Чыңгыз Айтматов Манас деп аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндөгү айылда төрөлүп, Манас-Тоонун мөңгүсүнөн тамчыга тамчы кошулуп куралып ак көбүктүү көк буурул болуп агып келген Күркүрөө суусунан ичип чоңойгон. Манас-Тоонун суусу жана ал суудан өнүм алып, көйкөлүп өсүп түшүм берген дан, нан бала Чыңгыздын канына азык болуп,  физикалык жактан дене турпатынын күч-кубатка толуп, эрезеге жетишинде катышы болгондой эле анын инсан, жазуучу болуп руханий жактан калыптанышында “Манас” эпосунун ошондой эле катышы бар.

Ч.Айтматов өзүнүн кичи мекени, туулуп-өскөн айлын “Манас Атанын ак кар көк музу” деген очеркинде төмөндөгүдөй кылып элестүү сүрөттөп берет: “Менин мекеним – Шекер айылы. Биздин Шекер эң чоң айыл, үч жүздөн ашык түтүн. Каттаган сайын тигинден-мындан жаңы үйдүн төбөсүн көрүп калам. Айылым өсүп барат, чоңоюп барат. Турган орду да мал-жанга жайлуу, суу башында, Таластын жон-арка тоосунун этегинде, эзелтен Манас делип аталган кош чокулуу улуу тоонун так түбүндө. Кезинде Ак Куласын алкынтып ушул чокуга чыккан экен эр Манас, дагы кайдан жоо келип калбасын деп, туш тарапка көз чаптырып турган экен ушул бийиктикте эр Манас. Бу чокудан төгөрөктүн төрт бурчу көрүнөрү ырас, акыйкатта эпикалык масштаб. Илгери элим зарлап көргөн перзенти, журт коргоп алар баатыры Манасты ушундай болсо деген тилектен келип чыккан фантазия эмеспи. Ошондон ушул күнгө Манас – Тоонун мөңгүсүнөн тамчыга тамчы кошулуп, куралып, биздин Шекерге ак көбүк, көк буурул суу агып келет. Ал – Күркүрөө. Атына жараша заты бар, бул аймакта жер бетинде кыбыраган жан-жаныбарларга өмүр берген суу…

Андыктан болсо керек, оболку кишилер Күркүрөөнү ыйык көрүшүп, айланайын Күркүрөө дешээр эле, Манас-Атага жүзүн буруп сыйынышар эле: “Түбөлүк тур, касиеттүү Манас-Ата!” – дешээр эле…

Шекерге жакындаарда ар качан жүрөк толкуйт. Чиркин, ак мөңгүсү асмандын көгүнө чагылышып Манас-Ата алда кайдан көрүнөт” [Айтматов Ч. Чыгармаларынын жыйнагы: 8-том. Макалалар, маектер. Бишкек: Бийиктик, 2008. – 280-281-бб.].

Эгерде көркөм чыгарма ушундай киришүү, ушундай пейзаждык сүрөттөөдөн башталса, анда аны символикалуу каймана мааниси бар баяндоо, каймана сүрөттөө, лирикалык каармандан турмуш-тагдырынан кабар берчү, каармандын көркөм образдык концепциясын түзүүчү ийгиликтүү табылга, көркөм каражат деп баалоого болор эле.

Оозеки эпикалык зор эпостун каарманынын ысымындагы улуу тоонун этегинде кыргыздын жазма адабий “жаңы” эпосун жаратуучу болочок залкар жазуучунун төрөлүп, ошол мөңгүдөн агып түшкөн суудан ичип  эр жеткендиги чындыгында да жышааналуу, бактылуу шайкештик. Чыңгыз агабыз бала күнүндө Манас баатыр жөнүндөгү баянды оозеки эле укпастан, ошол уккандарын далилдүү түрдө тастыктоочу Манас-Тоону көрүп, чоң энеси Айымкандын жомогун “Ак кемедеги” делдең кулак бала каарманындай жантыгынан жатып угуп, жомоктун сырлуу дүйнөсүнө аралашып жүрүп чоңойгон.

“Ошону менен бирге биз Манас-ата деп аталган улуу тоону терең урматтайбыз, Манас-ата – орус фольклорунун стили менен айтканда – Батюшка Манас, – деп жазган Ч.Айтматов өзүнүн өмүр баяны жөнүндөгү “Менин мекеним” аттуу макаласында. – Эртең менен Манас тоонун көлөкөсү Шекердин өңүрүнө жетип турат. Мына ушунун өзү ар бир адамга тириликтин түбөлүктүүлүгүнүн элесин, дүйнө өз ордунда экен деген кебелбес канааттануу сезимин берет. Талас кырка тоолорунун мына ушул бийик чокусунан улуу бабабыз Манас өз жеринин кыйырларына дүрбү салып, кайсы жактан душман көрүнөт деп, изин чалып турчу экен. Айымкан чоң энем менен чоң эжем Карагыз-апа мага ушинтип айтышаар эле” [Айтматов Ч. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. Макалалар, маектешүүлөр, сүйлөгөн сөздөр. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 5-б.].

“Манас”  – көркөм өнөрдүн  бир түрү, көркөм фантазиянын жемиши эле эмес, кыргыз маданиятынын, адабиятынын өнүгүп, өсүшүнүн  уюткусун түзгөн  фундаменталдуу негиз, баалуулук десек жаңылышпайбыз. Мына ушундай баа жеткис мурасыбызды терең урматтоо менен жогору баалап, бүт өмүрүндө андан руханий азык алгандардын бири  залкар жазуучубуз Ч.Айтматов эле.

Ч.Айтматовдун элдик оозеки  чыгармачылыкка, айрыкча “Манас” эпосуна кайрылуусу жөн эле  поэтикалык зарылдык эмес, ал элдин генийинен жаралган түбөлүктүү көркөмдүк баалуулуктардын фундаменталдуу негизи катары XX кылымдын нравалык, философиялык  маселелерин чагылдырууда табигый түрдө керек.

Ч.Айтматовдун кичинекейинен жомоктун сыйкыр дүйнөсүнө өзгөчө тартылган, жомок угуудан эч тажабаган бала болгондугун жазуучунун өзүнүн өмүр баяндык эскерүүлөрүнөн жакшы билебиз. Чоң эненин жомогунан учкундап от алган делдең кулак жаш баланын күлүк фантазиясынын элестүү сүрөтүн биз “Ак кеме” повестинен көрөбүз: “– Кайда калды берки жолдошторуңар? – деп Момун шашты. – Мен барып жол көрсөтүп келейин. – Анан балага айтты: – Сен Сейдакматка чурка, жанагы иликтр панарын алып, тез чыксын дегин.

Бала үйдөн атып чыгып, борошо кар оозуна кептелгенде аптыгып калды. Кара-буурул сүрдүү түндөгү ушул учур өмүр бою баланын жадына батып кала берди. Кандайдыр кара чачтуу, кара жалдуу желмогуз араандай ачылган оозунан кар аралаш ызгаарды ышкыра бүркүп, баланы кекиртектен алды да, ары булкту, бери булкту. Бала кичине апкаарый түшсө да, коркподу, бекем турду. Анан желмогуздун чеңгелинен жулкунуп чыкты да, тумак кийген башын эки колдоп мыкчып алып, Сейдакматтын үйүнө чуркады. Барар жолу жыйырма-отуз кадам жер эле, бирок бала бороон жиреп, ат арытып мол жүрдү, жоо колунда калган чоролорун куткарууга шашып чапкан баатырча жигерденип катуу жүрдү. Бүткөн бойго күч толуп, ар-намыска белсенди. Кабагынан кар жааган, сүрүнөн душман сүрдөгөн көй баатыр болуп баратты. Сейдакматтын үйүнө жеткиче жолду катар нечен тоскоолду томкоруп, бет келген жоону качырды. Ал ансайын даңазасы асмандады. Тулпары бу тоодон тиги тоого каргып, зулпукору шилтеген сайын кырк кулач узарып, касташканын камыштай кыйып, отто калгандарды, сууга кеткендерди  куткарды.  Анан канатына кызыл желек тагылган реактив самолётун октой учуруп, алиги кара чачтуу, кара жалдуу желмогуздун артынан сая кууду. Пулемёттон ок жаадырып, желмогуз кургуйга түшсө кургуйлата кууду, көккө чыкса көкөлөтө кууду. Жөн куубастан: “Сок фашистти!” – деп айкырык салып кууду. Самолётун коштой Мүйүздүү Бугу-Эне чаап баратты. Бугу-Эне уулунун эрдигине ыраазы болду, сыймыктанды. Бала Сейдакматтын эшигине жеткенде Мүйүздүү Бугу-Эне: “Эми менин шопур балдарымды куткарып ал” – деди. “Куткарам, Мүйүздүү Бугу-Эне, ак сүтүң урсун деп ант берем!” – деди бала жарыя сүйлөп, анан Сейдакматтын эшигин каккылап жиберди.

– Сейдакмат аке, батыраак чыгыңыз, биздин элди куткаралы” [Айтматов, Ч. Чыгармаларынын жыйнагы: 8-том. Макалалар, маектер. Бишкек: Бийиктик, 2008. – 120-121-бб.]. 

Биздин жогорудагы узагыраак “лирикалык чегинүүбүз”, жазуучунун балалыгына кайрылып жатканыбыздын себеби: “Манас” дүйнөсүнүн Чыңгыз Айтматовдун жазуучу, инсан болуп калыптанышына тиешеси барбы, болсо канчалык, Манас дүйнөсүнө болгон тартылуунун башаты качан, каерден башталат? – деген суроолорго жооп алуу.

“Адамдагы балалык абийир дандагы түйүлдүк сыңары. Түйүлдүгү жок дан өспөйт” деп, ошол эле “Ак кеме” повестинде автор өзү айтканындай, көп нерсенин башаты балалыктан башталат. Көркөм сөзгө кызыгуу дээринде болгон үчүн кичинекей Чыңгыз улам бир жаңы жомок угуу үчүн чоң энесин кыйнап жүрөт. Чоң энесинин да сөз баккан, сөз кадырын билген нускалуу байбичелерден болуп калуусу да кандай керемет. “Кокустук – мыйзамченемдүлүктүн эң жакын тууганы” деп индия элинин акылман макалында айтылгандай Ч.Айтматовдун тагдырындагы бактылуу жана бактысыз кокустуктардын конфигурациясы башкача түзүлгөндө Айтматов да биз билген Ч.Айтматовдон башкача Айтматов болмок.

Чыгармачыл инсандын кийинки сүрөткердик тагдырына анын балалык кезинин таасири тууралу Ч.Айтматов адабиятчы  В.Левченко менен болгон “Тутумдашуу түйүнүү” аттуу маегинде төмөндөгүдөй ойлорун айткан: “Балалык жана өспүрүм кездин таасирлери жазуучунун чыгармачылык турмушу үчүн чынында да маанилүү фактор. Бул – ойлорду, картиналарды, адамдардын образдарын сен ар дайым сузуп алып турган ыйык башат же кудук сыяктуу. Жаштык жана балалык кез дүйнөнүн сулуулугун таза жана көркөм түрдө кабылдоочу, аны ошол калыбында көңүлгө бекем түйүп калуучу эң дилгир, күнөөсүз жана кристалдай тунук курак.

Мен отуруп алып өзүмдү Күркүрөө суусунан сүзүп бараткандай сезген “Ээр таш” азыр да турат. Албетте, турмуштук реалдуу, көнүмүш эле көрүнүштөрдү балалык сезим кыйла чоңойтуп, экилентип элестетээри бышык, бирок мен аларды кийин жаңырган, өзгөргөн түрүндө пайдаландым. Мындан башка дагы далай деталдар да ошол балалыктын дүйнөсүнөн алынып жатышы ыктымал” [Айтматов, Ч. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. Макалалар, маектешүүлөр, сүйлөгөн сөздөр. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 211-б].

Ч.Айтматов «Манас» эпосуна өзүнүн макала, маектеринде, коомчулук алдында сүйлөгөн сөздөрүндө көп кайрылып, бул улуу мурас бүткүл кыргыздын, анын ичинде өзүнүн да мактанычы, улуттук сыймыгы экендигин баса белгилеп, эпос өзүнүн да жеке чыгармачылык дем, дымагын арттырган, байыткан касиеттүү поэтикалык булактардан экенин сыймыктануу менен тастыктап айткан. Эпостун орус тилине которулуп, союздук республикаларга кеңири жайылып жатышына кубануу менен: «Өз элинин тарыхына жана чыгармачылыгына сыймыктанбаган жан болбос. Ошентсе да, «Манас» эпосун ойлой калсам, анын минтип жалпы совет элинин орток маданий байлыгына айланып отурганын эстеп, мартабам артып, байманам ташыгандай өзүмчө эле кудуңдап, териме батпай кетем», – дейт Айтматов. Ч.Айтматов залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы «Манас» эпосунун вариантынын басылышына (Фрунзе,1978) башкы редактор болгон. Улуттук улуу мурасыбызга карата айтматовдук ойлордун негизги өзөгү, уюткусу ушул Орозбаковдун вариантында жазган «Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу» деген аталыштагы баш сөзүндө, ошондой эле С.Каралаев тууралуу «Ал океан сындуу «Манастын» миллион сабын жат билген» аттуу макаласында чагылган.

Бул макалалардан Айтматовго таандык демейки тереңдик, ойдун арымдуулугу, төрт тарабы төп ойлонулган ынанымдуулук, илимий негиздүүлүк кашкайып сезилип турат. Макалаларда эпостун генезиси, көркөмдүк наркы, идеялык-тематикалык көп пландуулук, образдар системасы, көп кырдуу стилдик табияты, тарбиялык-таанытуучулук мааниси, эпикалык салт жана манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүгү сыяктуу илимий да, практикалык да мааниси терең бир топ маселелер туурасында сөз жүргөн. Сагымбайдын вариантында жазылган баш сөздө жазуучу «Манас» эпосуна: «кыргыз элинин байыркы ата мурасынын эң туу чокусу», «Манас» эпосу сөз өнөрүнүн эң бийик, эң таза үлгүлөрүнө жатарын айтпай коё албайм», «Менин терең ишенимимде эпос катарында бул көркөм чыгарма дүйнөлүк эпикалык практикада өтө уникалдуу көрүнүштүн катарына жатат», – деген бийик бааларды берүү менен катар, мындай улуулуктун, бийиктиктин, уникалдуулуктун негизи катары бир канча себеп-шарттарды атап өтөт. «Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун негизги идеясы, анын бүткүл «кан тамырын» аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып, сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып, чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан-аяк улап, өөрчүтүп-өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. «Манас» эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алышы да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу».

Поэтикалык туу чокулуктун экинчи бир белгиси – эпостогу «ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң. Маселе бул жерде таамай, так айтылган салыштыруу, эпитетте гана эмес. Көп кылымдар бою өз ичине камтылган көп катмарлуу эпостук мазмунга адам турмушунун ар түрдүү жактарын: социалдык-турмуш, сүйүү-лирикалык, моралдык-этикалык маселелерин, байыркы кыргыздардын географиялык, медициналык, астрономиялык, философиялык түшүнүктөрүн бүтүндөй камтыган мазмун бир учу жомоктон, мифтен, фантастикадан башталып, бир учу реализмге (фольклордук маанидеги) келип жеткен көркөм форма менен бипбирдей жанаша өсүп, бир бүтүн гармония түзгөнүндө».

«Манас» эпосунун уникалдуулугунун дагы бир маанилүү шарты катары – манасчылык көркөм сөз өнөрүнүн өзүнчө бир түрү катары байыркыдан бери карай үзгүлтүксүз салттуу уланып келаткандыгы белгиленет. «Тилекке каршы, ушундай улуу манасчылардын далайы унутулуп, тарыхтын терең, калың катмарларында калды, айрымдар легенда түрүндө бизге жетти, кээ бирөөлөрү жөнүндө үстүртөн эле дарегибиз бар. Бирок оозунан адегенде эле ыр төгүлгөн, улуу эпостун уйкаштары чубурган не бир залкар манасчылардын болгону, манасчылардын өзүнчө бир «мектеби», уламалуу салты болгону күнөмсүз иш. Мына ошол улуу салтты улагандардын бири – азыр биз вариантын өзүнчө китеп түрүндө жарыялап отурган Сагымбай Орозбаков».

Баш макалада улуттук фольклористиканын эпостаануу, манастаануу багытында жүргүзүлүүчү илимий иштеринин өзөктүү маселелери камтылган. Ч.Айтматов «Манасты» кыргыздын тагдыр, тарыхы, кайгы-кубанычы, арман-кыялы менен өзөктөш, кыргыздын менталдык табиятынын, руханий жөндөмүнүн эч ажырагыс бир көрүнүшү, улуттук бүтүндүгүнүн өзөк тамыры катары карайт. Ошон үчүн сынчы В.Коркиндин «Манасты» укканда ыйладыңыз беле? – деген суроосуна: «Бул гениалдуу эпосту укканда ар бир кыргыз ыйлайт. Бирок бул жалаң эле баатырлардын өлүмүнө кайгыруу, боор оорудан чыккан көз жаш эмес, бул ошондой эле ошол бабаларыбыздын дем-дымагынын күчүнө, эрдиктерине сыймыктануунун көз жашы, өзүңдү таануу бактысынан улам болуучу көз жаш дагы» деп жооп берген.

Ч.Айтматов 70-жылдарда манасчылык өнөр жөнүндө, жоокерчилик заманда нечен ирет күчтүү жоодон бели мертинип, эркиндиктен айрылган кара тумандуу күндөрдө да «Манастын» руху менен «түгөнгөн сайын түтөгөн, түбүнөн кайра күчөгөн» кыргыздардын тарых-тагдыры жөнүндө чоң чыгарма жазууну пландаштырып, бирок бүтпөй калган. Бул чыгарманын бир бөлүгү «Кайрылып куштар келгенче» деген ат менен «Кыргызстан маданияты» гезитине (1972, 9–16-март) жарыяланган. Үзүндүдөн чыгарманын негизги окуясы «манасчылык – эркиндиктин, эл үмүтүнүн жарчысы болуу сыяктуу эң ыйык, эң жооптуу өнөр» деген негизги идеянын айланасында түйүндөлгөндүгүн көрөбүз.

Манкурт, манкуртизм темасы Ч.Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон ачылыштарынын бири болуп калды. Бул ачылыш Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манастагы» «шири» жөкүндөгү ыр саптарга тикеден-тике байланыштуу. Муну жазуучу өзү «Комсомольская правда» газетасында (1981, 17-апрель) В.Андрянов менен болгон маегинде тастыктап айтып өткөн. Эпостун вариантынын 3841–3846-саптарында:

Баланы кармап алалык,
Башына шири салалык.
Үйгө алып барып кыйнайлык,
Алты, зубун калмактын
Аяк башын жыйнайлык, –
деп айтылат. Эпостогу калмактар кармай турган бала – бул Манастын дал өзү. Эбегейсиз алп, баатыр болуучу Манастын башына шири кийгизип, акыл-эсинен ажыратып, өз кызыкчылыктарына пайдалангысы келгендердин арам ниетинен кабар берген бул саптардын түпкүрүндө жаткан маани-мазмунду жазуучу өз доорунун кыйырынан карап көргүсү келет. Тери шириге кыстыруу аркылуу акыл-эсинен ажыратылган адамдын элеси жазуучуну азыркы замандын манкурттары тууралуу ойго салат. Байыркы шири азыркы цивилизация жараткан «саясый-идеологиялык шири», «темир кырчоо», «ракета кырчоо» менен катар коюлат. Натыйжада, жекече адамдын гана эмес, бүтүндөй элдин, бүтүндөй адамзаттын тагдырын көрсөткөн метафора-образ келип чыгат.

Сагымбай Орозбаковдун  тирүү кезин көрбөсө да, ал жаздырып кеткен вариантты кол жазмадан окуп, сөз берметтерине сугарылса, ал эми Саякбай Каралаев менен ата-баладай ынак мамиледе болуп, “Манасты” өз оозунан угуп, ак дасторкондо даам сызып, жалпы эле чыгармачылык туурасында баарлашып, чер кумарларын жазышкан. Мындай эки улуу адамдын бири чоң манасчы С.Каралаев, экинчиси залкар жазуучу Ч.Айтматов өңдүү таланттардын жолугуусу адам баласынын тарыхында өтө сейрек кездешүүчү ири окуяларындын биринен. Белгилүү сынчы К.Асаналиев белгилегендей: “… кыргыз маданиятынын тарыхында Саякбай жана Чыңгыздын кездешүүсү бул эки көркөм дүйнөнүн, эки эстетикалык формациянын кездешүүсү, тогошуусу эле. Балким, бул кездешүү өзүнүн мазмуну жана жыйынтыгы боюнча көркөм маданияттын тарыхында өтө сейрек кездешкен, уникалдуу окуя” [Асаналиев К. “Манас” эпосу жана Ч.Айтматов. Ч.Айтматов жана руханий маданият: Эл аралык илимий конференциянын материалдары. – Бишкек, 1999. 20-б.] Чындыгында эки таланттын бири-бирине жолугушуусу кадыресе эле жөнөкөй адамдардын кездешүүсү эмес. Тескерисинче, кылымдардан кылымдарды карыткан байыркы тирүү эпос менен бүгүнкү күндөгү классикалык жазма адабияттын туу чокусунун ортосундагы кандайдыр бир символикалык көрүнүш, ажырагыс байланыш.

Ч.Айтматовдун “Манас” эпосу, манасчылар туурасында айткан пикирлерин окуп олтуруп, алардагы ойдун тереңдигине, күтүүсүз жаңычылдыгына, илимий негиздүүлүгүнө тан бересин. Манас изилдөөчүлөрдүн арасындагы айтыла элек ойлорду, табыла элек өзгөчөлүктөрдү Ч.Айтматов көрө билип, чакан гана макалаларында  бардыгын камтый билгени суктандырат, бир жагынан бардыгына окшобогон бийиктигин, акылман-ойчулдугун, улуулугун дагы бир жолу далилдейт. “Манас” эпосун таанып-билүүчүлүк даражасы  Ч.Айтматовдо башкача бийиктиктен көрүнөт. Бул туурасында К.Асаналиевдин “Манас” эпосу жана Ч.Айтматов” аттуу макаласында Айтматовдун “Манас” эпосуна алака-катыш маселесине жаңыча көз караштан иликтөө жүргүзүп жатып мындай дейт: “Манас” эпосун таанып-билүүдө эмпирикалык, партикулярдык абалдан чыгуу, коньюктуралык-утурумдук саясатташкан калыптардан бошонуу натыйжасында, Ч.Айтматов Улуу сөздүн, синкреттик искусствонун дүйнөлүк үлгүсү катарында, азыркы философиялык-эстетикалык көз караштын негизинде кабылдоо жана түшүнүү деңгээлине көтөрүлүп чыкты. Арийне, жан-дүйнөсү көркөмдүк-эстетикалык ойлорго бай, түшүнүгү ааламды багынткан адам гана эпос жөнүндөгү буга чейинки ойлорго жаңыча көз карашы менен толуктамак. Ч.Айтматовго чейин окумуштуулар “Манас” эпосун “улуу трагедия” деп атаган эмес.  “Манас” эпосун трагедия катарында түшүнүп таанып билген азырынча жалгыз гана Ч.Айтматов” [Асаналиев К. “Манас” эпосу жана Ч.Айтматов. Ч.Айтматов жана руханий маданият: Эл аралык илимий конференциянын материалдары. – Бишкек, 1999. – 23-б.] “Манас” эпосундагы трагедиялуулуктун бир учу баатырдык улуу жеңиштердин артындагы күнөөсүз төгүлгөн кан, нечендеген кыйылган адам өмүрлөрүндө жатса, экинчи учугу Манас баатырдын, ишенимдүү чоролорунун чыгарманын акырында кырылышына барып такалат. Эпостун  жогорудагы трагедиялуу финалы туурасында Ч.Айтматовдун адаттан тышкары көз карашы  окуучунун көңүлүн бурбай койбойт.

Дүйнөлүк адабияттын тажрыйбасына карап көрө турган болсок принциптен тайбаган, чындык, идея үчүн башын сайган күчтүү личносттор гана чыныгы трагедиялык каарман боло алышат жана алар өз курмандыгы аркылуу угарманды, окурманды руханий  катарсистен өткөрөт. Элинин, аскеринин көптүгүнө манчыркап, нечен кылымдап баскынчылык кылып, тынч жаткан элдин тынчтыгын бузуп келген душмандын уюгун биротоло талкалап, ал жерде да адилеттүү бийлик, эки элдин ортосуна  түбөлүккө тынчтык орнотуу деген улуу идея үчүн Манас баатыр дагы “казып койгон ору бар, кайнатып койгон шору бар” душманга каршы аттанган.

Эгерде “түбөлүк тынчтык орнотуу” деген улуу идея үчүн ашынган душманга каршы барбаса, эбегейсиз курмандыктар менен коштолгон “чоң казаттын” кадыр-баркы да болмок эмес. Дал ушундай асыл идея үчүн башын сайып курман болгон Манас, Алманбет, Чубак, Сыргактардын эрдигин даңазалаган көркөм баян оозеки синкреттик искусствонун дүйнөлүк масштабдагы трагедия-эпостук өзгөчөлүктүү бир үлгүсү болууга толук татыктуу.

Жазуучу “Манас” эпосундагы  гумандуулук маселесин анын трагедиялуу финалы менен тыгыз байланышта карайт. Ал гана турсун баатыр Манастын өлүмү Айтматовдун пикири боюнча эпостун гуманисттик жыйынтыгын, эпосту жараткан элдин акылмандуулугун билдирет. “Мындай кайталангыс финал улуу чыгармаларга гана мүнөздүү жана жарашыктуу” дейт.

“Манас” эпосу залкар жазуучубуздун жан дүйнөсүндө дайыма  жашап келген. Академик А.Акматалиев айткандай, “Айтматовдун руханий паспорту – “Манас” эле”. Жазуучунун жогоркуда сөз болгон “Манас” эпосуна берилген баалары, аныктамалары теориялык жана реалдуу негизи бар илимий көз караш болуп саналат. Чындыгында, Ч.Айтматовду “Манасты” жөн гана катардагы билген, өздөштүргөн адам эмес, аны терең түшүнүп, ага илимий негизде баа бере билген сынчы-адабиятчы, фольклорист деп атасак болот. Ч.Айтматовдун “Манас” эпосуна берген баалары өзүнүн оригиналдуулугу, ишенимдүү, батыл, дүйнөлүк поэзиянын тарыхый өнүгүү тажрыйбаларына таянып далилдүү айтылгандыгы менен бардык башка пикирлерден айырмаланып турат.

Ч.Айтматов макала, маектеринде “Манас” эпосунун жазма адабият доорундагы башкы эстетикалык сабагы – бул анын “чыныгы элдик чыгармада жеринен эле элдин үнү кошо бүтө  тургандыгын” аңдап туюнууга татыктуу негиз, үлгү болуп бергендигинде экендигин басым жасалуу менен эпостун эстетикалык сабагы бүгүнкү доордун жазуучусу тарабынан фольклордук, мифтик стилдеги чыгармаларды кайталап жаратуудан эмес, өздөштүрүлгөн мифологемдик табылгалардан көрүнөөрү тастыкталат.

Айгүл КАЧКЫНБАЙ кызы – КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун аспиранты

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *