Түрк жомогу: Падыша менен вазир

Бир күнү падышага  бир кайырчы дербиш келип мындай дейт: – О шах! Мен бир сыйкырдуу сөздү билем. Эгер мен ал сөздү айтчу болсом менин жаным каалаган жансыз денеге көчүп кетет. Шах өлгөн казды алып келүүнү буйрук кылып, ал алынып келингенде мындай дейт: – Кана көрөлүчү, сенин жаның ушул казга өтө алар бекен. Дербиш сыйкырдуу сөздү күбүрөнгөндө каз дароо эле жанданып, ал эми дербиш өлүп калат. Муну көргөн падыша абдан таңгалды. Ал эми бөлмө ичинде каркылдап жүргөн каз кайра эле баягы […]

Конкурска: Эненин балага арналган гимни же “Күнбала” поэмасы тууралуу

№7 Сексенинчи жылдардын экинчи жарымында кыргыз поэзиясынын босогосун аттаган өзүнчө үнү, ыр саптарынын нукуралуулугу, назиктиги, лирикалуулугу менен айырмаланган Фатима Абдалованын ысымы адабий чөйрөгө бат эле таанылды. Алгачкы “Бешик боо” аттуу чакан жыйнагы поэзия окурмандары тарабынан жылуу кабыл алынды. Албетте, акындын ыр саптарын окуганыңда анын жан дүйнөсүн тереңирээк баамдай алаарың белгилүү эмеспи. Акын Фатима Абдалованын чыгармаларын окуп отуруп, мейли поэмаларынан болобу, мейли ой саптарынан болобу, ыр түрмөктөрүнөнбү, мейли тестиер балдарга арналган “Жапан дүйнөгө эшик ач” ыр топтомдорунан болобу, автордун жан дүйнөсүндө […]

Калича Жакыпованын «Эйфория» жыйнагы туурасында пикир

«Эйфория»  аталышы эле  жерге түшпөй калкып, кыялданган адамдан кабар берет. Кызыгып окуй баштадым. Ырлардан түзүлгөн сүйүү жөнүндө чакан бүтүн чыгарма десем, аша чаап кетпесем керек. Анда  китепти башынан баштап окуй баштайлы. «Чыйырымды өзүм түзөп бүлдүрбөй, Чыгаргым жок, чын жашоомду төгүнгө. Жандагандар сынай карап билдирбей, «Жазат» — дешет жалаң сүйүү жөнүндө. «Чыйырымды өзүм түзөп бүлдүрбөй.» — дейт, демек, өзүнүн чыгармачылык чыйыр жолун бүлдүрбөй, аяр түзөп, «чын жашоосун төгүнгө чыгарбай», «сынай карагандарына» карабай, «көөдөнүндө уюганын», жасалмасыз, жан дүйнөсүндө болгон нерсени ыр кылып […]

АУДИО: Лермонтов — катаал, кайталангыс акын

Михаил Лермонтовдун мүнөзү жана тили өлүмүнө себеп болгону гениалдуу орус акынынын өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдеген адабияттан улам маалым. Теги шотландиялык акын Кавказда аскер кызматын өтөп жүрүп, 27 жашында дуэлде өлгөн. 200 жыл мурда 15-октябрда орус акыны Михаил Лермонтов жарык дүйнөгө келген. Михаил Лермонтовдун “Биздин замандын каарманы” романы, “Мцыри” жана “Демон” поэмалары, Пушкиндин өлүмүнө арналган “Акындын өлүмү” кыргыз коомчулугуна мектеп курагынан тааныш чыгармалар. Ага атак-даңкты Александр Сергеевич Пушкиндин дуэлдеги өлүмүнө арналган ыры алып келет. Тагдыр экен, Лермонтов өзү да мүнөзүнөн таап, […]

Абдылда КАРАСАРТОВ: Жазгырык

АҢГЕМЕ Шашмабекке курбусу Дакен телефон чалды: – Бүгүн Бурманын (Шашмабектин аялы) туулган күнүн куттуктап силердин үйгө барганы жатабыз, түшкө жакын барып калабыз. Шашмабек аялынын туулган күнүн куттуктап, бетинен өпкөнү болбосо белек-бечкек да бере элек. Ал өз ичинен: «Бүгүн Бурманы куттуктап эч ким келбесе экен» – деп Кудайдан тилеген эле, моминтип «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» болуп, аялына кантип белек берерин билбей башы катып турганда теңтуштары да келмек болуп жатышат. Анын үстүнө бир-эки күндөн кийин ижара, свет акысын да төлөө керек. Айласы кеткен […]

Конкурска: Абалың кандай, ыр дүйнө?

№6 Дүйнө дүйнө болуп жаралганы адамзаты сулуулукка умтулганы умтулган, суктанганы суктанган. Биздин ушул күндөргө чейин канча акындар өтпөдү дейсиң. Сулуусунун бир меңи үчүн Самарканд менен Бухара калааларын берүүгө даяр Хафизден тартып кечээки биздин ырына кылайып калп айталбаган Алыкулубузга чейин атагы дүйнө жарган акындар кербен сымал бул жарыкка келип кайра кетишти. Сөздү алыстан баштаганымдын себеби, кыргыз жазма поэзиясынын азыркысы менен келечеги, асыресе андагы жаштар поэзиясы кандай абалда деген суроонун тегерегинде бир түйшөлүп көрдүм. Кыргыз ыр жандуу эл, ар бир кыргыз обондотуп, […]

Айгүл КАЧКЫНБАЙ кызы: «Манас» жана манасчылык Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө

Чыңгыз Айтматов Манас деп аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндөгү айылда төрөлүп, Манас-Тоонун мөңгүсүнөн тамчыга тамчы кошулуп куралып ак көбүктүү көк буурул болуп агып келген Күркүрөө суусунан ичип чоңойгон. Манас-Тоонун суусу жана ал суудан өнүм алып, көйкөлүп өсүп түшүм берген дан, нан бала Чыңгыздын канына азык болуп,  физикалык жактан дене турпатынын күч-кубатка толуп, эрезеге жетишинде катышы болгондой эле анын инсан, жазуучу болуп руханий жактан калыптанышында “Манас” эпосунун ошондой эле катышы бар. Ч.Айтматов өзүнүн кичи мекени, туулуп-өскөн айлын “Манас Атанын […]

Василий ШУКШИН: Микроскоп

АҢГЕМЕ Бул ишке чыгына албай жүргөн. Акыры  чечкиндүүлүккө барды… Шол күнү кубарган бир башкача кебетеде жумушунан кайтып келип, аялынан көзүн ала кача үн катты: — Мен эме… акчаны жоготуп алдым… – Ушуну айтканында анын бир кезде сынып, ийрейе  бүткөн мурду  кызара түштү. – Жүз жыйырма сомду… Муну укканда аялынын оозу ачылып, жүзүнөн балким бул тамаша болуп жүрбөсүн деген суроо даана окулду. Жо-ок, бул ийри мурун эч качан тамаша айтпайт. Ага таптакыр шыгы жок. Ошентсе да аял маңыроо түрдө сурады: — […]