Индонезия жомогу

Бир жолу бир мышык жол тартып келатып, көзүнө көрүнгөн жандын баарын алдаптыр. Бара түшкөндө ага маймылдар жолугуп калышат. Алар чоң дарактын бутагында илинип турган аарылардын уюгун карап турушкан эле. Мышыктан сурашты:

– Айтсаң мышык аке, тээтигил бутакта илинип турган эмне?

– Оо, ал менин чоң атамдын барабаны.

– А анын үнү катуу чыгабы?– деп сурашты маймылдар.

– Албетте!– деп кууланды мышык.– Эгер аны бир эле урсаң бүт өлкө угат.

– Биз уруп көрсөк болобу?

– Ой, жок, чоң атам мени урушат.

– Бирок ал бул жерде жок да. Бир эле урабыз,– деп жалоорушту маймылдар.

– Туура, чоң атам жок, бирок ал мага барабанга эч кимди тийгизбей кайтарып тур деген.

– Эми бир эле жолу уруп көрөбүз, үнү кандай чыгарын билсек эле болду. Бизге абдан кызык болуп жатат.

– Жок, болбойт! Үнү бүт өлкөгө угулат дедим го… Анан кантип чоң атам укпай койсун. Ал алыс деле эмес.

Бирок маймылдар барабанды абдан уруп көргүлөрү келишти. Андыктан алар мышыкты ой боюна койбой сурана беришти:

– Бир эле жолу урабыз, би-ир эле… Уруксат берчи…

– Эми, ушунча каалап калыпсыңар, урсаңар ургулачы,– деп макул болду мышык.– Бирок мен бул жерден алысырак барайын. Антпесем чоң атам барабанды урганы жаткан силерди тыйбаганым үчүн мени жазалайт.

– Жакшы болот!– сүйүнүп кетишти маймылдар.– Эртерек чурка, биз барабанды ургубуз келип жатат.

– Эй койо тургула урбай!– деп кыйкырды качып бараткан мышык.–  Менин карааным көрүнбөй калганда ургула.

– Тезирек чурка!

Мышык көздөн кайым болгон кезде маймылдар бакта асылып турган аарылардын уюгун таяк менен чабышты эле, чындап эле уядан аарылардын ызылдаганы  урулган барабандыкындай катуу чыкты. Кызыгып кеткен маймылдар дагы бир жолу чабышканда, ичи аарыга толо уя жерге кулап түшүп, оозун ачып карап турган маймылдарды уюктан уюлгуп учуп чыгып, кара тумандай каптап талай башташты.

Дене-боюн бүт аарыга чактырган, дагы эле талатып жаткан маймылдар тызылдаткан ооруга чыдай албай качкан бойдон келип көлмөгө кирип кетип араң кутулушту.

Аарылар учуп кеткиче көлмөдө отуруп үшүгөн маймылдар суудан чыгып, келип карашса, баягы өздөрүн алдаган мышык жээкте өскөн бир кызыл мөмөлөрү бар бадалдардын түбүндө жатат. Жини келип калган алар мышыкты куйругунан сүйрөп мыялаталы деп жакын келишсе, ал өз күнөөсүн сезип, алдыларынан тосуп чыгып, жалооруп жиберди:

–  Маймыл акелер, мен силерди жөн эле тамашалайын десем келесоо аарылар анымды түшүнбөй калышпадыбы. Бирок уюкту бир эле жолу чап десем эки жолу чаап жиберип өзүңүздөрдөн да кетип калды. Алдыңарга түшөйүн, мени кечирип койгула.

– Алдыбызга кандайча түшөсүң?– деп маңыроо маймылдар жибий түшүшүп, кызыга кетишти.

– Чоң атам мага таттуу мөмөлөрүн кайтартып койду эле, ушундан тойгончо жеп анан мени кечирип, туура эмес кылыгымды унутуп койгула,– деп бутагында эзиле бышып турган абдан ачуу, кыпкызыл калемпирлерди көргөздү.

– Оо андай болсо кечиребиз,– деп маймылдардын көздөрү жайнап, дароо эле ачуулары тарады.

– Бирок мен алыстап кеткенден кийин жеп баштагыла, антпесе силер жеп жатканда менин жаныңарда турганымды чоң атам көрсө эмнеге кой деп койбойсуң деп өлтүрөт.

– Бол анда тезирек бул жерден  кет,– дешип маймылдардын чыдамы ан сайын азайды.

Мындайда мышык карап турмак беле, заматта маймылдардан  алыстады. Маймылдар болсо ачуу калемпирди бири-биринен кызганып, экиден, үчтөн ооздоруна салып, чала чайнап жутуп жиберишти да, азга селейе туруп калышып, анан чок жутуп алгандай бакырышып, кайрадан көлмөнү карай чуркашты.

Бул жолу алар көлмөгө киришкен жок, тетирисинче, көлмөнү бүтүн оп тарта жута тургансып суу жутуп жатышты…

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *