АҢГЕМЕ

Бул ишке чыгына албай жүргөн. Акыры  чечкиндүүлүккө барды…

Шол күнү кубарган бир башкача кебетеде жумушунан кайтып келип, аялынан көзүн ала кача үн катты:

— Мен эме… акчаны жоготуп алдым… – Ушуну айтканында анын бир кезде сынып, ийрейе  бүткөн мурду  кызара түштү. – Жүз жыйырма сомду…

Муну укканда аялынын оозу ачылып, жүзүнөн балким бул тамаша болуп жүрбөсүн деген суроо даана окулду. Жо-ок, бул ийри мурун эч качан тамаша айтпайт. Ага таптакыр шыгы жок. Ошентсе да аял маңыроо түрдө сурады:

— Каяктан?

Муну укканда ал эркинен тыш какшык ыргытты:

— Хым… Эгер каяктан түшүргөнүмдү билсем, азыр барып…

— Эмнэ-э!.. Хымылаган акмак! Азыр мен сага көргөзөм! – айкырган аялы дароо эле көмөчказанды карай жүгүрдү.- Эч качан эсиңден кеткис кылам, шүмшүк!

Ал көнүмүшүнчө соккулардан коргонуш үчүн жүк үстүнөн жаздыкты ала калды (согушта жалтырак калкандары менен коргонгон байыркыларча). Чарпышкан эрди-катын бөлмөнү чарк айланышты…

— Жаздыкты… жаздыкты булгайсың! Анан өзүң эле жууйсуң!..

— Жууйм! Жууйм, ийри мурун! Иштебеген мээңди чакпасамбы!

— Колум и-ий, колум! Сындырасың!..

— Акчаны түшүргөн колуң сынмактан түшүп калсын! Ийри тумшук!

— Сага эле жаман болот. Иштей албай калам…

— Иштебесең кой!

— Сага эле жаман…

— Мейли!

— Болду эми…

— Ме сага!

— О-ох!

— Жок коё тур. Кол кычуумду кандырып алайын. Көңүлүмдү сооротоюн… Ийри мурундуу акмак! Ме сага! – албууттанаган аялдын колундагы көмөчказан ушул ирмемде жаздыктан ашып күйөөөсүнүн төбөсүнө каңк этип бир тийгенде ал өзү да коркуп кетип, селейе туруп калды. Эркек жаздыкты таштап жиберип, башын мыкчыган бойдон отура калып, оор онтоп алды. Аял бул арамзаланып жаткан жокпу деген ойдо күйөөөсүн сынай карап алып, анан чындап эле анын кыйналган түрүн көрүп, көмөчказанды оолак коё салып, окчун турган отургучка отура калып, беймаалдана кыйкырып ыйлай  баштады:

— Бул эмне деген шумдук күн аа!?. Ичпей жебей чогултпадым беле-е!.. Ашыкча кесим ак нанга жумшаган эмес элем да!.. Же балдарыма таттуу алып берсемчи! Сары майдай сактабадым беле… Арам гана ийри тумшук кемпай, ар бир тыйынды сарамжалдабадым беле, оо-ох! Ар бир тыйынына сүйүнчүү эмес белем. Балдарым кышта жылуу, кооз тондорду киет деп! Алар мектепке самтырабай барышат деп!..

— Качан алар самтырап жүрчү эле?!. – чыдабай кетип каяша айтты күйөөсү.

— Жап жаагыңды, кеңкелес! Сүйлөбө, ийри тумшук! Билсең сен балдарыңдын ырыскысын жеп алдың! Аныңа кызарып да койгон жоксуң. Мунуңа кичине уялсаң же өкүнүп койсоң жеңилдей түшмөкмүн.

— Өкүнбөй коймок белем… Күйөөңдү сен не таш жүрөк деп ойлойсуңбу? – ардана түштү ал.

— Эй дөңбаш!.. Деги каякта болдуң эле? Балким эстээрсиң?.. Мүмкүн жумушуңа унуткандырсың. Балким үкөктүн алдына бастыра калып унутуп койгондурсуң?

— Кайда, жумуштабы?.. Мен сактык кассага жумуштан кийин бардым. Жумушта…

— Балким, ким бирөөнүкүнө киргендирсиң, дөөпөрөс?

— Эч кимдикине кирген эмесмин.

— Балким, аракечтер менен көк дүкөнгө кирип сыра ичкендирсиң?.. Эстегин! Ошондо түшүрүп койгондурсуң… Чурка, алар кайрып беришет.

— Жок эй, көк дүкөнгө кирген эмесмин!

— Деги сен кемпай аны каякка түшүрдүң экен?

— Мен каяктан билем?

— Күтпөдүм беле муну! Азыр балдарымды ээрчитип дүкөнгө тон алганы барбайт белек… Мен аларды тандап койбодум беле… Эми аларды алып кетишет. Эх ийри тумшук, дөөпөрөс!..

— Болдучу эми… Тимеле дөөпөрөс деп, таптакыр эле келесоо кылып койдуң го…

— Келесоо болбогондо кимсиң анан, ийри тумшук?

— Болору болду да эми…

— Эки мөөнөткө иштешиң керек эми, дөөпөрөс! Ырбыйып жыгылгыча иштетем. Мончодон кийин жүз граммды ордуна кудуктан сузуп чийки суу ичесиң.

— Жүз граммыңдын кереги жок! Ансыз деле жашайм.

— Сен эми бул күнөөң үчүн жумушка жөө барасың. Автобуска түшүү дегенди унутасың.

Муну укканда ал таңгала түштү:

— Эки мөөнөт иштеп анан жөө барып келемби? Мына эмесе…

— Жөө барып, жөө келесиң, дөөпөрөс! Ошондо да кечигип калбаш үчүн чуркаган бойдон барасың. Бул жоголгон акчалар жаныңды жайына койбойт. Аларды жоготконуң үчүн өмүр бою өкүнөсүң.

— Эки мөөнөткө эмес, бир жарым мөөнөт иштейм, эч нерсе эмес, акча табылат,- деп төбөсүн сыйпалаган ал олуттуу түрдө үн катты. – Мен бригадир менен сүйлөшүп койдум…- деп келип аялы өзүнө түшүнө бербей караганда ашыкча сүйлөп алганын түшүнүп сөзүн оңдоп кетти: — Мен акчаны жоготуп алганымдан кийин жумушка кайра барып аны менен сүйлөшүп келдим.

— Кана берчи, сактык китепчесин, — талап кыла сүйлөгөн аял, ага үңүлө карай берип, оор улутунуп алып, кайрадан күйөөсүн каарып алды. – Дөөпөрөс!

Ошентип айылдан тогуз чакырым алыстыктагы “Дан даярдоо” мекемесинде жыгач уста болуп иштеген Андрей Ерин өзүн күнөөлүү сезип, жанын коёрго жай таппай жүрдү. Аялынын да ачуусу тарабай, жоголгон акчаны эстеген сайын эки сөзүнүн бири “ийри тумшук”, бири “дөөпөрөс” боло аны каптап жатты. Бул Андрейге катуу тийгени менен оңдуу каяша айта албай тилин тишине баса чыдап жүрдү. Ошентсе да күндөр билинбей өтө берди… Аялы акырындан жоошуп баратты. Андрей ушул учурду күтүп жүргөн. Акыры ыңгайлуу учур келгенин түшүнүп, аракеттене баштады.

Ошентип кадимки кечтердин биринде (ал чындап эле бир жарым мөөнөттө иштеп жаткан) ичинде оор бир нерсе бар экени байкалган кагаз кутуну алып үйгө кирген Андрей майрамдагыдай мыкты маанайын маңдайынан жаркытып босогону аттап токтоло калды. Ал жумушунан көп эле жолу өзү жыгачтан жасаган кандайдыр бир оокаттарды же кесибине тиешелүү аспаптарды кагазга ороп алып келчү. Андыктан анын колунда өзгөчө нерсе бар экенинен эч ким шектенген жок. Бирок Андрей жанагындай жакшы маанайы менен босогого токтолуп тура калганда баары аны көңүл коё карашты.

— Сен эмне бүгүн ай тийген жамбаштай жаркырайсың? – аялы какшыктуу суроосун узатты.

— Мына муну… жакшы иштегеним үчүн беришти, — Андрей үстөлгө өтүп барып, кутуну бир топ машакаттанып атып ачты да, андан кадимки микроскоп алып чыгып салтанаттуу жарыялады: — Микроскоп!

— Мунун сага эмне кереги бар?

Ушул жерден Андрей Ерин адатынча эки жакты каранып карбаластай түштү. Бирок бул жолу аялынан айбыгып алаңдабастан, кандайдыр каада күткөн маанайда карбаластады.

— Муну менен айды карайбыз! – деп жарыялай айтып каткырып жиберди. Бешинчи класста окуган уулу кошо күлдү. Айды микроскоп менен кароо деген эмне!

— Силер эмне ыржалактайсыңар?..- тырчый түштү аял.

Ата менен баланын каткырыгы көтөрүлдү. Бирок апасынын катаал көз карашына кабылганда баланын күлкүсү тып басылды. Андрей да олуттуусуна тартып аялына түшүндүрө баштады:

— Сен билесиңби, бизди ар бир кадам сайын микроптор аңдып турушарын? Мына сен бир чөйчөк суу сузуп алдың дейли… Сузуп алдың ээ, — деген Андрей чакадан бир чыны суу сузуп алды. – Анан сен суу ичип атам деп ойлойсуң ээ?

— Барчы нары!

— Жок сен, жооп берсең.

— Суу ичпегенде эмнени ичмек элем?

Андрей уулун карай берип, бышкырып жиберди.

— Ха-ха-ха! Суу ичет имиш!.. Аялдын акылы аз деген ушул да…

— Ийри тумшук, азыр мен көмөчказанды колго алам.

Андрей кайрадан олуттуусуна тартты.

— Микробдорду ичесиң алтыным, микробдорду. Суу менен бирге. Миллиондогон микробдорду катары менен кылкылдата жутасың. Ысылыгы жок! – деп ата менен бала кайрадан каткырыктарына ээ боло албай калышты. Зоя (аялы) шарт бурулуп көмөчказанды карай жөнөдү.

— Муну карагын! – кыйкырды Андрей. Ал чыны толо сууну микроскоптун жанына коё салып, анын ар кайсы бурамаларын бурагылап, бир топко чейин алектенип атып, акыры тегерек айнекчесине бир тамчы суу тамызып, түтүгүнөн демин ичине алган бойдон бир-эки мүнөтчө тиктеп турду. Абыдан чыдамы кеткен уулу анын артында кыйпычыктады:

— Ата…

— Мына алар, иттер!.. – кандайдыр бир жагымсыз суктангансыган ал шыбырай сүйлөдү: — Тимеле ары-бери жүгүрүшөт да…

— Ата дейм!

Андрей жерди бир тээп жандана сүйлөдү:

— Тимеле тиякка-биякка, тиякка-биякка жүгүрүшөт… Ах иттер!

— Ата!

— Бер, бала деле көрсүн! – өзү да абдан кызыга түшкөн аял талап кыла үн катты.

Андрей тиктеген түтүгүнөн ыргылжыңдана оолактап, уулуна орун бошотуп, кызганган кебетеде анын желкесин тиктеп туруп, чыдамы кете сурады:

— Көрдүңбү?

Уулу унчукпады.

— Көрдүңбү дейм?!

— Тигине алар! – бала кыйкырып жиберди. – Апакай экен…

Атасы дароо эле баланы оолактатып энесине орун бошотту.

— Карагын! Суу ичип аткан имиш бул…

Аял улам көздөрүн алмаштырып түтүктү бир далайга чейин тиктеди…

— Жок эй. Эч кимди көргөн жокмун мындан.

Андрей ушул учурда өзүнө окшобой, абдан эле орой боло түштү:

— Кашайып калдыңбы! Кандай тыйын болбосун чөнтөктөн табат, а бул жерде болсо микробдорду көрө албайт. Алар деген азыр сенин көрбөгөн көзүңдү карай секиришет, келесоо! Мындай ак майда немелерди көрбөй атасыңбы?..

Аял күйөөсү менен баласы көргөндү көрө албаганы үчүн анын оройлонгонун көтөрүп байкамаксанга салды.

— Тигине алар… – капысынан үн каткан аялдын үнү ишенимдүү чыкпады. Ал көрбөсө деле көрдүм деп койгонсуду.

Андрей чечкиндүү түрдө аялын микроскоптон оолак түртүп, түтүккө эми өзү жабышып, кайрадан шыбырай сүйлөп ызырына кетти:

— Ойнеңди- и!.. Эмне кылып атышат, эмне кылып атышат!..

— Мындай каралжын немелерби? – деп сурай баштады арттагы эне баласынан. – Шорпонун үстүндөгү калкыган майда майчалар сыяктуучу? Ошолорбу?

— Акырын! – деп кыйкырды Андрей түтүктөн көзүн албастан.- Майчалар… Өзүң майчасың. Сулп эти менен кошо. – Таңгалычтуу, Андрей көз көрүнөө эле тартипти катуу кармаган катаал кожоюнга айланып баратты. Муну байкаган бешинчиде окуган улуу уулу каткырып жиберди.

— Анда эмесе окумуштуу сөрөй!.. Балдарга деле бер, көрүшсүн. Тикирейип каласың тимеле.

Андрей микросопту бошотуп, кыжаалаттанган түрдө терең ойго батып, бөлмө ичинде ары-бери баса баштады.

Качан кечки тамакка отурушкандарында Андрей дале болсо эмненидир ойлоп, микроскопту карап, башын чайкап коюп жатты. Бир маалда шорподон бир кашык сузуп алып баласына көргөзүп сурады:

— Кеминде бул жерде канча бар деп ойлойсуң?

Уулу чекесин тырыштыра ойлоно берип:

— Жарым миллиондой бар го.

Андрей кашыкка кабак чытый карап:

— Андан кем эмес. А биз аларды ап деп коёбуз, — ал шорпону ууртап жиберип, өзүн төшкө уруп калды. – Ошентип алар бар эле, эми жок. Азыр аларды курсак өзү эле нары карай аш кылып жиберет. Бул иш анын колунан келет!

— Өлүп кетейин, муну чоңдоруңдан өзүң эле сурап алдың болуш керек! – деген аял микроскопко нааразылана көз жүгүрттү. – Жумушуңдагылар же эмне ойлонбойбу? Жыгач устага мунун эмне кереги бар депчи… Мындан көрө чаң соргуч берип коюшса болот беле? Шыпырсаң үйдүн чаңы үч көтөрүлөт тимеле!

“Жок, Кудай качан аялды жаратып жатканында баардык эле чыгармачылдар сыяктуу бирдемеге алаксып кеткен, чындап алаксыган. Болбосо аялзаты мындай болбойт болчу” деп ойлонду аялынын сөздөрүн укмаксанга салган Андрей.

Түндөсү Андрей эки жолу туруп, жарыкты күйгүзүп, микроскоптун түтүгүн карап шыпшынды:

— Карасаң эй, иттерди!.. Имине кылып атышат эй! Имине! Укташпайт да экен!

— Бир аз эле болсо акылыңдан айнымак элең, ийри тумшук.  Ошол күн келди окшойт, — деди ачуулуу аялы балдар ойгонбосун деген ойдо акырын үндө.

— Жакында ачылыштарды жасай баштайм, – деди Андрей аялынын жанындагы жылуу ордуна жылып кирип. – Сен качандыр бир окумуштуу  менен жатып көрдүң беле?

— Дымагын көр, бул ийри тумшуктун!

— Эми жатып көрөсүң, — деп аялынын көнүмүш сөзүн этибарга албаган Андрей Ерин анын жумшак ийининен назик сылагылады. – Кымбаттуум, керек болсо окумуштуу менен жашай баштайсың.

Кебетеси Андрей Ерин бир жумадай башкача бир дүйнөдө жашап жүргөнсүдү. Жумуштан үйгө түз келип, жакшылап жуунуп, шашылыш тамактанып, микроскопко үңүлөт.

— Кептин баары ушуларда! – деп сүйлөнөт ал. – Адам деген жүз элүү жашка чыгышы керек болсо эмне үчүн ал алтымыш-жетимиш жашка чыгып эле кете берет деп сурашат. Ага себеп микробдор! Бул шүмшүктөр адамдын жашоосун абдан эле кыскартышат. Дене-бойго кирип алышып, ал бир аз эле алдан тайый баштаганда үстөмдүк кылып кетишет.

Ошентип уулу экөө бир нече сааттап микроскопто отурушуп изилдөө жүргүзүшөт. Кудуктан алынган сууга, чакада туруп калган сууга байкоо салышат… Жаан жааган күнү анын тамчыларын да карашты. Ал тургай атасы уулун жиберип сырттагы көлчүк-чалчыктардан суу алдырат. Андагы жанагы ак өңдөгү майдалардын көптүгүнөн төбө чачы тик турат…

— Ой неңдилер! Эмне кылып атышат!.. Булар менен кантип күрөшүш керек деги? – айласы кеткен Андрей шалдырап туруп калат. – Киши сырттан чалчыкты басып үйгө кирип из калтырды, аны наристе жылаңаяк буту менен басып өттү дейли. Ошондон кийин баланын ден соолугу эмне болот?!

— Ошондуктан сырттан үйгө киргенде бутту сүрүш керек. А сен сүрбөйсүң, — деп эскертти уулу.

— Кеп анда эмес. Аларды ошол балчыгында эле жок кылганды үйрөнүш керек. Мен го азыр билип калган үчүн бутумду сүрө баштайм. Ал эми Сенька Маровчу? Ал кемпайга  эр болсоң далилдеп көр! Уккусу да келбейт. Жаман буту менен төрдүн төбөсүнө чейин чыгат.

Ошондой эле алар адамдын терин да текшерип көрүштү. Бул үчүн бала алка-шалка түшкүчө көчө бойлоп чуркап келгенде атасы кашык менен терин кырып алып микроскоптун айнегине тамызып карады.

— Бар экен! – айласы кеткен Андрей өзүн тизеге бир уруп, ордунан тура калып. – Бар эми жүз элүү жыл жашап көр!.. Адамдын терисинде да бар экен алар.

— Кел, канды текшерип көрөбүз, — деп уулу сунуштады. Бул сунуш  атага жага бербей ал өз манжасына ийне сайып, кызыл алоо болуп чыга түшкөн канды микроскоп айнегине тамызып, үңүлүп карай берип, оор онтоп жиберди.

— Өлдүк, уулум! Канга да кирип алышыптыр! – деп өйдө тура калып, айланага алаңдай да, таңгала да көз жүгүрттү. – Демек! Алар деген билишет, менден жакшы билишет шүмшүктөр! Бирок унчугушпайт.

— Кимдер унчугушпайт? – түшүнбөй калды баласы.

— Окумуштуулар. Алардын микроскоптору биздикинен жакшырак да. Баарын көргөзөт. Анан унчугушпайт. Элди дүрбөтпөйлү дешет. Жок, айтып коюшса баарылап аларды жок кылуучу бир арга табат элек да. Муну билгендер өз ара келишип алышып жашырып жатышат. Элдик толкундоолор башталат деп чочушат.

Андрей Ерин отургучка бой таштап тамекисин түтөткүчө кейип:

— Кандай гана майда желмогуздардан жан беришет адамдар! – деген Андрейдин чындап эле айласы кетип турду.

Бала микроскопко үңүлдү.

— Бири-бирин кубалашып жүрүшөт. Бирөөлөрү кичинекей экен, башкалары чоң анан тоголок экен.

— Кичинеси, чоңу, сүйрүсү, тогологу – баары тең зыянкеч. Менин канымдан көргөндөрүңдү азырынча апаңа айтпай тур.

— Кел, менин канымды текшеребиз.

Ата уулун бир башкача көз менен карап алды. Андан коркунуч да, кызыгуу да байкалып турду. Кара жумушка бышып, чайырга куудураган чоң колдору тизесинде  билинер билинбес калчылдап турду.

— Кереги жок. Балким кичинекейлердикинде жоктур… Эх силер! – деп ордунан турган Андрей ачуусу менен отургучту бир тепти. – Бит-сит, кантала, бүргөлөрдү жана башка курт-кумурскаларды жоготконду билип, анан эң майда зыянкечтерди эч нерсе кыла албайсыңар! Кайда силердин окумуштуулук деңгээлиңер, аптарыйкатыңар!

— Бит-ситтер көзгө көрүнүшөт. Сиз аларды эмне менен жок кылдыңыз эле?

— Скипидар менен… Ага булар болбойт. Андан арак күчтүүрөк… мен ичип жүрбөймүнбү. А бирок көрдүң го, менин канымда алар эмне кылып жүрүшкөндөрүн.

— Эмне арак канга кошулабы?

— Анан кайда барат дейсиң? Эмне үчүн адамдар аны ичкенде жинди болуп калабыз?

Бул жолкусунда Андрей жумушунан узун жана абдан ичке ийне алып келди. Жакшылап жуунгандан кийин уулуна көз ымдап экөө микроскопко жөнөштү.

— Кел, байкап көрөбүз. Жумуштан катуу зымды ийнедей кылып учтап келдим. Балким бир-экөөсүн жара сайып жайларбыз.

Зымдын учу кылдай ичке кылып учталган эле. Андрей аны менен бир тамчы сууну сайгылап, бир топко убараланды. Ал тургай тердеп да кетти.

— Шүмшүктөр буйтап кетип атышат… Жок, бул зымымдын учу абдан эле жоон. А бирок мындан ичке кылуу мүмкүн эмес. Болуптур, азыр тамак ичип келип буларды токко тарттырып көрөбүз… Мен жумуштан батарейка ала келгем, ага эки зымды кошуп чыртылдатсак бул шүмшүктөр өлөт болуш керек…

Бирок андай тажрыйба жүргүзүүгө жетишпей калышты. Ал тургай оңдолбой турган жорук болуп кетти. Ошентип кечки тамакка отургандарында Андрей менен бирге иштеген Сергей Куликов алардыкына баш багып калбаспы. Эртеңки ишемби күнгө карата ал шайтан суудан бастырып, бир топ кызып алыптыр. Андрейдикине жөндөн-жөн эле кире берчү эмес, ушул кызуулугу дем бергенден улам аныкына баш бакты окшойт азыр.

Акыркы кездерде Андрейдин арак ичкенге колу деле бошобогон, көңүлү да чаппаган, ал тургай ал өзүндөгү мастарга болгон кандайдыр жийиркеничти да байкап таңгалган эле. Чындап эле алар өздөрүн өтө акмак сымал алып жүрүшөт экен, болбогон сөздөрдү келжиреп көп сүйлөшөт тура.

— Кел биз менен тамактан, — деди Андрей аны менен отурганга көңүлү жок болсо да сыпайылык үчүн эле.

— Эмне үчүн? Мен деген бул жакка… Биз өзүбүзчө чайлашсак дегем.

— Андайга көңүл жок, Серега. Мага чейин эле кырк жылкыны айдап алыпсың го,- деп  чын дилден айтты Андрей.

— Өзүң бил. Бирок мага микробдорду көргөзүп койчу.

— Кайсы микробдорду? Бар Серега, үйүңө барып эс ал… Менде эч кандай микроб аттуу жок.

— Эмне үчүн жашырып атасың? Ок атуучу курал болсо бир жөн. Илимий иш… Андрей байке баардык микробдорду жок кылат экен деп менин балам кулак-мээмди жеп коймок болду. Андрей! – деп Сергей өзүн төштөн ары бир уруп, маңыроо көз карашын “окумуштууга” кадады. – Сага алтындан эстелик тургузабыз!.. Бүткүл дүйнө жүзүнө даңктайбыз! А мен болсо сени менен бирге иштегем! Андрюха!..

Зоя Ерина мастардын калжың-мылжыңын көтөрө албаганы менен Сергейдин азыр күйөөсүн окумуштуу катары санап жатканы жага түшкөндүктөн — аны какпастан жөн гана көнүмүшү менен сүйлөп коё берди:

— Ошо микроскоп деген неме менен сыйлангандан бери биздин мужук уйку бетин көрбөй жинди болгону калды. Микроскоптон башка сыйларга эч нерсе калбай калгансып чоңдоруңар да кызык. Жок дегенде чаң соргуч берип коюшса… Чаң деген шыпыргыга кетпей калыптыр. Ага таптакыр эле акча чогулта албай койдук.

— Кимди сыйлашыптыр? – түшүнбөй калды Сергей.

Андрей Ериндин денеси дүр эте түшүп муздады.

— Буга баягыда жакшы иштегени үчүн сыйлык беришпеди беле… Тиги микроскоптучу…

Андрей көзү менен ымдап Сергейге иш жагдайын түшүндүрмөкчү болду. Каяктан! Ал Зояга итти көргөн койдой болуп тикирейе карап туруп алды.

— Кайсы сыйлыкты айтасың?

— Баягыда силер сыйлык албадыңар беле.

— Кайсы сыйлыкты айтасың? Кимге берилиптир?

— Силерге сыйлык беришкен эмес беле?

— Күтө бер, алар сыйлык бергиче күн төбөдөн чыгат! Жиниктире иштетишсе да беришпейт. Сыйлыкты…

— Андрейге жакшы иштегени үчүн микроскоп беришти… Тигине ал! – аялынын үнү катаалына тартып баратканынан улам Андрей анын баарын түшүнгөнүн биле калды.

— Ошолор сыйлык берет дейт! Албайм деп качсаң да артыңдан кууп жетип беришет,  – деп эми Сергейдин какшык аралаш сөзү ачуулуу чыкты. – Мен өткөн айда жүз отуз пайыздык иш аткаргам… Ошондой! Тигине Андрей мага калп айттыра койбойт…

Баары астын-үстүн түшүп, туңгуюкту карай кулап кеткенсиди Андрейге. Азга турса көмөчказан башына өткөндөгүдөн да катуу тиймек.  Ал ордунан обдула берип, Сергейди жакадан капшыра кармап сырткы эшикти карай умтулду. Короого чыгышкандарында аны дал ортого келиштирип туруп берип калды да, анан сурады:

— Сенде айлыкка чейин үч сом барбы?

— Бар… Сен эмне үчүн мени уруп атасың?

— Жүрү дүкөнгө. Тамтаңдаган желмогуз. Кайсы арыңа темтеңдей басып көчө кыдырып жүрөсүң. Ээх… Дөөпөрөссүң, дөңсүң сен!

Бул түнү Андрей үйүнө келе албай Сергейдикине жатып калды. Алар шилекейлерин тарта албай калгыча ичишти. Өздөрүнүн акчаларын түгөтүп, кимдир бирөөлөрдөн да айлыкка чейин деп карыздашты.

Андрей кийинки күнү түш ченде гана үйүнө кайтып келди…  Аялы үйдө жок экен.

— Ал каякта? – деп сурады уулунан.

— Шаарга кетти. Жанагы дүкөнгө… Коммиссион беле?.. Ошого кетти.

Андрей үстөлгө көчүк басып, көзүн сүзүлтө жумуп бир далайга чейин отуруп, анан сурады:

— Ал уруштубу?

— Жок. Мындай азырак эле. Канча ичтиң?

— Он эки сом. Ах, Петька уулум… – Андрей Ерин көкүрөгүнө шылкыйган башын чайкап, пияз жеп ачууркангансып көзүн чылк жумуп, тишин кычыратты. – Кептин баары мында эмес! Кичинесиң али, түшүнбөйсүң… Акылың аз аңдабайсың…

— Түшүнөм, аны апам сатып жиберет.

— Ооба, сатат… Тон керек. Болуптур тон алса ала берсин. Эч нерсе эмес. Керек! Анткени жакында кыш… Окугун, Петька! – Андрей үнүн көтөрдү. – Сойлосоң да илимге жет. Анткени ал улуу иш! Сенин чогулткан тыйын-тыпырың барбы?

— Жок, — деп Петька калп айтты.

— Болуптур анда, — макул болду Андрей. – Окуп көптү бил. Анан эч качан ичпе… Ооба, алар ичишпейт. Окумуштууларды айтам. Эмне үчүн ичиши керек. Алардын ансыз деле иштери көп.

Андрей салбырап төшүнө шылкыйган башын чайкагылап дагы бир топко чейин отуруп, анан уктоочу бөлмөнү карай жөнөдү.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *