№8

Сексенинчи жылдардын экинчи жарымында кыргыз поэзиясынын босогосун аттаган өзүнчө үнү, ыр саптарынын нукуралуулугу, назиктиги, лирикалуулугу менен айырмаланган Фатима Абдалованын ысымы адабий чөйрөгө бат эле таанылды. Алгачкы “Бешик боо” аттуу чакан жыйнагы поэзия окурмандары тарабынан жылуу кабыл алынды. Албетте, акындын ыр саптарын окуганыңда анын жан дүйнөсүн тереңирээк баамдай алаарың белгилүү эмеспи.

Акын Фатима Абдалованын чыгармаларын окуп отуруп, мейли поэмаларынан болобу, мейли ой саптарынан болобу, ыр түрмөктөрүнөнбү, мейли тестиер балдарга арналган “Жапан дүйнөгө эшик ач” ыр топтомдорунан болобу, автордун жан дүйнөсүндө катылган ариет, боорукерлик, назиктик, адамкерчилик сыяктуу асыл сапаттарды, өзгөчө энелик парз, милдет даражасына өсүп жеткен бийиктиктин кыйыры жатканын туясың.

Эмесе, акындын “Күнбала” поэмасына серп салып көрөлү. Учурунда бул поэма окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, улуу муундагы акындардын өкүлү, залкар акын, маркум Сооронбай Жусуев эненин балага арналган гимни деп баа берсе, белгилүү сынчыбыз Омор Сооронов “Күн бала” поэмасын кыргыз поэзиясындагы эне темасындагы жаңы сөз десек көтөрө чалгандык эмес”,- деп жазган.

Кыргыз поэзиясындагы акын кыздар арасында эне темасына кайрылбаган акын жоктур. Негизи кайсы гана акын болбосун, анын адам турмушубу, табиятпы, эне, бала жөнүндөбү, айтор ачып берүүгө аракеттенген темасынан – өзүнүн жеке көз карашы, ой чабыты, ага карата мамилесин байкайсың. Башкасын айтпайлы, эне темасына келгенде Фатима Абдалованын ыр саптарында, эненин жан дүйнөсү өзгөчө көркөмдүк менен шөкөттөлүп, акынга гана таандык сезимталдык менен ачылып берилген. Бул акындын эне болуу бактысын башынан кечиргендиги, аны ыр саптарына жууруп, окурмандарынын алдына сунуп турганы болуп саналат.

Фатима Абдалованын бул теманы чагылдыруудагы эң башкы өзгөчөлүгү, эне болуу алдындагы энелик толгонууну, түйшөлүүнү, карындагы бала менен кадимкидей баарлашуусун, поэтикалык көркөм боектор менен ийине жеткире бере алгандыгын  поэманын  башталышындагы эле төмөнкү саптардан таасын байкоого болот:

Жүрөгүмдүн астына жүрөк бүттү,
Жүз тамылжып, аялуу сезим үрктү.
Колум менен “өпкүлөп” соңуркадым,
Колум менен тыңшадым кош жүрөктү…

Кош жүрөктүү болупмун чогуу соккон,
Эне сезип эзилдим Улуу Жолго.
Өзүмө өзүм ичимен куттук айттым,
Бир керемет кубантып акты бойдо…

Өзүм үчүн жашаган күндөр бүттү,
Карбаластап кам көрдүм Улуу Күнгө.
Балам үчүн өзүмдү аяй түштүм,
Башымды ийдим мендеги тирүүлүккө
,-

деп акындын эне болуу алдындагы кубанычын эң бир таза, аяр, аруу сезимдер менен ырдайт. Жүрөгүнүн астына жүрөк бүткөн эң жоопкерчиликтүү энелик вазийпаны аркалап турган эненин сезимдерин мындан артык кандай айтууга болот?

Андан ары курсактагы бала-түйүлдүк менен энелик элжирөө, бой балкыган жан дүйнө психологиясы аркылуу баарлашуу менен берилет:

Көрбөй жатып көзүңдү, сүйдүм сени,
Тепкилесең… элжиреп күлкүм келди…
Сыймык артып сыладым курсагымды,
Мен көтөрүп тургандай Улуу Жерди…
Бассам-турсам экөөбүз кучакташып,
Кан-жаныбыз биригип ымалаштык.
Түгөл-түгөл айларды эсептедим,-
-десе, поэмадагы кийинки ыр саптарды окурман энелердин жан дүйнөсүн терметкен бир керемет саптар деп эсептөөгө болот.

Манжаларың ичимди кытыгылап,
Солкулдатып белимди ойноктойсуң.
Тынчы жогун кантесиң тыбырчылап,
Балапаным, эмитен шок окшойсуң…

Бир байкасам сол жагым ооп турат,
Балам менин – кызгалдак кыз окшойсуң…
Бир байкасам оң жагым ооп турат,
Балам менин – урматтуу уул окшойсуң…

Жогоруда келтирилген саптардан бир байкасам сол жагым ооп турат, — кызгалдак кыз окшойсуң, бир байкасам оң жагым ооп турат – урматтуу уул окшойсуң деп уйгу-туйгу түшкөн эненин абалын көрүп жатпайбызбы.

Кийинки ыр саптарында эненин эмоциялык абалын түйүлдүк баланын сезип- туюусу абдан кылдат ишенимдүү, өтө элестүү, терең берилген:

Эмне тынчып калгансың, уктадыңбы?
Катып алып бөлтөйгөн буттарыңды…
Же сен туюп алдыңбы Кичинекей,
Менин бир аз капада турганымды?

Апаң бир аз сууктан үшүп турат,
Күздүн шамал күлкүсүн тыйып турат.
Анткен менен демдентип сенин барың,
Сенин барың чекемден сүйүп турат.

Ачык болсо кабагы апакеңдин,
Туйдум сенин көңүлдүү экениңди.
Мен сен үчүн жүрөйүн күлүп эле,
Кыймылдачы, ананып кетейиним!

“Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көркүн сөз ачат” демекчи, төмөндөгү саптардан кош бойлуу учурдагы эненин капилеттен алдынан мышык өтүп кетсе коркуп кеткени, аны сезген ичтеги баланын булкуп-булкуп алганын, кайра коркпо балам, чочуба сен мендесиң дегени эмне деген керемет:

Кеч караңгы көчөдө келе жатып,
Мышык чыкса алдыман коркуп кеттим…
Кош жүрөгүм коңгуроо болуп кагып,
Мага угулду ичимден “энтиккениң”…

Булкуп-булкуп ичимди, тынчың кетип,
Бел сөөгүмдү ийилтип, кайкалатып,
Жүрөгүмдү жүрөгүң издеп келип,
Боорума ыктап жармашсаң ананайын!…

Коркпо балам, чочуба, энтикпегин,
Коркуп кеткен мышыктан энең эссиз.
Кош жүрөгүм кагылсын кубанычка,
Коркпо балам, чоочуба, сен мендесиң!

Поэманын кульминациясы деп тогуз ай томугу сыздап, ай күнүнө жеткен эненин көз жаруусундагы эне болуу бактысын сезүүсүн акын өтө терең энелик баам-парасат менен бере алган:

Тырмагымдан чачыма калтырадым,
Жардам сурап көздөрүм чачырады…
Үзүл-кезил көрүнүп алыс чекит,
Үнүм чыкпай туманда алсырадым…

“Апа…” дедим өзүмөн өзүм чочуп,
Колдорумду кимгедир алга созуп…
Кабат-кабат пардалар кара баскан,
Алышты ээ, айнекти менден тосуп…

… Кабат-кабат пардалар шарт айрылып,
Карышып турган эшик шарт ачылып,
Көз тирилип, “баа” деген үнүн уктум,
Туңгуюкта жан чыгып, жаным калып…

Поэма өзүнүн табиятында абдан ырааттуу, эпикалуу, ошондой эле сюжеттүү болуп саналат. Поэманын кульминациялык чекитин Фатима Абдалова өтө бир чеберчилик менен ачып бере алган десек аша чаппайбыз.

Андан кийинки ыраат менен келе турган болсок, поэмадагы баланын төрөлүүсү, талпынышы, жадагалса музыканы тыңдап калышы, оюнчук кармашы, оюнчуктар ойнотуп, ар бир күнү күндүн нуру күлдүрүп туруусун тилек кылганы ар бир эненин тилеги эмеспи:

Мына-мына келатат көзү ачылып,
Баарын көздөн өткөзөт жай сыдырып.
Карап турган Ааламды карегиңен,
Акылыңан! Жүзүңө турган чыгып…

Күү угулса мемиреп тынчый калып,
Уккан болуп калганын кулак салып.
Көз жайнатып, көөдөндө жан жыргаткан,
Балам, кайдан билесиң музыканы?..

Ме, бу сага, оюнчук, колуңа карма,
Мамак эмес бул бирок, оозуңа салба.
Оюнчуктар ойнотуп турсун сени,
Күндүн нуру күлдүрүп ар бир таңда!

Ыр саптары ар бир окурмандын  ой-сезимин козгогон, окурманды ой-санаага түрткөн, кудуреттүү философиялык ой-жыйынтыктарынан турат. Аны төмөндөгү айрым саптарынан, тактап айтканда «Апа» деген атым бар менин эми,\“Апалаган” баламдын көркү менмин, \Узун болуп өмүрү ушул үндүн, \ Өлгөндө да “апалап” көмсүн мени”,\- дегени түбөлүктүү эч нерсе жок дегендей акыркы сапарга жол алаарда да баласын апалап көмгүн дегени эмне деген насаат менен таалим.

“А-а-а-па” деген үнүңдү чын уктумбу?
Мен дагы бир бакытка тушуктумбу?
Теңиримдин ичи абдан кең экен го,
Ыраа көргөн мага ушул улуулукту…

Кайра-кайра суранып “апалатып”,
Карегимен кубанчым ашып-ташып,
Эбедейим эзилди ээрип-ээрип,
Тилиңдиби, “тү-тү” балапаным…

“Апа” деген атым бар менин эми,
“Апалаган” баламдын көркү менмин.

Узун болуп өмүрү ушул үндүн,
Өлгөндө да “апалап” көмсүн мени.

Фатима Абдалова “Күн бала” поэмасынын финалын бийик пафос менен абдан ийгиликтүү жыйынтыктаган, аны төмөнкү саптардан таасын байкоого болот:

Каз-каз” бүтүп, “тай-тайлап” жетелешип,
Элдер мени бактылуу Эне дешип.
Баратабыз экөөбүз жолго батпай,
Жерде жаткан көктөгү Күндү кечип…

Чурка балам кең жолго, тушооң кестим,
Жыгылсаң да жеңил түш, туруп кеткин.
Антсе дагы “селт” этип, “дирт” дей түшөр,
Сени жерден көтөргөн эки эмчегим…

Сени жолго чуркаткан Жер сеники,
Караан болуп калдайган Эл сеники.
Сен аларга татыктуу боло жүргүн,
Ай сеники жан балам, Күн сеники!!!

Чынында эле эне болуу бактысына, энелик мээримге тең келчү эч нерсе жок. Бала төрөгөн эне, энелик бактыны башынан кечирген эне гана ушундай мыкты ыр саптарын жарата алат.

“Күнбала” поэмасы кыргыз поэзиясындагы эненин ыйыктыгын, асылдыгын, касиетин ачып берген ажайып көрүнүш, ЖАҢЫЧЫЛДЫК деп баса белгилөөгө болот. Филология илимдеринин доктору Б. Усубалиевдин “Көркөм чыгармага лингвистикалык илик” аттуу монографиялык эмгегинде “Албетте, адегенде түйүлдүк жаралганда ой жаралат.Ал кадимки бойго бүткөн баладай өсүп-жетилип,боюнда 9 ай жатканы эп. Шашып жазылган чыгарма ара төрөлгөн баладай”,- деп жазган экен.

Бул өңүттөн алганда Фатима Абдалова аталган поэмасын абдан оюнда бышырып, поэтикалык жаңычылдык менен ийлеп ийине жеткирип, иштеп чыккандыгынын натыйжасында окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкандыгын жана негизги берейин деген оюн  поэзия  саптары менен жеткире алгандыгын көрдүм.

Кыргыз поэзиясында улуу муундагы жана кийинки муундагы акын аялзаттардын баары эле бул темага кайрылышкан дедик. Бирок Фатима Абдалова “Күнбала” поэмасын эне болуу алдындагы эненин психологиясын, ой- толгоолорун, санаасын, дегинкиси эле баланын төрөлүү процессин ырга салып, окурмандын жүрөгүн ойгото алган.

Эненин тилеги ар дайым ак, бала деп жүрөгү согуп, баласына элжирейт. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак эне мээримин көргөн, эне мээримине бөлөнгөн баладан эч качан кылмышкер чыкпасы далилденген. Бул жагынан алганда энелик бакыт, эне болуу сыяктуу керемет көрүнүштөрдү поэмада өзгөчө бир акындык эргүү менен ыр саптарына айланткан, ошондой эле өзгөчө өтө терең тарбиялык мааниси бар поэма деп атоого болот.

Негизинен кыргыз аялдар поэзиясынын алгачкы жана азыркы өкүлдөрүнүн чыгармачылыгынан айырмаланып Фатима Абдалова “Күн бала” поэмасында эне туюмун, көркөм-эстетикалык, философиялык мотивдер, поэтикалык тил менен идеялык олуттуу ойду бере алгандыгын белгилөөгө болот. Андыктан айжаркын акын Фатима Абдалованын назик, мөлтүр, аруу поэзиясынын башка темалары жөнүндөгү сөз алдыда болсун.

 

2 Replies to “Конкурска: Эненин балага арналган гимни же “Күнбала” поэмасы тууралуу”

  1. 182 (жүз сексен эки) сап макаланын туптуура 100 (жүз) сабын мисалга тартылган жыйырма беш түрмөк (25 х 4 = 100 сап ыр) түзүп турат экен. Тагыраак айтканда, сын макаланын автору 82 (сексен эки) сап талдоосун жазуу үчүн 100 (жүз!!!) сап ыр колдонуптур (коротуптур десек да болот)… Улуу акыныбыз Алыкулдун 3 (үч) гана түрмөктөн, б.а. 12 (он эки) гана саптан турган ырын китептик барак менен алганда дээрлик 10 (он) беттик көлөмдө (1 бет = 42 сап. 42 сап х 10 бет = 420 сап) талдаган залкар адабиятчы Салижан аганын макаласы эсиме түштү… (Караңыз: С.Жигитов.Акындын эки өмүрү. — Б.: Кыргызстан, 1998. — 110 — 120-беттер). Мына ошентип, конкурска жөнөтүлгөн жогорку макала жөнүндөгү жыйынтык пикир өзүнөн өзү түшүнүктү болуп турат.

  2. Фатима Абдалованын «Күн бала» поэмасына өз сын-пикирин жазган автор акындын чыгармалары жана чыгармачылыгын менен абдан тааныш экени сезилип турат. Ал поэманын адамга таасир берүүчүлүк күчүн сезе билген, анткени өзү да поэмадагыдай эненин бүткүл ички сезимин башынан өткөргөндөй. Антпесе эненин ар бир тамырынын согуусун сезип-туюу кыйыныраак. Чындыгында акындын ар бир куплети, ар бир сабы сыдыргыга салууга арзыйт. Пикир айтуучу ошон үчүн поэмадан бүкүлү мисалдарды келтирет. Бекеринен пикир айтуучу бул чыгарманы тандап албаган чыгар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *