«Эйфория»  аталышы эле  жерге түшпөй калкып, кыялданган адамдан кабар берет. Кызыгып окуй баштадым. Ырлардан түзүлгөн сүйүү жөнүндө чакан бүтүн чыгарма десем, аша чаап кетпесем керек. Анда  китепти башынан баштап окуй баштайлы.

«Чыйырымды өзүм түзөп бүлдүрбөй,
Чыгаргым жок, чын жашоомду төгүнгө.
Жандагандар сынай карап билдирбей,
«Жазат» — дешет жалаң сүйүү жөнүндө.
«Чыйырымды өзүм түзөп бүлдүрбөй.»
— дейт, демек, өзүнүн чыгармачылык чыйыр жолун бүлдүрбөй, аяр түзөп, «чын жашоосун төгүнгө чыгарбай», «сынай карагандарына» карабай, «көөдөнүндө уюганын», жасалмасыз, жан дүйнөсүндө болгон нерсени ыр кылып төгүп жатат.

«Анкета» деген ырында өзүнүн сырга бекемдигин, мүнөзүндө назиктик да, оройлук да, ыйлаактык да кырстык да бар экенин айтып, кайсыл гүлдү сүйөт, көңүлү чөккөндө эмнени каалайт, аба ырайынын да ачык учуру эмес, жан дүйнөдөгү алай-дүйлөй сыяктуу»… бүркөө, бороон убагы, анан жагат жаандын жыты башталган», — дейт да:

«Суроонун да «ширини» бар, «тузу» бар,
Сурабагын, бакытым же арманым.
Болду, жетет! Азырынча ушулар,
Бул аз десең, изилдеп ал калганын», —
деп  «Анкетасын» аяктайт.

«Изилдеп ал, калганын» деп өзү жолго салып коёт. Анда кеттик, ырдын чыйыр жолуна түшөлү да, эмне кызыктар бар экенин көрөлү.

«Табыштык биз, жүргөн кезде издешпей,
Таттуу ойлор унуттуруп арманым.
Түштүн качан башталганын билбестей,
Түшүнбөймүн кантип сүйүп калганым.

Эбак эле сизди издеп өмүрдө,
Эс тарткандан сизди күткөн өңдөнөм».

Мына, келе турган сүйүү келди, тагдырдын табышмагы сыяктуу ал кайсы күнү, кантип, качан келээрин айтпай, «түштүн качан башталганын билбегендей, кантип сүйүп калганын түшүнбөй калды», бирок:

«Кезигүүбүз тагдырдан белек эле,
Көңүлдөгү көп ойлор себеп эле.
Бүт ааламым сиз болуп турсаңыз да,
Бирок сизди сүйбөшүм керек эле…« («Кечириңиз»)

Кызык жери ушул жерден башталат, өмүр бою эңсеген сүйүүсүн тапканда, аны сүйүүгө болбойт:

«Бычактан курч болсо да өтүмүңүз,
Бүгүн баарын унутуп өчүрүңүз.
Кур кыялды ээрчиген акылсызмын,
Кудай үчүн, анымды кечириңиз».

Бирок капыс келген жазыксыз сезимдин алоолонгон күчү, кызды эркине койбой «Кат» жаздырат:

«…Алдыргандай түнгө эсимди,
Азап болду кыял курганым.
Билип туруп жибербесимди,
Бир баракты бекер булгадым…»

Кыз балага гана тиешелүү уяңдык, тартынчаактыкты ушундай бир сонун саптар менен берет. Жазган катын бермек турсун, капыс алдынан  чыкса, калтырап качып жөнөгөн кыздын сүйүүсү жанына тынчтык бербей жүрөгүн тымызын «Кызганыч» ээлей баштайт:

«…Билем, сенин жашооң башка өңүттө,
Бир жан барын жүрөгүңдө көмүскө.
Болсом эмне ошол селки дебейин,
Билгизбечи, антип мени, өкүнтпө?«

Билдирбей, айтпай, көмүскө кызганганы менен ачык кызгана албасын минтип жазат:

«…Калбаганда эч айла, башка аргам,
Карегимди жашырам, жашка малган.
Кыя карап тим болом, үнсүз гана
Кызганууга акым жок башкалардан («Көздөгү сыр»)

Демек, бул  жоопсуз сүйүү, кандай болгон күндө да ал акын кыздын өзүнүн гана сүйүүсү, асыл сезими, ал ошол сезимди аздектеп, ыйык тутат:

«Бул сүйүүдөн мен көп нерсе үйрөндүм,
Буга дейре бороон урбас жазда элем.
Бирок азыр өзүмө-өзүм күмөнмүн…
Биле электе сени такыр башка элем«. («Аяба»)

Достоевскийдин дүйнөнү сулуулук сактап турат дегенине, дүйнөнү сулуулук менен кошо сүйүү сактап турат деп кошумчаласак туура болчудай. Сүйүү — адамды миң алакетке түшүрүп, адамдын мүнөзүн гана эмес, бүтүндөй жашоосун да өзөртө турган күчкө ээ.

«Сиз бар жерге баралбай каччу болдум,
Сиз жүрбөгөн көчөдөн басчу болдум.
Сырдаша албай, чечилип мурункудай,
Сырларымды ырыма жазчу болдум».

* * *

«…Сүйөөрүмдү жашырып ичтен тынып,
Сезимимди эх аттиң, билдирбедим…»
(«Өкүт»)

Азыркы учурда  байланышты, кабарлашууну телефонсуз элестетүү мүмкүн эмес, сүйүүнүн отуна күйүп турганда, арзыган адамы чалганда «Алдастап» калган кыздын абалын сүрөттөгөнүн караңыз:

«Телефон күйүп-өчөт жаны тынбай,
Телмирем, алсамбы же албасамбы.
Чамасы, эми сизден үмүт кылбай,
«Чалыпсыз, укпадым» деп алдасамбы?..«

Анан өзү «сагынганда эбелектеп, чебелектеп, сезимине илеп кое албай», көргүсү келип, кучактагысы келип, жок дегенде үнүн уккусу келип, ага телефон чалаарда:

«…Толтурчудай, бакытка көңүлүмдү,
Тымызын эх, сагындым коңур үндү.
Канча тааныш болсо да колдорума,
Калтыраймын тере албай номуруңду.

Уйкум качат түнкү саат 12де,
Ушул терген сандарды жок эми де?
«Небак өчүк абонент» деп айтса экен,
0770… номеринде… (0770…)»

Сагынычы көөдөнүн тээп «сагындым» деген сөздү айтуу кыйын, «Бир сыйкыры бар өңдөнүп бул сөздүн, бүт денемди баса түшөт калтырак…» деп, жан дүйнөсүндөгү бүлүктү эч жасалмасыз, ашыкча шөкөтсүз,  окурман өзүнүн жон териси менен сезип, мендик сезими менен окуй ала турган кылып берет, бул акындын чоң чеберчилиги.

Ырлар бирин-бири улап, бир бүтүн көркөм чыгарма окуп жаткандай туюлат. Бир жипке тизилген көркөм мончоктой болуп, улам бирин окусаң, экинчиси аны улап, бир адамдын сүйүү тарыхы даана көз алдыңа келет. Акындын дагы бир белгилеп кете турган өзгөчөлүгү – ырлардагы лирикалык каармандын образын так, даана ачып бере алгандыгы. Биздин көз алдыбызга бир сырдуу, сырын ичине ката алган, өзүнүн сезимин ардактап, баалап, анын азабы менен жыргалын көтөрүп, аны эч кимге колко кылбай, керек болсо сүйгөн адамына жетпесин билсе да, ал алып келген сезим үчүн ага рахмат айтат: «Сиз аркылуу бийик сезем, сүйүүнү, Сиз аркылуу азыр аны жек көрөм».  Топуктуу, көтөрүмдүү, салмактуу:

«Азыр жолум болсо — Куюн… Түн… Бороон…
А ал кезде билбейм… Кайда ким болом?..
Сүрөт сыңар карап бирок, өткөндү
«Сүйдүм беле?» — деп жылмайып тим болом…
Анда бирок сизди сүйбөйт чыгаармын…«  («Бирок анда…»)

Тагдыр күткөн акындар болот, автор мына ошол тагдыр күткөн акындардын катарында экен. Ырды тема издеп, уйкаштык издеп жазбай, жүрөгү, туюуму эмнени айткысы келсе ошону жазат, ошон үчүн ырлары окурманды жетелеп, акындын жараткан сыйкыр ыр дүйнөсүнө алып кирип кетет. Бир окуганда эле дасыгып калган акындардай туюлат, окуп жатканда чайналбайсың, жеңил окуулусу менен бирге көркөмдүгү, табылгалары жакшы, өзүнө таандык подчеркти жарата алган,  демек, «ырына калп айталбайт», акындыктын, ырдын жоопкерчилигин сезет. Китептин атын «Эйфория» деп бекер жерден атабайт, тагдыр тартуулаган улуу сезимди сыйлаганын, ал сезимдин ага тартуулаган эйфориялык абалын түшүнүү менен кабыл алат. Ага топук кылып, бул абалдын башка абалга алмашаарын жакшы сезип-туюуп, ага топук, аяр мамиле кылат.

Акын кызыбыз Каличадан көптү үмүттөнөбүз, калемин курч, жолуң шыдыр болсун!

Асанкан КАЛЫБЕКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *