфуций: Сөз айтардан мурун биринчиден ойлоруңду иретке келтир

“Улуу окуунун” негизги идеясы өзүңдөгү адамгерчиликтүүлүктүн бийик сапаттарын өнүктүрүүдө, ойлордун дайыма жаңыланып туруусунда жана ушул максат менен жакшы иштерди жасоодо. Улуу иштер колунан келерин билгенде гана адам алга умтула баштайт. Умтулган жагы туура экенине, жаркын келечекке жетүүгө болорун билгенде гана адамдын жүрөгү тынчтанат. Жүрөк тынчыганда гана жан дүйнө тынчтанат. Андан кийин ойлоруң сергек, бирок терең болот. Ушундай ойлонууну үйрөнгөндөн кийин гана ийгиликке жетүүгө болот. Баардык жандуу жана жансыздардын тамыры жана үстүңкү бөлүгү бар. Алардын баары башталыш жана бүтүүгө ээ. Эгерде […]

«Поэтерапия» поэзия кечеси

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук  фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен  биргеликте  Кыргызстандагы эл-журтка кеңири  белгилүү акын,  жазуучулардын  жана жаш таланттардын  поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүккө ээ болгон жаш акындар  Калича Жакыпова жана Жылдызбек  Турсунбаевдин чыгармачылыгына  арналат. Кече 2017-жылдын 15-декабрында  Филармониянын кичи  залында өтөт.  Башалышы саат 17.00. Кирүү акысыз. Калича Жакыпова – кесиби боюнча суу инженери. Азыркы тапта Кыргыз Агрардык университетинде аспирантурада окуйт жана «Кыргызсуудолбоор» мамлекеттик ишканасында инженер-долборлоочу болуп эмгектенет. Алгачкы ырларын […]