Бир күнү падышага  бир кайырчы дербиш келип мындай дейт:

– О шах! Мен бир сыйкырдуу сөздү билем. Эгер мен ал сөздү айтчу болсом менин жаным каалаган жансыз денеге көчүп кетет.

Шах өлгөн казды алып келүүнү буйрук кылып, ал алынып келингенде мындай дейт:

– Кана көрөлүчү, сенин жаның ушул казга өтө алар бекен.

Дербиш сыйкырдуу сөздү күбүрөнгөндө каз дароо эле жанданып, ал эми дербиш өлүп калат.

Муну көргөн падыша абдан таңгалды. Ал эми бөлмө ичинде каркылдап жүргөн каз кайра эле баягы сыйкырдуу сөздү айтканда дербиш жанданып өзү өлүп калды. Падыша дербишке көп сыйлык берип бул сыйкырлуу сөздү жаттап алды.

Бир нече күндөн кийин падыша вазирин ээрчитип мергенчиликке чыгып, бугу атып алышкандан кийин хан вазиринин көзүнчө жанын өлүк бугуга көчүрүп, өзү жансыз калып, анан кайра сыйкырдуу сөздүн жардамы менен тирилип, буга вазир абдан таңгалып, мындай өнөрдү кайдан үйрөнгөнүн сурайт.

– Мен муну бир дербиштен үйрөндүм,– дейт хан.

– Мага дагы бул сыйкырдуу сөздү үйрөтчү!– деп сурана баштайт вазир.

Вазир көпкө сурангандан кийин ак көңүл хан акырында сыйкырдуу сөздү ага үйрөтөт. Ошентип дагы бир жолу падыша менен вазир бакта сейилдеп жүрүшүп, дарактын түбүндө өлүп жаткан тоту кушту көрүшөт.

– Ханым, сен ушул тоту кушту тирилте аласыңбы?– дейт вазир.

Вазиринин арам оюн билбеген хан дароо эле сыйкырдуу сөздү айтып, тоту кушка өз жанын которуп аны тирилтет. Ошондо вазир дароо сыйкырдуу сөздү айтып,  жанын хандын денесине көчүрүп, курч кылычын сууруп алып өз денесин бөлө-бөлө чапкылап салат да, жигиттерди чакырып, вазир өзүн өлтүрмөкчү болгонунда кылыч менен чапкылап салганын түшүндүрүп, хан катары жансыз денени көмүп салууну буюрат. Ошентип вазир ханга айланып, хан тотукуш бойдон калат. Вазирдин арам оюн эми гана билген хан эч нерсе кыла албай, шакта кайгырып отуруп калат.

Ал эми хандын денесине ээ болгон вазир эч нерсе болбогондой хансарайга келип мамлекетти башкара баштайт. Тоту кушка айланган хан учуп отуруп куш саткан базарга келип, капастын үстүнө конуп адамча сүйлөй баштайт. Мындай өзү келип берген кымбат олжону соодагерлер койо бермек беле, дароо тор ыргытып кармап алышып, капаска салып, адамча сүйлөй алгандыгы үчүн баасын жогорулатып, кардарларга сунуштай башташат. Адамча сүйлөп, адамдай акылдуу кеңештерди айткандыгы үчүн көптөр кызыкканы менен кымбаттыгынан улам аны эч ким сатып ала албайт. Бир убакта эки соодагер урушуп кетишет.  Көрсө, бир соодагер түшүндө экинчисине жүз алтын тыйын карызга берген экен, эми ошону доолап жатыптыр.

– Сен ошондо карыз алып жатканыңда жума күнү берем дегенсиң. Бүгүн жума, келе акчамды!– дейт биринчиси.

– Мен сенден качан жүз алтын тыйын алдым эле? Жөн эле догуруна бербечи!– дейт экинчиси.

– Түшүмдө бербедим беле!

– Качан? Алган эмесмин!

– Алгансың!

– Түштөгү акчаны да доолайбы?

Эки соодагер ушинтип кызыл чеке болуп уруша башташат. Алардын жанына ар ким чогулуп, кызыга карап калышат. Кээ бирөөлөр калыс сөздөрүн айтышат. Бирок чатакташкандар эч  кимдин сөзүнө ынанышпайт.

– Кандай макоо немесиң, түштө берген акчаны да доолайбы? Сеники туура эмес экенин тээтиги тоту куш деле айтат!– дейт бир соодагер.– Кел андан сурайбыз.

– Сураса сурайбыз!– экинчиси макул болуп, аркасынан көп кишилерди ээрчиткен алар баягы тотукушка айланган ханга келишип, болгонун болгондой айтып беришип, калыстык кылуусун суранышат.

– Акчаны түштө алган киши төлөп бериши керек,–  дейт тотукуш. Угуп тургандар бул чымчыктын калыссыздыгына нааразы болсо, жөн жеринен акча төлөмөр болуп жаткан соодагер сөгүнүп жиберет.

– Бирок түшүндө,– дегенде тоту куш элдин баары анын акылдуулугуна ыраазы болуп, кол чаап жиберишет.

– Мен буга макул эмесмин!– дейт соодагер.– Биринчиден, түш көрүш үчүн азыр чак түштө жатып уктай албайм, экинчиден, бул менден акча алып жатканда жума күнү соодасы болгондо кайтарып берем деген!

– Андай болсо азыр бул жерге чоң күзгү алып келгиле,–  дейт тотукуш.

Кызыгып карап тургандар базарда сатыкта турган күзгүнү көтөрүп жетип келишет.

– Сен,– дейт анда тотукуш жөн жеринен төлөмөр болуп жаткан соодагерге кайрылып.– Күзгүнүн алдына келип жүз алтын тыйынды күзгүдөн чыккандай кылып кой,– дейт.

Соодагер акчасын капчыгынан чыгаргысы келбесе да тотукуштун калыстыгына ишенип, анын айтканын жасайт.

– Эми,–  дейт тотукуш жөн жеринен акчалуу болгусу келген экинчи соодагерге кайрылып.– Күзгүдө чагылышкан алтын тыйындарды ал дагы ыраазы бол.

– Күзгүдөгү тыйын кантип алынсын!–  дейт соодагер.

– Ошондой эле түштө алтын тыйынды көрсө, берсе, алса да болот, бирок аны өңдөгүдөй алганга да, бергенге да, кармаганга да болбойт!– дегенде тотукуштун акылдуулугуна таңгалган эл аны колдоп, тиги уятсыз соодагерди базардан кубалап чыгышат.

Бул иш заматта бүт өлкөгө чагылгандай тездик менен таралып,  тотукушту сатып алгысы келгендер же аны жөн гана көргүсү келгендер туш тараптан агылып келишип, эми ага жараша тоту кушту сатып жаткандар анын көлөмүнчөлүк алтын сурай башташат. Муну уккан ханыша аябай кызыгып калат да, акылдуу тотукушту саттырып келип өз бөлмөсүнө койдурат.

– Менин сизден бир гана өтүнүчүм бар, мени падышага көрсөтпөңүз,–  дейт тотукуш. Ханыша буга макул болот.

Бир күнү тотукуш ханышадан:

– Падышанын кандайдыр бир укмуш өнөрү барбы?– деп сурайт.

– Билбейм,– деген ханыша падыша өзүнө келгенде андан бул тууралуу сурайт.

– Оо, менин бир укмуш өнөрүм бар!– деп мактанмакчы болгон хан дароо эле нөөкөрлөрүнө  өлтүрүлгөн каз алып келүүсүн буюрду. Каз алынып келингенден кийин хан дароо эле сыйкырдуу сөздү айтканда — каз тирилип хандын денеси жансызданды. Ушуну эле күтүп далдоодо жашынып турган тотукуш дароо сыйкырдуу сөздү айтып, хандын денесине кирди да, казды моюндан алып, нөөкөрлөрдү чакырып аны союп салууну буюрду.

Бул кубулуулар менен өлүп-тирилүүлөрдү көрүп эч нерсеге түшүнө албай турган ханышага падыша болгонун болгондой айтып берип, алар кайрадан мурунку жашоолорунда жыргап-куунап жашап калышыптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *