АҢГЕМЕ

I

Элдин көбү менчик ат багып, базар– учарга, айыл– апага алчыланта минип жүрүшкөнүн, кээ бириники күлүк чыгып, майрам– тойлордо кадимкидей таптап, байгеге чаап жүрүшкөнүн көрүп, Кылычбектин көптөн бери бүйрү кызычу. Акыры учуру келген бир жазда, жылкынын наркы кырк тоок болуп калганда жалгыз саан уюн берип, колхоздон кулундуу бээ алды. Жылкы ферманын кулкунуна бирдеме сала коюп, бээни атайы күлүктүгү менен даңкы чыккан асыл тукум күрөң айгырдын үйүрүнөн тандады.

Жайды жайлата бээнин кымызын ичти. Келечегинен үмүттөнткөн жээрде чалыш, элик шыйрак, маңдайында татынакай кашкасы бар кулунду болсо «Айгашкам» деп ардактап, аспиеттеп бакты. Бою пас болуп калат деп, тайында түгүл кунанында да үйрөттүргөн жок. Жылкычыга акысын берип, бек дайындап, колхоз жылкысына кошуп, ал жайда жайлоого жиберип алды. Анан бышты чыгарында гана суулук салып, Айгашкасына алгач үзөңгү тепти. Тизгин кактырбай алчактап шар жүрүп, үстү жайлуу, бели бекем элик мүчө жаныбар Кылычбектин үмүттөнгөнүндөй эле көрүндү.

Кылычбектин эмки эңсегени быштынын жүгүрүшүн сыноо эле. Күз башынан баштап адаттагыдай базар күндөрү «көк бөрү» чыга баштады. Бир жолкусунда Кылычбек да кирди. Көнбөгөндүк кылып баш бербей туш келди жулунганы болбосо, «көк бөрүнү» ала качкан атты Айгашка узатпай жүрдү. Кылычбек кымылдап калды. Додого салып кыйнабай, улак талашып белин майыштырбай, бир– эки жолу жандай чаап, быштысынын чамасын байкады да, тизгин тартты. «Кылычбектин быштысы» деп, Айгашка дароо эле оозго илинди. Аны угуп, бир жагы корстон болду, кайра көз тийбегей эле деп кысынды. Ага болбой кийинки базардагы «көк бөрүдө» дагы аралашып, улакчыны жандай чапты эле, тааныш жигит экен, улакты кармата берди. Кылычбек кызып кетти, улакты такымга кысып, баятан чаалыга түшкөн аттарга чендетпей беш чакырымдай айылына чымын– куюн салып келди. Айгашка быштысында мынчалык чыгат деп Кылычбек ойлогон эмес. «Кудай буйруса, ойдогудай күлүк болот экен. Муну дагы жетилтейин. Эткур неме бир жерде курчтук кылып, мизи кайтарылбасын… Бирөө– жарымдын көзү тийбесин» – деп, экинчи улакка чаппай, сыр катып калды.
Эгин– тегин жыйналып, элдин колу улам жумуштан бошой берген сайын той– тамашалар көбөйө баштады. Чоң– кичине болобу, байге чабыла калып жатты. Кылычбек алардын биринен калбайт, барганы менен кошулбайт, быштысынын келечегин элестетип, эки колдоп ээрдин кашын мыкчып, тамашаны четтен карап турат.

Октябрь майрамына аралаш өз айылы Кек– Булакта чоң тамаша болуп калды. Быйылча жетилтип, байгеси болобу, башкасы болобу, эмки жылы чабайын деп сактанып жүргөн Кылычбек бу жолу кызып кетип, быштысын «кемеге байгеге» кошуп жиберди, Айгашка мурунку күнү базардан катуу келип, түнкүсүн таң ашканы болбосо, кадимкидей тер алынып, суутулган эмес. Бирок «кемегенин» аралыгы ыраак эмес эле, нары болсо сегиз– он чакырым. Ар– ар жерден келген атактуу күлүктөр эртеңки чоң байгеге сакталып, азыр чабуучулардын кубаты чак эле көрүнөт. Быштысынын чындап эрегишип чуркаганын бир көрүүгө кумар болуп жүргөн Кылычбек ушуларды байкап, тобокел деп Айгашканын куйругун шарт түйдү да, он экидеги кенжесин мингизип, кошуп жиберди.

Эртеден бери бүркөлүп турган күн кичине дыбыратып жаап келип, жолдун бырпылдаган чаңын басып, бозоргон өңүнө каралжын түс берип кайра басылды да, леп этип жел жортпой, түнөрүп туруп алды. Булут жылчыксыз чылк каптаган асман жерге жапыстап, туш– тарабы туюкталып, ортодо аба кысылды: дем алууга оор, үн шоокумуна толкубай нык. Чеке нымшытып дымыктырат. Топ турган калың элдин кобур– собур доошу шыпка түнөккө чогулган чымындардын үнүндөй төбөдө гана кыжылдап, теребел кулак– мурун кескендей ың– жыңсыз тунжурап турду.

– Кап, кудайдын күнүн карасаң, өчөшкөнсүп… Кылычбек өзүнчө күңкүлдөп кейий элден обочо чыгып, бейшеп ушатты да, бир топко ошоаякта аркы– терки жалгыз басып жүрдү.

Кылычбек илгери жаш чагында өзүн таптаган атын биринчи жолу байгеге кошкондо да күн куду бүгүнкүдөй түнөрүп, асман көмкөргөн казандай тумчуктуруп, күлүктөрдүн чуркашына оор болгон. Анда Кылычбектин аты чуркамак турсун марага жетпей жыгылып, мууздоого келбей мүрт кеткен. Узакка чабылганга сууту жетпегендик кылып, каны күйүп кеткен экен.

Ошону эстеп, ошондогу күндү элестетип, Кылычбектин көңүлү уйгу– туйгу болуп турду. Кийинки он беш жыл ичинде менчик аты жок жүргөнү болбосо, азыр пайгамбар жашындагы Кылычбек өмүрүндө далай жолу күлүк чапты. Бирок ошо биринчи жолу менен бүгүнкүдөй болуп, эч качан мынчалык тынчы кеткен эместир.
Айтылуу саяпкер Осмон келип кошулганда элдин арасы козголуп, бир тобу аны тегеректеп калышты. Ар– ар кимиси ат үстүнөн кол сунуп, бажактап учурашып жатты. Осмондун коштоосунда үртүктөлгөн Суркоёну жүрөт. Жону дүңкүйүп, сыртынан караганда кунарсыз бул жаныбар Күркүрөө аймагында алдына ат салбаган күлүк. Ошондуктан эртең байгеге атын чапканы турган кээ бирөөлөр Осмонду ичин тартып, көрмөксөн болуп, жүздөрүн тетири бурушту. Суркоёндун жүгүргөнүн бир көрүүгө куштар болуп жүргөн башкалар кубанды, атты ортого алып, суктана карап жатышты.

Осмонду алыстан эле тааныган Кылычбек да келип учурашты. Суркоёнду тегеректегендерди көрүп: «Айгашкам да ушундай сыймыкка жетер бекен?» – деп тымызын улутунду. Эл сыйына орногон Осмондун баркына сыйынды, анын жанында өзү эч кимдин көңүлүн бурбас бир жан экенине арданды.
Нарытан буурул сакал бир абышка Осмонго теңтушсуна тамаша айтты:

– Бу сен Суркоёнун, экөөң, байге бербес болдуң, го, ыя?

– Буйрук… Алладан буйруган насип болсо не кыласың, – деди Осмон жайдары.

Үнүнөн да, өңүнөн да күлүгүн жаман көздөн кызгануунун бир белгиси көрүнбөйт, тескерисинче, сыймыктануу бар.
– Аның ырас, Осеке, – деп алиги киши жыгылыштуу күлүп калды.

«Мындай атка көз да тийбейт, балекет баскыр», – деп ойлоду Кылычбек. Эгер Суркоён бир кырсыкка кабылып, байгеге жарабай калса, аны менен Осмон экөөнүн сыймыгы өзү менен Айгашка экөөнө оошчудай сезилип кетти ага.

Анан бул сезгендерин тереңине бекитти да, Осмондун өзү менен сөзгө кирди: мал– жандын эсендигин сурады; ал турган айылда күйөөдөгү кызынын үй– бүлөсүнүн амандыгын сурады; Суркоёнду мактамыш болду; аркы– беркини сүйлөштү…

Кылычбектин бактысына Айгашкасы «кемегеден» чыгып келди. Ал быштысынын чыгып келишин тилеген, бирок көп ишене алган эмес эле. Эми минтип быштысы марадан учуп– күйүп өткөндө көргөн көзүнө ишенбей, обол нес болуп туруп калды. «Алдында башка ат келгенсидиби?.. Же чын эле кудай бердиби»?.. – деп алактады. Анан жана эле ою жетсе да, колу жетпей турган чоң сыймык чындап өзүнө конгонун анык билгенде бүткөн бою ымыр– чымыр болуп, алкышын же кудайга, же Айгашкасына айтарын билбей, эки тизеси калчылдап, мууну бошоп кетти.

– Айланайын журт, аксарбашыл! – деп бакырган бойдон атына боюн таштады. Айгашка күйүккөнүн, Кылычбек өрөпкүгөнүн басып, экөө жанаша турганда Осмон келди.

– Ой, Кылычбек, сыймыгың кут болсун! – деди ал ат үстүнөн заңкылдап.

Согуштан уулу келген энедей болуп турган Кылычбек:

– Айтканың келсин, айланайын, – деди адамдардын баары ага жакшы көрүнүп. Эки бети тамылжып турду.
Аңгыча бир топ адамдар тегеректеп калган, Осмон атынан түшүп, Айгашканы айландыра карай келип, булоолонгон ысык омуроосун таптады.

– Жаныбар, таза кандуу мал экен.

Кылычбек сыймыктуу жадырайт.

Осмон Айгашканын сындуу мүчөсүн дагы айландыра карап, тишин ачып көрдү. Анан куйруктан алып, колуна орой кармап, күч менен булка тартты. Айгашка солк этпеди. Ошондо биротоло купулуна толгондой Осмон быштынын соорусун таптап сылап:

– Баралына келгенде ойдогудай эле болор, – деп бу сөздөрдү өзүнө гана айткансып күңкүлдөдү.

Үйүнө жетери менен Кылычбек бир соолук койду союп, тегеректеги аксакалдарды чакырып, батасын алды.
Ошо бойдон ал Айгашкасын бу күздө экинчи чапкан жок, жаш неменин курчу кетип калат деп, асый чыгар кезине сактады.

* * *

Кылычбек кээде кеч убак эки колун артына алып, терең ойдо тунжурап, там– ташын айлана басып калат. Тамдын төбөсүнүн бир четине беде жыйылып, андан бош жерине алабата чөп өскөн: шыптарын тооктор тытып, шыркырап төмөн куюлган топурак алдынан чириген эрмендер самсаалайт: баксаланып урулган дубалы шыбалбаганга одурайып, мал– жан сүйкөнгөнгө жылма майланышып калган. Илгери эл жаңыдан кыштак болуп чогулуп конуп жатканда Кылычбек ушул тамдын дубалын өз колу менен сокконун, жапканга эрменден өтөрү жок дешкенден улам, атайы жер сугарып, миң тесте эрмен жулуп келгенин (анда куч– кубаты ташып турган кези экен), ошентип балдары кызыл эт балапандай бир кылка жаш болуп, жардамдашары жоктугуна карабастан тамды жалгыз өзү бүтүрүп алганын эстейт. Эстейт да, ошого маашырланат (азыр ал кездеги жаштыгы, куч– кубаты жоктугун ойлойт да, өмүрдүн тездигине муңаят, бирок бекер өтпөгөнүнө ыраазы). Тамдын оң ныптасына туташ бастырма салынган, төбөсүнүн туш– тараптары жабылып, чок ортосу ачык. Муну көрүп, Кылычбек эл чогулуп, колхоз уюшулгандан кийин күрүлдөп кой ферма болуп турганын, өзү бир колек ылай урбай, бу бастырманы ошондо киши жалдап салдырганын, алдыртан жеп– ичип, андан артканына жыйырма чакты жандык курап алганын эстейт. Эстейт да, учурунда мырзадай болуп дүүлдөп өткөнү үчүн өзүнө дагы маашыр болот.

«Колхоз – элдин кенчи эмеспи, аны кимдер жебеген. Жесе биздей жесин, азыркылар эмне, чөпчүлөп…» – деп өзүнө дагы ыраазы болот. Тамдын сол жак түбүндө төбөсү бурч– бурчунан тешилип, үрпөйгөн тооккана турат. Муну көрүп Кылычбек баягы согуш бүтөр жылдары отуз кой мойнуна түшүп, фермеликтен шыпырылганын, шыпырьшып кала берсе мейли го, аз жерден жоопко тартылбай, колдогу мал– мүлкүн бүт берип, үзөңгүлөш эски досторун ортого салып жатып, араң кутулганын, ошондо зайыбын жиберип кошуналардан он беш жумуртка суратып алдырып, чолок куйрук жалгыз мекиянына бастырганын, андан чыккан жөжөлөргө деп, ушул тооккананы өз колу менен тердеп– тепчип жатып араң курганын эстейт. Эстейт да, баштагы дуулдаган чоңдук ошону менен бүткөнүнө кайгырат. Анан айлана басып, тамдын алдына келет.

Мында катар өскөн беш түп терек турат. Баягы кой ферме Кылычбек катын– баласы менен жайлоолоп жүргөн кездерде тун баласы Сарыбек, анда мектепте окуп жүргөн чагы, чоң энеси экөө кыштакта калып, бул теректерди ошондо сайган. Эми бешөө тең бой тирешип, балакатка жеткен кези. Кийин Кылычбек фермеликтен түшүп, үйүндө отуруп калганда: «Ой, бу теректерди жоготсоңчу, эшик алдына күнөстөп отурар жер калтырбай, көлөкөсү эле түшүп турат экен. Кесип ташта, кышында отун болот»,– деп далай жолу балтасын курчуткан. Бирок Сарыбек көгөрүп болбой койгон. Болбосоң мына деп, Кылычбек көрсө да көрмөксөн болуп, теректерди эчкиге да аарчытты, эшекке да кемиртти, түбүнө дайым мал байлап жүрдү. Бирок бой көтөрүп алган теректер зоолдоп өсө берди.

Ушинтип ал теректердин түбүндө бир топко делдейип турат, анан эшик алдындагы сокудай ташка барып отурат. Урабайт да, эскирбейт, күн чубактап отурганга жакшы деп, бул ташты да ушул там салынган жылы атайы тиги кол арыктын кашатынан тоголотуп келип орноткон эле. Таштын үстүндө эски талпак жатканы жаткан. Чарчаган карт жорудай башын ийинине катып, Кылычбек эртели– кеч ушунда отурганы отурган. Айгашкага чейинки мингичи ушул болчу…

Аздан соң жайыттан мал келет. Кылычбек жандыктарын тосуп алып, бастырмага камайт. Желини сүткө толуп, мөөрөп, тайтак мүйүз ую келет. Бээнин Айгашкадан кийинки тайын сатып, уйду алган. Аны тиги беш теректин батыш жаккы биринчисине байлайт. Аңгыча мектептен жаңы кайткан кенже уулу огороддун убатында аркандалуу турган музоону апкелет.

Ал уйдан кийинки терекке байланат. Эртеден бери көрбөгөнгө сагынып калган энеси мээримин төгө музоосунун маңдайын жалап, барбайган эмчектеринен көбүргөн сүтүн келиндин эки тизесине кыпчылган чакага агызып, ийип турганын карап, Кылычбек таш үстүндө дагы бир аз отурат. Анан кенжесин ээрчитип алып, төмөн суу жээгинде аркандалуу жылкысына жөнөйт. Аларды сугара келип, чоң курсак бээни жоош деп, музоонун катарына үчүнчү терекке, анын чунаңдаган жабагысын төртүнчүгө, жабагыдан мурунку жылы туулган тайды бешинчи терекке байлайт. Айгашка болсо, ардакталып өзүнчө тиги терезе түбүндөгү акырда. Анын бөлөк байланышы орун жетпегендиктен эмес, биринчиден, тигилердин катарында кысылбасын деп, экинчиден, үйдө отурганда да дайым көрүнөө турсун деп, жалгыз өзүнө атайы терезе түбүнө акыр курулган. Андай урматты түшүнбөгөн айбан мал тумшугу менен түрткүлөп, эки– үч жолу айнекти сындырды, бул кесепети үчүн ээси кемпиринен да, Сарыбектен да жеме уккан. Бирок Кылычбек анысына кайыл.
Ошентип эшик алдына мал толот. Бала– чаканын чуусу басылып, зайыбы менен келини кечки тамактын камында күймөнүшөт. Кылычбек болсо, малын карап отуруп, таш үстүндө таттуу кыял агытат.

«…Кудай аманчылыкка койсо, бул музоо эмки күздө кунан чыкма кунажын болуп калат. Үстүнө дагы бир торпок кошуп, колхозго берсек, бир бээ аламын. Ошентип, эки бээ… Бу тай да жаман чыкпас, келерки жайда үйрөтүп, акталатып таштасам, айыл– апа, базар– учарга минилет да, Айгашка дайым табынан жанбай турат. Тиги жабагы да ургаачы, энесин тартса жакшы бээ болот. Аны менен үч бээ… Алар жаш го, кудая шугур, азыр он беш чакты. Үч– төрт жылда элүүгө чабар. Эртең менен бир короо кой, бир үйүр жылкы короодон чыгып, кечинде тобу менен келип турса, быякта Айгашкам жылдызы көтөрүлүп намыс талашып турса, байлык– мурат деген ошол эмеспи! Иши кылып, колдо бар мал кор кылбайт. Андан көрө журт жакасы тынч болсо экен, жараткан…»

Иңир кирип калган бул учурда колхоздун майда активи болуп иштеп жүргөн уулу Сарыбек жумуштан келет. Аркы– беркини сүйлөшүп, экөө эшик алдында дагы далайга отурушат.

Бир күнү ушундай сүйлөшүүдө Сарыбек мындай сөз баштады:

– Көптөн бери ойлоп жүргөн менде бир ой бар, ата. – Кылычбек унчукпай кулак салды. Сарыбек сөзүн улады: – Там салсак деп жүрөм. Кылычбек бурулуп карады.

– И? Бул там чык дедиби!

 – Элди көрчү, баары эле маңкыйтып– маңкыйтып жакшынакай там салып жатыры. Биз да эл катары болгонубуз жакшы эмеспи.

Бу сөздүн жүйөөсүнө Кылычбек муюй түштү.

– Илгери өргөө көтөрчү эле, эмки өргөөңөр там эмеспи. Мейлиң. Атасынын көңүлүн жоошутуп коюп, Сарыбек сөздүн ток этер жерине өттү:

– Быйылтан камынып, эмки жайда тургузуп алгандай болсок. Элди көрүп жүрөбүз, машакаты көп жумуш экен. Быйыл кышы менен тактай, каалга, терезелерин, үстүн жапканга тунуке же шифер дайындап коюш керек. Ишке жарамдуу эки бүлө, экөөбүз тең, колхоз жумушунан колубуз бошобойт, жайында тамды өзүбүз кайдан тургузалы, уста жалдайбыз го, анын акысына да каражат керек. Ошону менен бир топ… – Сарыбек кичине токтоло калып, жер тиктеп тунжураган атасын көз кыйыгы менен чалып өттү. – Ушул каражаттарды азыртан топтойлу. Өзүнчө там салгандарга колхоз карыз акча берет, аны алсак. Бирок ал деле жетпейт. Ошон үчүн калганына жандыктардын он чактысын, анан тиги менен Айгашканы сатсак…

Жылан басып алгандай Кылычбектин жүрөгү шуу эте түштү.

– Эмне? Айгашканыбы?.. – деп терс бурула колун катуу силкиди да, этек– жеңин кагынып, ордунан тура жөнөдү. – Тамың менен тамыраң, бол! Угузба мага… – Дагы бирдемелерди өзүнчө күңкүлдөп, үйгө кирип кетти.

Байкабай айтып жибергенине Сарыбек өкүнүп калды. Бирок мынчалык сөз баштаган соң, эми чечкиндүү киришүүгө камынды.

Кечки тамактан кийин Кылычбек небересин алдына алып эркелетип, көңүлү жайдары отурганда Сарыбек алиги үзүлгөн сөздү кайра баштады:

– Ата, – деди ал үнүн жумшак чыгарып, – макул, кааласаң Айгашкага тийбейли. Анын ордуна бээни жабагысы менен саталы. Ушинтсек туура болот ко? Там салып алсак, бээ табылат. Кандай дейсиң? Кылычбек аны акшыя бир карап алды. Анан:

– Тамдын мага кереги жок, малга тийбейсиң, – деди да, ушуну менен сөз бүттү деген кыязда кайра небересин эркелете баштады.

Атасы чындап сөзүн укпасына көзү жетип, Сарыбек бүгүнчө тиштенип отуруп калды.

II 

Кылычбек канча мөңкүбөсүн, акыры Сарыбек аны жүгөндөдү: бээни жабагысы менен, тайды, булардын артынан он кой сатты. Түшкөн акчага тактай алып, бир уста таап, терезе, каалгаларын жасатып, кышы менен тамдын тунукеден башка керек– жарактарын бүт даярдады. Жаз алды менен дагы киши жалдап, кыш куйдурду. Жайында дубалын тургуздуруп бүттү. Тунукеге акча жетпей, чатыры жабылбады, кум шыбагы бүтүп, бирок акталбады. Кар түшкөнчө кирип алууга Кылычбектен башкалары бүт шашты.

Кылычбек болсо, жаңы тамга кээде гана, үйдөгүлөргө көрүнбөй келет. Ичи– сыртын айлана карайт. Сакалын экчеп, өзүнчө: «Кудай урган, миң асемдегениң менен бу тамың же сүт бербесе же байгеге чабышбаса, кур эле заңкайгандан эмне чыгат. Мындан көрө жаман да болсо тиги мал табар эски тамым куттуу эмеспи. Ай, тилазар акмак ушу төрт дубалга ушунча каражат жоготуп… Кайран мал…» – деп күңкүлдөп кейий берет…

Акча жоктугу аз келгенсип, тунукенин табылышы да кыйын эле. Акчаны ойлогондо: атам канча туйласа да, акыры Айгашканы сатам го деп ишенип, Сарыбек тыяк– быяктан тунуке иликтеп жүрдү.

* * *

Малчылар жайлоого көчкөндө Кылычбек Айгашкасын колхоздун жылкысына кошуп жиберген. Жайлоо отуна не жетсин, арыган ат аптада семирет. Ушуну ойлогон Кылычбек атын күзгү суутунун алдында жакшылап чыңалтып алайын деген. Эл жайлоодон түшөрүнө жарым ай калганда Айгашканы кайра алдырды. Жаканын жашык чөбүн оттоп жүргөн баягы түрү жок, таскыл жүнү жылтылдап, суу жукпайт. Көкүлүн көккө ыргытып ыргыштайт, моюнун ийип, көзүн сүзүп кылыктанып, ойноктойт да эркелейт. Ал анткен сайын, ээсинин эт жүрөгү элжиреп, көкүлүн улам сылайт, улам тарайт, кумары такыр таркабайт. Кыялы да алда кайда учат.
Ошондон баштап Кылычбек аптада бир тер алып, күлүгүн суута баштады. Арам тери улам төгүлгөн сайын кам денеси чымыр тартып, башта салаңдабыраак курсагы ичин көздөй жыйрылып, Айгашка тасмадай чыңалып ката берди. Көптөн күткөн күз да келди. Той– тамашалар башталды. Төмөн Осмондун айылында болгон тойдо Кылычбек Айгашкасын биринчи жолу байгеге кошту.

Айдалып кеткен күлүктөрдүн карааны көрүнбөй калгандан тартып, Кылычбектин көңүлүндө бир сезим жаралды: Айгашкасы чыгып келерине эмне үчүндүр көзү жеткенсип, алдыдагы кубанычка жүрөгү эртелеп түрсүл кагып турду. Күлүктөрдүн чубалган карааны ыраактан кайра көрүнгүчө далай убакыт өттү, ошонун ичинде ал сызмадай чубалган жолдон көзүн алган жок. Те алыскы дөңдүн түбүндө жол имериле берген жерден алдыда келаткан аттын сереңдеген карааны үзүл– кесил көрүнгөндө Кылычбек аны тааный койгонсуду.

– Айгашка! – деп жиберген үнүн өз кулагы укту. – Айланайын кудай, бере кер! – деп аттын алдын тосо бир топ жерге кулаалыдай калдактап чаап барып токтоду.

Аба жарып, жебедей сызылып келаткан ат Осмондун Суркоёну экен. Аны көргөндө Кылычбек турган ордунда моло таштай селейип катты да калды. Суркоёндон кийин бир кызыл ат, анын артынан күрөң ат өттү. Кылычбек алактап калды. Назарында Айгашкасы ири алдыда келип, аны өзү байкабай калгансыды. Эл кымгуут түшүп жаткан тиги мара жакты эки– үч жолу акмалай карап, Айгашкасын көзүнө чалдыктыра албады. Кайра төмөн карады. Ал ушинтип эсин жыйгыча биринен сала бири чубап, байге сайылган жети ат тең өтүп кетти.

Сегизинчи болуп Айгашка көрүндү. Ошондо Кылычбектин үмүт– ишеничи быркырап, жылдызы түштү. Теминип ат бастыруу түгүл, бирдеме ойлоого дарманы келбей, шалдайып жол боюнда туруп калды…
Байгеден аты чыгуунун кубаныч– сыймыгы Осмон үчүн көнүмүш болуп калса керек, Кылычбек анын жүзүнөн анчалык толкундоону көрө албады. Өз өнөрүнүн сырына каныгып, ар кандай ишинен чекилик кетирбесине бек ишенген, ошол артыкчылыгына маашырланган чебер уста сыңары Осмон башта кандай жайдары болсо, азыр деле ошол кейпинде. Кылычбек ага суктанды, таңыркады. Анткен менен Осмон алдыртан өз атын Айгашкага салыштырып, ичинен бирдеме сезип калгансыды. Алыс, жакын ар кандай аралыкка жүгүрүп жүрүп, кандим болгон Суркоёнго бул жолу менменсиген нечен күлүктөрдөн озуу кыйын болуп, ал– кубатын ар бир арыш ташташына эсептеп зарп кылып, жанын аябай үрөгөн окшойт, булоолонгон жан терине киринип, кирпигин көтөрүүгө алы келбей калч– калч эте өпкө кагып, мүргүп турат. Анын жанында Айгашка кулактарын кайчылаштырып тың: жети аттан кийин калганы болбосо өкүм келди.

– Жаныбарды бекер өксүтүпсүң, – деди Осмон капысынан.

– Шордуу жаным, табынын эмнесинен жаңылдым экен?.. – деп арына сынып турган Кылычбек ага жалбарыңкы карады. Бирок Осмон башка сөз катпады, сыр жашырган бойдон жүрүп кетти…

Айгашка илкий басып, анын үстүндө Кылычбек үңкүйүп, экөө тең үйгө уурулугу кармалган баладай жер тиктеп келишти. Иштин жайын Сарыбек ушундан эле түшүндү. Тунуке табылып калса, атам атын саттырбай кежирленер бекен деп, жүрөкзаада болуп жүргөн ал сүйүнүп калды. Кечки дасторкондо отурганда кыйытып сөз салды:

– Кыш жакындап келатат. Тамга кирип алсак болот эле…

Кылычбек бирдемеден шек туйган кирпи чечендей түксүйдү, олурая карады.

– Кире бер, сени ким кой деди.

– Киргенде үстү жабылбаса, калпагы жок таздай болуп кантип отурабыз?

Кылычбек үңкүйгөн калыбында ийнин дирт кагып, түнөрүп унчукпай койду. Сарыбек кайра обдулуп сүйлөмөкчү болду эле апасы эрдин тиштеп, башын чайкады: карыган абышкасын кемпири аяды.

…Жарым ай өтпөй ошол тегеректеги башка бир айылда дагы байге болду. Кылычбек Айгашкасын мында да чапты. Өткөндөгүгө го чоң үмүт, ага учкашкан ишенич бар эле. Бул жолку да жансерек үмүт гана бүлбүлдөп турду.

Шукшурулган Суркоён көкүлүн желпилдетип, марадан биринчи көрүндү– көрүнбөдү, Кылычбектин чың тартылган жүрөк кылы чарт үзүлүп кеткенсиди, жан– серек үмүтү жалп өчтү. Айгашка дагы чыкпай калды.
Эч ким эчтеке дебеди, тийбеди, бирок Кылычбек өмүрүндө мынчалык кордук көрүп, намысы жерге тебеленген жан эмес эле. Чыккан аттарды мактап дуулдаган элдин арасынан өлбөгөн гана төрт шыйрагы араң суурулуп кетти.

Жанагы тойдогу калдайган калың эл шылдыңдап күлүп, артынан: «Ой, Кылычбек саяпкер, соогат!» – деп келекелеп кыйкырып келаткансыйт да, жону муздап дүрүлдөйт. Бараткан үйүн ойлосо, Сарыбек эшик алдында ырсая күлүп табалап турушкансыйт. Кылычбек баруудан заарканат. Барып, Сарыбектин табалаган заар сөздөрүнө кабылгыча көз көрбөс, кулак укпас, башка бир жакка кетип калгысы келет. Бирок аттын башын бура албайт. Талаадан козуларды жамыратып жиберип, үйдөн тил угарына заарасы житип бараткан жетим балача аргасыз кете берди.

Үйдө Сарыбек жок эле. Ал ошол күнү тунуке издеп, шаарга кеткен. Уулун сагынып калгансып: «Эмне көрүнбөйт?» – деп Кылычбек кемпиринен кыйытып сурап, шаарга кеткенин укканда бир балээден кутулгандай жеңил дем алды. Сарыбек кайра келгенче бүгүнкү сынганы эскирип калар деп көңүл жооткотуп, өзүн өзү сооротту. Аябай чарчаганын ошондо сезди да, шалдая отурду.

Бирок Айгашканын кайгылуу окуясы эртесинде эскирип калбастан, Сарыбектин келиши менен кайра ырбап жаңырды. Сарыбек үйгө кирип, көчүк баспай жатып түз эле:

– Айгашканын байгесинен мага калтырдыңарбы?– деп сурады.

Кылычбек жыйрыла түштү, унчукпады.

– Ыя, кудай уруп, дагы чыкпай калган го дейм? – деп күлүп калды Сарыбек.

Кылычбек ызага уукту:

– Ишиң болбосун,– деди тултуюп.

– Алда байкуш Айгашка, күнү бүткөн тура…

Чай ичип, кичине дем алган соң, ал жай сөзгө кирди:

– Ата, эми сөзгө келели. Мен шаарга бардым. Тунуке табылды. Ошерде темир меш жасаган бир устакана бар экен, тааныш киши салып, сүйлөштүм. Иштин баары эми акча табышта калды. Жолдо келатып, ойлогонум ушул болду. Колдо төрт-беш жандык калды, аларды саткан менен да жетпейт. Уйду сатканда, саансыз калабыз. Айланып келип эле мен ушул… Айгашкага токтодум… Ырас, Айгашка… – Сарыбектин мындан аркы сөзү оозунан учуп кетти.

Кылычбек үн катпастан желбегей чепкенинин бир жеңин кийип, экинчисин таппай түрткүлөп, ордунан тура жөнөдү. Бурулуп жүзүн көрсөтпөдү. Улагада кепичин бутуна сала албай улам апкытын жапшыра тепсеп кичине буйдалды да, эшикке чыгып кетти. Сарыбек ордунда селейе катып, отурду да калды.

* * *
«Атаат арман ай, ушул аттын табын таба албадым го» – деп ойлосо, Осмондун баягыда бир: «Жаныбарды бекер өксүтүпсүң да», – деген сөзү кылт эсине келет.

Кээде карыялар топтошуп, бир тойдогу байгени, анда чыккан күлүктөрдү кеп кылып калышса, Кылычбек бир жумушту шылтооломуш болуп, какырынып– түкүрүнүп, этек-жеңин күбүнүп, ордунан тура жөнөйт. Атүгүл, кийинки учурларда эки-үч кишинин башы кошулганын көрсө да: «Айгашканы жамандап жатышабы, мени шылдыңдап жатышабы»,– деп чочулап же: Мени көрүп калышып эстешпесин, – деп коркуп турчу болду: бирөө жарым такыр башка нерселер жөнүндө сүйлөп калса деле, кокус Айгашкамы эстебесе экен деп, заарканып турчу болду…

Сарыбек кийин шаардагы тунукеге сүйлөштүргөн кишисинен: «Тунуке жок, сатылып кетти» – деген кабар алды. «Ага ошончо убара болдум эле, эми кайдан издейин. Атам да азырынча атын сатар пейили жок. Күз кечтеп калды, тамга быйыл кире албайбыз го. Андан көрө Айгашканы согумга байлап, кышкы чилдеде касап кылсак, жаз алды менен пулун жыйып алып, тунукеге ошондо кам урайын. Атамды ушуга көндүрүш керек эми» – деп ойлоду.

Ушул учурда активдердин арасынан «колхоз элден мал сатып алат экен» деген сөз чыгып калды. Муну укканда Сарыбек Айгашканы колхозго эле сатсамбы деген ойго кетти. Бирок Айгашка мамлекет баасы менен канчага өтөрүн, ал эми касап кылганда канчага түшөрүн эсептеп, касапчылык ийги экенин чечти. Эми атасын гана эртерээк көндүрүү калды. Ал үчүн Сарыбек аксакалдарды чакырып, кеңеш курууну туура тапты.

Кылычбек эшик алдына жая салынган таар үстүндө атына жем деген үч кошууч буудайдын ташын терип отурганда таягын белине туура кармап, бүчүлөнбөгөн ичигинин эки өңүрү жер чийип, Турсуналы карыя келди. Саламдашкан соң, ал дубалга далысын сүйөй отуруп, жерде жаткан ат тезегин таягынын учу менен серпип таштады да, акырда турган Айгашканы сынай карады.

– Күлүгүңдүн табы кандай? Кылычбек туруп барып атына жем илди.

– Табын жакшы келтире албай жүрөт окшойм.

Кыймыл этсе, жал– куйругу жибектей төгүлгөн Айгашка жем баштыктын түбүн тумшугу менен түрткүлөп, буудайды күртүлдөтө чайнаганын кумарлана карап, бир топ турду. Анан ашкан ынтаа менен үстү– башын куйругунун учуна чейин сылап– сыйпап өттү да, арткы туягынын түбүндө булоолонуп жаткан бир тоголок тезегин абай менен алып, алаканына салып, Турсуналынын жанына келип отурду. Тезекти бармагы менен ушалап, ушандынын арасын тирмийип жатып карады. Коңурсуган жытын искеп көрдү. Шектенгенин таппагандай тезектин ушандысын колунан кагып жиберди, көк ным жуккан колун боз трайке ичигинин шакмарланган өңүрүнө сүрттү.

– Ичинде ысыгы барбы дейм? Тезеги таза эле…

Кылычбектин баятан берки кыймылынан көз айырбай, анын ат бакканга ашкере дилгирлигине таңыркап, ичинен анча жактыра бербей отурган Турсуналы эми аны эмне үчүндүр аяп кетти. Эсирген тигил ат Кылычбекти үзүрсүз мээнетке салып, эзип жүргөндөй сезилди ага. Бирок бул сезгени Кылычбекке жакпасын билип, ачыкка чыгарбай, жөн гана калыстыгын айтты:

– Ысыгы бар мал ушунча семирчи беле. А көрө байгеге эттүүлүк кылып жүрөт ко. Жайында жакшылап тер алынбаган окшойт.

– Жакшы эле алынгансыган, ким билет…

– Жаныбар, кубаттуу мал, «кырк жигитке» куп жараар эле. Кылычбектин кабагына бырыштар катталыша түштү.

– Мындай асылды «кырк жигитке» кор кылып эмне…

Кылычбектин тырчый түшкөнүн сезип, Турсуналы башка сөз катпады. Дулдуюп унчукпай отуруудан Кылычбек өзү да онтойсузданды. Аттын туяк алдына кирип оттоп жүргөн үкү баш тоокту шылтоолоп «тут» деп, этек– жеңин кагына ордунан турду.

Жемин жеп бүткөн атка Кылычбек чачыктуу жабуусун жаап, басмайыл тартып жатканда эски тумагынын эки кулагын шалпаңдатып, белинен бек курчанганга куур тонунун көчүк тушун казан көмкөрүп алгандай томпойтуп, Жумагул карыя келди. Оозундагы насыбайын бүркүп, тамагын кыра ачуу какырынып салам айтты да, Турсуналы менен кол алышып, катарына отурду. Ээгине аккан насыбайдын суусу аралаш көк шилекейин жеңи менен сүртүнө көздөрүн кымыңдатып, атты жалт– жалт карап алды.

– Бу Айгашкаң бизди байгеге туйтундурмак турсун өз жемин актабады го, кызыталак! Кылычбектин далысы билинер– билинбес дирт эте түштү.

– Жемин актабаганда сенин бедеңди түгөтүп жатабы!..– деп корс этти. Түз эле жабылган жабуунун бучкактарын тарткылаган болуп, аттын наркы капталына өтүп кетти.

Жумагул элее калды:

– Үзүрүн көрсөтпөгөн малга беде коротуп мен эмне… Сен дейсиңби!

– Сендей неме баркына жетип ат бага алабы!..– деди Кылычбек аттын далдасынан.

Турсуналы дароо сөзгө аралашты:

– Атта айып жок, саал эттүүлүк кылып жатса керек.

– Эттүүлүгү эттүү… – деди Жумагул башын ийкеңдетип. – Жаш мал эмеспи, азыртан байласа кышкы чилдеде куп семирер эле. Айныбай беш эли казы чыгар эле ээ, Туке?

Жараттуу буту ташка тийгендей болду Кылычбек. Ичинен: «О, көзүнө балээ келгир!» – деп сөгүндү да, акырая тиктеп аттын далдасынан чыга келди:

– Башканы бүтүп, эми ушул аттын казысына көз артып калдыңбы?! Жумагул чочуп кетти.

– И, көз артса эмне экен? Же…

Бирок аны сүйлөтпөй Турсуналы туурадан кара күчкө каткырып жиберди:

– Ай, Жума эке ай, балача сүйлөйсүң да байкабай, күлүктүн этине тишиң өтмөк беле.

Кылычбек менен чаңырышмакка даярданган Жумагул Турсуналынын бул айтканына ала– сала же күлө албай, же ишене албай элее карап, токтоло калды да, анан кошо ырсайды. Турсуналы ушундан пайдаланды: кара күчкө чыгарган күлкүсүн токтотуп, тамашаны койгула деген кыяз менен Кылычбекке суроо катты:

– Сарыбек кайда кеткен, ыя?.

* * *

Бул эки чалды Сарыбек чакырганын Кылычбек кийин алдыга эт келгенде билди. Бирок мейман чакыруунун бүгүн ылайыгы деле жок экенин ойлоп, Сарыбектин көңүлүндө эмне максат болгонун ачык баамдай албай, Айгашка жөнүндө болуп жүрбөсүн деген бүдөмүк болжолунан кооптонуп отурду. Чакыртуудагы атайын максатты угушпаган тигил эки карыя болсо, тамак жеп кетсин деген экен го деп ойлошкон. Жанагы кыжың– кужуңдан кийин Кылычбектин кабагы ачылбай тырчып отурганга ал экөө да үй ээси сүйбөгөн кудайы коноктордон бетер оңтойсузданып, тамакты деле анчалык каалабай калышты.

Чакыртарын чакыртып алып, Сарыбек өзү эмдигиче келбей кечиккендиктен эт бышкыча үчөө тең чечилип маек кура алышпады: бири быйылкы күздүн мээримин айтты, берки экөө ага баш ийкешти: бири турмуш оңолгонго эл арасында аш– тойдун да көп болуп жатканына ыраазылыгын билдирди, калган экөө аны кубатташты: бири кудайдан элге тынчтык сурап, балдардын өмүрүн узак кылып, өткөндөгүдөй кыргын согушту журт башына келтирбесе экен деп тиледи, ага үйдөгүлөрдүн баары тилектерин кошту. Бирок муну менен сөз кызыбады, урушуп алган балдарча дулдуюшканды өздөрүнө ылайык көрбөй, же кызыктуу кеп ойго келбей эле, ар кимиси өз оюна батып, тымтырс отурушту.

Эт тууралып, шалданып, ал– алга келгенде босогодон Сарыбек көрүндү. Чыдамсыз отурушкан үч абышка тең аны көргөндө аралжы табылгандай жеңилдене дем алышты. Сарыбек жалпы салам айтты да, кончунан камчысын сууруп, каданын боорундагы мыкка илди: пальтосу менен анын сыртынан кийген плащын бирге чечип, керебеттин арткы ийинине арта таштады: анан зайыбы беленденип кармап турган кумгандагы сууга колун жууду да, сүлгүгө чала– була аарчына атасынын төмөн жагына келип, сыңар тизелей отурду. Колхоздун майда активдери кеч маал кайда кармалары белгилүү болсо да, ыңгайсыз жымжырттыкты бузуу үчү Турсуналы:

– Жыйналышыңар болдубу, кечиктиң, го? – деп сурады табакка колун салып жатып.

– Колхоздун жумушу да, башкарманын нарядында отурдук.

– Чоңдоруңардын арасында кандай кеп– жаңылык бар?

Сарыбек этти бурдуга ашап жатып, башын көтөрбөстөн булдурады:

– Жаңылык деле жок…

Дагы бир аз жеген соң, Жумагул салааларынан сарыккан майды жалап, кекейип карс кекирди да, кетенчиктеп чалкалай отурду. Дасторкондун четинде турган пиаладагы сорподон эки– үч ууртады, анан оюна бирдеме түшө калгандай пиаланы жерге койбостон Сарыбекке элейе карады:

– Калкос элдин малын алат дешет, чынбы ыя, ошол? – Кылычбектин куйкасы курушту:

– Кайдагы бир жок сөздү таап алат экен…– деди жер тиктеген боюнча.

– Жок сөз болгондо мен оюман чыгарып алды дейсиңби, элден укканымды айтам да!..

– Биз кандай укпайбыз. Узун кулактыгың ай сенин…

– Ой, сен эмне эле бүгүн аттай чунаңдап калгансың? Турсуналы кейип калды:

– Койсоңорчу, бала болуп кетесиңерби.

Атасы эки карыяны жактырбай отурганын Сарыбек биле койду.

– Аныгын билбейм, ошондой каңшаар бар,– деди да, карыялардын чакыруудагы оюн эртерээк айтууга камынды.

Дасторкон жыйналып, колдорго суу куюлуп, алдыга чай келгенде Сарыбек оңдонуп отуруп, тамагын кырына сүйлөдү:

– Жумакемдин азыркы айткандарында чындык бар. Бирок колхоз жеке менчик малдын баарын алат деген туура эмес, аттарды гана сатып алат экен… – Кылычбек уулун селт бир карай калды. Сарыбек аны байкамаксан болуп, сөзүн уланта берди. – Ат жаныбар жем– чөптүн ажалы турбайбы. Азыр элдин баары эле ат багып калыптыр. Ал жакшы го, бирок аттууларга огородуна айдаган беде аздык кылып, колхоздун чөбүнө шерик болушат экен. Анын үстүнө колхоздо жумуш бүтпөй жатса, «көк бөрү» деген балээ башталат. Кыш кирип келатканда иш создугат, айдоо тепселет. Кээде киши да майып болот. Ушуларды көрүп, бир акылга келели да…
Кылычбек калп десе да сөзү чын чыкканга корстон боло түшкөн Жумагул кийиздин четин ачып, насыбайын түкүрдү да, оозун жеңи менен арчый чокчо сакалын экчеди:

– Өкмөттүн күйгөнүндөй эле бар анан калса… Кызыталак балдар өлөр– тирилерине карабай чабышат ко! Жумушту унутуп коюшту, эрмеги арак менен эле «көк бөрү». Калкос эмгекти көп берип, жаман көндүрүп койбодубу. Эмне десең атадан калган иш барбы, бүтөт деп манчыркайт, кызыталактар…

Кылычбек жер тиктеген бойдон мулжуюп унчукпады. Сарыбектин бул айткандары чынбы же Айгашка үчүн үчөө башта сүйлөшүп алган митаамдыкпы – кайсынысына ишенерин билбей отурду. Атайын кабар алган кишиче Жумагулдун оозунуп сураганын, анын сөзүн Сарыбек коштоп кеткенин акылында териштирип, бул айтылган «жаңылык» үчөөнүн гана митаамдыгы экен деп чечти. Ал эми болор сөздүн учугун билип калды.
Сарыбек үнсүз үңкүйгөн атасын бир карап алып, тамагын кырына эки карыяга жүзүн бурду:

– Ошентип, колхоз элдин аттарын тегиз сатып алмай болду. Мен муну кечээ уктум. Туке, Жумаке, экөөңөрдү чакырганым да ушул туралуу болучу…

Күткөн сөз чыга баштаганда Кылычбек ачуусун чыйралта берди. Сарыбек сөзүн улантты:

– Кеңешип кескен бармак оорубайт дейт, биздин уруунун аксакалдары деп, мен силерди кеңешке чакырдым… – деп анан ал Айгашка менен там жөнүндө атасы экөөнүн ортосундагы көптөн берки чатакты жондотуп айтып өттү. Башта Айгашканы сатсак деген ойдо жүргөнүн бирок сүйлөшкөн тунуке жок калганын уккан соң сатуудан көрө кышында касап кылууну оң тапканын, колхозго сатуу менен колдо союунун кайсынысы ылайык экенин айтты. Акырында:

– Мен ушуларды айтсам, атам такыр болбойт. Күлүк таптаган да өзүнчө бир түйшүк экен, күндүз тынымы, түндө уйкусу жок. Карыган кишиге бул өзү курулай мээнет да. Андан көрө заңгыраган тамда тынч жатканы жакшы эмеспи?..– деп сөзүн бүтүрдү да, эки карыяны алмак– салмак тиктеди. Ал экөө Кылычбекти карап алышты.
– «Атам чаңырып сөз сүйлөтпөс бекен», – деп чочулады эле Сарыбек, бирок Кылычбек мулжуюп, жерден башын көтөрбөдү, анда– санда гана ийини булкунуп, түйүлгөн жаак эттери диртилдейт.

Буттары уюган Турсуналы мандашын жазып, чалкалай жай алып отурду да, бир саам тынчтыкты бузуп, кебин салабаттуу баштады:

– Айтып отурса Сарыбектики жөн экен. Жел жүрбөй чөп башы кыбырабайт деген, мынчалык сөз болуп калган соң, колкос аттарды да алышы ыктымал. Алганда бекер тартып албайт экен го, кунун төлөйт. Бирок касапчылык кылсаңар, өзүңөргө шорпо– шилеңи артат, пулу да колкос бергенден мол түшөт. Кеңешти уксаңар. Сарыбектин айтканына көнгөнүңөр дурус.

– Мен бая эле айтпадым беле, – Жумагул чыкты аңгыча, иштин көзүн таппайсыңар да, кызыталактар деген кыязда комдонуп– комдонуп чаңкылдады. – Айгашка жаш мал, этти жакшы алат. Азыртан байлап, дал кыш чилдесинде сойсоңор бар эмеспи, тамдын ырыс– кутунун жарымын ойноп эле төлөп берет. Мен ушул акылды жана кечинде эле айтпадым беле, туурабы ыя, Туке?..

Жумагулдун ушул сөзү кичине тымып калган сууну от ичкериштирип кайра кайнаткандай кылды. Бирок Кылычбек өзүнчө заардуу күлүмсүрөп, карманды.

Атасы жоошуп отурганынан улам жумшара баштаган экен деп Сарыбек түз сөзгө өттү:

– Эмесе, ушул акылга токтололу, ата, эртеңден баштап Айгашканын мээнетин мен алайын. Ушундай болсунбу?.. – деп биротоло макулдугун күтүп, атасына бурулду.

Атам азыр эле макул боло коёт деп Сарыбек деле ойлогон жок, жумшарган күндө да кыйышып– кысталарын билип отурду. Бирок жумшарганы чын болсо, эртең кайра айнып кетпес үчүн азыр аксакалдардын көзүнчө бир сөзүн алып калууга ашыкты.

Кылычбек аларды айландыра жай карап алып, заары үнүнөн билине кыжырлуу унчукту:

– Эмне мынчалык куйтуланасыңар, ыя? Айгашканын этин жегиче атаңардын этин жесеңерчи…

Турсуналынын бүткөн бою дүркүрөдү, чыдай албады:

– Кантесиң, ой, Кылычбек! Кой, бай болгур, суук сөзүңдү. Биз кептин жүйөсүн айттык, ага эмне кызаңдайсың, ой жолуң болгур десе… – деп жүзүн терс бурду.

Кылычбек да колун силкип, тескери карады. Жумагул чыдай албай обдула калып:

– Ой, сен кандай немесиң?!. – деп жаңы эле чаңкылдай баштаганда Турсуналы аны чыканакка түрттү.

– Кой, эмне кыласың…

Жумагул титиреңдеп кайра отуруп калды. Сарыбек кыжыры келип, кармана албады:

– Же бала эмес, же чоң эмес, ушу да мүнөзбү. Айтпаса адамдын ачуусун келтиресиң. Алжыгандын да эби болот ко…

Кылычбек кармана албай кетти, алаканы менен тизесин бир чаап, жутуп жиберчүдөй акшыңдады:

– Эй, атаңдын этин жегир, алжып мен сага эмне кылдым?!

Сарыбектин да кабагы түйүлдү.

– Андай болсо, жандыктардын чөбүнө тийбе. Кайда баксаң, анда бак. Айгашкаңды мен биерден көрбөйүн. Болбосо…

Каны ичине тартылып, кумсарган Кылычбек шарт бурулуп, Сарыбекке тике маңдай боло калды. Ыйлап жиберчүдөй бети-башы тыржыңдап, үнү туттугуп чыкты:

– Сен… Сен акмак, Айгашка экөөбүзгө жабышкан бир балээ болдуң го? Мынча эмне адамдын жанын кашайтасың, ыя?! Айгашканын эти эле зарылбы сага! Атаңдын этин жегир, Айгашкага кошуп, мени да сойбойсуңбу! Мынча эмне сен!.. Ушул жалгыз ат сага көп көрүнүп калдыбы? Ыя! Ыя!.. Жүрчү, мен өз колум менен мууздап берейин!.. – Курундагы кынын таппай кайсалап, ордунан атып турду.– Жүр! Кыштык куурдагыңды камдап берейин сага… – Калчылдаган бойдон кепичин бутуна салбай маасычан эшикке жөнөдү. Босогого токтой калып, кындан бычагын сууруй бир кылчайды. – Эмне жалдырайсың, жүр! О, атаңдын көрүн!.. – деп сөгүнө чыгып кетти. Отургандар козголуп калышты.

— Барчы, Сарыбек, кудай урган неме дагы бирдеме кылып жүрбөсүн, – деди Турсуналы.

— Эчтеме кыла албайт,– деди ачуусунун деми менен Сарыбек да камаарабагансып, бирок ичинен сестенип калды.

Баятан берки жаңжалга «булардын бүтпөгөн чатагы да» деп жүн тытып тынч отурган апасы да эми чындап чочулады.

– Тур, барчы… Ушу алжыган атаңа теңелип сен да…

Сарыбек чыгып барып, сырткы эшиктин босогосуна токтой калды да, тыштагы муңканган үнгө кулак төшөдү.
Ээси жанына барганда акырдагы бедени күртүлдөтө чайнап турган Айгашка окуранып тумшугун созду. Атынын анткени «сойбосоң?» деп жалбаргандай аянычтуу туюлуп, Кылычбек чындап сойгону келгенсиген өз түрүнөн чочуп кетти. Бычагын дароо кынына жашырды.

Жаныбарым… Жаныбарым, кулагың чуулдабасын…– Аттын омуроосун сылай күңгүрөндү. Аты анын көкүрөгүн жалмалаганда ыйык жалына чекесин сүйөп, буруксуган тердин жытына ачуусу жазыла ырахаттанып турду.
Ушул түнү Кылычбектин уйкусу тынч болбоду. Улам чочуп ойгонот. Баарынан да таңга маалкы түшү катуу чочутту.

Күн кайсы маал экени белгисиз, сырттан аттын ачуу кишинегени, жандалбастаган катуу дүбүртү угулду. Бир шумдук болорун баятан бери күтүп отурган Кылычбек ордунан ыргып тура эшикке атып чыкты. Караса, Айгашка башын асманга чулгуп, оюн сала төмөндө качып баратат. Артынан Сарыбек кууп жүрөт, бир колунда бычак, бир колунда укурук. Кылычбек кыйкырып калды, бирок үнү өзүнө угулбады. Анткен менен Айгашка укту окшойт, кылчайып тура калды да, кулагын жапыра жебедей сызып түз эле ээсин карай салды. Сарыбек туурадан чыкты. Айгашка арыктан аттай берерде укурук мойнуна илинди. Ат чарк айланып, тыбырчылап жиберди, аба чапчып так секире эки-үч кишенеп алды да, чалкасынан түштү. Төрт буту асманды карап тыбырап, турбай калды. Сарыбек бычагын жалаңдата жутунду. Кылычбек колун булгалап, кыйкырып жатты. Тамагына томук кептелип калгансып үнү буулуп чыкпайт. Анан томук ыргып кеткенсип, кыйкырыгы катуу чыкты эле, өз үнүнөн өзү чочуп ойгонду… Көзүн ачса, төшөгүндө жатат. Жүрөгү көөдөнүнө батпай лакылдап, чекеси нымшып, муздак. Уктап жатып бакырганынан кемпири да ойгонуп кеткен экен, анын чочулаган суроосуна Кылычбек чындыгын айтып жооп бере албай төшөктөн турду да, чепкенин желбегей жамынып, карбаластап кепичин таап, бутуна коңултак салып, сыртка чыкты.

Айгашка сопсоо ордунда. Таң куланөөк салып калган экен. Тоого кар жааган көрүнөт, муздак жел аркырап, ат кичине чыйрыккансып турат. Ал тумшугу менен ээсинин көкүрөгүн түрткүлөп, жумшак эриндери менен колун жалмалап, окуранып койду. Анысы Кылычбекке: менден кам санаба, эмне мынча тынчың кетти дегендей туюлуп, Кылычбектин ичи элжиреп кетти…

Эртең менен кемпирине:

– Жети чабаты кудайы жасачы,– деди.

* * *

«Бу жоболоңдуу кабарды эптеп Айгашканы жоготуш үчүн Сарыбек өзү чыгарганыбы же чынбы?.. Башка колхоздордо эмне сөз бар болду экен?» Кылычбектин көңүлү тынчыбады. Чыдап үйдө отура албай, күндүн мурду көрүнгөндө төмөнкү кызынын айылына жөнөдү.

Кылычбектин арманы көп. Бирок ичтеги бугун чыгарар сырдашы жок. Ошол үчүн ал кээде ызага аябай бук болгондо кичине пейилин салган киши жолукса да тагдырына наалып, арыз-муңун бут төгүп берет. Угуп жаткан киши анын сөзүнө анчалык кулак салбаса же кунт коюп укканы менен, оюна кошулбаса, анда Кылычбек ого бетер ызаланат, бу дүйнөдө Айгашка экөөбүздүн кадырыбызга жетер адам калбай калган турбайбы деп кайгырат. А кокус, бирөө жарым анын көңүлүн улап, сиздики туура деп калса, мына ат баркын, адам кадырын сактоочу киши деп, ал адамдын көзүнчө да, көзү жок жерде да жерге-сууга тийгизбей мактайт.
Кылычбек арманын көбүнчө чоочун кишилерге айтат, анткени Сарыбек экөөнүн чатагын жана Айгашкасы байгеден чыкпай жүргөнүн билген тааныш адамдарга айтууга оозу барбайт: эмнегедир арыз-муңунун тууралыгына таяныч жоктой сезилет, «койсоңчу, чекилик сенде» деген жооп аламбы деп сактанат.
Бирок бул жолу Кылычбек кармана албады, – түндөтөн берки көргөн ызасы ошончолук эле, – жетер замат кызына арыздана баштады. «Карыган байкуш атабызды өз оюнча койбойбу, асан кайгы болуп алыптыр. Сарыбек да аман…» – деп ичинде кейиген кызы үстүнө үйрүлгөндө таламын талашчу киши тапкандай Кылычбектин капасы таркап, жарпы жазылып калды…

Күйөө баласы менен кызынын маңдайында чай ичип отурганда сырттан Осмон кирди. Ал да ушул айылдан эле.

– Ассалоому алейкум! Дасторконго береке! – деди ал заңкылдап.

Кумарлаш кишиси келгенге Кылычбек сүйүнүп кетти.

– Ва алейкума ассалам! – деп жадырай күлүп, тура калып учурашты.

– Кел, Осеке, кел. Кандай мал-жан аманбы?..

– Кудая шүгүр. Өзүңөр эсенсиңер?..

– Шүгүрчүлүк. Жогору өтүп отур, төргө. Ниетиңдин актыгын карачы, дасторкондун үстүнөн чыктың.

– Насип да… Көчөдөн өтүп баратсам бу эшик алдында сенин атың турат. Кылычбектин Айгашкасы кайдан келип калган деп кайрылдым.

– Кайрылганың жакшы, – деди атын мактаганга маашырлана түшкөн Кылычбек.

Анан аркы-берки сөздөрдөн кийин Осмон айтып калды:

– Өктөбүр майрамына аралаш жогору Кара-Буурада чоң той болорун билесиңби?

— Уккам.

— Уксаң, ошондо чоң байге чабылат. Таластын баш-аягынан бүт тандалган күлүктөр келет. Сен Айгашкаңды чабасыңбы?

— Кудаа кааласа, чабабыз.

— Он бир байге сайылат дешет…

Кылычбек көздөрү кыбыңдап, тамшанып калды!

— Анда, чиркин, нечен күлүктөр келет экен го.

— Куруганда кырк-элүү күлүк айдалат. Байгеси чоң, нары көп. Аттар да алыстан кайтат ко, бери болгондо отуз-кырк чакырым жерден… Жүрөксүнбө.

— Жо– о, эмнеге жүрөксүнөйүн… Өзүңчү, кошосуңбу атыңды?

– Мен ошого иңкеним куруп отурбаймбы…

— Ии?..

– Э, жанагы акмак уул мас болуп келип, улакка чабам деп, мен жок элем, суутта турган атты аксатып таштаптыр. Бутуна суу түшкөн окшойт…

Кылычбек эриксизден ичинен табалап алды.

– Кайран атты кызыгын көрөр кезинде бекер өксүтүп алган турбайсыңбы.

Ошентип алып, эми айлам куруп отурам,– деп Осмон чын кейип сүйлөдү. Анан сыр айта тургансып жүткүнө берди. – Сенин Айгашкаң мыкты ат, ылдам, кубаттуу. Табын келиштире албай аны өзүң эле өксүтүп жүрөсүң. Эгер макул десең, ушул байгеге, кудай деп Айгашканы мен таптайын… Кандай дейсиң?..
Кылычбек ойлонуп калды, кичине каадаланып унчукпады. Анын көңүлү ийиккени турганын сезе коюп, Осмондун көздөрү жалжылдап кетти, жакын жылып отуруп, жанталаша бат-бат сүйлөдү:

– Намыс үчүн, эй!.. Айгашка ага жарайт, атты бекер кор кылба?

Кылычбек те өз үйүндө кече күнү эки чал менен Сарыбектин Айгашканы кемсинткенин эстеди, минтип чоң саяпкер Осмондун жалынып отурганын ошолор көрсөчү деп ойлоду. Анан Осмонго макулдугун берүүдөн мурун:

– Анан сен…– деп оюн толук айтпай мукактанып калды. Осмон кубанганынан шашып кетти:

– Андан камсанаба… камсанаба, кудай абийир берип, ишибиз оңунан чыкса, олжого тең ортокпуз.

– Жок, аны айтпайм…– деп Кылычбек оңтойсузданып, шашып калды. – Мага Айгашкам намыс алып бергени эсеп. Олжосун өзүң эле…(«ал» деп айтып жибере жаздады) бил, бай болгур… Сен ишенимдүү адамсың го, ошондо да…

– Ой, мага ишенбей жатасыңбы? – Осмон эки колдоп чокчо сакалын уучтады. – Кудай урган турбайбы, буурул сакал болгондо…Айтылбай калган осол оюн тигил биле койгондо Кылычбек уялып калды.

– Сага ишенем го, ошондо да дейм да… Болуптур. Иши кылып, кудай абийир берсе болгону.

Дасторкон жыйналгандан кийин экөө эшикке чыгып, Айгашканы айландыра карап сынашып, дагы көпкө сүйлөштү: Осмон Айгашканы асмандата мактап жатты, Кылычбек көтөрүлүп, жыргап угуп турду. Анан колхоз аттарды алар-албасы жөнүндөгү каңшаарды Осмондон түкшүмөлдөп сурады. Ал андай кабар укпаптыр. Ошондон кийин Кылычбектин көңүлү биротоло тынчыды. Осмонго Айгашкасын таштап, эки-үч күндө келип кетем деди да, күйөө баласынын кунанын минип, айылына жүрүп кетти.

* * *

Байге чабылчу күн качан келет дегенде убакыт жылбай, ушул бир жума Кылычбек үчүн бир жылга созулгансыды. Бирок тагдыр эми буйручудай кубанып жана «кандай болор экен?..» деп толкунданып жүрүп, ушул бир жума кандай өткөнү билинбей да калды.

Ал кайда барарын эч кимге айтпастан аттанып жүрүп кеткенде, адатынча нары-бери бастырып жүрүп кайра келер деп, үйдөгүлөрдүн эч кимиси көңүл бурган эмес. Кылычбек үйгө шоп этип кирип келди, Айгашкасы жок келди. Үй-бүлөсү мына ушуга таң калды, мурунку кечте болгон чатакты эстеп, жаны күйгөн неме атын бир жакка жоготуп келдиби деп чочулашты. Кемпиринин: «Кайда жүрдүң?» – деген суроосуна, ал: – «Ишиң эмне!» – деп мулжуңдап койду. Сарыбектин: «Айгашка кайда калды?» – деген суроосуна: – «Согумга сатып жибердим!» – деп табалагандай мыйыгынан күлүмсүрөп койду. Анын бул айтканына эч кимиси ишенген жок, жөндүү жооп бербесин билип, такып да сурашпады.

Эшиктен жездесинин кунанын көрүп, атасынын барып келген жагын Сарыбек айкын билди. Бирок күн тынымынан, түн уйкусунан безип, бапестеп бакчу Айгашкасын аерге тим эле таштап жүрө беришине көзү жетпей, ою ардемеге бөлүндү. «Терс кыял неме мага өчөшүп, сатса сатып жибериши мүмкүн» – деп ойлоп, эртеси жездесинин айылына барып, иштин дайынын билип келмекчи болду.

Эртеси эртең менен Сарыбек колхоздун сарайынан атын алып, өзү жумуштан суранып келгенде атасы аттанып жаткан эле.

– Кайда жөнөдүң дагы?

Кылычбек:

– Барып, Айгашканын пулун апкелип бербейинби сага! – деп кер сүйлөп шарт камчыланып жүрүп кетти.
«А, болсо-болбосо кече мени кантер экен деп таштап келген экен го, эми чыдай албай кайра өзү кетти» деген ойдо Сарыбек жездесиникине барбай калды.

Эки-үч күндөн кийин келем деген Кылычбек, ошентип, көңүлү түтпөй Осмонго эртеси эле барып, Айгашкасын көрүп кайтты. Атын минип келеби десе, кечеги эле кунанчан келген атасына эми Сарыбек да кер какшык менен кайрылды:

– Кана, Айгашканын пулу?

Кылычбек ошо бойдон Айгашкасын кайда бекитип келгенин үй-бүлөсүнүн бирине айтпастан тымпыйып жүрө берди.

III

Күн улуу шашке болуп калган. Too этеги одур-бодур чыбырдын мейкин талаага келип сиңген жерине калың эл кара таандай жабалактап, эң көп. Кары-жаш дебей баары атчан, тигинден-мындан гана кээде эшекке учкашкан балдар көзгө чалдыгат.

Эл топ-топ болуп өз ара дуу-дуу. Үртүктөлгөн топ күлүк калың элден өйдөрөөк өздөрүнчө, эчтемеге көңүл бөлбөгөндөй үргүлөйт. Жөн чактагыдай чакчырылбай баштарын салаңдатып турганга кадимкидей сулуу сымбат көрүнбөй, моюндары узарган. Үстүндөгү балдар сыр алдырып койчудан бетер бири-бирине жуук жолобой бириндешет. Ар кимиси «меники күлүк» дегенсип, башка күлүктөрдү этибар албагандай мурчуйган болот. Бирок чыдай алышпайт, биринин мингенин бири алдыртан кызыга тиктешет, «бул канчалык жүгүрөр болду экен» деп, өздөрү башта көрбөгөн күлүктөрдүн купуя сырын тарткылары келет.

Кылычбек бул чоң тойду өзү берип жаткандай карбаластап алган. Кызылдуу жүзү ого бетер тамылжып, бирде Айгашкасын, бирде элди жалжылдай караган көздөрүнөн көңүлүн уйгу-туйгу кылган кубаныч да, калтааруу да көрүнөт. Ал азыр атын тиги күлүктөрдүн арасына койбой элден көз далдоо жылгада кармап, бирок күлүктөр кокус жүрүп кетпесин деп, өзү көрүнөө дөбөгө бир чыга калат, кайра түшөт.

Атын чаба турган болгонун Сарыбек билбесин деп, Айгашканы дайым чаап жүргөн сырдана өз кенжесин Кылычбек бул жолу ала чыккан эмес. Кызынын он төрттөгү уулун Айгашкага мингизип жүрө берген. Айгашканын мүнөзүн билбейт эмеспи деп, ал ээр үстүндө үрпөйүп, бетинен түгү чыккан балага күлүктү кандай чабуунун жол-жобосун айтып жатат, байкатпай тыңшаган киши-кара жокпу дегендей элеңдеп эки жагын улам-улам каранат. Бир айтканын кайра-кайра кайталап, шашкалактайт.

Дүңгүрөп калың дүбүрт угулганда Кылычбек жылгадан атып чыкты. Эл толкуп, жапырт бастырып келип, ортодогу дөбөнүн тегерегине топтолду. Чолок куйрук, көк чаар ат минген кара мурут, кызыл чийкил алыбеттүү адам дөбөнүн чокусуна туруп алып, жоон үнүн корулдата кыйкырып, байгенин шартын айта баштады. Кылычбек да жетип келип, тиги кишинин жарыя сөзүнө кулак төшөдү. Байгенин шарты так эле Осмон болжогондой болуп чыкты: күлүктөр кырк чакырымдай төмөнкү Туюк-Жардан кайтат, алдыга чыгып келген он бир ат байгеге илинет: баш байге толук абзели менен бир ат, бир килем болуп, андан нары кунан, тай, кымбат баалуу түрлүү буюмдар, буларга кошумча акчалай сыйлыктары да бар экен.

Жарыя бүткөңдө эл ичи дүңгүрөп кетти, баары айыл-айылга бөлүнүшүп, дөбөдөн тарап туш-тушка топ-топ чогулушту. Баш байгени укканда жаңы ээр-токумдуу аттын чылбыры колуна оролгонсуп, жүрөгү элжирей түшкөн Кылычбек турган ордунда бир азга делдее катты да, анан шарт камчылана Айгашкасы турган жылгага чаап кетти.

Алиги той башчы көк чаарын текирең-таскак салдыра улам бир топко жетип барып, кыйкыра сүйлөп, күлүктөрдүн эсебин алып жүрөт. Осмон Айгашканы каттатты да, үзөңгүгө тик тура калып, тегеректен Кылычбектин караанын издеди.

Жана жай толкуп коюп турган калың элдин ичи кымгуут түштү. Саяпкерлер күлүктөрүн четке алып чыгып, жабууларын сыйрып жылаңачтап, токулганы жалаңкаттап, коштоп басмайыл тартып, куйруктарын чарт түйүп жатты. Осмон нары-бери желдирип, Кылычбекти издеп шашып калганда анын чаңкылдаган үнү арттан угулду. Бурулса, ал кагазына бирдеме жазып, башка бирөө менен сүйлөшүп жаткан той башчысын жеңден тарткылап, шашкалактап бирдеме айтып турган экен. Осмон жанына жетип барды.

— Ой, Кылычбек, кайда жүрөсүң жоголуп?

— Ыя, сенсиңби? – Ой, аксакал, менин атымды да!..

— Мен жаздырып койдум! Жүр, ат каякта? Бол, ой!.. — Кылычбек алактап, бир аны, бир тигини карайт.

— Ыя, жаздырдыңбы?.. Дагы текшертип коёлу, тактап…

– Ой, жоо алгыр оой!..

– Ыя, мейли анда… Бол эмесе, элдики даяр болуп калды,– деп темине берип, кайра тизгинди тартты. – Эмне деп каттаттың? Кимдин атына? Осмон өз атына каттаткан эле, бирок тигинин суроосуна түшүнө койду.

– Сенин атыңа, сеники… Бай болгур, жүр эми тез!

* * *

Кырк үч күлүк марадан чубап өттү. Ичтери кыдыйып, эликтей элтең эте, буттарын тайгандай жеңил шилтеп, мышыктай секин таштайт, кээ бирлери кулактарын тикчийте калып, кайра жапырып, кең таноолорун дердеңдете кошкуруп коюшат. Айгашка башын өйдө чалып, секин ооздук кемирет. Бүлкүлдөгөн соорусунда чыйрыккандай майда калтыроо бар. Чоң сыноону туюк сезип, куйругун чычайта улам-улам тезек таштайт.
Калың ортодо бараткан Айгашкасынын соорусунан көзүн албай турган Кылычбек күлүктөр узап кеткенде да бир топко кыймыл какпай карап туруп, анан ачышып кеткен көзүн ирмеп-ирмеп алды да, жанындагы Осмонго акырын айтты:

— Канчанчы кылып каттаттың, Осеке?

— Он жетинчи.

— Аттиң, эртерээк камынбай… Алдыраагында болсо да… – деп кыңырылып калды.

Осмон кейип жиберди:

– Кантесиң, ак жолго чыккан аттын артынан күңкүлдөп! Антчү эмес…

Эл жапырт төмөн жайыкка бастырды.

«Мунуку да туура…» – деп азыркы айтканына кайра өзү өкүнүп, ичинен жараткандан кечирим сурап, Кылычбек да эл артынан теминди.

* * *

Жана ала булуттанып турган асманды эми булут чылк каптап, бирок жаабай, дымыктырбай, сыдырым жел туруп, аба ыраса салкын болуп берди. Күлүктөр келгиче деп, эл төмөнкү жайыкка түшүп «кырк жигит» тартмайга кирди. «Кырк жигитке» да тогуз байге бар экен, эл Таластын башы-аягы болуп, эки жаатка бөлүндү. Белдүү аттар тандалып эңишке ыктуу; такымы бек, билеги каруулуу жигиттер чыгып, ызы-чуу, кыйкырык-сүрөөн менен кызуу тамаша башталды.

Улам бир жакка дыр коюшкан жигиттерди карап, өзү эл арасында турганы менен, Кылычбек обол «кырк жигитке» анчалык кызыгып көңүл бурбады, эс-дарты бүт Айгашкасында. Көзүнө тиги улакты биринен бири жула качып, тыяктан-быякка удургуган жигиттер эмес, байгеден чыгып келген Айгашкасын суктана караган элдин маңдайында кыр менен жетелеп, сыймыктуу жүргөн өзү көрүнөт.

Боз купайкечен жапалдаш сары улан эңишке ыкчыл экен, бирок аты чабалдык кылып, улакты жерден канча алса да, же жаатынын бирине кармата берүүгө аргасыз болот, же каршы жааттагылардын бири жулуп кетет. Тигине, ал азыр да улакты жерден эңип ала койду, бирок такымга баскыча узатпай эки жагынан экөө жетип барып, тартышып калды. Экөө тең каршы жааттагылар окшойт, улакты сары уландан тартып кетишмей болду. Аңгыча көөдөнү кең зор атчан жылаң баш, кара мурут бир жигит сары улан менен анын оң жагынан ээрден ооп түшө жанын таштап кармашкан кара чаар кишинин ортосун күч менен жара кирип барды да, улактын бир шыйрагын колуна тиер замат жулуп алып, такымга басты.

Жаатташ сары улан экөө жанаша чаап, макке бет алышты. Бирок жолдон тогоочулар ал экөөнүн аттарын мактен башка багытка буруп, жандай чабышты, такымдагы улакка кол сунушту. Аңгыча арттагылар жете келип, додолонуп калышты. Алиги жылаңбаш жигиттин такымы ушунчалык бекем белем, туш-туштан тарткылагандардын бирине да моюн сунбай, алдын тоскондорду өмгөктөтө мулуңдап, кайкы бел зор атын теминет. Аты белдүү болгону менен чабышы чабал окшойт, дододон улам суурулуп чыкса деле болбой беркилер кайра жетип баса калышат.

Ортону кең коюп, бетме-бет кыркалаша ат үстүнөн жарданып карай турган калың эл дуулдап, тиги жылан баш жигит дододон улам суурулуп чыга калганда өздөрү кирип барышка бүйүрү кызый кыйкырык сүрөөн салышат. Улакчылар кайра додолоно калса, шамалдуу түндө бирде басаңдап, бирде шоокумдана күчөп угулган чоң суунун шары сымал элдин дуусу да басыла калып, кайра көтөрүлөт. Өз ара жаң-жуң сүйлөшкөндөрү угулат.

— Ой, тиги жылаңбаштанган биздин Керимкул эмеспи!..

— О, ал өлүп баратса бербейт.

— Ох, байкуш, тигил ат очорулуп калды…

— Балбанда Керимкул күрөшкө түшүп жүрбөйбү.

— Ики, байкуш, тиги кодону карасаң, додого кире албай чыйпылып жүргөнүн.

— Кыйын экен а да…

— Карачы, Какең дале бербей жүрү.

— Аты күчтүүлүгүнө жараша ылдам болсочу…

— Жо…

— Ана кетти!..

— О– уу, чу де!..

— Чу де! Чу де!..

— Эми таштады го…

Бирок суурулуп качкан Керимкулду бу жолу да узатпай тегеректеп алышты. Додо үстүнөн кара буу көтөрүлөт. Күйүккөн немелер күшүлдөп-бышылдап, бирлери камчыларын алакандан тиштеп, эки колдоп улакка жүткүнөт, башкалары аттарынын жумуру сооруларына камчыларын чыпылдатып, додонун ортосуна кирүүгө өчөңдөшөт, кышылдашат.

Жанагы кара чаар киши кара көк болуп түтөп алыптыр, үзөңгүлүү буту менен Керимкулдун атын капталынан тээп, улактын шыйрагын чирене тартат. Кабыргасына үзөңгүнүн эмчектери баткан ат өпкөсүн кагып, туш-тушунан кысылганга деми кыстыгып, дододон суурулуп кетер алы калбай кайышат… Туш келди шилтенген камчынын түшкүнү тийип же аттын башы кагып айрылган кээ бирөөлөрдүн беттеринен тер аралаш кара кочкул кан сызылат. Көкүрөк ачышат, өпкө кысылат. Бирок аны сезген эч ким жок, ар ким атын күчтөп теминет, ортого жүткүнөт. Туш-туштан каршы-терши тартышып, Керимкулдун такымындагы улакты эч кимиси тартып ала алышпады. Аны акыры Керимкул өзү эки-үч жаатташынын коштоосу менен барып, макке таштап кетти. Ээн мейкин, эркинге чыкканга аты таноолорун дердеңдете ээлигип, кайкып учкан куш сыңары имериле чуркады да, жарданып турган элдин маңдайына келип, тыбырчылап токтоду. Элдин мактоо кыйкырыгына жер дүңгүрөп, кулак тунуп кетти. Өзүн тиктеген жүздөгөн көздөрдүн алдында сыймыктуу Керимкул кашкая жылмайды, эңкее берип, туйлап турган атынын омуроосун таптады.

Улам элестүү кыялына берилип кетип турган Кылычбек элдин кыйкырыгы менен дагы ойгонду…

* * *

Күлүктөр шартылдай жүрүп баратты. Айдаган адам артта, баятан бери ар бирин көзү менен купуя сынап бүтүп, эми үн чыгарбай тынч. Балдар да биринин мингенин бири көз кыйгыгын сала сынамыш этип келип, эми андан да жадаганда, кай бирлери баштарын шылкыйтып ат жалын тиктесе, башкалары кайра келатканда басып өтөр жолдун ыгын көзөмөлдөп, өйдө-ылдый, арык чуңкурун белгилеп, көңүлүнө түйүп баратат. Сыртынан баары бейкапар көрүнгөнү менен, кайрылтар үн каерден чыгар экен деп кокустукка камынгандай аттар да, балдар да кулак түрүп сак.

Айгашканын үстүндөгү бала башта бир гана жолу ат чаап көргөн, анда да он чакырымдай жакын жерге. Көп күлүк менен ат салышып, мурдагыдан узак аралыкка чыкканга ал азыр чоң эрдик көрсөтүүгө бараткандай өпкөсү көөп алган. Кечээтен бери нечен кайталап айткан Кылычбек таятасынын сөзүн ал унутпады – жолду чалып, алды-артын жакшы эле каранууда. Бирок жүрөгү дүкүлдөп да жана кополдугун ачык айтпай күрөшкө чыгарын чыгып алып, сүрдүү балбанга теке маңдай келгенде чыкканына өкүнгөн, кайра баш тартууга кеч болуп, эмне болор экем деп муун-жүүнү бошогон кишиче калтаарып да баратат. Же коркконунан экенин же сууктан экенин билбейт, көк-муштум болуп үшүп алган. Канчалык кысса да болбой эки тизеси майда титирейт. Титирөө бүт денесин силкинтип жиберет да, анан аттын денесине, андан ары жерге өтүп кеткендей бир азга жок боло калат. Бул абалын башкаларга билдирбес үчүн анда-санда беймарал кыяз менен ээгин өйдө көтөрө эки жагын, алды-артын жайбаракат караган болот.

Үзөңгү туш эки колтугу кысылбаганга Айгашка үстүндөгү баланы жеңил сезет. Балага ишенбей өз камымды өзүм жейин дегендей бирде кулактарын тикчийтип, жолдогу чүкөдөй таштарга чейин тиктейт, бирде кулактарын жапырып, белгилүү үн каерден чыгарын тыңшайт, кокус бирөө жөтөлүп же күрсүнүп койсо, бүткөн бою дирт этип, артына шарт бурула атып жөнөчүдөй болот да, чыккан үн жалган экенин сезип, башка аттар беймарал эле баратканын көрүп, кайра жөн басыгына салат.

Күлүктөр жапырт баары терең сайга түшө бергенде артта бараткан адам тизгин тартып, саал токтоло калды да:

– Оомийин, алло акбар! – деп заңк этти.

ҮН чыкты-чыкпады, жанаша бараткан аттар бирине бири кагылыша шарт-шарт артка бурулуп, жер жаңырган дүбүрт менен чаң уюлгутуп, келген багытка кайра атырылып жөнөштү. Ортодо бараткан Айгашка да чукул бурулуп, түйүлө калып, өргө карай атып кеткенде үстүндө байкоосуз бараткан бала ээрден шыпырылып, кырына отуруп калды. Аттын соорусуна түшүп, андан нары жыгылып калат беле, чалкалаган бойдон тизгинди тырыштыра тартып, ат түзгө чыкканда гана тизгиндин күчү менен кайра ээрге оңдонуп минди.

Аттар эки-үч чакырымдай жерге тобун жазбай барышты, анан бара-бара бириндеп, акырында тизилип учкан каркырадай чубалды. Айгашка бир күрөң ат менен жанаша үчүнчү орунда. Жана сайдан чыкканча өксүп калганын жакшылап эселей албай, бир чабым эле камчынын деми жетишпегенсип, мүчүп баратат. Үстүндөгү көчүгү бош өпөңдөгөн баланын анда-санда шилтеген камчысы дем кошуп санга тийбей, чандырын ачыштырат. Ага Айгашка суналып арыш таштай албай жыйрыла түшөт.

Жанаша чуркаган күрөң ат озуп кетпесе да өкүм келатат. Обол кулак түптөрү, омуроолору нымшып, бара-бара ден ысып, экөө тең кызый жүгүрдү. Күрөң аттын үстүндөгү бала алдыга шукшурулуп, көчүгүн ээрге жабыштырып салгандай отурушу бекем. Үстөккө-босток теминип, каргылдана ураан чакырып коёт. Тизгинди бош тартып, анда-санда кара санга камчысын чып-чып чабат. Камчы тийгенде күрөң ат сунала түшүп, ансайын өкүмдөнөт, Айгашкадан моюн улаш алдыга чыга берет. Айгашканын үстүндөгү бала болсо, жолдо туш келген арыктардан ат секирген сайын көчүгү ээрден кошо секирип, кайра отурганда же ээрдин кашын өбөктөп, жалды таянат, же ээрдин аркы кырына минип, тизгинди тартып калат. Ал анткен сайын Айгашканын чымырканган кубаты жанып кеткендей боло түшөт. Бирок ал күрөң атка бастырбады, терин төгө улам кызый жүгүрүп, тең баратты. Алдыда жүз метрче жерде же тору экени, же жээрде экени билинбей кара тер баскан бир айгыр баратат.

Айгашка менен күрөң бирине бири бастырбай арыш сайын ага жакындай беришти. Чаткаяктуу ал айгыр чарчагандай эмес, доңкулдап жүгүрүшү өкүм. Эки ат айгырга эшик тердей жакындап калганда анын арткы бутунан учкан томуктай даңкан Айгашканын үстүндөгү баланын как маңдайына келип тийди. Башы тең жарылып кеткенсип көзүнөн от чагылышып, бала онтоп жиберди да, боюн кармана албай чалкалап, байкоосуздан тизгинди дагы тартып калды. Эркин бараткан Айгашка күүсүнөн жаңылып, күрөң ат андан моюн улаш суурулуп чыкты. Айгашка кайра оңолуп, күүсүнө киргиче күрөң ат басмайыл тушуна чейин суурулуп алды. Айгашка жакшы эле чымыркана түйүлүп атырылды, бирок күрөңгө жанагысындай теңеле албады, мүчүгөндөн мүчүдү. Анткен менен алдыдагы айгырды күрөңгө куйрук улаш басып өттү.

Бир жагы аттын катуу күүсүнөн, каршы алдыдан урган шамалдын эпкининен, бир жагы алиги даңкан тийип, башын зыңылдаткандан баланын көңүлү караңгылап, кабыргасы кайышып, жаны кейиди, канчалык тиштенсе да болбой көзүнөн жаш буурчактап баратты. Анткен соң өзү да карманбады, биротоло өңгүрөдү. Астындагы атынын жай жүрүшүн каалады, бирок токтото албасына көзү жетип, тизгинди бош таштады да, эки колдоп ээрдин кашын мыкчыды. Анын ою эми эптеп чыдап, марага жетиш гана болуп калды.

Денесин чыңалтар камчы чабылбаса да, дем берер кыйкырык-сүрөөн болбосо да, тизгин бошогонго эми Айгашка күүсүнөн тайбады, күрөңгө куйрук улаш жүгүрүп отурду. Ушул калыпта күрөң экөө дагы бир атты басып өтүштү. Ошентип күрөң биринчи, Айгашка экинчи болуп баратты.

Марага аз калды, ашып кетсе беш чакырым жол боюнан ар-ар жердей күлүгүн акмалап карап турушкан сүрөөчүлөр жолуга баштады. Аңгыча алдыдан чоң арык кез келди. Күрөң илинбестен каргып кетти. Артынан сүрө бараткан Айгашка анын далдасынан арыкты убагында байкабай шашып калды, ченемден жаңылып, алыстан секирип алды. Тайыз болсо да кең арыктын аркы кумдуу жээгине алдыңкы буту чала илинип, мүдүрүлүп кетти. Үстүндөгү бала ээрден учуп түштү. Айгашка кайра дароо оңдонуп, тигинде жумалактанып жаткан балага көз ирмемге кылчайып, окуранып жиберди. Бирок жүгүрүүнүн кызуусуна кирип калган сезим токтотподу, ал алдыга боюн таштады. Артынан баланын чыңырып ыйлаган үнү угулду. Айгашка токтоочудай кулагын жапырып койду да, күчөнүп арыш таштады.

Калың кара тер эми куюлду. Денеси жайылып, таноолорун дердеңдете канчалык дем алса, өпкө ошончолук кеңигенсип, чарчоо сезилбейт. Бир гана үстү жеңил…

Жана куйрук улаш алда бараткан күрөң, эми элүү метрче узап алган. Арттан тебелеп кетчүдөй катуу дүбүрт кулак түбүнөн угулат. Айгашка ансайын чымырканып, туяктарын жерге матырат, шукшурулта мойнун созуп, жер тырмалайт. Башта ушинткенде алга атырылып кетчү ат эми бирдеме жетишпегендей кубатынан кемчил. Жан ачытар камчы жок. Тизгин жыйрылып, желкеде салаңдайт. Эки үзөңгү эки капталын бош ургулайт…
Мара жакын калды, айдөштү каптаган калың элдин карааны көрүндү. Айгашка көзүнүн үстү менен ал тарапты бир карап алды да, акыркы күчүн үрөп, күрпөң-күрпөң жүгүрдү. Бирок арышы арбыбай күүдөн тая баштады. Арттан эки-үч адамдын жандалбастап кыйкырып сүрөгөн ачуу доошу, эки-үч аттын катуу дүбүртү жакын кирип келди. Айгашка чымырканды. Ач кыйкырык кулакты көзөп, аздан соң жанагы чаткаяктуу айгырдын быр-быр эткен тумшугу, анан жапырылган кулагы, сереңдеген камчынын учу көрүндү. Сүрөөчүлөр жетпей калды окшойт, кыйкырык артта басаңдай берди. Айгыр да көзүнөн бери биротоло жан терине жуунуп келаткан экен, бирок үстүндөгү бозала чаң баланын өжөрлүгү менен азыркы сүрөөдөн күчөп алыптыр. Айгашка жер тырмалап, айбандык туюк эрегишүү менен жанталашты. Бирок болбоду, айгыр таноолорунан буу бүркүп, акырындап суурулуп отуруп, аркан бою узап алды. Айгашканын күүсү тая түштү. Жол жээгиндеги шыбак, куурайлар кошо жарышкансып, жер көчүп, башы айланды. Каруу кетип алсырап, арышы арбыбай күрпөңдөп баратты.

Ал мара коюлган дөңдүн астына жеткенде элдин кыйкырык-чуусу угула баштады. Осмон ушул жерде турган. Чабандеси жок келаткан атты көргөндө ала-сала тааныбай делдейип туруп калды. Ат жанынан өтө бергенде тааный коюп, ач кыйкырык сала артынан кошо чапты. Тизелери калтырап, өргө текирең салып гана араң бараткан Айгашка каруусуна келе калды. Кырга тың атчан Осмондон куйрук улаш алдыга чыгып барды. Кылычбек кырда тосуп турган эле, төмөндөн атып чыккан Айгашкасы экенин, ал чабандеси жок келатканын көрүп, мууну бошоп кетти.

– Айланайын асылым!.. – деп буркурап ыйлап жиберди. Сакалына куюлган жашын жашырбай, Айгашкасын жандай чапты.

Үчүнчү болуп үстүндө баласы жок ат көрүнгөндө жарданып турган эл жер дүңгүрөтө чуу салып жиберди. Кулак тундурган кыйкырык-чууга оролгон Айгашканын бүткөн бою чымырап, алдан тайып келатканда сырттан жаңы күч киргендей денеси чыңалып, ооздугун качырата кемирип, Осмонго да, Кылычбекке да жеткирбей бетме-бет жар болуп турган элдин ортосунан күүлү өттү.

* * *

Баланын акыреги чыгыптыр, жолдо ыйлап отурган жеринен ат айдап барган адам учкаштырып келген экен. Бир топ убак кароосуз калганга мүрү менен колу күпчүктөй болуп шишип кетиптир. Ошол айылдагы жөндөмдүү бир карыяга баланы боздотуп жатып, чыккан акырегин араң салдырышты. Акыреги чыкканы аз келгенсип, атка урунуп, денеси аябай жанчылып калган неме апалап сыздап, таң аткыча уктабай чыкты.
Эртеси жолго чыгышты. Эгер бала соо болгондо Кылычбек аны жемелейт болчу, бирок абалын көрүп, кейиши ичинде калды. «Өзүнүн кополдугунан көрсүн» – деди оюнда. «Өз кенжеми эле алып келгенде Айгашка биринчи келмек экен, аттиң…» – деп катуу өкүнүп калды. Анткен менен өкүнүчүнөн кубанычы күчтүү. Башта чыкпай жүргөн Айгашкасы бул жолу байгеге илинип бергени үчүн ал биринчи кудайына, экинчи Айгашкасына ыраазы, анан тагдыры менен Осмонго ыраазы.

Азыр жолдо анын бир ою барып Сарыбекти табалашта, анын жайдан берки асылганы акмакчылык экенин өзүнө сездириште, аябай өкүндүрүштө болуп баратты. Ага мооку канбаса, ылайыгын келтирип, атасы алдында адепсиз шылдыңкор, ошол үчүн күнөкөр уулун жекирип, тилдеп алууну ойлоп баратты.

Кылычбектин көңүлүнүн тереңинде дагы бир кичинекей өкүнүч бар. Кече кечинде Айгашканын байгесине тийген бир радиоприемник менен бир тайды, элүү сом пулду бөлүшө албай Осмон экөө бир топ жаңжалдашкан. Ырас, элүү сомду алардын колуна тийгизбей соогат дешип, аракка суусаган жигиттер жулуп кетишкен. Чатак калган радиоприемник менен тайды бөлүшүүдө болду. Осмон айтат:

– Муногу радиону сен ал, балдарыңа эрмек болот, бул жылкы баласын мен мал кылып алайын. Макулбу, ошентели.

Ага Кылычбек көнбөйт, радиоприемникти өлүк буюм деп жактырбайт, тайды көзү кыйбай кыйылат. Анда Осмон:

– Ой, бул өзү кымбат буюм, сатсаң эки тайдын куну болот. Алсаңчы, аттын ээси деп берип жатам сага, – дейт.

Кымбат экенин Кылычбек деле билет, бирок аны сатат элем деп жүргүчө тиги тай көзү бар мал эмеспи, ошого кыйылат. Осмонду сөзүнөн кармап, кыжырлана сүйлөйт:

– Андайын билсең, өзүң не албайсын? Эбин табасың го, ал, сатып туруп бир эмес эки ат аласың.

Бирок Осмон да тайга көзү кызарат, сөздөн алдырганына жооп таба албай мукактанып, колун силкет:

– Ой, жоо алгыр оой, ыраса кежир неме белең. Деги сен алчы баарын, кечтим мен. Чыкпаган атын чыгарып берсе да, көрбөйсүңбү муну… Адамга жакшылык кылып бекер.

Кылычбектин сакалы титиреп кетти:

— Ой, Осмон, доомат кылба сен! Чыкпаган атты деп… Эмне милдеткор кыласың адамды!..

— Милдеткор кылбаганда сеники жакшыбы! – деп Осмон да акшыңдады. Жулунуп келип тайды ноктодон алды.

– Келе бери, ошончолук акым бар менин да…

Кылычбек чатакташууга батынбады.

– Бай болгур, жанжалыңды кой, алчы сен эле, – деп аргасыз жеңилип берген.

Эми жолдо Осмондун жетегинде келаткан тайга улам көз кыйыгын салып, ичи ачышат: Кап, минтип байгеге илинерин билгенде бирөөнү олжого тең орток кылбай, атымды өзүм эле таптабай…

IV

Элдеги менчик аттарды колхоз сатып алары кеч күздө биротоло аныкка чыкты. Кылычбектин айласы ошондо чындап кетти. «Эт планын толтура албай калышат да, элдин менчигине асылышат. Андан көрө өз малдарын жазгы жутка кырып таштабай жакшылап багышпайбы. Бу жорук ушердеги эле чоңдордун чыгарганы…» – деп туталанды. Төмөн казак туугандарына барып келди, аерде да менчик аттар ортого өтүп жатыптыр. «Ошоякта колхоз ат алып жатабы?» – деп Фрунзеде окуп жүргөн ортончу уулуна кат салдырып, аяктан да ошондой эле кабар алды.

«Мына, алда качан айтпадым беле. Чала болот!.. – деп бир жактан Сарыбек жанын күйгүзөт. – Ушу куру кежирликти таштабайсыңбы. Бер, азыр да кеч эмес, ат этинен түшө элек, союп таштайын».

Кылычбек нары ойлоду, бери ойлоду, акыры колдон кетер болгон соң,– деп бир эсептен Сарыбектикин да туура көрдү. Бирок Айгашкасынын кызылала болуп союлуп жатканын, учасын өзү мүлжүп отурганын элестеткенде бүткөн бою дүркүрөп, төбө чачы тик турду, аны көргүсү келбеди, андан көрө көрбөйүн да күйбөйүн, колхоз алсын деди…

Колхоз аттарды четинен алып кирди. Аны көргөндө Кылычбек торго түшкөн балыктай тыбырчылады. «Бул эмне кылганы, тоо эли атсыз кантип күн кечирет, жадегенде Айгашкадай күлүктөргө тийбесе боло!» – деп ызаланды, туталанды.

Бир күнү кечинде Кылычбек таш үстүндө отурган. Сарыбек атчан келди, катуу келди. Атын терекке байлады да, кырда турган Айгашканы акшыя бир карап алып, атасынын маңдайына токтоду. Кылычбек ага көңүл бурбагансып, жер тиктеген боюнча баш көтөргөн жок. Бууруккансып Сарыбек камчысы менен өтүгүнүн кончун чапкылап бир аз унчукпай турду да, анан:

– Бу Айгашкадан кутулабызбы же жокпу? – деп бак-бак этти.

Кылычбек ушул сөз чыгарын күткөндөй чочуган жок. Жай гана башын көтөрдү.

– И, эмне болуп кетти?

Сарыбек буркан-шаркан түштү:

— Эмне болуп кетти… Элге-журтка шылдың болуп өлмөй болдук! Атың экөөң, биерде дүйнөкапар. А мен уят болуп бүттүм! Ким калды? – Сарыбектин атасы калды, – күндө сөз тиет… Намыс артыкпы, ат артыкпы? Ойлосоң боло, быяктагы киши да!..

— Эй, аңыраңдабай сүйлө,– деди Кылычбек түзөлүп уулуна тик карап. Сарыбек тартына түштү.

— Жо, анан… күндө эле правлениеде айтышат. Элдин баары аттарын өткөрүп бүтүптүр, биз эле… Кежирликтин да чеги бар го. Эмне болсо да эл менен болгон жакшы эмеспи. Жоготчу ушул атты… деги ырыс агып турса да!
Кылычбек эмнегедир жоош тартып, үлүрөйдү.

– Макул,– деп күңк этти.

Сарыбек дагы бир топ сөз айтмакчы эле, айтпай калды.

Кирпик какпай тикирейип жаткан Кылычбек түн бир оокумда акырын суурулуп төшөктөн турду. Кемпири туйбады, тиши жок эриндерин «пуфф…» дедирип, уктап жатат. Кылычбек кепичин киймекчи болуп, тыбыш шекшитип коёт деп, кайра кийбеди. Жегде-дамбалчан, жылаңаяк мышыкча бүжүрөй басып барып, Сарыбектер жаткан бөлмөнүн каалгасына кулагын тосту. Алар эчак уктап калышкан окшойт, эч үн угулбайт. Кылычбек кайра кайрылып келди да, төшөк аягында жаткан кепичин коңултак кийип, чепкенин желбегей салынып, сыртка чыкты. Асман чайыттай ачык. Отуруп чыккан ай чоң шашке болуп, үркөр түштөн кыңкайып калган экен. «Убакыт болуп калыптыр», – деп өзүнчө күбүрөдү да, далистеги тегирменге деп тазалап койгон буудайдан жем баштыкка беш-алты кочуштап салып келип, Айгашкага илди. Анан өзү үйгө кирип, кийине баштады. Ушул учурда кемпири ойгонуп кетти.

— Акырын, унчукпа!.. Тур, – деди Кылычбек бутун маасыга сала албай шашкалактап жатып.

— Эмне болуп кетти?

— Эмнени эмне кыласың, тур, мага куржун даярда. Нан салсаң болду, башка оокатты эми кайдан…

Кемпири эчтемеге түшүнө албай аң-таң.

— Ой, дениң сообу? Жети түндө каякка?..

— Ишиң болбосун. Бол тез…

Кемпири туруп, кемселинин чөнтөгүнөн күкүрт шылдыратып калды эле, Кылычбек:

– Ой, арбак ургур, жарык кылба, – деп ачуулуу күбүрөдү.

Жүрөгү алып-учуп лакылдаган Кылычбек Айгашкага мингенде араң эсин жыйды. Жакасын кармап, «тоболоп» турган кемпирине:

– Кеттим, казакка… Бир айдан кийин өзүм кабар берем. Сурагандарга билбейм де. Кош, аман-эсен тургула, – деди да, тизгин какты.

Айылдан чыкканча уурудай акырын бастырып барып, четки үйдөн өткөн соң атайы элчиликке шайланып чыккандай шаңданып, төмөн ээн талааны көздөй шартылдата катуу жүрүп кетти.

Асманда жай каалгыган ай бул сырдуу жолоочуну таңыркай тиктейт. Сүткө жуунгандай магдыраган теребел бирдемеден шек туйгансып, кулак төшөп тунжурайт. Жогору тоодон кардын суук илеби уруп, аба чыйрыктырма салкын.

Артынан куугун келчүдөй болуп, Кылычбек далай жерге чейин өткөн жолун кылчак-кылчак каранып, өрөпкүгөн демин баса албай барды. Айылдан о алда канча узап кеткенде гана көңүлү кичине тынчып, кылган ишине, бараткан максатына акыл жүгүрттү.

«Казак туугандарга барып, бир айча жатып алайын, кантер экен калкосуң. Чаап алат дейсиңби… Жадаганда кайра өзүмө калтырышар…»

Алчактай баскан Айгашканын үстүндө чайпалып, эки жагын каранды. Ээн талаа тынч түндө дүпө-дүп дүбүрт салган жалгыз өзү экенин көрүп, жан жыргатар эркиндик сезди. Эрдемсине чалкалап, чепкенинин өңүрү менен тизесин кымтылады да, үзөңгүнү чирене тээп, үн чыгара күрсүнүп койду. Туура өткөн жолго жетип калган белем, аңгыча те төмөндө дүмпүйгөн дөбөчөнүн далдасынан балбылдап жанган эки көз жарк этип чыга келди. Кылычбектин денеси муздап, жүрөгү шуу этти. Куугунчу каршы алдынан чыккандай болду. «Кудай өзүң сактай көр» – деп алдыдан туш келген жылгачага кирип, аттан түшө калды. Машиненин дүрүлдөгөн үнү угулду. Эки көзү чачкан жарык түндү көзөп, качкын издеп жүргөндөй тыякка-быякка соймоңдойт.

– У, көзүңө балээ келгир!.. – деди Кылычбек күбүрөп.

Эки тизеси майда калтырап турду…

Машине өтүп кетти. Артында дагы бирдемеси келатпасын деп, ал дагы бир азга күтүп турду да, эчтеме көрүнбөгөн соң анан аттанды. Жанагы жан жыргаткан эркиндик жылгада калып калгансыды. Кылычбек куугундан качып бараткан уурунун абалына түштү. Көңүлү уйгу-туйгу болуп, ындыны өчө баштады. «Кайда баратам?» – деген суроо мына ушунда башына кирди.

Чоң сайдын ичине шоокум салып агып жаткан өзөнгө келгенде Айгашка суу ичип туруп калды. Бууракандап көбүк чачып, түрмөктөлгөн толкундардын кара сур жону ай нуруна жылтылдап, бийик кемерди күр-шар урса, шары кулак тундуруп, суунун көрүнүшү сүрдүү…

Суудан өтүп, Кылычбек дагы бир тай чабым жерге барды да, кичине арыктын жээгине түшүп, атты чылбырына бир буттап тушап, отко койду. Айгашка чаалыккан деле эмес, бирок өзү бир аз тыным алып, оюн жыйнактамакчы болду. Куржунундагы нандан бир сындырып, арыкта кулдурап агып жаткан сууга малып жеди. Анан кыяча жерге жамбаштады. «Кайда баратам?» – деген суроо оюна дагы келди. «Казакка барганда, аер деле быяктай да… Кайда барып, баш катам?..» – Ал өзүн качкын ойлоп кетти. Бирок канчалык ойлонсо да башына жыйынтыктуу бир акыл кирбеди. Барар жак, көздөгөн максат түн караңгысына чулганып, жол көрүнбөдү. Эмне кыларын билбей айласы түгөнүп, ойсуз-кыялсыз тунжурап жата берди.

Канча убакыт жатты билбеди, бир маалда:

– Оо, ууру– у!..– деген каардуу кыйкырык чыкты.

Кылычбек чочуп кетип, ордунан атып турду. Куугунчулар байкатпай курчап калгандай жүрөгү оозуна тыгылды. Алактап чар-тарабын тегерене карады. Те төмөндө анын барар багытын кесип, чиркелишкен жылдыздуу тамдар жылып баратат.

– Өх, атаң көрү… – деп үшкүрүп жиберди Кылычбек. Боюс турбайбы.

Ал кайра отура албады. Түн чүмкөнгөн ээн талаа да ага жай бербеди. Ал атына минди да, эми кайда барарын билбей делдейип турду…

Канталап кызарып, күндүн көзү көрүндү. Үйдөгүлөр туруп, ар ким өзүнө тиешелүү тирилик менен күймөндү. Кылычбек атын токуп жатты, карбаластап шашканы менен кыймылдаганы алсыз, жай. Көп жылдан бери сандыкта жаткан күмүш жабуулуу көмөлдүрүк, куюшканын алдырып такты. Айгашка алчыланып көркүнө чыга түштү. Кылычбек үч кадам кетенчиктеп, аны бир азга тунжурай карап турду да, анан ийнинен тынды.
Үйдөгүлөр чайга отуруп калышкан эле. Кылычбек кирип, жаңы чепкенин кийди, кадада илинүү турган камчысын алды.

– Күн чыкпай кайда жөнөдүң? Чай ичсеңчи, – деди кемпири.

«Айгашканы колхозго берем» – деп оң эле жооп бермекчи болду ал, бирок каңырыгы түтөп, унчуга албай чыгып кетти. Айгашканын дүбүртү алыстап барып өчтү.Сарыбек күлүп калды.

— Жарыктык, алжыганын кара. Атты өткөргөнү баратат да, жасалгалап токуп алды. Аны кайра жөө көтөрүп келеби.

— И, баса, жана эмне айтпадың… – деп өкүнүп калды апасы.

Сарыбек жумушуна аттанганы жатканда Кылычбек Айгашкасын минип, кайра келди. Аттан түшүп, чылбырды ыргытты.

– Me, өзүң алпар. – Үнү каргылдана түштү. – Мен… болбойт экен.

Бурулуп карабастан үйгө кирип кетти.

Сарыбек атасынын артынан элее карап кичине турду да, таңдана жылмайды. Анан Айгашканын үстүнөн ээр-токумун сыйрып таштады, атына минип, аны коштоп жөнөп кетти.

Кылычбек алдындагы дасторконго карабады. Азиз жандан бетер тунарган көзүн ирмебей Айгашка турчу терезени тиктеп, селейген бойдон отурду да калды. Бир оокумда ал капилеттен чочуп кетти, алактап ордунан ыргып турду.

– Ой… Ой, Айгашка кете элекпи?.. Сарыбек кана?..

Жооп кайтарууга үйдө эч ким жок эле, ал алдастап эшикке жүгүрүп чыкты. Кемпири нарытан күл төгүп келаткан экен.

— Ой, Айгашка кана? – деп ага жапырылды Кылычбек. – Сарыбек кетип калдыбы?

— Алда качан эле кеткен. Эмне болду дагы?

Кылычбек анын суроосун уккан жок, теректердин түбүндө жаткан ээр-токумду көрүп алып:

– Кудай у– ур!.. Кудай, урганда ушунтмек белең?– деген бойдон этек-жеңин далбактатып, Сарыбек кеткен багытка күржүңдөп чуркап жөнөдү.

Кемпири дагыраны кармаган калыбында оозун ачып туруп калды.

Күйүккөндөн каны бетине тээп, кара көк болуп түтөп, тери мойнуна куюлуп, Кылычбек Сарыбекке айыл чети көрүстөндөн жетип токтотту. Башка сөз сүйлөй албай күшүлдөп: «Ой… ой…»– дейт.

– Дагы эмнени чыгардың? – деди Сарыбек үлүрөйүп.

Кылычбек анын үлүрөйгөнүнө көңүл бурбады, түз эле келип Айгашканын мойнуна артылып, бир тынымга шалдырап турду. Анан демин баскан соң:

– Кудай урганда, тарс эстен чыгарган турбайымбы, – деди аттын жалжылдаган көзүн тиктеп, аны менен гана сүйлөшүп жаткансып.

– Эмне келдиң? – деп Сарыбек чыдамсыздана кайра сурады.

Кылычбек анын суроосун укса да түшүнгөн жок. Маңыроо түр менен бир карап алды да, Айгашканын башын кучактап, эки манжасын анын уурутуна салды.

– Айланайын асылым, кетип баратасың… Ырыс кешигиңди таштап кет, асылым…

Аттын шилекейин алып жалады. Анан кынынан бычагын сууруп чыгып, ыйык жалынан бир талын кесип алды. Сарыбек кабагын чытыды:

– Болдубу? – деп корс этти да, аттын башын бура тартты.

Кылычбек жалдырай тиктеп туруп калды. Көзүнө ысык жаш тегерене түштү.

Сарыбек узап кетти. Арттан машине дүрүлдөгөндөн Кылычбек жол четине чыгып отурду. Машиненин чаңы басылганда соорусу күнгө жалтылдап, куйругу булактап, коштоодо бараткан Айгашка кайра көрүндү. Андан көз айрыбай телмирген Кылычбектин жузүнөн эки салаа болуп аккан жаш сакалына житип жатты. Дагы бир машине өттү. Анын чаңы басылганда Айгашканын карааны кайра көрүнбөдү. Тунжураган мүрзөнүн жанында тунжураган Кылычбек отура берди.

V

Кылычбекти ошол күндөн кийин көргөн жандын зээни кейигендей. Адатынча таң заарынан сергек туруу жок, намазга деле көңүлү чаппагансыйт, анын кереметинен түңүлгөндөй. Там башына чыгат да, Айгашкага четинен алып бере баштаган үймөк беденин оюгуна бүрүшүп отуруп алат, күндү ошерден тосот, ошерден батырат. Анда-санда ийнинен тына үшкүрүнгөнү болбосо, терең ойдун түпкүрүндө жүргөндөй тунжурайт да тунжурайт. Кээде айрыны колуна алып, акырга чөп таштамакчы болот. Бирок аерде Айгашка жок. Кээде улагада жаткан атынын токулгасын, жабуусун кармалап, үңкүйгөндөн үңкүйөт. Көптө барып көзүн тунартып, уюган белин таяна өйдө турат. Үй-бүлөсүнүн бирөөнө тырс этип үн катпай сыртка жөнөйт. Эки жакты карап, эшик алдында бир далайга делдее катат. Анан кайра там башына чыгат. Айгашкасына кыштык деп жыйган беденин оюгуна кирип жыйрылган кармуштөктөн бетер тумшугун койнуна катып, бүрүшүп дагы отурат. Анда-санда үшкүргөнү болбосо, тунжурайт да тунжурайт. Же ойлогон ою жок, же барары жак, эрмек кылар иш таппайт. Бардык кубанычы, эрмеги, үмүтү Айгашка менен кошо кеткенсип, ичи эңшерилип, көңүлү көңдөйлөнүп коолдойт: турмуш койнундагы мурунку жылуу орду туш-туштан ыркырап суук кирген жыртык алачыктын ичиндей муздагансып бүрүшөт: аңылдаган элсиз сайда калгансып ээнсирейт, жалгызсырайт…

* * *

«Айгашканы тамеки бригадири минип жүрү. Кайран аттын баягы кейпи жок, арык, жалтак».
Чөгүп жүргөн Кылычбекти бул кабар оор уйкусунан тикен менен сайып ойготкондой кылды. Айгашкадан ажыраган соң ал жашоонун кызыкчылыгынан түңүлгөндөй болду эле, эми турмушта анын көңүлүн тарта турган да иш бар сыяктанды. Жазында жер жылыганда денесине акырындап жан кирип, ченден кыбырай баштаган курттай Кылычбек да беденин оюгундагы ордунан козголду.

Бригадир минген ат качан оңчу эле: жолдон атчан, эшекчен же жөө адам жолукса деле жанаша берип, токтой калат. Көчөдө баратса деле үй-үйлөргө бурула берет. Качан тизгин тартып, каякка бурат деп, үстүндөгү олчойгон ээсинен буйрук күтүп, эркин кадам шилтей албай, атырылып өктөм жүрө албай, так болот. Керели-кечке бир талаага иш үстүндө барса, бир башкарманын конторуна келип, жаны тынбайт. Көчөдө бекер жатып эсирген иттер куйруктан тиштеп асылып кордошот: талаада бут алдында калып жаткан чуйгун чөптөрдү бир тиштеп өтө албай шилекейи чууруйт. Кечинде келип, кагыраган аттарга кошулат. Алардын баарын атчы айылдын сыртына айдап чыгып, куусаң жерге таштап коёт да, өзү же уктап жатып алат, же кетип калат. Ал жерде эмненин оту, аттар бет алды шимшилеп, туш-тушка тарайт. Айылга кирип, огородго түшсө, уйкусу бузулган ээси жекте-дамбалчан далбактап, колуна айрысын ала чуркайт. Жетсе сайып, жетпесе ташка алып, сөөк какшата сөгүп-тилдеп кубалап жиберет. Колхоздун бедесине түшсө, сороңдогон корукчу кууп барып, камап салат. Шордуу ат тепсендидеги чирик саманды кайсалап, кесерген боюнча тура берет. Ошентип, мындай ат дайым кор… О, байкуш Айгашка, сенин тагдырың ушундай беле?..– деп санааркап отуруп, Кылычбектин жаны кейиди. Арка сөөгү аркайып, кабыргасы каржайган Айгашка: «Мени куткар ушул кордуктан!» – деп аны чакырып жаткансыды. «Атаңдын көрү биргат, мага бир жолугарсың!..»
Эртеси эрте менен ат сарайга келди. Ал келгенде тамеки бригадирдин он төрттөр чамасындагы баласы жайдак Айгашкага тырмышып мине албай жаткан экен.

– Эй, жубарымбек, тур быякка! – деди Кылычбек.

Бала жалт карады да, кара сур чалдын каарданып келатканын көрүп, делдейип туруп калды.
Айгашка тааныды белем, тумшугун созуп, окуранып жиберди. Кылычбектин жүрөгү мыкчыла түштү. Түз эле келди да, аттын башын кучактай маңдайындагы кашкасынан жыттады. Буруксуган тааныш жыт каңылжаарын өрдөгөндө каны ысып кеткенсип, бүткөн бою чымырады.

– Асылым…

Муңканган үндү угуп, бала таң калды.

Кылычбек кетенчиктей берип, аттын тулку боюн жакшылап карады: Айгашка чын эле эттен түшкөн экен. Баштагы жылтылдаган таскыл жүнү үрпөйүңкү. Табында турчу кездеги кындыя тарткан курсагы эми салаңдап, бош. Жал-куйругу суюлгандай, кыскаргандай…

Бала чалдын эриндери титиреп турганын көрдү.

Кылычбек кайра жакындап, аттын омуроосун сылап, жалын салаалап тарап, бир топко тунжурап турду. Анан жүзүн буруп, баланы карады.

— Атаң кайда?

— Үйдө, – деп бала бакырайды.

– Атаңа айта бар. Атасынан калган өчү барсынбай башка ат таап минсин. – Дагы бирдемелерди тапшырмакчы болду да, андан эмне кажат дегендей кайра токтоду. Анан баланы буттап мингизип, жөнөтүп жиберди.
Мындан үч күндөн кийин кечинде Сарыбек:

– Айгашканы ууру алып кетиптир. Кечетен бери издеп, таппай жүрүшөт, – деген кабар угузду.

Кылычбек коркуп кетти.

— Ыя? – деп көздөрү алайды.

— Кече чак түштө эле жок дейт.

Кылычбектин башы төмөн шылк этти да, ошо бойдон үнсүз отуруп калды. Бир саамдан соң кайра башын көтөрдү. Көздөрү кыбыңдап:

– Чала болот калкосуңа, – деди Сарыбекти табалай карап. – Бирөөнүн малы аш болмок беле!..

Аңгыча бирөө кулагына: «Айгашкаң, өзүңө келди!» – деп сүйүнчүлөгөндөй болду. Кылычбек кубанып кетти. Мулуңдаган бойдон эшикке жөнөдү. Сыртта түн караңгы. Терезеден жарык түшүп турган акыр ээн. Кылычбек тамды айлана басты. Айгашка жок. Огород жакты карады. Айгашка көрүнбөйт. Алдап кубанткан баладай Кылычбек умсунуп калды. «Кайдан келсин, андай атты эч ким бошотпос…» – деп ындыны өчүп, эшик алдында көпкө турду.

Жаздыкка башы тийгенден кийин: «Кандай ууру алды экен? Каякка жоготуп кетти экен?..» – деп ойлоп, Кылычбек чындап күйүт тарта баштады.

«Көп жылдан бери турмуш оңолгону ууру деген балекет жоголду эле, кайдагы ууру? Ал бирөө эмес го… Эмне кылат? Соёбу?.. Журт ичи азыр бейпилчилик го… Анда сатабы? Кайда алпарып сатат? Шордуу Айгашка дагы кандай оңбогурдун колуна тиет?.. Кор болот экен го кайран ат. Ай, үйүң күйгөн ууру, сенден көрө ушул калкосто жүргөнү жакшы эмес беле. Эми эмне болот?..» – деп ичи туз куйгандай ачышып жатып, түн бир оокумда уйкуга кетти.

Эртеси Сарыбек жаңы кабар апкелди:

– Айгашканы ууру албай эле, күлүктүгүнө кызыгып бир бала ушуякта бир тойго минип кеткен экен, келиптир. Бригадир өзү минип жүргөнүн көрдүм.

Кылычбек сүйүнгөн да жок, чочулаган да жок. Тек бирдемеден аябай жадагандай:

– Алда байкушум… – деп алды. Анан оор үшкүрүнө өзүнчө күңкүлдөдү. – Ошондон көрө ууру эле алып кетсечи…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *