№7

Дүйнө дүйнө болуп жаралганы адамзаты сулуулукка умтулганы умтулган, суктанганы суктанган. Биздин ушул күндөргө чейин канча акындар өтпөдү дейсиң. Сулуусунун бир меңи үчүн Самарканд менен Бухара калааларын берүүгө даяр Хафизден тартып кечээки биздин ырына кылайып калп айталбаган Алыкулубузга чейин атагы дүйнө жарган акындар кербен сымал бул жарыкка келип кайра кетишти. Сөздү алыстан баштаганымдын себеби, кыргыз жазма поэзиясынын азыркысы менен келечеги, асыресе андагы жаштар поэзиясы кандай абалда деген суроонун тегерегинде бир түйшөлүп көрдүм. Кыргыз ыр жандуу эл, ар бир кыргыз обондотуп, жамактатып куюлуштуруп сүйлөйт, оюн сөзгө караганда ыр менен так бере алат.

Кыргыз баласынын бул өзгөчөлүгү анын кылымдардан табият менен коюндашып, Асман-Жер мыйзамдарын туу тутуп жашаганынан улам болсо керек. Анда сөздү узартпай, азыркы кыргыз поэзиясындагы келечегинен үмүттөндүргөн, мыкты ырлары менен окурман жүрөгүнө жол табууга дилгирленген биздин “акындыкка талапкер” кыз-жигиттер тууралуу кебимди баштасам. Көптөн бери жан дүйнөмө Рыскүл Изатова деген кыздын ырлары шоола чачып келаткансыйт. Жаш болсо да кадимки такшалган акындардай ар бир сабын аярлап, ойлонуп, толгонуп жазганын байкадым. Рыскүлдө оргуштаган күчтүү сезим бир эле убакта тереңден атырылып чыгып да, ошол эле учурда сезимди тунук акыл жетекке алып, туура жолду шыбырайт.

Анын:

«Жашымдан жолдоштой муң мага,
Жолумдан адашкам мурда да.
Буркурап ыйласам нөшөрдөй,
Бугумду бөлүшөт ыр гана.

Асман да булуттай түнөрүп,
Ансыз да сезимим “тирүү өлүк”.
Күйүлгөн чырактын майындай,
Калбаса экен дейм түгөнүп…
– деген саптары лирикалуулугу, сыр жашырбас ачыктыгы менен көңүлдө калат.

Рыскүлдүн дагы бир “Акын эжеге” деген ыры да толук кандуу поэзия деп айтууга татырлык.

«Кирген суудай киргилт тартып ташкының,
Ким уурдады көөдөнү курч жаштыгың?
Кандай санаа думуктуруп ичиңден,
Канча жолу ый көрдү экен жаздыгың?

Борошолоп бороон уруп туш жагың,
Боор тартпаска балким ийип ыктадың.
Жат экен деп жасалмалуу турмушту
Жыйыштырып салсаң керек бүт баарын.

Ырдан башка досуң жоктур бөлөк, эх!
Ырысыңа ырксыз душман бөлөнөт.
Акыйкат бул — азап күткөн тагдырга,
Акын гана чыдаш үчүн төрөлөт».

Бул ырдагы “Кандай санаа думуктуруп ичиңден, \ Канча жолу ый көрдү экен жаздыгың?”, “Акыйкат бул – азап күткөн тагдырга,\ Акын гана чыдаш үчүн төрөлөт” деген саптарда берметтей тунук, деңиздей терең ойлор камтылган. Рыскүлгө чыгармачылык изденүү каалаймын.

Жаштар поэзиясындагы ырлары менен жүрөгүмдөн түнөк тапкан дагы бир жаш жигит Акжол Дооранбек уулу болду. Акжол негедир аз жазат. Бирок ошол аз ырлар да окурмандын көңүлүнө кандайдыр бир жылт эткен жылуу элестерди калтырат.

Дилдеги жооп

— …“Башканы да сүйсөң керек ээ?
(Баш кошконсуң мага эмнеге?!”)

Эх сен десе, кызганчаагымсың,
Жалгыз өзүң – жан тумарымсың.
Ооба, сени жолуктурганча,
Башкаларды жактырганым чын.

Бирөө сендей кыялкеч эле,
Бирөө сенче таттуу жечү эле.
Бири сендей көзү бакыраң,
Болбогонго ыйлай берчү эле.

А эстедим: бири боючу –
“Бир алтымыш бештей” болучу.
Бою эле эмес, чачы, кашы да,
Купулума чындап толучу.

Бири сендей баёо жан эле,
Маңдайында меңи бар эле.
Ырды сүйгөн дили таптаза,
Сөзүн уксаң тили бал эле.

Бири менден өзүн тапчу эле,
А бирөөгө ырым жакчу эле…
Бирок дүйнөм ушунун баарын,
Бир адамдан таппай жатты эле.

Анан эле сага кезиктим.
Баары калып сен деп ээликтим.
Көрсө сени ушул кыздардын,
Элесинен издей берипмин…

Жалгыз өзүң – жактырганымсың!
Жалгыз өзүң – жантумарымсың!»

Акжолдун бул ырынан кемчилик издесек табылар. Бирок да андагы жаштыктын оргу-баргы курчтугун, сыр катпас тайманбастыгын, жалган эмес, чырылдаган чындыгын кайда катабыз? Акын жигитке көбүрөк жазып, көбүрөк изденүүнү каалаймын.

Ырлары таңдагы шүүдүрүмдөй мөлтүрөп, окурманды сергиткен дагы бир Турсунай Калмурат кызы ысымдуу кызыбыз бар. Турсунай сырт келбетинен шар жүргөн, эркек мүнөз кыз сезилет. Антсе да ырларын окуй келсең андан жароокер, уяң, бир мүнөз кыз кыялы байкалат.

Жыйырманчы кыш

Кайда чана? Балалыкты сүйрөгөн,
Ким бар дейсиң, бала кезин сүйбөгөн.
Ата-эненин мээриминен үшүбөй,
Жалганы жок жылуу сөздү сүйлөгөн.
Кайда ошол кардай жааган балалык…

Гүлдөр калган. Бирок алар жазгыдыр,
Жок эле го түйшүк арткан таңкы ыр.
Кеткен үчүн, сезбей күчүн жаштыктын,
Менин жолум себеби жок тайкыдыр.
Болсо кана тунук кардай бала учур…

Керек тура кээде бизге кыйналыш,
Келдим бүгүн, дагы деле жыйналыш.
Жер бетинен жетип барып кучактап,
Жок дей албай тоскондоймун жыйырма кыш.
Жолдо калган өңдүү бирок балалык…

Жок болчу анда сүйүү чачкан таңкы ыр,
Жол билбеген махабатым тайкыдыр…

Турсунайдын бул ырындагы узап кеткен балалык менен бой жеткен кездин ортосундагы кызыктай абал (андай абал баарыбыздын башыбыздан өткөн эмеспи) сүрөттөлөт. Ырдагы “Керек тура кээде бизге кыйналыш, \ Келдим бүгүн, дагы деле жыйналыш”, “Жок болчу анда сүйүү чачкан таңкы ыр, \ Жол билбеген махабатым тайкыдыр…” деген саптар ойлонууга аргасыз кылат.

Ыр саптары дилиме нурун чачкан, мен көз кырымды салып жүргөн жаштар ушулар. Айтылып өткөн үчөөнөн башка да бир топ таланттуу жаштарыбыз бар. Алар тууралуу сөз кылчу учур да келет.

One Reply to “Конкурска: Абалың кандай, ыр дүйнө?”

  1. Атаны кокуй ай! Бул тиги 8-№ менен жарык көргөн макаладан да мажирөө турбайбы. Тигил 8-№ду жазган автор 100 (жүз) сап ыр коротуп, 86 (сексен алты) сап текст (макала деп айтууга оозуң барбайт) жазса, бул таза кашайган тура. Дээрлик 65 (алтымыш беш) сап ыр коротуп 36 (отуз алты) гана сап (!!!!) текст жазыптыр… Албетте, ойдун чукактыгынан ушундай натыйжа келип чыгат да…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *